«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы 17-18-19-октябрь күндөрү IV эл аралык конференциясын өткөрдү. Анда 1 көргөзмө, 1 тасма көрсөтүү, 2 экскурсия, 3 воркшоп уюштурулуп, 11 өлкөдөн келген 59 спикер жалпы 350дөн ашык катышуучунун алдында ойлору, изилдөөлөрү, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Постердин дизайны: Наталья Андрианова
Сүрөттүн автору: Отабек Нигматов
Конференциясынын аталышы өз арабызда, өнөктөш жана тилектештерибиздин арасында да көп талаш, суроолорду жаратты. «Посткоммунисттик Борбор Азия — ой жүгүртүү мейкиндиги». Посткоммунисттикпи, постсоветтикпи же «жаңыбы»? Биз кантип өз мейкиндигибизди өтмүшкө таянып эмес, бирок аны эстеп, андан сабак алып аныктай алабыз? I панелдин спикерлеринин талкуусу дал ушул суроонун айланасында жүрдү.
- Бактыгүл Мидинова, Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директору, музей ишин башкаруу жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча адис (Кыргызстан).
- Нарцисс Шукуралиева, саясий илимдердин доктору, Казимир Улуу университетинин саясий илимдер жана башкаруу факультетинин профессору (Польша).
- Жар Зардыхан, тарыхчы, саясат талдоочу. Борбордук Евразия жана Жакынкы Чыгыш тарыхын изилдөөчү (Казакстан).
- Мохира Суяркулова, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Психология» факультетинин профессору. Эл аралык мамилелер боюнча философия илимдеринин доктору (Кыргызстан).
- Темур Умаров, Карнеги атындагы Орусия жана Евразияны изилдөө борборунун илимий кызматкери (Өзбекстан).
- Эрика Марат, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин аймактык жана аналитикалык изилдөөлөр департаментинин доценти.
Алар Борбор Азиянын ордун искусство, феминисттик перспективанын, исламдын таасири, жергиликтүү тилдердин өнүгүшү/өнүкпөөсү жана геосаясий факторлордун негизинде талдап, өз көз караштары жана пикирлери менен бөлүшүштү.
Конференцияны «Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек жана тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин ачып беришти.
Биринчи панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
Борбор Азия: эркиндик үчүн күрөш.
Конференциянын экинчи панелинин биринчи бөлүгүндө «Кыргызстандагы демократиялык кыймылдар (1985-1991)» изилдөөсүнүн бет ачары орун алды. Бул изилдөө эмне себептен «Эсимде» аянтчасы көз карандысыз Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк алып барып келет деген суроого жооп берет. Отчетту демократиялык кыймылдын катышуучуларынан интервью алган, ошондой эле аналитикалык отчетту иштеп чыккан изилдөөчүлөр таанытты:
- Мукарам Токтогулова, Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты (Кыргызстан).
- Азамат Алагөз, тарыхчы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Гүлзат Алагөз, тарыхчы, «Эсимде» аянтчасынын изилдөөчүсү (Кыргызстан).
Ошондой эле бул панелде ошол жылдардагы жараяндардын, окуялардын катышуучусу, тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин агай сөз сүйлөдү. Тынчтыкбек агай студент кезинде борбордук аянтта жалгыз ачкачылык жарыялап, нааразылыгын билдирген, Кыргыз демократиялык кыймылынын (КДК) активдүү мүчөсү болгон.
Талкууну кеңейтүү максатында, биз Казакстан менен Өзбекстандагы окуяларды изилдеген коңшу өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүн, ошондой эле Кыргызстанда көп жылдар бою илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келе жаткан, 1990-жылдардын демократиялык процесстерин «Ашар» жаштар кыймылынын призмасы аркылуу караган окумуштууну чакырдык:
- Мадлен Ривз, Оксфорд университетинин профессору, социалдык антрополог (Улуу Британия).
