Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эс тутум жолдорундагы кербен» көргөзмөсү

15 октября, 2024 г.
Көргөзмөнүн постери: Наталья Андрианова

17 – 30-октябрь, 2024-жыл
«ololoPlanet», Юнусалиев көчөсү 80, Бишкек шаары

«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы «Посткоммунисттик Борбор Азия – ой жүгүртүү мейкиндиги» IV эл аралык конференциясынын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын сүрөтчүлөрүн, изилдөөчүлөрүн бириктирген «Эс тутум жолдорундагы кербен» аталышындагы көргөзмөсүн тартуулайт.

Көргөзмө өз жерин кыдырган кербенди элестетет. Өз сапарында ал айлана-чөйрөнү изилдейт, аны менен эриш-аркак жүрөт. Эс тутумдагы көңдөйлөрдү толтура турчу дүнүйө табат, чогултат, өзү менен ала кетет.

Кербен өз жолунда түрдүү баяндар, адамдар, буюмдарга туш келет. Алар бул жол жана андагы биздин ордубуз тууралуу түрдүү ой жүгүртөт. Сауле Сулейменова (Казакстан) маңдайыбызга сөлөкөт болуп чыга келген «белгисиз келиндерге» назар салат. Нестор Пилявский (Кыргызстан) жапырт көчүрүлгөндөр үчүн айрылуу, жоготуунун жолун эске салган Мария Матуляктын саймаларына көңүл бурдурат. Диляра Каипова (Өзбекстан) сыртынан жылуу-жумшак көрүнгөн күрмөлөрдүн ичине пахтанын запкылуу окуясын төшөгөн. Мукарам Токтогулова (Кыргызстан) жолдон кайрылганда гана угула турчу аял манасчылардын үндөрүн тыңдоону сунуштайт.

Көргөзмөнүн катышуучулары:

Мунара АБДУКАХАРОВА
Раушан АБЫЛКАСЫМОВА
Болот ИСАБЕКОВ
Диляра КАИПОВА
Жазгүл МАДАЗИМОВА
Эмил НАСРИТДИНОВ
Нестор ПИЛЯВСКИЙ
Сауле СУЛЕЙМЕНОВА
Мукарам ТОКТОГУЛОВА

Көргөзмөнүн кураторлору:

Бактыгуль МИДИНОВА
Асель РАШИДОВА
Максуд АСКАРОВ

Опубликовано в разделах: Конференция, Көргөзмө