Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

#жарыя. «Кайрылбаган каркырам…» кереге кеңеши

6 сентября, 2024 г.

📢 «Эсимде» изилдөө аянтчасы 10-сентябрь күнү саат 10.00 дө И. Арабаев атындагы КМУнун М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда боло турчу Жусуп Кангелди уулунун жаркын элесине арналган «Кайрылбаган каркырам…» аталышындагы кереге кеңешке чакырат!

Сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден өмүрү кыйылган Жусуп Кангелди уулу – «Эсимде» аянтчасынын «Чиеш тагдырлар II» китебинин каармандарынын бири. Анын тагдыры жазмыштуу тарыхтын бөлүгү болуп, кийин гана эс тутумда кайтарылгандардан.

Иш-чаранын алкагында архивдик фоно–фото материалдардын көргөзмөсү болмокчу, ошондой эле чакырылган коноктор: Ногойбаева Элмира, Чормонов Мелис, Аламанов Саламат, Нурлан Кангелдин, Асаналиев Токтобек жана Абдалиева Гүлзада советтик репрессияларга кабылгандар жана аларды эс тутумда кайтаруу темасынын айланасында сөз сүйлөмөкчү.

Кереге кеңеш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулууда.

📍Өтө турчу жери:

Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 51

И. Арабаев атындагы КМУнун М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун 1-окуу имараты, 3-кабат, 307-жыйындар залы

Опубликовано в разделах: Анонстор жана программалар