Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Абдраманова Назира

Абдраманова Назира

Мугалим

— Гүлзада: Биз 1980-90-жылдардагы студенттик кыймылдар боюнча бүгүнкү күндѳ изилдѳѳлѳрдү жүргүзүп жатабыз. Мына сиздин ошол мезгилдеги студенттик күндѳрүңүз ѳтүптүр ошол 80-90-жылдагы мезгилде. Сиз ѳзүңүздү тааныштырып ѳтсѳңүз алгачкы ирет.

— Мен Абдраманова Назира Турмункулова. Мен 1989-жылы окууга тапшырдым анда Пржевальск шаары болчу, педагогикалык иститутта табигый географиялык факультетине тапшыргам, 5 жыл окудук 1994-жылы аяктадык. Биз студенттик кезде кѳптѳгѳн табигый ѳзгѳрүүлѳрдү башыбыздан ѳткѳрдүк. Биз башында тапщырып жатканда СССРдин учуру болчу. 1991-жылы СССР ыдырап, элдер кыйналып ошол мезгилдердин баарын башыбыздан ѳткѳрдүк. Мен 1994-жылы бүтүп эле ошол эл жылдары бул жакта калып калдым университетке алып калышты, окутуучу болуп эмгектенип баштадым. 

1994-жылдан баштап азыркы убакытка чейин азыркы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинде Табигый илимдер кафедрасында эмгектенип келем. Биз эки адиске ээ болдук геграфия жана биология мугалимибиз.

— Гүлзада: 1980-91-жылдардагы мезгилдерде студенттик кезиңизте эсте калган окуяларды айтып бере аласызбы.

— Биз 1989-жылы тапшыраарыз менен эле бизди августтан кийин сельхоз работага алып кетти. Сентябрьдын башынан баштап августтун жарымына чейин картошка терип иштечибиз анан октябрдын жарымынан окуу башталчу. Анда жатакана бекер берилчи, жатаканага жаткызып жакшы ѳттүү студенттик күндѳр, жатаканада ал учурда баардык шарттар бар болчу да, газ бекер, кухняда баардык тамактар жайнап турчу эле, анда баардык азык-түлүктѳр арзан эч бир кыйналган жокпуз, 1991-жылдан баштап кыйналган мезгилди да кѳрүп калдык, талон алып, нанга очередке туруп.

— Гүлзада: Ал эми ошол 1989-91-жылдагы белгилеп жатасыз, сиздин студенттик күндѳр. Ошол кездеги студенттик кыймылдар жѳнүндѳ, коомдогу ѳзгѳрүүлѳргѳ алардын болгон кѳз карашын кандай кылып белгилей аласыз?

Ал убакытта студенттер баардык дубандардын келчи. Таластан, Чүй, Нарын обласынан келген группалаштарыбыз бар эле. Анда кѳп тапшырчы балдар, биз тапшырганда 30 бала тапшырган да. Жатаканада бош бѳлмѳлѳр болчу эмес, студенттер кѳп. Жатаканада жума сайын кандай бир иш-чаралар болуп турчу, факультетте дагы именно биринчи курстарды активдүү катыштырып «Мурас» деген чогуу иш чаралар болуп турчу, аябай чоң масштабдагы иш чаралар болуп турчу, сабакты калтырган студенттер болчу эмес, эртең менен 7-8 башталып 4кѳ чейин сабактар болчу, себеби би зэки адистикти алып чыктык да география, биология анан сабактар аябай кѳп болчу. Столовый да жакшы иштечи, жакшы кез болду ал убакыт. 

— Гүлзада: «Мурастын» негизги максаты эмне? Алар эмне максаттарды коюшту эле?

— «Мурас» иш чарасын ѳткѳргѳндѳ студенттердин активдүүлүгүн жогорулатуу, студенттер абдан активдүү катышчы эле. Кыргызча сонун ырларды ырдашып, улуттук каада-салттарды кѳрсѳтүшүп, ырлар ырдалчы эле, комуздар чертилип, кыяктар чертилип аябай ошол кезде студенттер активдүү экен. Биринчи курстарды кѳбүрѳѳк тартышчы да, студенттерди кабыл алуу аземидер да жакшы ѳтчү ал убакытта, студенттерге жакшы кѳңүл бѳлүндү. 

