Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Кутман таң! Эсимденин жаңы журналын ысык чагында окуңуз!

3 декабря, 2025 г.

Кутман Таң – бул таңдын жарыгын, жаңы күндүн башталышын билдирген саламдашуу, тагыраагы: «Таң алды менен!» же «Кутмандуу таң!». 2016-жылы Жарандык агартуу академиясынын жыйнагына ушул аталышты тандаганбыз. Ал эми 2025-жылкы чыгарылыш Эсимденин «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин алкагында жарык көрдү.

Альманах — жөн гана макалалардын жыйнагы эмес. Ал бүгүнкү күндө ишенимдүү багытыбызды табуу жана келечекте өз ордубузду аныктоо үчүн өтмүшүбүздү кантип аңдап-түшүнүп жатканыбыз тууралуу жамааттык сүйлөшүү.

Быйылкы журнал үч бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүм деколониалдык ой жүгүртүүнүн жана эс тутумду сактоонун маанилүү бир аспектисин ачып берет.

«Аңдоо үчүн теориялар» деп аталган биринчи бөлүм бизди терең ой жүгүртүүгө жетелеген теориялык негиздерге жана өзөктүү түшүнүктөргө сүңгүтөт. Бул бөлүмдө өзүбүздү жаңыча түшүнүүгө жардам берген суроолорго кайрылабыз: колониалдык өтмүш бизди кантип калыптандырды?

Колониалдык парадигмадагы «Субъект жана объект» тууралуу макала — өз позициябызды табууга чакырат. Ал эми «Кыргызчылык деген эмне?» аттуу макала аркылуу де/постколониалдык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүн байкайбыз.

Ал эми «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эс тутум, өзүн-өзү аныктоо жана күрөш темаларын ачып, «Манастагы» Каныкейдин тарыхына терең саресеп салат.

«Менин тарыхым, биздин эс» деп аталган экинчи бөлүм жеке окуялардын жана эс тутумдун күчүнө арналат. Бул бөлүмдө коомубуз жеке тажрыйбаларды коомдук билимге айландыруу аркылуу өтмүштүн жарааттарын кантип эстеп, кантип айтып жатканын изилдейбиз.

Ошентип, сиз ХХ кылымдын оор учурларын башынан өткөргөн адамдардын конкреттүү үй-бүлөлүк тарыхтары жана тагдырлары аркылуу бизге «эс укугун» берген макалаларды окуйсуз. Бул бөлүмгө Эсимденин «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин эки бүтүрүүчүсүБайбол Сагынбек уулу жана Автандил Эшмамбеттин эмгектери да кирди.

«Эс тутум тажрыйбалары: сактоо жана өткөрүп берүү» деп аталган үчүнчү бөлүм «Эсимде» аянтчасынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле биздин команданын жана эсимдечилердин жамааттык рефлексиясы аркылуу пайда болгон демилгелерди чагылдырат.

Бул бөлүмдө сиз эс тутумду сактоонун жана тилектештиктин эки күчтүү тажрыйбасы менен таанышасыз:

  • «Ашар» кампаниясы – Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө түрткү болгон доорду (85–91-жылдар) чагылдырган даректүү тасма тартуу үчүн каражат чогултууну максат кылган демилге.
  • Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү – 1916-жылдагы тарыхый трагедияга арналган жүрүштүн катышуучуларынын таасирлерин жана ой-пикирлерин окууга мүмкүнчүлүк берет.

Эс тутумубузду чогуу сактап, бири-бирибизге өткөрүп берүү жана аны аңдап-түшүнүүнү жандуу билимге айландыруу үчүн сизди ушундай интеллектуалдык жана эмоционалдык саякатка чакырабыз.

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Изилдөөлөр, Китепкана, Окуялар