📖 КИТЕП — КОЛУҢДА КАРМАП ТУРГАН КЫЯЛ
📌 12-январь күнү «Эсимде» изилдөө аянтчасы жазуучу, публицист Олжобай Шакир негиздеген «РухЭш» сайтынын адабий форумунда болду. «Novotel» мейманканасында уюштурулган иш-чара китеп басуу, аларды жайылтуунун заманбап жолдору, китеп окууну илгерилетүүдөгү тенденциялар ж.б.у.с. кыргыз адабиятындагы олуттуу маселелерди талкуулоого багытталган.
📚 Форумдун алкагында басма үйлөр жана авторлор үчүн китеп жарманкеси уюштурулуп, анда «Эсимде» аянтчасы да өз китептерин көрсөттү.
📌 «Эсимденин» изилдөөчүсү, тарыхчы Гүлзат Алагөз «Тарыхый эс тутум: Сталиндик репрессияларды эскерүүдөгү улуттук жана жергиликтүү демилгелер» аттуу темада баяндама жасады. «Эс тутум» деген эмне жана анын тарых илиминен айырмасы кандай? Сталиндик репрессиялардын курмандыктарын мамлекет, коом жана өз алдынча демилгечилер кандай эскеришет? «Проспективдүү эс тутум» деген эмне жана өтмүштүн трагедияларын кайрадан болтурбоо үчүн ал кандай өбөлгө түзөт? Дал ушул суроолор баяндаманын өзөгүн түздү.
🎤 Форумдун баяндамачылары:
• жеке ишкер Айбек Сарыгул.
• тарыхчы Айида Кубатова.
• жарандык активист, коомдук ишмер Руслан Акматбек.
• Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу, адабиятчы Гүлзада Станалиева.
• котормочу, агартуучу Амирбек Азам уулу (Усманов).
• адабиятчы, ф.и.д. Үмүт Култаева.
• адабиятчы, публицист Жолдош Турдубаев.
• «Улуу Тоолор» басма үйүнүн ээси Жумадин Кадыров.
• «kitep.kg» басма үйүнүн ээси Кушмарбек Кимсанов.
🔗 Төмөнкү шилтеме аркылуу бардык спикерлердин баяндамаларын көрө аласыз:
📱 Форумда мындан тышкары аудиокитептер үчүн иштелип чыккан «Куйма Кулак» колдонмосунун таанытымы болуп өттү. Ал жакында «App Store» жана «Play Market» платформаларында жеткиликтүү болору билдирилди.
📌 Эске салсак, «РухЭш» сайтынын жамааты 2023-жылы «Сөздөн ишке» аттуу адабият форумун өткөргөн. Анда «Адам укугу — учурдагы кыргыз адабияты», «Адабий сындын сапатка таасири», «Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?», «Котормо өнөрү — маданият көпүрөсү», «Адабияттын креативдүү экономикадагы орду» аталышындагы панелдер орун алган.
🙏🏻 Ушундай маанилүү саамалыкты демилгелеп, адабияттын олуттуу маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу үчүн, жаңы демилгелерге шык берүүчү уникалдуу аянтча уюштурган Олжобай Шакир агайга жана «РухЭш» сайтынын жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!