🌱 7-8-ноябрь Кыргыз Республикасында эскерүү күндөрү. Бул күндөргө карата «Эсимде» изилдөө аянтчасы жыт чыгаруу жөрөлгөсү менен коштолгон эс тутум жайларына экскурсия уюштурду.
• Биз массалык репрессиянын курмандыктарын, Үркүндү, өтмүштүн кейиштүү окуяларын кантип эскерүүдөбүз?
• Биз ал окуялардан кандай жыйынтык чыгардык/чыгарып жатабыз/чыгарышыбыз керек?
• Коом менен мамлекеттин эс тутумга жасаган мамилеси кандай?
Ушул жана башка суроолорго жооп издеп, шаар ичин кыдырдык, эскердик. Сүрөттөр менен бөлүшөбүз!
✨ «Эсимде» изилдөө аянтчасы бүгүнкү иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн: «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейине жана анын илимий кызматкери Алина Нурадиловага, тарыхчы Айида Кубатовага, изилдөөчү Айгүл Омуркановага, «Тосор коому» бирикмесине, өзүнүн ыктыярчыларына жана бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет!