
Бул жыйнак 1916-жылдагы Үркүн окуяларына арналган китеп болуп, кыргыз элинин тарыхындагы эң оор мезгилдердин бирин көп кырдуу көз караш аркылуу чагылдырат. Анда окуянын тарыхый себептери, жүрүшү жана анын терең социалдык-маданий кесепеттери талданып берилет.
Жыйнакта 1916-жылдагы окуялар тарыхый контекстте гана эмес, коомдук эс тутумда кандайча жашап келгендиги да каралат. Ар кайсы доорлордо бул окуя кандайча түшүндүрүлүп, кандай образдар аркылуу кайра жаратылганы көрсөтүлөт. Үркүндүн эл ичинде, үй-бүлөлүк баяндарда, көркөм адабиятта, сүрөт өнөрүндө жана башка маданий чагылдыруу формаларында сакталып келиши өзүнчө маанилүү багыт катары ачылып берилет.
Ошону менен катар китепте эскерүү тажрыйбаларына, мемориалдык маданиятка жана заманбап изилдөө ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат. Бул аркылуу 1916-жылдагы окуя жөн гана тарыхый факт катары эмес, бүгүнкү күндө да жаңыча мааниге ээ болуп жаткан эс тутум мейкиндиги катары каралат.
Китеп тарыхчыларга, изилдөөчүлөргө, студенттерге, ошондой эле тарыхый эс тутум жана эс тутум маданиятына кызыккан кеңири окурман чөйрөсүнө арналат.
«Эсимде» аянтчасы Үркүндү эскерүүдө түрдүү тажрыйбаларды жаратып, эс тутумду жыйноого, эстеликтерди тургузууга жана үй-бүлөлүк тагдырлар аркылуу өтмүштү сактоого салым кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирет.
Айрыкча, эс тутумду сактоого кошкон зор салымы жана бул китеп үчүн бөлүшкөн баалуу материалдары үчүн Ракыя Жусуповага жана Жумагазы Садыр уулуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Авторлор:
Элери Битикчи
Рыскул Жолдошов
Гүлзада Абдалиева
Аминат Чокобаева
Эльмира Ногойбаева
Гүлзада Станалиева
Гамал Бөкөнбаев
Асел Рашидова
Айбек Байымбетов
Азамат Алагөз
Гүлзат Алагөз кызы
Редакциялык кеңеш:
Эльмира Ногойбаева, Жолдош Турдубаев, Гүлзат Алагөз кызы, Автандил Эшмамбет.
Жыйнакты түзүүчү:
Гүлзат Алагөз кызы.
Дизайнерлер:
Нагима Абдрахманова, Марина Блинова.
Картограф:
Талгат Джумашев.