- Камила Смагулова, Лейден университетинин докторанты, EUCAM илимий кызматкери (Казакстан).
- Гүлрано Атаева, Борбордук Европа университетинин тарых бөлүмүнүн докторанты, (Вена, Австрия).
Экинчи панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
«Эс тутум жолдорундагы кербен» көргөзмөсү
Жол — Борбор Азия мейкиндигин сезип-таануунун бир көрүнүшү. Азиянын «борборуна» бут коюп жатып, дүйнөгө тийиштигибизди аныктайбыз, ага өзүбүздү жана жерлерибизди ачып беребиз. Башкалар биз аркылуу өтүшөт, «ачышат», саресеп салышат. Алардын көңүл бурганына кубанабыз, анан бул көңүл бизди аныктай баштайт. Бул жолдо биз — анын тургундары — таш балбал өңдүү турабыз, атыбыз жок, үнсүз көз салып турабыз.
Көргөзмө — өз жеринде саякаттаган кербен. Анын катышуучулары: борбор азиялык сүрөтчүлөр, изилдөөчүлөр токтоо кадам жана сезимталдык менен ичиндеги, айланасындагы дүйнөгө ыкылас коюшат. Кербен эс тутумдагы көңдөйлөрдү толтура турчу дүнүйөнү: буюмдарды, окуяларды, адамдарды табат, өзүндө ала жүрөт. Жол өзүбүздүн аттарыбызды, үндөрүбүздү кайтара турчу изденүү, кыймыл сыяктуу туюлат.
Көргөзмөнүн постери: Наталья Андрианова
Сүрөттүн автору: Сауле Сулейменова
Жолдо бараткан көргөзмө-кербен төрт суроону көтөрөт. Биз кимдерди жана эмнелерди жолуктурабыз? Кандай буюмдарды табабыз? Кандай дабыштарды угабыз? Акырында, өзүбүз жөнүндө эмнени түшүнөбүз? Көргөзмөгө коюлган иштер ар кандай окуяларга негизделген жооптордун варианттары болуп саналат, аларда өткөндөгү жаракаттардын жаңырыгы менен учурдагы изденүүнүн түйшүгү көрүнөт. Кербен бул жолду аны менен бирге басып өтүп, өз суроолоруңарга жооп табууга чакырат.
Борбор Азияда эс тутум: жигердүүлүк менен изилдөөлөрдүн ортосунда
Конференциянын үчүнчү панели изилдөөлөр менен активизмдин ортосундагы ажырымды кантип жоюу керектигине багытталды. Талкууланган темаларга: үй-бүлөлүк этнографияны деколонизация куралы катары колдонуу, Үркүндү эскерүү жүрүшү, казакстандык «Dope Söz» подкасты, Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн кыргызстандыктардын аттарын кайра калыбына келтирүү аракеттери, ошондой эле 1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу тарыхый жана заманбап баяндарды жаратуудагы искусствонун ролу кирди жана анда кийинки спикерлер сөз сүйлөштү:
- Алтын Капалова, активист, сүрөтчү жана балдар жазуучусу, Борбордук Азия университетинин Маданий мурас жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн директору.»
- Гүлзат Алагөз, тарыхчы, «Эсимде» изилдөөчүсү (Кыргызстан).
- Бактыгүл Акунбаева, Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундар тууралуу теманы изилдеген изилдөөчү (Кыргызстан).
- Арсен Туссупбеков, «Dope Söz» подкастынын тең автору, активист (Казакстан)
- Эльмира Какабаева, жазуучу жана чыгармачыл жазуучулук курсунун негиздөөчүсү (Казакстан).
