Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Кайрылбаган каркырам…» кереге кеңеши болуп өттү 

12 сентября, 2024 г.

10-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Магрифа Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институнда Жусуп (Усубакун) Кангелди уулунун жаркын элесине арналган «Кайрылбаган каркырам…» кереге кеңеши болуп өттү.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Сталиндик жазалоолор маалында жазыксыз жерден өмүрү кыйылган Усубакун (Жусуп) Кангелди уулу – «Эсимде» аянтчасынын «Чиеш тагдырлар II» китебинин каармандарынын бири. Анын тагдыры жазмыштуу тарыхтын бөлүгү болуп, кийин гана эс тутумда кайтарылгандардан.

Кереге кеңештин алкагында КР Борбордук мамлекеттик архивинин, Архив кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жана Ташкент шаарынын Борбордук мамлекеттик архивинин фонофотоматериалдарынан топтолгон көргөзмө болуп өттү. Бул материалдар т.и.к. Гүлзада Абдалиеванын Усубакун (Жусуп) Кангелди уулунун изилдөөсүнө негиз болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө Магрифа Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институнун директору Усенгазиева Гүлнара, Усубакун (Жусуп) Кангелди уулунун көмүскө тагдырын изилдеген Гүлзада Абдалиева, «Эсимде» аянтчасынын негиздөөчүсү Эльмира Ногойбаева өтмүштү, тарыхтын «актай барактарын» изилдөөнүн маанилүүгү тууралуу сөз сүйлөштү. Ошондой эле каарманыбыздын неберелери: Саламат Аламанов, Нурлан Кангелдин жана башка урпактары таята/чоң атасынын өмүрү, ал кабылган кейиштүү тагдыр жөнүндө баяндап, балалык кезиндеги эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Магрифа Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институна, изилдөөчү Гүлзада Абдалиевага, ошондой эле Усубакун (Жусуп) Кангелди уулунун жакындарына терең ыраазычылык билдирет.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Иш чаралар