Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

«Эл үнү – доор чакырыгы: Кыргызстандагы 1985-1991-жж. коомдук демократиялык кыймылдар» изилдөөсү

14 февраля, 2025 г.
Изилдөөнүн дизайны жана калыптоосу: Дизайн-студия «Hara-Bara»

Бул изилдөө 1985–1991-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдарды, алардын себептерин, динамикасын, тоскоолдуктарын жана тарыхый маанилүүлүгүн талдоого арналган. Бул иш кайра куруу доорундагы коомдук кыймылдардын негизги аспектилерин, социалдык-экономикалык, саясий жана маданий факторлордун таасирин камтыйт.

Иште коомдук кыймылдарды изилдөөнүн теориялык ыкмалары колдонулат, мисалы, депривация концепциясы, ресурстарды мобилизациялоо жана саясий мүмкүнчүлүктөр теориясы. Методологияга ошол доордун окуяларынын катышуучулары жана күбөлөрү менен маектер, архивдик маалыматтарды, мемуарларды жана медиа публикацияларды талдоо кирет. Изилдөө Кыргызстандагы коомдук кыймылдардын республиканын көз карандысыздыгын орнотууга жана анын иденттүүлүгүн калыптандырууга кандайча маанилүү фактор болгонун ачып берет.

Изилдөөнүн авторлору:

Мукарам Токтогулова,
Азамат Алагөз,
Эльмира Абылбек,
Гүлзат Алагөз.

Редакциялык кеңеш:

Эльмира Абылбек,
Айдай Алгожоева.

Изилдөөчүлөрдүн тобу:

Мукарам Токтогулова,
Азамат Алагөз,
Эльмира Абылбек,
Гүлзада Абдалиева,
Гүлзат Алагөз.

Изилдөөгө колдоо көргөзгөндүгү жана
материалдарды бөлүшкөндүгү үчүн төмөндөгү инсандарга ыраазычылык билдиребиз:

Зарина Урманбетовага,
Мадлен Ривзге,
Тынчтыкбек Чоротогинге,
Нарын Айыпка
жана Жумагазы Садыр уулуна
жана башка изилдөөнү колдогондорго ыраазычылык.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Окуялар