Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Талаа жана аяз» тасма көрсөтүүсү болуп өттү

11 сентября, 2024 г.

10-сентябрь күнү «Эсимде» изилдөө аянтчасы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту жана «Gulag.cz» виртуалдык музейи менен биргеликте Штепан Черноушектин «Талаа жана аяз» тасмасын көрсөттү.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлдү.

«Талаа жана аяз» документалдык тасмасы «Gulag.cz» виртуалдык музейинин 2021-жылы Казакстанга болгон экспедициясынан жаралган. Ал 1930—1959-жылдары ССРСтин аймагындагы эң чоң түзөтүү лагерлеринин бири болгон Карлагдын (Караганда түзөтүү лагери) тарыхын, анда камакка алынган чехтердин жана Чехословакиянын жарандарынын тагдырларын изилдейт.

«Gulag.cz» өзүнүн долбоорлорунда Карлаг сыяктуу жайларды 3D моделдөө аркылуу калыбына келтирип, виртуалдык музейине жайгаштырат.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин жетекчиси Болот Абдрахманов, «Эсимде» изилдөө аянтчасынын негиздөөчүсү Эльмира Ногойбаева, ошондой эле «Gulag.cz» виртуалдык музейинин жетекчиси жана тасманын режиссёру Штепан Черноушек тасманы көрүүгө келген студент жана окутуучуларга советтик репрессиялар, концентрациондук лагерлер тууралуу айтып берип, өтмүштү изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тасма көрүү аяктагандан кийин катышуучулар пикирлерин билдиришип, Штепан Черноушекке суроолорун узатышты. «Эсимде» изилдөө аянтчасы кызыктуу суроолорду берген студенттерге өзүнүн «Чиеш тагдырлар» китебин белек кылды.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун уюштуруучу жамаатына, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине, ошондой эле режиссёр Штепан Черноушек жана анын «Gulag.cz» виртуалдык музейине кызматташуусу үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Иш чаралар