Интервьюер: Алгач өзүңүз тууралуу айтасызбы.
Респондент: Мен 76дамын. Ысык-Ата районунан болом. Уруум малтабар. Советтер Союзу кулагандан кийин “коммерция” менен алектенип баштадык. Мен 1993-жылдары баштадым. Эң биринчи жолу Якутияга бардым. Якутияда кышында аябай суук болчу. Андан кийин ал жак суук болгонуна байланыштуу дароо эле Красноярскиге кеттим. Ал жака келсек кыргыздар аябай эле көп экен. Мен жалгыз эле жүрдүм, жанымда эч ким жок эле. Ал жакта кыргыздардын “КрасТЭЦ” деген базары бар экен. Ошол жерде эки жылча Иркутск, Байкал тараптан Кытай жана Улан-Батор поезддеринен товар алып, Красноярскиде соода кылдык. Жакшы эле болду. Ал убакта “коммерцияга” акчасы барлар эле чыгышчу. Анткени элдин баары эле жегенге тамактары жок калышкан. Кимдин камдап койгон акчасы бар болсо ошолор гана барды деген ойдомун.
Интервьюер: Сиз алгач барганда эмне менен алектендиңиз?
Респондент: Мен алгач Якутияга барганда классташым бар эле. Ал мага “мумия” менен алектенүүмдү сунуштаган. Якутияга барганга чейин 1989-жылдан 1992-жылга чейин кызым ооруп калганына байланыштуу Москвада жашаганбыз.
Интервьюер: Мумияны каяктан алдыңыз?
Респондент: Баткенде, Зардалы деген жерлерден алгам. Анда жаш болчумун. Унутуп калдым. Ал жактан мумияны алып, өзүм үйдө даярдагам. Союз убагында биз көп нерсени билчү эмеспиз. Баары тең эле жабык болчу. Ал кезде мага акча аябай керек болду. Кызым да ооруду. Айлык да берилбей жаткан убак болчу. Биз гана эмес, аскердик кызматта иштегендердин да айлыгы берилбей, анын ордуна тамак-аш берилип калган эле. Ушунчалык кыйын болду. А мага Кудай жардам берди окшойт. “Коммерция” кылып жакшы акча таптым.
Интервьюер: Мумияны Баткенден Якутияга чейин ташыдыңызбы?
Респондент: Жок, ташыган жокмун. Баткенден мумия гана алдым. Аны алган кезде да мумиядан көп жолу алдандык. Үйгө бир аз алып келип, таңгактап, таразага тартып Якутияга алып барып тапшыргам. Менден бир украин жигит алып, өткөрүп, акчасын почта аркылуу жиберип турган. Ал мезгилде адамдар кандай гана тартиптүү болчу. А азыр анте албайсың. (күлүп) Кийин Красноярскиге келгенимде, көбү эле оштуктар экен. Мен ал жака билейин деп эле баргам.
Интервьюер: Эмне товар эле?
Респондент: Ал жакта кийим-кечектер болчу.
Интервьюер: Үй-бүлөңүздүн абалы кандай эле?
Респондент: Биз аябай деле кыйналган жокпуз. Жолдошум да аскер кызматында иштечү. Камдап койгонубуз бар эле. Бирок кызымды Москвадан дарылаткандан кийин барганга мажбур болуп калгам. Ал жакта кызыма эки жолу операция жасаттык. Экинчисин ГДРден келген немис жигит операция жасап, төлөп бердик. Көп нерсебизди саттык. Ысык-Атада иштеп жүрүп камдап койгондорубуздун баарын саттык. Жакшы жашап туруп анан жок болгон абдан жаман. Саткандарыбызды кызыбызга жеткиргенден кийин барганга туура келди.
Интервьюер: Сиз 44 жашта болгон экенсиз. Сиз жаш, күчтүү, энергияга толуп турган убактыңызда кетиптирсиз.
