
XX кылымдын тарыхы, бардык мезгилдердегидей эле, жеке адамдардын өмүр баяндарынан турат. Бул китепте совет доорунда Кыргызстанда жашаган адамдардын жеке тарыхы баяндалат. Адилетсиз түрдө унутулуп же атайылап узак убакыт үнү чыкпай келген аялдардын тагдырларына басым жасалат. Ар бир адамдын үнүн угуу биз үчүн маанилүү. Бул массалардын, мамлекеттин жана жеке бийлик өкүлдөрүнүн жалпы үнү эмес, угулбай калган, айрыкча кейиштүү тагдырдын курмандыгы болгон, эстөөгө толук акылуу ар түрдүү адамдардын үндөрү.
Биз ак-каранын карама-каршылыгынан оолак болууга аракет кылабыз. Биздин көз карашыбызда, совет доорунун жана Кыргызстандын көз карандысыздык доорунун тарыхы дагы деле толук ачылып, талданып бүтө элек. Айрыкча адамдын позициясынан чыгып кароо аракеттери солгун десек болот. Ушул кенемтеден улам бул эмгекте бүгүнкү күндө тездик менен өнүгүп жаткан социалдык-гуманитардык билим берүү тармагынын бири болгон эс тутумду изилдөө — memory studies деген илимий багытка таянып, өтмүшүбүзгө саресеп салдык.
Авторлор:
Гүлзада Абдалиева
Болот Абдрахманов
Раушан Абылкассымова
Алагөз кызы Гүлзат
Айида Кубатова
Нестор Пилявский
Бактыгуль Мидинова
Людмила Молдалиева
Айгуль Омурканова
Мукарам Токтогулова
Динара Сапарова
Клара Сооронкулова
Гүлжамал Эсеналиева
Редакциялагандар:
Эльмира Абылбек
Алагөз кызы Гүлзат
Жыйнактын түзүүчүсү жана жооптуу редактору — «Эсимде» изилдөө аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек.