Биз биринчи курска тапшыраарыбыз менен күн жылыгандан баштап эле ботаникалык бакчада иштечибиз, түшкѳ чейин сабак түштѳн кийин ошол кезде ачка болгонубузду да билбейбиз же ачка болчу эмеспиз, себеби биздин университетте ашканасы бар болчу, баары арзан курсагыбыз деле ток экен. Анан ботаникалык бакчага барып бизди эмгекке үйрѳтүп, эмгекке тарбиялоо да болгон экен ошол кезде. Ѳсүмдүктѳрдү отургузуп, отоп, түшүм алып дегендей күзүндѳ, ошо ботаникалык бакчада биз кѳп иштедик. Окуу жылдын башында сельхоз работада жүрчүбүз, а жаз келээри менен именно биздин адистик географ биологдор ботаникалык бакчада иштедик.

— Гүлзада: Ал эми студенттик кыймылдар жѳндѳ эмнени айта аласыздар? Мисалы ошол 1989-жылдагы белгилеп ѳтүп жатпайсызбы общежитиеде болгон окуялар, студенттик кыймылдар, аларга карата мугалимдердин мамилеси ушулар жѳнүндѳ да белгилеп ѳтсѳңүз.

— Биздеги ошол окутуучулар, мугалимдерибиз келип текшерип турчу, жатаканага бат-бат келишчи, жашоо шартыңар кандай, сабак окуп жатабы же окубай элеби деп келип текшерип кеткендер эсимде. Жанагындай иш чаралар болуп турчу жатаканада. Анан жогорку курстардын биз тилин алчубыз, 4-5 курстардын тилин алчыбыз алар бизге кандай бир тапшырмаларды берет, биз аларды аткарып, алары үлгүлү студентти катары кабыл алчубыз. Кѳп эле иш чаралар ѳттү ошол студенттик кыймыл болгондо кандайдыр студенттик комитеттер болчу факультетте, активист студеттер ошол студ. комитеттин мүчѳлѳрү болчу анан ошолор иш алып барчу, биз деле активдүү иштерге катышчубуз.

  1989-жылдары ал кезде мен биринчи курста окучумун. Жакшы эсимде жок, бирок бир жолу түнүчүндѳ студенттер митингге чыгышып түнкү экиде биз анда уктап жаткан болчубуз анан ойгондук баарыбыз ойгонуп кѳрсѳ студенттер жаштар митинг уюштурган. Ошондо ректорубуз келип митингти басып үйлѳрүнѳ тараткан, митингти уюштурган балдар отчислениеге кеткен, себеби алар эч ким менен кеңешпей, ѳз билгендерин кылып кандайдыр коогалаңды башташкан окшойт, анан аларды отчилениеге кетиришкен. Биздин группада Таластан келген бир бала болчу ошол да отчисленияга кеткен. 

— Гүлзада: Андан кийин сиздерге мисалы ушул сиз баса белгилеп ѳттүңүз орус группа, кыргыз группа кандай максаттарда бѳлүнүп калдыңыз, тил маселесин кѳтѳрүүнүн негизиндеги чыктыбы же, кандай убакытта болду?

— Биз эми кѳбүнчѳсү айылдан келишти. Биз окууга тапшырганда орус группа болуп бир группа түзүлдү анан экинчи курстан бизди бѳлдү орус жана кыргыз группага бѳлүштү, башында 30 бала тапшырсак нан экиге бѳлдү, ошо экиге бѳлгѳнд бизге эмнегедир ал абдан жакты себеби орусча жакшы түшүнбѳгѳн балдар бар кыргыз группа болдук деп аябай сүйүнгѳнбүз анан сабактар кыргыз тилинде ѳтүлүп баштады, мугалимдер да лекцияларын кыргызча ѳткѳнгѳ аракет кылып кыргызча ѳтүлүп баштаган. Армиядан келгендер да болду, мурун окуудан чыгып кайра восстановление болгондор болду, группа толукталып кѳбѳйүп баратканда бизди эки группага бѳлдү. Мен ѳзүм ошо башында биринчи орусча окудук, анан кыргыз группада окудум, жакшы окутушту.