Респондент: Мен акчам жок болгону үчүн Красноярскиден Иркутскиге каттап, поезддер аркылуу соода кылып, жакшы акча таап келдим. Ал жактан байкап, кайра дагы бардым. Башкаларды да, эжемдин балдарын чакыргам. Бирок коркуп, барышкан эмес. Ошого мен жалгыз жүрдүм. Ал жактан көп аялдар дайынсыз жоголуп кетишкен. Мага Кудай жардам берди деп ойлойм. Красноярскидин жанында Ачинский деген шаарча бар эле. Ал жакта бандиттер, хулигандар көп болчу. Россияда ал убакта рекет аябай күчөп турган убак. Мен коммерцияга чыкканга чейин университетте иштечүмүн. Айтып кое турган нерсе, бул жакта мугалимдер акча албай калышкан. Баары жумуштарын таштап чыгып кетишти. Мен Красноярскиде жүргөндө бир бала айтып калды. “Тувада Кызыл деген жер бар экен. Жолу абдан жаман. Биз менен барып келбейсизби” деп. Кийин кайтып келгенде ал сунушту жолдошума айтып, мени менен кошо бирөөнү таап беришин айттым. Капитан болгон бирөөнү таап келип берди. Ал экөөбүз Красноярскиге барып, бир аз убакыт соода кылдык. Андан соң Кызыл деген жер тууралуу сураштырдык. Баары эле бизди коркутуп, кооптуу экенин айтышты. Жаныма дагы оштук военный кызматта иштеген бирөөнү кошуп, үчөөбүз бардык. Алгач Абаканга чейин автобус менен бардык. Аябай эле алыс экен. Бир сутка жүрдүк. Андан соң Кызылга такси менен бардык. Күз беле, жаз беле эстей албайм. Барсак базары да, шаары өзү дагы аябай кичине экен. Жаныбызга ошол мезгилде чыккан Вьетнам кийимдерин алып алган элек. Базардын жанынан квартира таап, эртеси базарга өзүм чыктым. Эрте менен барган элем. Бир киши там-туң баскан баласын ээрчитип жүрүптүр. Тувин экен деп ойлогом. Ал киши:
– Ай, бол, бас, кел бери,- деп баласына айтып жатат. Карап аябай сүйүнүп кеттим. Кызылга биринчи жолу мен барган экем деп ойлогом. Анан:
– Сен кыргызсыңбы, балам? — десем,
– Ооба, эже, кыргызмын — деди.
– Каяктан келдиң?
– Алгаданмын.
– Мен да Чүйдөнмүн. Атың ким?
– Сталбек.
Баласы кичинекей, араң басып жүрөт. Эң улуу баласы окшойт.
– Сен бул жака качан келдиң?
– Келгениме көп эле болуп калды, эже. Жарым жылдай болуп калды. Кыргыздар жок мен жалгызмын — деди.
*Сталбек, 1965-жылкы. Баласы 1990-жылкы, ошондо сиз 1993-жылдары барсаңыз, баласы 3 жашта экен.
“Бул жак кандай?” — десем, “Жакшы, тынч эле” — деди. Ошентип өзүм менен чоогу барган балдары базарга чыгардым. Үчөөбүз чогу бир жерге туруп, соода кылдык. Кезек аябай көп болуп, бир саатка жетип жетпей, товарларыбыздын баары өтүп кетти. Үч баштык алып барган элек. Кызыгып калып, кайра Красноярскиге келдик. Жолу аябай эле жаман экен. “Кудай, Кудай” — деп атып анан Абаканга жетип, андан Красноярскиге автобус менен бардык. Ал убакта Тувадан Красноярскиге каттачу автобус жок болчу. Кичин эл көбөйгөндөн кийин болду го. Ошентип Кызылда, Красноярскиде көп соода кылдым. Бирок Красноярскиден көп-көп кишилер өлдү. Көп аялдар жоголду. “Акчаларын алып, Енисейге ыргытып жиберет” — деп укчумун. Мен деле Красноярскидин айылдарын кыдырып саттым. Таңкалганым, Кудай мени колдоптур да. Жап-жалгыз Ачинскийдин жанынан айылдарга өтчүмүн. Ал жердеги айылдардын баарынын эле аты кыргызча. “Кузгун”, “Таалай”, “Үзөңгү” ушундай болчу. Мен негизи кайсы гана шаарга барбайын алгач аймактык китепканасына же аймактык музейине барчумун. Кандай калк болгондугун билгим келчү да. Красноярскиге алгач барганымда да, аймактык китепканасына, аймактык музейине да бардым. Музейине барсам, бүт эле кыргыздардын буюмдары. А шаардын тегерегиндеги айылдардын баарынын эле аты кыргызча сакталып калыптыр. Азыр деле бар болсо керек. Мен баарибир орустарды жакшы көрөм. Аябай ак көңүл болушат экен. Үйлөрүндө деле жанымда көп акча менен жатып деле жүрдүм.
