ЭС ТУТУМ — ТАРЫХТАН КЫЙЛА АРТЫК
📌 «Эсимде» изилдөө аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек (Ногойбаева) 25-27-ноябрь күндөрү Берлинде өткөн Германия – Борбор Азия өнөктөштүк форумунда доклад жасады.
Өз докладында «Эсимде» изилдөө аянтчасынын ишмердүүлүгү тууралуу баяндап берди:
«Биз Борбор Азиядагы өз тааным жана эс тутумду изилдейбиз, аларды кайрадан аңдоого аракет жасайбыз. Биринчи кезекте memory studies жана memory activity менен алектенебиз. Биз үчүн эс тутум — тарыхтан кыйла артык. Тарыхты билимди монополдоштурган жеңүүчүлөр жаратат. Тарых көбүнчө жеңүүчүлөргө ыңгайлуу окуяларга басым жасап, калгандарын айрым учурларда атайын көмүскөдө калтырат. Тарыхтын көптөгөн барактары али да жаап-жашырылып келет».
Эльмира Абылбек
📌 Ошондой эле форумда «Эсимденин» журнал, китеп, изилдөөлөрү жана көргөзмөлөрүнүн постерлерин камтыган атайын стенд уюштурулду.
«Эсимде» изилдөө аянтчасы «Батыш-Чыгыш жолугушуулары» фондуна (Stiftung West-Östliche Begegnungen) берилген мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирет.