Эсимде. Подкаст
Бүгүн бизде конокто Вашингтондогу Улуттук коргоо университетинин аймактык жана аналитикалык изилдөөлөр департаментинин (NDU CISA) жетекчиси жана доценти Эрика Марат 🎓
Анын изилдөөлөрү Евразия, Индия жана Мексикадагы зомбулук, мобилизацияга жана коопсуздук институттарына арналган. Эрика Марат – үч китептин автору, алардын акыркысы «Полицияны реформалоо саясаты: постсоветтик өлкөлөрдө коом мамлекетке каршы» деп аталат. Ошондой эле Эрика Мараттын макалалары Foreign Affairs, The Washington Post, Foreign Policy, Eurasianet жана Open Democracy сыяктуу басылмаларда жарыяланган.
Бул чыгарылышта биз АКШдагы актуалдуу жаңылыктарды гана эмес, башка маанилүү темаларды да талкуулаганга жетиштик. Эрика Марат өзүнүн жеке турмушундагы окуялары менен бөлүштү – атасынын каза болушу жана анын акыркы сапарга узатылышы жөнүндө, ата-теги, Кыргызстан анын жашоосунда кандай орун ээлей тургандыгы, ошондой эле кыялдануу кантип деколонизациянын куралы катары роль ойной алары тууралуу сүйлөдү ✨
📌 Opinions expressed here do not represent positions or policies of NDU, DOD or USG. 📌 Бул жерде жеке пикирлер билдирилген, алар NDU, DOD же USGнин расмий көз карашын чагылдырбайт.
Подкаст толугу менен орус тилинде 🎧 Жагымдуу угуу каалайбыз! 🎧
Бизди колдоону унутпаңыз: лайк басыңыз 👍, комментарий калтырыңыз, жазылыңыз 📌 жана коңгуроо баскычын басыңыз 🔔. Ал эми кийинки бейшембиде сизди дагы бир кызыктуу конок күтөт!
- Тарткан жана монтаждаган: Bobby Studio
- Музыкасы: Veccen — Эсимде
- Анимациясы: Тамчы Тасма