Бул панелде Борбор Азиядагы иденттүүлүк жана тарыхый эс тутумдун маселелерин чечүүдө изилдөөлөр менен активизмдин бири-бири менен байланышынын маанилүүлүгү белгиленди. III панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
Эс тутумга болгон укук (I бөлүк). Аялдардын тагдырлары
«Эсимде» изилдөө аянтчасы үчүн эс тутумду сактоодогу аялдардын ролу өзгөчө мааниге ээ. Үй-бүлөлүк тарыхтар көбүнчө аялдар аркылуу сакталып келет. Ал эми Германияда жанына жай берүү, моюнга алуу темасы дал ошол нацисттик режим учурундагы зордук-зомбулук, жарааттар тууралуу аялдардын ачык айтып башташы менен көтөрүлгөн. «Чиеш тагдырлар» китебинин IV чыгарылышы көмүскөдө калып келген кыргызстандык аялдарга арналган. Төртүнчү панелдин биринчи бөлүгү ошол жыйнактын таанытуусу менен башталды. Төмөнкү шилтеме аркылуу китепти жүктөп окуй аласыз:
Төртүнчү панелдин биринчи бөлүгүнүн спикерлери:
- Гүлзат Алагөз (Кыргызстан), «Эсимденин» изилдөөчүсү.
- Бактыгүл Мидинова (Ош, Кыргызстан), Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм өнөр музейинин директору, музей башкаруу жана тарыхый мурастарды сактоо боюнча адис.
- Салтанат Асекова (Кыргызстан), тарых илимдеринин кандидаты, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери.
- Айгүл Омурканова (Кыргызстан), филология илимдеринин кандидаты, изилдөөчү.
Спикерлер СССРдеги гендердик эмгек аспектиси, өз өмүрүн Чоң-Таштын (Ата-Бейит) сырларын изилдөөгө арнаган Регина Хелимскаянын мурасы, репрессияланган аялдар жана Кыргызстандагы аялдар лагерлеринин тарыхы тууралуу өз изилдөөлөрү жана байкоолору менен бөлүшүштү. Төртүнчү панелдин I бөлүгүнүн толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
#workshop. Эльмира Какабаевадан «Үй-бүлөлүк этнография, же кантип өз үй бүлө тагдырын оторсуздандырам» воркшобу
Бул воркшоп катышуучуларга үй-бүлөлүк эскерүүлөр аркылуу кайра жандануунун (ре-экзистенция) практикасына сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул жеке тажрыйба аркылуу унутулган сезимдерге, билимдерге жана практикаларга кайтуу дегенди билдирет. Катышуучулар ата-бабалар жөнүндө эс тутум жана жеке эс тутум менен иштөө аркылуу өз өтмүшү менен байланышты, өтмүштүн контекстин жана келечектин арсар элестерин кайрадан аңдоого мүмкүнчүлүк алышты.
Воркшопко 30дан ашык адам катышты.
Конференциянын биринчи күнүнөн сүрөт-топтом:
Эс тутумга болгон укук (II бөлүк). Посткоммунисттик доордогу коркуулар: өтмүш жана бүгүнкү күн.
Борбор Азиядагы репрессиялар: элдер, үй-бүлөлөр, жеке окуялар. Азыркы Борбор Азиянын өлкөлөрүндө репрессиялангандарды кантип эскеришет? Эмне себептен репрессия темасы бүгүнкү күндө да орчундуу жана актуалдуу? Модератору жана спикерлери:
- Модератор: Артём Орлов, саясат талдоочу, «Мемориал» уюмунун «Адам жана тарых» аталышындагы тарыхый сынагынын кураторлорунун бири.
- Алина Нурадилова, тарыхчы, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Нестор Пилявский, изилдөөчү, тарых илимдеринин кандидаты (Кыргызстан).
- Бахром Ирзаев, Ташкенттеги Репрессия курмандыктарын эскерүү музейинин илимий кызматкери (Өзбекстан).
- Айжан Кадралиева, изилдөөчү, активист, Эсимденин «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин бүтүрүүчүсү (Кыргызстан).
Панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
Санарип эс тутум жана архивдер.
