Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«1916-жыл: Тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинар болуп өттү

18 сентября, 2024 г.

📌 Кечээ, 17-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУда «1916-жыл: Тарыхый эс тутум» аттуу эл аралык илимий-практикалык семинар өттү. Бул иш-чаранын актуалдуулугу – 1916-жылдагы Үркүн кандай эскерилип жаткандыгы, анын Кыргызстандын коомдук эс тутумундагы ордун кайра карап чыгуу зарылдыгы менен байланыштуу.

«Эсимде» аянтчасынын изилдөөчүсү Үркүндү эскерүү жайлары, эс тутумду активдештирүү боюнча мамлекеттик, жергиликтүү жана жеке демилгелердин маанилүүлүгү тууралуу баяндама жасап, ошондой эле Үркүн эскерүү жүрүштөрүнүн тарыхын жана быйылкы «Эсимде» жана «Тосор коому» тарабынан уюштурулган эскерүү жүрүшүнүн маанисин баса белгиледи. Бул темалар учурда коомдогу тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, эскерүүлөр аркылуу эс тутумду сактоо жана келечек муундар үчүн тарыхый сабактарды жайылтуу багытында өзгөчө мааниге ээ.

Семинардын коноктору:

  • Кыргыз Эл жазуучусу Койчиев Арслан,
  • Санжырачы Мукай уулу Алмаз,
  • К.Карасаев атындагы БМУнун доценти Жумалиева Рысгүл,
  • «Эсимде» изилдөө аянтчасынын изилдөөчүсү Гүлзат Алагөз кызы,
  • Картограф Талгат Жумашев,
  • Тарых илимдеринин кандидаты Гүлзада Абдалиева

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Магрифа Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтуна терең ыраазычылык билдирет.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Иш чаралар