БИЗ КИМБИЗ?
Тарыхтагы жана элдин эсинде көмүскөдө калган окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча изилдөө аянтчасы.
Бул аянтчага XX-XXI кылымдардагы Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхына көз чаптырып, салым кошууга ынтызар, ар түрдүү кесип ээлеринин өкүлдөрү чогулган.
МИССИЯБЫЗ:
Коомчулуктун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхы менен элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүсүнө түрткү берүү.
МИЛДЕТТЕРИБИЗ:
XX-XXI кылымдардагы Кыргызстан менен Борбордук Азиянын тарыхын жана элдин эсинде калган окуяларды аңдап түшүнүүгө байланыштуу тарыхый-агартуучулук ишмердүүлүк жүргүзүү.
- Көмүскөдө калган окуялар тууралуу тарыхый чындыкты жана массалык репрессиянын курмандыктары боюнча элдин эсинде калган окуяларды кайра калыбына келтирүү жана сактоо.
- Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхында көмүскөдө калган көз караштар тууралуу коомдук талкуунун жаралышына түрткү берүү.
- Коомдун аң сезиминде жана мамлекеттик практикада адам өмүрүнүн, эркиндигинин жана демократиянын баалуулуктарынын тамыр жайылуусуна өбөлгө түзүү.
- Тарыхка кызыгууну жандандыруу менен эле чектелбей болочоктогу маанилүү демилгелердин пайдубалын түптөйбүз деп ишенебиз. Бул демилгелер эгемендүү Кыргызстандын өз өтмүшүнө, азыркы күнүнө жана келечегине жаңы (калыс) көз караштарды сунуштайт деп үмүттөнөбүз.
- Тарыхтагы жана элдин эсинде калган окуяларды изилдөөдө ар түрдүү ыкмаларды сунуштоо.
УСУЛДАРЫБЫЗ:
Тарыхты жана элдин эсинде калган окуяларды түрдүү көз караштар аркылуу изилдөө; визуалдуу практикаларды, тарыхый реконструкцияларды жана башка коомдук демилгелерди пайдалануу.
- Өз изилдөөбүздө дисциплиналар аралык методдорго таянуу.
- Ишмердигибизде Кыргызстандын социалдык, маданий, этникалык, диний жана аймактык ар түрдүүлүгүн чагылдырууга маани берүү.
- Ар түрдүү пикирлерге жана көз караштарга ачык болуу.