Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Садыр Жапаров репрессияга кабылган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

31 декабря, 2024 г.

📣 Жакшы жаңылык!
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров репрессияга кабылган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

🌿 Биз — Эсимде командасы, бул мыйзамдын зарылдыгын толук түшүнүп, акыркы 3 жылда анын кабыл алынышы жана, эң биринчи кезекте, сталиндик репрессиялардын архивдерин ачуу маселесин илгерилетүүгө активдүү катышып келдик.

📌 Бул мыйзамдын маанилүүлүгүн түшүнгөн канча адамдар бизге кайрылып, анын кабыл алынышын күтүп жатышты жана дагы деле кайрылуулар уланууда. Алар өз туугандарынын, жакындарынын тагдыры тууралуу билгиси келет. Алардын репрессия болгон жакыны жөнүндө билүүгө укугу бар.

🖊️ Биз бул мыйзамды Кыргызстандын анык тарыхын ачууга, өтмүштү аңдап түшүнүүгө карай олуттуу кадам болот деп ишенебиз. Тарыхтын кайгылуу, бирок маанилүү барактарына да көңүл буруу зарыл. Бул — элдин акылдуу жана күчтүү болушунун бирден-бир жолу.

🖋️ Бул маанилүү саясий чечимди канааттануу менен тосуп алабыз. Залкар коом жана күчтүү бийлик өзүнүн өтмүшүнө бет карай алат, себеби адилеттүү жана толук кандуу келечекке умтулат.

Өтө маанилүү учур — бул мыйзам менен ОСФСРдин Кылмыш-жаза кодекси боюнча (1961-жылга чейин Кыргызстанда колдонулган) саясий негизде айыпталган жана «коомго коркунуч алып келген аракеттери» үчүн соттолгон адамдар реабилитацияланары белгиленген.

📌 Биз өзүбүз тууралуу, өз тарыхыбыз тууралуу бардык чындыкты билүүгө укуктуубуз. Анын ичинде, мурун жабык болуп келген өздүк булактардан да.
Бул стратегиялык жактан туура саясий чечимди колдойбуз. Эсимде.

«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Окуялар