Интервьюер: Сизде кандайдыр бир коркунучтар, көйгөйлөр болду беле? Же баары эле оңунан болуп жаттыбы?
Респондент: Баары эле жакшы болду менде. Кудайым колдоду.
Интервьюер: Рекеттерчи?
Респондент: Рекеттерге Новокузнецкиден туш келдим. Менин паспортум ал убакта Советтер союзунун паспорту болчу. Бизге кийин гана паспорт берилди. Паспортумда “Ивановский район, село Красная Речка” деп туулган жерим жазылуу эле. Россия да да ушундай аталышта жер бар эле. Менин паспортумду карашып эле кое берип жиберишчү. Кызылдан да, салык кызматындан да менин паспортумду карап эле, көп текшеришчү эмес. Мени паспортум куткарды.
Интервьюер: Сизди жергиликтүү деп ойлошкон экен да.
Респондент: Ооба, баары эле мени жергиликтүү деп ойлошкон.
Интервьюер: А рекеттерге жолугуштуңузбу?
Респондент: Жолугуштум. Аслан деген бирөө бар эле. Новокузнецкиден баарын тосуп, акчаларын алат. Бата жатканда да, келе жатканда да. А мен кийинки жылы барып, жолукканда “Ай, Аслан мен орусиялыкмын. Мен кыргызстандык эмесмин. Жадагалса көрдүңбү мен картаңмын” – деп орусча айтам. “Макул, макул” – деп кое берип коет.
Интервьюер: А ал акча топточу беле?
Респондент: Ооба, кыргыздардын баарынан эле алчу. Мен деле берчүмүн, бирок көп берчү эмесмин.
Интервьюер: Аслан өзү кыргыз беле?
Ресондент: Жок, чечен болчу. Ачинскийде да чечендер болчу. Ал жактан да кармачу. Автобустан кетип бара жатканда көрдүм. Рекетирлер аябай күчтүү болгон. Айдоочулар да калтырап, ошол жерде токтоп турчу. Автобустун ичине кирип, баарынан акча алып чыкчу. Ошо Ачинскийде элдер көп коркушчу. Ошо, ошентип жүрүп мен 1998-жылы коммерцияны токтоттум. Анткени Сырга ошол жылы Америкага кетти. Балдарын карап калдым.
Интервьер: Үйдө сизди жолдошуңуз коммерцияга жөн эле жибердиби?
Респондент: Ооба, жолдошум аябай түшүнүктүү киши болчу да. Айтканымдай эле бар болуп туруп анан жок болгон оор нерсе экен. Анын үстүнө биздин балабыз ооруп жатса, операциядан кийин баардыгы түгөндү. Керек болсо жолдошум мени коштоп, Урувсовский деген жерге чейин узатып барчу. Ал жерден мени узатып, кайра бөлөк поезд менен келчү.. Кызылга да ошентип барып жүргөн. Ошентип жүрүп, ишенимдүү болуп калгандан кийин Пакистанга, Иранга, Индияга мезгили менен барып жаттым. Сентябрда айларында Пакистанга бардым. Окуу ачылып калгандыктан костюм-шым алып келип сатып жаттым. Кийинчирээк барган жерлеримден реализатор алып калдым. Кышында Индияга барып, жемпир-шым алып келет элем. Акыркы кездерде Ирандан килем, конфет алып келдим. 1997-1998-жылдар болчу.
Интервьюер: Сиз ал өлкөлөргө кантип учтуңуз? Чартер рейстери беле? Анда официалдуу рейстер болгон эмес эле.
Респондент: Ооба, чартер менен барчумун. Мындай болгон, коммерсанттар товарды үйүп коюп анын үстүнө жатып кетчүбүз.
