🕰 30-октябрь күнү, саат 14:00 дө Борбордук Азия университетинде тарыхчы, «Эсимде» изилдөө аянтчасынын изилдөөчүсү Гүлзат Алагөздүн «Сталиндик репрессия жана сүргүн саясаты: Кыргызстандагы “кулактардын” Украинага айдалышы» аттуу лекциясы өтөт.
📖 Бул лекцияда XX кылымдын 30-жылдары репрессия курмандыгы болгон үй-бүлөлөрдүн оор тагдырын, мамлекеттин «эл душмандарынын» үй бүлө мүчөлөрүнө кылган саясаты талданат. «10 жыл кат алышууга укугу жок лагерге айдалды» үлгүсү совет доорунда саясий куугунтукка кабылып, атууга кеткендердин үй-бүлөлөрүнө кабарланган.
Бул үлгү «Чоң террор» учурунда (1937-1938) өлүм жазасына өкүмдөрдүн көп санын жашыруу үчүн ойлоп табылган. Лекцияда атууга кеткен күйөөсүн издеген аялдардын жеке тагдырлары, ишенимдери жана үмүттөрү талкууланат. Совет доорунда репрессия курмандыктарынын үй-бүлө тагдырлары көмүскөдө калып, азаттык алгандан кийин деле анчейин көңүл бурулбай келет.
«Эл душманынын» үй-бүлө мүчөсү болуу дээрлик союз ураганга чейин эле куугунтук менен коштолгон. Изилдөөдө 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын түштүгүнө сүргүнгө айдалган кулактарды тагдырлары мисал катары каралган. Лекциянын булактык базасы катары автор катышкан Украинанын жана Кыргызстандын архивдеринен маалыматтарды топтоого арналган экспедициянын документтери колдонулган.
🕔 Күнү жана убактысы: 30-октябрь, 14:00 (Бишкек убактысы)
✉️ Форматы: оффлайн жана онлайн
📍 Өтө турчу жери: Борбордук Азия университети, конференция залы, 2-кабат, В мунарасы (Токтогул көчөсү 125/1), Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы.
💻 Zoom жолугушууга шилтеме
Тили: Кыргызча