«Эсимде» аянтчасы сиздерди Кыргызстандын эгемендүүлүк алуу мезгилин чагылдырган даректүү тасма тартуу үчүн каражат чогултууга чакырат!

📌 Эгемендүүлүк алдындагы бул доор, азыркыга чейин жетиштүү деңгээлде бааланбай келет.
Бул даректүү тасма бизге жана келечек муунга эгемендүүлүк «асмандан түшүп калбаганын», эркиндик үчүн күрөш болгонун көрсөтөт.
1980-90-жылдардагы улуттук жана жарандык аң-сезимдин ойгонушу, адамдардын ар түрдүү кыймылдарга биригиши, көз карандысыз медианын түзүлүшү, Үркүн окуясын эскерүү акциялары, парламенттик реформалар — мунун баары бул тарыхый процесстин маанилүү бөлүгү. Бул жылдары эл алгач ирет өзүнүн маданияты, тили жана жери үчүн күрөшүү үчүн үн каткан.



📌 «Эсимде» акыркы тогуз жылдан бери тарых жана эс тутум боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Биз өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында адам тагдырлары жөнүндө маалымат, оозеки тарыхты чогултуу менен, тарыхыбыздын көп кырлары али толук ачыла элек экенин түшүндүк. Айрыкча эгемендүүлүк алуу мезгили терең изилдөөнү талап кылат – бул кыргыз коому ойгонгон учур.
📌 Тасманы жаратуу үчүн «Эсимде» 100гө жакын коомдук кыймылдардын мүчөлөрү менен маек курду, ошол жылдардагы мемуарларды, басылмаларды изилдеп, жеке жана расмий архивдерден сүрөт жана видеоматериалдарды чогултту.
Тилекке каршы, тарыхыбыздын тирүү күбөлөрү арабыздан кетип жатат. 90-жылдардагы кыймылдын активдүү катышуучулары болгон Жумагазы Садыр уулу жана Нарын Айып бүгүн арабызда жок. Биз алардын жана башка инсандардын өлкө тарыхындагы ролун, бул кыймылдардын маанисин чагылдырууга жетишип калуубуз керек.

📌 Бул «Эсимде» үчүн ашар жолу менен экинчи ирет каражат топтоо тажрыйбасы. Биз Ашар жардамы менен 2018-жылы «Тоолор кулаган доор» китебин кыргыз тилине которуп, басып чыгарганбыз.
📌 Ал эми кыргызстандыктардын өз ресурстары менен тартылган даректүү тасма идеясы бизге бир жыл мурда, изилдөөнү баштаар алдында эле келген. Биз тарыхыбызды даректүү тасма аркылуу чогуу чагылдырып, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша салым кошуу менен, аны жалпы эсибизде сактап, баалай алабыз.
📌 Даректүү тасманы жаратуу үчүн 9000 доллар чогултуу — биздин максатыбыз.
📌 Ашар — бул өз ара жардам, тарыхыбызды, маданиятыбызды сактап калуу үчүн биргелешип жасалуучу иш. Кыргызстандын 1990-жылдардагы тарыхы да «Ашар» коомдук кыймылынан башталган.
Ашарга кандайча колдоо көрсөтө аласыз?
- Бул маалыматты социалдык тармактарыңызда жана тааныштарыңыз арасында бөлүшүңүз.
- Эсимдеге» ыктыярчы катары жардам берүү үчүн биз менен байланышсаңыз болот.
- Өз салымыңызды төмөнкү реквизиттер аркылуу жасай аласыз:
- MBank — 0555 507 796 (Эльмира Н.)
Эсеп: 1030120366538073
БИК: 103001
ИНН (банк): 02712199110068
- MBank — 0555 507 796 (Эльмира Н.)
Байланышуу үчүн:
- esimdekg@gmail.com
- www.esimde.org
Биздин социалдык тармактар: