Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Динара Асанова: Объективин тапкан аял

30 сентября, 2024 г.

🎬 Аны Кыргызстанда коомчулуктун калың катмары жакшы аңдабай деле калды. Борбор калаадагы көчөгө атын ыйгарып койбогонунда таптакыр эле эч кимдин эсине келчүдөй эмес. Айрыкча учурдун жаш муундары, элет эли анын эмгектери бул жакта турсун, кайсы тармакта иш алып баргандыгын билбесе керек. Анча-мынчасы: «Аа, ал баягы орус балдар тууралуу кино тарткан режиссёрбу?», – деп эстеп калышат. «Эсимде. Подкастынын» 5-чыгарылышында белгилүү кинорежиссёр Динара Асанованын бейнесине токтолдук.

Бул баян изилдөөчү Рахат Асангулованын, ошондой эле Аманбек Дилденбаев, Фатима Абдалова, Владимир Веретенниковдун макалаларынын негизинде даярдалды.

🙌🏼 Подкастыбыздын жаңы чыгарылыштары – ысымы да, эмгеги да өз заманынын көңүл сыртында калган аялдардын тагдырына арналган атайын рубрика.

🖇 Тарыхтын «актай» барактарынын контекстинде журт тууралуу айтылбагандай эле, унутта калган кыргызстандык аялдардын тагдыры жөнүндө. Ал аялдар тууралуу жылбаяндар адатта унчукпайт, ал аялдар бүгүн да көп айтылбай келет. Бирок алардын жеке, үй-бүлөлүк, коомдук жашообузга кошкон зор салымы талашсыз. Подкаст алардын аттарын, алар тууралуу эсти, татыктуу ордун кайтарууга умтулат. Аялдардын үндөрү – алардын образдары баатырдык мүнөзгө ээ эмес, анткени баатырлыгы жашырылган.

💡 Биз муну кайтарабыз. Себеби алардын турмушу аркылуу өзүбүздү аңдайбыз, эмнеге татыктуу экенибизди билебиз. Муну да сүйүү аркылуу жасайбыз, анткени биз аны сезбей коё албайбыз, баалабай коё албайбыз. Аялдардын ысымын кайтаруу. Алар жөнүндө эсти кайтаруу. Түрдүү эстерди кайтаруу. Эсимде. Эстөө маанилүү.

🔰 Бул чыгарылыш «Эсимде» изилдөө аянтчасы менен Сабыралы Абдумомуновдун биргелешкен эмгегинен жаралды.

Опубликовано в разделах: Аудио, Подкасттар