Эсимде. Подкаст
Бүгүн бизде конокто политология илимдеринин доктору, Улуу Казимир университетинин (Польша) политология илимдери жана административдик башкаруу факультетинин профессору Нарцисс Шукуралиева 🎓
Ал өз изилдөөлөрүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саясаты, заманбап авторитаризмдер, мамлекет куруу, конституциялык манипуляциялар, саясий бийликтин легитимдүүлүгү жана аны тааныбоо, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүнүн коопсуздугу темаларына кызыгат.
Бул чыгарылышта биз эмне себептен «терроризм» түшүнүгү «душмандын» конструкту экендигин, кантип «антитеррористтик саясат» адамдарды өздүгүнөн ажыратып жаткандыгын, эмне үчүн өтмүшүбүздү изилдешибиз керектигин талкууладык. Ошондой эле биз Кыргызстандагы институционалдык мамиле тууралуу сөз кылдык. Мындан тышкары Нарцисс Шукуралиева Кыргызстандын келечегин кантип элестетерин айтып берди.
📌 Opinions expressed here do not represent positions or policies of Kazimierz Wielki University.
📌 Бул жерде жеке пикирлер сөзсүз эле Улуу Казимир университетинин расмий көз карашын чагылдырбайт.
Подкаст толугу менен орус тилинде. Жагымдуу угуу каалайбыз! 🎧
Бизди колдоону унутпаңыз: лайк басыңыз 👍, комментарий калтырыңыз, жазылыңыз жана коңгуроо баскычын басыңыз 🔔
Ал эми кийинки бейшембиде сизди дагы бир кызыктуу конок күтөт!
- Тарткан жана монтаждаган: Тилек Джуматаев
- Локациясы: Baan Baan Thai Cafe
- Музыкасы: Veccen — Эсимде
- Анимациясы: Тамчы Тасма