Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Орыстандыру» документалдык тасмасын көрсөтүү

11 октября, 2024 г.

ПОСТКОММУНИСТТИК БОРБОР АЗИЯ – ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ МЕЙКИНДИГИ

🎞️ 18-октябрь күнү Эсимденин IV Эл аралык конференциясынын алкагында казакстандык журналист, фильммейкер, блогер Алия Ашимдин «Орыстандыру» аталышындагы документалдык тасмасы көрсөтүлмөкчү.

🎬 Бул документалдык тасманын авторлору төмөндөгү суроолорго жооп табуу үчүн изилдөө жүргүзгөн:

  1. Өз жеринде казак тилинде сүйлөгөн казактардын экинчи жана үчүнчү мууну КАЙСЫ УЧУРДА өз тили жана дилинен ажырап калган? Бул ажыроо атайылап жүргүзүлгөнбү?
  2. Орусташтыруунун дүйнөлүк саясаттагы прагматикалык орду кандай болгон? Узак мөөнөттүү орусташтыруу саясаты кандай принцип жана багыттар боюнча жүзөгө ашырылган?
  3. Тилинен ажырап калган муун АЗЫР өзүн кандай сезет? Тилин билбегендик «казактыктан» ажыратабы? «Казактык» деген өзү эмне?

📌 Күнү жана убактысы: 18-октябрь, саат 17:00
📍 Өтө турчу жери: ololoPlanet, Юнусалиев 80

Опубликовано в разделах: Анонстор жана программалар, Конференция