Кыргыз Республикасында 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.
Биз, «Эсимде» изилдөө аянтчасы, репрессия курмандыктарын, өтмүштүн кейиштүү тагдырларын эскерүү менен, келечекте ошол өңдүү трагедиялардын кайталанбашы үчүн адам өмүрүнүн баалуулугун илгерилетебиз.
Бул максатта 8-ноябрь күнү саат 11:00 — 15:00 өтө турчу «Эсимде. Жыт чыгаруу» эскерүү иш-чарасына чакырабыз. Иш-чара Бишкек шаарындагы эс тутум жайларына болгон экскурсия менен коштолот.
Иш-чаранын жүрүшү:
1. «Эсимде» изилдөө аянтчасынын кеңсесинде (Мураталы Күрөңкеев көчөсү, 306) репрессия курмандыктарын эс тутумубуздан чыгарбоо максатында жыт чыгаруу жөрөлгөсү өткөрүлөт.
2. Жөрөлгөдөн кийин «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жанындагы эскерүү ташы (Эмен сейил багы) жана анын мааниси тууралуу изилдөөчү Айгүл Өмүрканова айтып берет.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жайгашкан имараттын тарыхы жана ага байланышкан тагдырлар тууралуу тарыхчы Айида Кубатова айтып бермекчи.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин илимий кызматкери Алина Нурадилова Үркүн, саясий репрессиялар музейде кантип чагылдырылгандыгы жөнүндө баяндап берет.
5. Түштүк Дарбазадагы Үркүндү эскерүү ташынын жөнү, тарыхы жана мааниси тууралуу тарыхчы Гүлзат Алагөз айтып берет.
6. «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин тарыхы, мааниси, комплекстеги эс тутум жайлары тууралуу экскурсия учурунда кеңири маалымат берилет.
Иш-чара жана экскурсия бардыгы үчүн ачык!
Катышуучулардан Улуттук тарых музейине өз каражаты менен кирүүсү күтүлөт. Ошондой эле «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине болгон сапар чакан топко гана уюштурулган, ал эми унаага сыйбай калган каалоочулар экскурсияны өзүнчө унаа менен коштоп барса болот.