Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн отчетунун таанытымы болуп өттү

14 сентября, 2024 г.

🗓 13-сентябрь күнү «Эсимде» изилдөө аянтчасы «Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн отчетун таанытты.

✍️ Изилдөөнүн авторлору — Асел Мурзакулова, Элери Битикчи, Мукарам Токтогулова жана Гүлзада Станалиева медиада колдонулган кыргыз тилинин сапатынын анализинин жыйынтыгы менен бөлүшүштү.

📑 Бул «Эсимде» изилдөө аянтчасынын тилге байланыштуу экинчи изилдөөсү. Анын «Кыргызстандагы касташуу тили жана бөлүп жарган көрүнүштөр» аналитикалык жыйнагы 2020-жылы жарык көргөн.

🔎 Изилдөөнүн методологиясы Асел Мурзакулова тарабынан иштелип чыккан, ал эми семантикалык өзгөрүүлөрдүн анализин Элери Битикчи жасаган. Ал алынган жыйынтыктардын негизинде заманбап журналисттик тилди «бузулган» деп эсептебестен, советтик стандарттардан алыстоону сунуштайт.

📌 Изилдөөчүлөр Мукарам Токтогулова жана Гүлзада Станалиева кыргыз тилинин дагы деле колониалдашкан абалда экенин белгилешет. Алар тилдин бир дагы орфоэпиялык сөздүгүнүн жоктугун дал ушул изилдөөнүн жүрүшүндө аныкташкан жана муну чоң маселе катары өзүнчө ажыратышат.

🌱 Таанытымдан кийинки талкууда латын арибине өтүү, гендердик аспектилер жана социалдык тармактардагы кыргыз тилинин өнүгүшү жана илгерилеши сыяктуу суроолор көтөрүлдү.

📖 Изилдөөнүн толук нускасы аянтчанын сайтында жайгаштырылды.

🙌 «Эсимде» аянтчасы изилдөөнүн авторлоруна, өнөктөштөрүнө таанытымга чогулган бардык тилектештерине колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет!

Опубликовано в разделах: Анонстор жана программалар, Жаңылыктар