Талкууда «Басмачы» феномени тууралуу тарыхый булактар, бул кыймылга эски жана жаңы баа, ошондой эле бул кыймылдын дүйнөлүк тарыхтагы орду тууралуу кенен айтылмакчы. Талкуунун катышуучулары: Алмаз Бейшеналиев — Борбордук Азия Регионалдык институтунун төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор; Зухра Алтымышова — Кыргыз-Турк Манас университети, Тарых илимдеринин PhD доктору; Арслан Койчуев — жазуучу, тарых илимдеринин кандидаты, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президентинин орун басары; Амирбек Усманов — журналист, Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору. Онлайн-талкуу дүйнөнүн 6 шаарынан, тактап айтканда Лондон, Прага, Бишкек, Нарын, Ош жана Баткен шаарларын камтып байланышка чыкты.