Респондент: Кайсы жерде жүрсөң деле кыйынчылыктар. Бирок ошентсе да тартиптүү адамдар көп болчу. Милициялар деле азыркыдай болуп баса калбай, мыйзамга баш ийчү. Мыйзам кадимкидей иштечү. Советтер Союзунун закону бар эле анда. Ошого да салык кызматы да бизди текшергенде да, мыйзамга таяп иш кылышчу. Мен Кызылда жүргөндө, жеткенден кийин аябай жакшы товарыбыз өттү. Кийин кайра Красноярскиге келгенден кийин, көп оштук балдар, кыздар: “Эже, бизди да ала кетиңиз” — деп калышты. “Ой, жүргүлө” — деп, Кызылга кыргыздарды мен алып баргам. (күлүп) А берки Стал деген бала бар болчу. А ал кантип барган билбейм. Анан ошо Кызылда жүрүп, элдер көбөйүп калгандан кийин, айтып калышты: “Эже, Енисей башталган жерде Тоджи деген жер бар экен. Ошол жерге барып келбейсизби?” — деп. Элдер да мени шумшук кыйын деп ойлочу окшойт. Мен макул болдум. Ал жакта Саяна деген тувин кыздын сиңдиси бар экен. Ошого кат жазып, “Бара бериңиз” — деди. Өзүм жалгыз эле Кызылдан өтпөгөн товарларымды алып бардым. Ал жакта качкындар, киши өлтүргөндөр, түрмөгө жаткандар, айтор жазалангандар, ошол жакта жашачу экен. Коркунучтуу экен. Айланасы Тайга, өзү кичинекей эле айыл. Бирок ошентсе да ал жакта да орустар да. Мейманканалы жакшы шарттарын түзүп берген. Көбүнчө тувиндер жашайт экен. Ал жака “кукурузник” менен бардым. Ага да болгону 8-9 эле киши батат экен. Ал жакта тоолор аябай бийик. Бирок маани бербей эле, коркпой эле кете берчүмүн. Барганда соода аябай жакшы болду. Коркуткан деле киши болгон жок. Эли да аябай меймандос кишилер экен. Орустар да бар болчу. Кийин жайында “кукурузник” менен эмес, Енисей аркылуу “парон” менен каттадык.
Интервьеюер: Сиз коммерцияда жүргөндө балдарыңыз өз алдынча болуп калды беле?
Респондент: Ооба, кыздарым эрте эле турмушка чыкты.
Интервьюер: Ирандан кийин сиз эч жака барган жоксузбу?
Респондент: Кызым Америкага кетти, анын балдары 2-3-класс болуп калган.
Интервьюер: Сиз коммерциядан кайткандан кийин сиздин үй-бүлөдөгү, коомдогу ордуңуз өзгөрдүбү? Сиз өзүңүз эле эмес, кийин туугандарыңызды да алып барган экенсиз.
Респондент: Кийин эжемдин балдарынын баары мени менен барды. Туугандардын баары барышты. Жаман болгон жок. баары жакшы эле болду.
Интервьюер: Сизге элдин көз карашы кандай болду? Коомдо дагы да кеткен аялдар көп болгон.
Респондент: Мени колдоп, тамашалашып: “Силер калмаксыңар, Кадыркулдун кыздары” — дешчү. Анткени менин эжелерим деле, балдары деле кыйын, тың эле. Элдер жакшы эле кабыл алышты. Анткени Союз бар убакта эч нерсе кылбай, иштеп, айлык алып эле жүрүп, айлык токтоду. Анын ордуна, самын, чай, вермишель, макарон келип калды. Адамдар да ылдыйлады. Мисалы фабрикада иштегендердин биздикине караганда айлыгы жакшы болчу.
Интервьюер: Сиз коммерцияны токтоткондон кийин үй-бүлөңүздүн экономикалык абалы өзгөрдүбү?