2022-жылдан бери «Эсимде» аянтчасы түрдүү изилдөөлөр боюнча маалымат базаларын чогултуп келет. Анын ичинде кулакка тартылып Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар, Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн кыргызстандык жоокерлер жана террор заманындагы репрессиялангандардын базалары кирет. Бул панелдин негизги максаттарынын бири катары — маалымат базаларын иштеп чыгууда жана алып баруудагы коркунучтарга байланыштуу тажрыйбалар менен алмашуу көздөлгөн. Панелдин спикерлери:
- Талгат Жумашев, Социалдык инновациялар лабораториясынын (SILK) изилдөөчүсү, технология антропологиясы боюнча PhD-кандидат (Вагенинген университети), «Жандуу эс тутум» мектебинин бүтүрүүчүсү.
- Автандил Эшмамбет, «Эсимде» талкуу аянтчасынын изилдөөчүсү (Кыргызстан).
- Чоробек Сааданбек, «Биздин мурас» коомдук фондунун жетекчиси, «Эл-Сөздүк», «bizdin.kg» онлайн аянтчаларынын негиздөөчүсү (Кыргызстан)
- Александра Поливанова, «Мемориал» эл аралык укук коргоо уюмунун маданий программаларынын куратору (Орусия).
- Татьяна Неуймина, Алматыдагы «Целинный» заманбап маданият борборунун кызматкери.
- Динара Гагарина, Эрланген – Нюрнберг университетинин Чыгыш Европа тарыхы кафедрасынын илимий кызматкери, санариптик гуманитардык илимдер боюнча эксперт (Германия).
Бешинчи панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
#workshop. «Архив бүгүнкүнүн өтмүш жана келечек тууралуу кыялдарынын мейкиндиги катары» воркшобу
Бул воркшоп архивдик мейкиндиктер: физикалык, санарип жана кыймылдуу архивдерге арналган. Анда катышуучулар теория жана практика аркылуу өтмүштүн жакындашып жана десакралдашып жаткандыгы, эс тутум боштуктарынын толтурулгандыгы, физикалык же саясий жактан алыс аймактар жана маданияттар кесилишкендиги тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Воркшоптун алып баруучулары жана алардын темалары:
- Татьяна Неуймина («Целинный» заманбап маданият борбору, Казакстан). «Санарип материалдарды атрибуциялоо боюнча практикум».
- Эмиль Тилеков (Кыргызстан). «Тарыхый сүрөттөрдү талдоо».
- Дильда Рамазан, куратор жана изилдөөчү (Казакстан). «Борбор Азиядагы архивдин альтернативдик формалары».
Экология жана деколонизация: постколониялык өлкөлөрдөгү табигый ресурстарды кайра кароо
Эки бөлүктөн турган бул панелде биз сөздү Борбор Азиядагы «салттуу» билимдердин орду тууралуу философиялык ой жүгүртүүлөрдөн баштап, колдонмо жана заманбап маселелерге өттүк: дыйкан чарбасын башкаруу тутумдарынан тартып, Бишкектеги экологиялык таза троллейбустардын транспорттук агымдан алынып ташталганына чейин талкууладык.
I бөлүм: Борбордук Азиянын уламыштары жана мифтери. Жаратылышты башат катары кароо
- Модератору: Амантур Жапаров, этнограф, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Нурсултан Абдимиталип, тарыхчы (PhD), Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу (Ош, Кыргызстан).
- Айбек Самаков, антрополог, изилдөөчү (Кыргызстан).
- Сабыр Абдумомунов, активист жана журналист, «Азаттык» радиосундагы «Данисте» берүүсүнүн мурдагы алып баруучусу, Баткен облустук телеберүүсүнүн жетекчиси (Кыргызстан).
