
📢 «Эсимде» изилдөө аянтчасы «Эл үнү — доор чакырыгы: Кыргызстандагы 1985-1991–жылдардагы коомдук-демократиялык кыймылдар» аттуу изилдөөсүнүн таанытымына чакырат.
🗓 Күнү жана убактысы: 21-февраль, саат 14:00.
📍 Дареги: ololoPlanet, Юнусалиев 80.
📌 Бул изилдөө 1985–1991–жылдардагы Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдардын себептерин, динамикасын, тоскоолдуктарын жана тарыхый маанилүүлүгүн талдоого арналган. Бул кыймылдар тууралуу ой жүгүртүү эгемендүүлүктүн тарыхын жана анын баалуулугун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
📝 Бул изилдөө үчүн маалыматтарды чогултуунун негизги ыкмасы — коомдук кыймылдардын катышуучулары жана күбөлөрү менен 100 маектешүү болду. Иш-чарада чогулган маалымат базасынын презентациясы дагы тартууланат!
Бул изилдөөнүн алкагында 1985–1991–жж. коомдук кыймылдардын 100 мүчөсүнөн интервьюлар чогултулду (видео, аудио, текст түрүндө). Бул база келечектеги изилдөөчүлөр үчүн дагы чоң булак болуп калат.
🙏🏻 Маалымат бөлүшкөн, маектешүүгө макул болуп, мемуар, сүрөт, гезит макалалары менен бөлүшкөн бардык агай-эжелерибизге терең ыраазычылык!
Эгемендүүлүк тарыхын элибизге бирге ачыктайлы!