Эсимде. Подкаст
Бүгүнкү подкасттын коногу — Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология жана эл аралык өнүгүү факультетинин доценти Руслан Рахимов. Руслан — Париждеги Социалдык илимдер боюнча жогорку изилдөөлөр мектебинен социалдык антропология багытында философия илимдеринин доктору даражасын алган окумуштуу. Анын изилдөөлөрү адамдардын өз ара аракеттешүүсү, мобилдүүлүгү жана туруктуулугу сыяктуу маанилүү маселелерди ачып көрсөтүүдө чоң роль ойнойт. Ошондой эле Руслан «Сүйүүнүн антропологиясы» аттуу кызыктуу курсту окутат.
Бул чыгарылышта биз бир катар темаларды талкууладык: инсандык, аң-сезимдүүлүк, антропология, Миядзакинин чыгармачылыгы, жамааттык жана жеке коомдордун артыкчылыктары менен кемчиликтери жана, албетте, биздин коомдогу көп козголбогон темалардын бири — сүйүү. Биз сүйүүнүн табиятын, башкаларды жана өзүн сүйүү эмне экендигин жана бул тема эмнеге маанилүү экенин сүйлөштүк.
Чыгарылыш толугу менен орус тилинде. Алып барган: Эльмира Абылбек
- Тарткан жана монтаждаган: Bobby Studio
- Музыкасы: Veccen — Эсимде
- Анимация: Тамчы Тасма