Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

#open-call. Изилдөөбүздү калыптоо үчүн дизайнер издейбиз

9 сентября, 2024 г.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандагы 1985-1991-жылдар аралыгындагы демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөөсүн калыптоо үчүн дизайнер издейт!

Эмне талап кылынат?

  • Эл аралык деңгээлде көрсөтүлө турчу изилдөөнүн отчётун калыптоо.
  • Басмага жана санарип таратууга керектелүүчү макеттердин дизайнын иштеп чыгуу.
  • Отчёт үчүн визуалдык элементтерди (инфографика, схема жана диаграммаларды) жаратуу.

Кимди издейбиз?

  • Көлөмдүү тексттик материалдар менен иштей ала турган тажрыйбалуу калыптоочу дизайнерди.
  • Тарыхый тактыктын маанилүүлүгүн жана контекстти түшүнө алган, деталдарга өзгөчө көңүл бурган дизайнерди.

Эгер сизге бул долбоордун бөлүгү болуу кызыктуу болсо, анда портфолиоңуз менен табыштамаңызды биздин электрондук дарегибизге жөнөтүңүз: esimdekg@gmail.com

Опубликовано в разделах: important, Анонстор жана программалар