Алтынчы панелдин биринчи бөлүгүнүн толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
II Бөлүм. Жаратылыш ресурстарын башкаруу жана 1990-жылдардагы реформалардан кийинки экологиялык маселелердин күн тартиби
- Асель Мурзакулова, политология илимдеринин кандидаты, Борбордук Азия университетинин Тоо коомчулуктарын изилдөө институтунун улук илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Амантур Жапаров, этнограф, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Азамат Азаров, Борбордук Азия университетинин Тоо коомчулуктарын изилдөө институтунун илимий кызматкери (Кыргызстан).
- Ирен Местр, Франциянын Борбор Азияны изилдөө институтунун (IFEAC) илимий кызматкери
- Бермет Борубаева, көз карандысыз изилдөөчү, эко-активист, «Бишкек СМОГ» жарандык демилгесинин түзүүчүсү (Кыргызстан).
- Элери Битикчи, тарыхчы, философ, байыркы Битиг жазуусу боюнча адис (Кыргызстан).
Алтынчы панелдин экинчи бөлүгүнүн толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
Тил — эс тутум жана оторсуздандыруунун куралы катары.
Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери тил маселеси өтө тез ылдамдык менен өзгөрүп, кыргыз тилинин улуттун жана мамлекеттин таянычы катары мартабасы бааланууда жана өсүүдө. Медиадагы тил — «лингвистикалык экосистема» деп аталган татаал чөйрөнүн күзгүсү катары Эсимденин «Кыргыз тилинин медиа экосистемасын өнүктүрүүнүн маселелери жана мүмкүнчүлүктөрү» тууралуу изилдөөсүнө негиз болду.
Конференциянын жетинчи панелинин биринчи бөлүгү дал ушул изилдөөнүн таанытымына арналган.
- Модератору: Миржан Балыбаев, журналист (Кыргызстан).
- Изилдөөчү топ:
- Элери Битикчи, тарыхчы, философ, байыркы Битиг жазуусу боюнча адис (Кыргызстан).
- Мукарам Токтогулова, Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты (Кыргызстан).
- Гүлзада Станалиева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты.
- Конок спикерлер:
- Бакыт Орунбеков, журналист, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин улук окутуучусу (Кыргызстан).
- Алия Ашим, журналист, документалист (Казакстан).
Жетинчи панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
#filmscreening. Алия Ашимдин «Орыстандыру» даректүү тасмасынын көрсөтүүсү.
Экинчи күндүн соңунда казакстандык журналист, фильммейкер, блогер Алия Ашимдин «Орыстандыру» аталышындагы даректүү тасмасы көрсөтүлдү.
🎬 Бул даректүү тасманын авторлору төмөндөгү суроолорго жооп табуу үчүн изилдөө жүргүзгөн:
- Өз жеринде казак тилинде сүйлөгөн казактардын экинчи жана үчүнчү мууну кайсы учурда өз тили жана дилинен ажырап калган? Бул ажыроо атайылап жүргүзүлгөнбү?
- Орусташтыруунун дүйнөлүк саясаттагы прагматикалык орду кандай болгон? Узак мөөнөттүү орусташтыруу саясаты кандай принцип жана багыттар боюнча жүзөгө ашырылган?
- Тилинен ажырап калган муун азыр өзүн кандай сезет? Тилин билбегендик «казактыктан» ажыратабы? «Казактык» деген өзү эмне?
Тасма көрсөтүүнүн соңунда көрүүчүлөр режиссёрго суроолорун узатып, талкуу жүрдү.
Конференциянын экинчи күнүнөн сүрөт-топтом:
Эс тутум музейлери
Конференциянын үчүнчү күнү Борбор Азиядагы жана Эстониядагы эс тутум музейлерине арналган панелден башталды. Тарыхый эс тутумду сактоодогу музейлердин ролу тууралуу талкуу жүргөн бул панелди музей ишинде чоң тажрыйбага ээ, учурдагы Борбор Азиянын музейлер контекстин терең түшүнгөн Асель Рашидова дайындаган. Анда репрессияларды жана оккупацияларды музей мейкиндигинде чагылдыруу тажрыйбаларына өзгөчө көңүл бөлүндү. Спикерлер өз өлкөлөрүндөгү эс тутум музейлеринин маселелери жана мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өтмүштү кайра карап чыгуудагы диалогду илгерилетүү боюнча инновациялык ыкмалары жөнүндө ой бөлүшүштү.
