Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Эльмира Абылбек (Ногойбаева) Варшава университетинде өткөн конференцияда доклад жасады

7 ноября, 2024 г.

МАҢКУРТ ОЙГОНОБУ?

🌍 «Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек (Ногойбаева) Варшава университетинин «Artes Liberales» факультети тарабынан уюштурулган «Көз карандылыктарды жана суверенитеттерди кайрадан карап чыгуу: Борбор Азиядагы жана анын сыртындагы деколониалдуулук» аталышындагы конференцияда доклад жасады.

Өзүнүн «Эсимде (I Remember): МАҢКУРТ ойгонобу?» темасындагы докладында Эльмира Абылбек Борбор Азиянын постколониялык мурасы жана анын элинин өз таанымын аныктап келген менталдык жана маданий көз карандылыктардан арылуунун жолдору тууралуу сөз кылды.

Конференция бир катар өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн, активисттеринин башын бириктирди. Ошондой эле анда доклад жана дискуссиялардан тышкары Борбор Азиянын заманбап сүрөтчүлөрүнүн иштери көрсөтүлдү.

Сүрөт Лодзин университетинин этнология жана маданий антропология институтунун Facebook баракчасынан алынды.
Опубликовано в разделах: Конференция