«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде «Кыргызстандан репрессияланган аялдар» аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чара сүрөт көргөзмө менен коштолду. Комплекстин илимий кызматкерлеринин эмгеги менен соңку жылда репрессиялангандар тууралуу 10 эскерүү китеби жарык көргөн.
Тарых илимдеринин кандидаты Салтанат Асекова китептин таанытуусунда «эл душманынын үй-бүлөлөрүнүн» тагдыры, репрессиялангандардын социалдык курамы жөнүндө баяндап, Кыргызстандын аймагындагы аялдардын концентрациондук лагери тууралуу бөлүштү.
Ошондой эле бул иш-чарада «Эсимде» аянтчасынын изилдөөчүсү Гүлзат Алагөз «Аялдардын тагдырлары» китебин таанытты. Ал жыйнакта Үркүндөгү аялдардын тагдырлары, репрессияланган аялдар, советтик доордогу адамдарга жасалган эксплуатациялык мамиле тууралуу 13 автордун макаласы камтылгандыгын айтып берди.
Бул изилдөөлөр тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн гана эмес, келечекте ушундай трагедиялардын кайталанышын алдын-алуу экендигин комплекстин директору Болот Абдрахманов белгиледи.