МУЗЕЙ МЕЙКИНДИГИНДЕ АЯЛДАРДЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ЖАНА ОКУЯЛАРЫН ЧАГЫЛДЫРУУ
«Эсимде» изилдөө аянтчасы 24-25-26-октябрь күндөрү өткөн II Улуттук музей фестивалына катышта. Фестиваль Кыргызстандын жети дубанынын музейлеринин башын бириктирип, тажрыйба, идея жана маалымат алмашууга өбөлгө түзүүчү аянтча катары Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн директору Алтын Капалованын демилгеси менен ишке ашырылган.
Биринчи музей фестивалы «Сулайман-Тоо» музей комплекси менен өнөктөштүктө «Музей мейкиндигиндеги деколониалдык нарративдер» темасында өткөрүлсө, бул жылкы иш-чара Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациялары борбору менен биргеликте «Музейлердеги аялдардын чыгармачылыгын жана окуяларынын чагылдыруу» темасында өткөрүлдү.
Фестивалда «Эсимде» изилдөө аянтчасынын атынан барган изилдөөчү Автандил Эшмамбет конок баяндамачы катары Эсимденин ишмердүүлүгү, «12» долбоору тууралуу айтып берип, «Чиеш тагдырлар: Аялдар» китебин таанытты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациялары борборуна болгон таанытым-экскурсия менен жыйынтыкталды.
Анда «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекованын т.и.д. Болот Абдрахманов менен биргеликте ишке ашырган «Кыргызстандан репрессияланган аялдардын тагдырлары» аталышындагы долбоору «Музей илимий изилдөө иштерине кошкон салымы үчүн» номинациясында белгиленди.
Ал эми «Кыргызстандын тарыхына салым кошкон аялдарды таанытуу» номинациясында Жамбилия Азимбаева жетектеген Кара-Суу районундагы «Элдик мурас» музейинин пахтачы аялдардын тагдыры жөнүндөгү «Таң чолпондору» долбоору жеңүүчү табылды.
Курманжан Датка көчмөндөр цивилизациялары борборунун жетекчиси Аида Алымова 2025-жылы «Балдар жана инклюзивдүү музей» темасында өтө турчу III Улуттук музей фестивалын Баткен облусуна Абдинаби Кадыров агайдын колу менен өткөрүп берди.
«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы II Улуттук музей фестивалынын уюштуруучулары: Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациялары борборуна, иш-чаранын демилгечиси Алтын Капаловага жана анын тобуна терең ыраазычылык билдирет.