— Гүлзада: Анан ошол мезгилдеги баса белгилеп жатасыз 1989-1991-жылдагы сиздердин студенттик кыймылдарга катышканыңыз сиздин ѳзүңүздүн карьераңызга таасирин бере алдыбы?

— Мага абдан чоң таасири тийди, себеби биз кыргыз группа болгондо деле, адабияттар орус тилинде болчу, менин эсимде сабактан чыгаар менен эле китепканада отурчубуз, анда интернет деген жок, телефон деген жок биз китеп менен кѳп иштедик. Орусча китептеп биз кыргызчага которуп жаздык, кандай гана тапшырма бербесин биз орусча китеп менен иштедик, кыргызча айтып берип. Азыр ошонун пайдасы абдан эле тийди, мына азыркы убакытта мен орус тилинде да эркин сүйлѳй алам, кыргыз тилинде да эркин сүйлѳй алам, кагаз иштерин жасоодо менде кыйынчылыктар болбойт. Ошондо жакшы окутушуптур, орусча кыргызча эки тилди тең биз алып кеттик.

— Гүлзада: Ал эми 1989-91-жылдагы сиздин жашооңузда студенттик күндѳргѳ дал келип жатайбы, ошол кездеги коомдук ѳзгѳрүүлѳр сиздин кѳз карашыңызга да таасир тийгиздиби?

— Коомдо чоң эле ѳзгѳрүү болду, 1989-жылда тапшырып жатканда союз эл, СССР, бизде баардык студенттер стипендия алчы, 3кѳ окугандар да стипедния алчы, башкысы эки албаш керек, жалаң бешке окугандар кѳбүрѳѳк стипендия алышчы, 4,3 окугандар да стипендия алчы. Ошол кез абдан менин эсимде калды, себеби биз рубль менен кѳп акча алып калдык, ошол 45 рубль эмнегедир баарына жетчи, кийимибизге да, тамак ашыбызга да жетчи бир акча жагынан кыйналган жокпуз. Андан кийин эле союз ыдыраганда балалык менен деле кыйналганыбызды сезбептирбиз, бирок азыр эстеп кѳрсѳм кыйналган окшойбуз себеби баары эле жок болуп калды да дүкѳндѳрдѳ самын, май, нан бат эле жок болуп калды. Рубль сомго алмаштырылганда эң алгач беш сом алдык анан акырындап кѳндүк, кыргыз эл бутуна тура баштады, кыйынчылык деле кѳрүп калдык 1991-жылы союз адыраганда биз 2,3,4 курстарда кыйналдык, кѳптѳгѳн азык-түлүктѳр жок, талон берип калышты бизге, самын, шампунь дегендерге талон берилип, биз ошо талон менен нанга очередьке туруп нан алып ошондой замандар болду.

— Гүлзада: Жогору да белгилеп ѳтпѳдүңүзбү студенттик кыймылдар жѳндѳчү, сиздерге таасир берген мугалимдер ошол кездеги кыймылга карата, мисалы 1989-жылы Ош окуясы боюнча сиздерге таасир берген мугалимдер айкындары сиздерди колдодубу, же айкындары каршы болдубу? Мугалидер тараптан, жекеле ушу университет тараптан сиздерге кандай мамиле болду? 