- Асель Рашидова, музей кызматкери жана изилдөөчү (Кыргызстан).
- Анель Молдахметова, Archcode Almaty жана архитектуралык [бей] музейинин тең негиздөөчүсү (Казакстан).
- Мартин Вайно, куратор жана «Vabamu» Оккупациялар жана эркиндик музейинин көргөзмө бөлүмүнүн башчысы (Таллинн, Эстония).
- Бахром Ирзаев, Ташкенттеги Репрессиялардын курмандыктарын эскерүү музейинин башкы илимий кызматкери (Өзбекстан).
- Болот Абдрахманов, «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору (Кыргызстан).
Сегизинчи панелдин толук видеожаздыруусун төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүз:
Образдан мааниге карай: «Эс тутум жолдорундагы кербен» көргөзмөсү жөнүндө ой жүгүртүүлөр
Соңку панель конференциянын алкагында уюштурулган «Эс тутум жолдорундагы кербен» көргөзмөсүy тереңирээк түшүнүүгө багытталган. Анда көргөзмөдө орун алган эмгектерге, ошондой эле Борбор Азиянын заманбап визуалдык маданиятында изилденген темаларга көңүл бурулган. Биздин аймактын сүрөтчүлөрүн эмнелер толкундатат? Алар өзүнүн чыгармачылыгында эс тутум жана өз тааным темаларын кантип чагылдырат?
- Панелдин модератору: Эльмира Абылбек, «Эсимде» изилдөө аянтчасынын жетекчиси.
- Сауле Сулейменова, өз тааным жана туруктуу баалуулуктарды изилдеген сүрөтчү (Казакстан).
- Болот Исабеков, сүрөтчү (Кыргызстан).
- Максуд Аскаров, изилдөөчү, куратор (Өзбекстан).
- Алексей Улько, изилдөөчү, кинорежиссер (Өзбекстан).
- Гамал Боконбаев, бейформал маданият изилдөөчүсү, «Tolon Museum of Modern Art» музейинин директору (Кыргызстан).
Тогузунчу панелдин толук видеожаздыруусу төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз:
#workshop. Сауле Сулейменовадан «Су/Вода/Aqua» воркшобу
Сауле Сулейменова өзүнүн «Целлофан живописи» долбоорунда күнүмдүк материалдарды терең символдор жана маданий мурас менен байланыштырган көп катмарлуу композицияларды пластик баштыктардан жаратат. Ал бул воркшопто катышуучуларга Борбор Азиянын контекстиндеги Су/Вода/Aqua темасын визуалдаштыруунун үстүнөн ойлонуп, пластик баштыктан панно жаратууну сунуштады. Жыйынтыгында жаратылган иштер Алматыдагы көргөзмөдө көрсөтүлдү.
#excursion. «Tolon Museum of Modern Art» музейине экскурсия
23 жылдык тарыхы бар «Tolon Museum of Modern Art» эки миңден ашык заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектерин чогулткан. 2023-жылы музей Бишкек шаарынан 15 мүнөт алыстыктагы Күнтуу айылында өз арт-мейкиндигин ачкан. Күнтуу — тек гана көргөзмө аянтчасы эмес, жергиликтүү жана чет элдик конокторду кабыл алган арт-резиденция. Музейдин директору Гамал Боконбаев конференциянын конокторуна эксклюзивдүү экскурсия өткөрүп берди.
Конференциянын соңку күнүнөн сүрөт-топтом:
«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы бардык эсимдечилерге, конокторуна, досторуна, ыктыярчыларына жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирет!
Ыракмат, Rahmat, Рақмет, Thanks, Спасибо!