Респондент: Ооба, мен мисалы ошол жакта иштеп жүрүп эки батир алдым. Анда орустар кетип жаткан эле да. Аябай деле чон акчага алган жокпуз. Кийин жер там алдык. Балдарымдын баарын окуттум. “Человек предполагает, а Бог располагает” деген сөз бар го. Мен деле Кудайга абдан ыраазы болом. Анткени ошол жакта жалгыз эрбеңдеп жүрдүм. Жаман бир нерсеге деле туш келген жокмун. Рекетирлерге деле туш келсем, эбеттен-себет болду. Мени менен баргандар деле жаман кырдаалга кабылган жок. Баары эле жакшы болду.
Интервьюер: Коммерцияда жүрүп эмнени үйрөндүңүз? Эмне ачылыш болду? Эмне өзгөрдү?
Респондент: Мен боорукер болгонду үйрөндүм. Көп аялдар кандай кыйынчылыктарды көрүп жүрүштү. Көп эркектер деле ошол жакта жүрүштү. Бирок, ошолор деле өздөрүнө ишенимдүү боло албай жүрүштү да. Кантсе да бөтөн жерде жүрүшөт. Мурун Союз убагында адамдар көп нерсени ойлобой жашашты да. Мисалы, мен өзүм тынч эле жашадым. Акчамды алчумун, үйгө келчүмүн. Жолдошум акча тапчу. Балдарды тарбиялап, баары өз нугунда болчу. А кийин эле башаламан болуп, балдарыңды да кандай мектепке берериңди билбей, кандай институтка да берериңди билбей, ушундай бир чаржайыт болуп калды. Биздин үй-бүлө эле эмес, мамлекет да эмне кыларын билбей калды. Ошого, азыр деле кайсы адам кыйналып жатса, аябай боорум ооруйт.
Интервьер: Ошондогу жана бүгүнкү күндөгү базарды салыштырасызбы? Алар кандай өзгөрдүбү?
Респондент: Ал убакта адамдар ак көңүл болчу. Мисалы, кишини түшүнүп жакшы мамиле кылчу. А азыр адамдар андай эмес. Дароо эле уруша кетет. Азыр адамдардын психологиясы өзгөрдү да. Азыр кесе айтканда, ач көз, зөөкүр болуп калышпадыбы. Ал мезгилде, “Алыңыз, алыңыз, түшүрүп берем” — деп, канча сатса, ошончо топук кылышчу. Анкени элдер кыйналып жаткан убак болчу да. Кытайлардан алып анан бизге сатышчу. Ал убакта адамдар бири-бирине күйүмдүү, бири-бирине жардам берген, анан да ишенич бар болчу. Тааныбай да, товар алып бир айда алып келип берем десең берчү. Эми адамдар аркандай да, кээ бирлери алып келбей да коюшу мүмкүн. А мен коркчумун. Жолдо жүрөм да.
Интервьюер: Коммерцияда жүрүп ийгиликтүү болгон эки-үч мисал айта аласызбы?
Респондент: Мен эң чоң жетишкендигим Кызылга барганда болду. Анан терилерди сатканда үч бөлмөлүү батир алдым. Калгандары деле жакшы эле болду. Бир жолу ылдый түштүм. Саратовдо сатып жатканда, доллардын куну аябай түшүп кетти. Биз орус акчасын, долларга алмаштырып. бул жактан кайра алмаштырып, ошондон утчубуз. Ошондо доллар таптакыр түшуп кетти да. Мен ошондо болгон акчама “шпрот” алып, бул жака алып келип саттым. Көп киши күйүп кетти, мен да күйдүм.
Интервьюер: Челнок аял кантип дем алды?
Респондент: Мен дем алган деле жокмун. Керек болсо майрамды деле билбей иштедик. Эч качан бир жака барбадым. Акча жиберчү элем, тойлорго да жолдошум барат эле. Майрамдарда да акча кылыш керек деп иштечүбүз да. Кийин Алматыга келип да товар алып кетчүбүз. Мына, коммерция бүткөндөн кийин эми азыр мен курортторго барам, эс алууга барам. Кудайга шүгүр, азыр баары ордунда. Ал мезгилде эч ким эс алган жок. “Мен курортко бардым, мен эс алып келдим” — дегенди көргөн жокмун. Бир жума эмес. бир күн эс алсаң артка кетесин да.

