Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

#workshop. «Үй-бүлөлүк этнография, же өз катымды кантип деколондоштурам?» воркшобуна катталуу

6 октября, 2024 г.

ПОСТКОММУНИСТТИК БОРБОР АЗИЯ — ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ МЕЙКИНДИГИ

📃 17-октябрда Эсимденин IV Эл аралык конференциясынын алкагында казакстандык изилдөөчү жана жазуучу Эльмира Какабаева «Үй-бүлөлүк этнография, же өз катымды кантип деколондоштурам?» аталышындагы воркшобун өткөрөт.

💭 Воркшоп үй-бүлөлүк эс тутум аркылуу ре-экзистенция практикасына сүңгүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жеке тажрыйба аркылуу унутулган сезимдерге, билимдерге жана практикаларга кайтуу дегенди билдирет. Ата-бабалар жөнүндө жана жеке эс тутум менен иштөө аркылуу каышуучулар өз өтмүшү менен байланышты, өтмүштүн контексти жана балким келечектин арсар элестерин кайрадан аңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

❗️ КАТТОО ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
📌 Өтө турчу жери: «ololoPlanet», Юнусалиева көчөсү 80.
📍 Күнү жана убактысы: 17 октябрь, саат 17:00.

Опубликовано в разделах: Иш чаралар, Конференция