— Ош коогалаң болгондо биз ошондо биринчи курс экенбиз кѳп нерсени деле түшүнбѳйбүз, бирок ошол кездеги биздин ректорубуз Жусай Жолдошбай Жусаевич ушунчалык кыйын киши экен. Биздин ректорубуз келип ошол митингди токтотуп баарын үйлѳрүнѳ таратып, оол киши баскан да, ошол кездеги жогорку окуу жайдын ректору эмгеги адбан зор. Ошол кишинин эмгегин биз эч качан унутпайбыз, ал киши менен биз дайыма сыймыктанып келебиз. Ошол кишинин эмгеги менен биз 1991-жылы ѳзүнчѳ университет болдук, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университет болдук. Кѳптѳгѳн факультеттер ачылды, кѳптѳгѳн адистиктер ачылды ошол кишинин эгегин биз такыр унутпайбыз. Ѳзүбүздүн ошол кездеги декан, окутуучулар, мугалимдер биз менен ошондой жыйналыш ѳтүп эч кандай ызычуу кереги жок, тынч жүргүлѳ, тынч окугула, сабакты калтырбагыла деген дайыма тарбиялык иштер болуп турчу, биз ал убакытта сабакты калтырат деген жок болчу, ар күн сайын кураторубуз кафедра башчысы келип бизди жоктоп турчу, биз деле сабактан калчу эмеспиз, ал убакытта студенттер негизи эле биз тартиптүү экенбиз, ыймандуу, сабакты калтырбаган, жакшы окугандар окуп бүттүк, окубагандар биринчи курстан эле тазалап коюшту. Анда бирѳѳ менен сүйлѳшүп алыш керек, бирѳѳгѳ акча берип калып калыш керек деген ал убакытта элдин түшүнүгү да жок болчу, окубаган баланы биринчи курста эле тазалап коюшту.

— Гүлзада: Мисалы отчисление болгон студенттерди белгилеп кеттиңиз, эми алардын кийин восстановление болушту же болбосо кийинки тадыры эмне болду ошол боюнча айта аласызбы? Же болсо эмне үчүн болушту? Кандай деп ойлосуңуз?

— Биз биринчи курсака тапшырганда бир 30 бала тапшырган, ошонун кѳбү эле отчисление болуп калды онго жакын отчисление болуп калды. Алар эмне үчүн окуй алган жок, балким айыл жеринен келип орус тилинен кыйналдыбы же мектептен жакшы окугандар бул жактан да жакшы окуй алалбайт да, же ошондой болдубу. Анан кийин мен ойлоп кѳрчѳс кыйналгандар болду, себеби биринчи курту толук аяктабаса восстановление боло албайт экен да, а биринчи курсту бүтүп экеничи курстан отчисление болгондор кийин кайра восстановление болуп окууларын бүтүп кетишти. Окуй албаган, диплом албаган группалаштарым бар, айрымдар абдан кыйналды, себеби азыр диплом жок кайсы жакка жумушка алат, а айрымдар болсо айыл жеринде эле эч жерде иштебейт, мал менен жан сактагандар да бар.

Гүлзада: Мына сиздин студенттик күн эгемендүүлүк алуунун алдындагы мезгилге туура келип жатат, ошондуктан сиздер окуп жаткан инстутта эгмендүүлүк идеялар бар беле? Кимдер айтышчы эле? Кайсы убакыттан айтылып баштады ѳзүбүзчѳ эгемендүүлүк мамлекет болушу жѳнүндѳ?

— Эми биз ал союз убагында жалпы жакшы келечек менен жашачыбызда. Мисалы, мен ал убакытты азыркыга чейин аябай сагынамын, биз коммунизм убагын кѳрүп калдык. Ошол кезде мен укчум СССР ыдырайт экенин, бирок мага эмнегедир ал идея жакчы эмес, мен СССР убагында эле жашагым келчи негизичи анан СССР ыдыраганда мен кѳп деле жактырган жокмун. Себеби СССР убагында биз жакшы заманда жашадык, кѳп нерселер бекер эле. Кандай десем, биз геогрфия адистикти бүттүк да, ал убакытта мен тапшырып жаткан мезгил биздин факультет аядай престижный болчу, ал факультетке студенттер оңою менен тапшыралчы эмес, биз тапшырганда эле биз аябай блатной факультетке тапшырдык деп ошентип жүрчүк, ѳзүбүз ушундай сезчибиз. Себеби ал учур студенттер союзду аябай кыдырышчы, географ-биологторду үчүнчү курстан баштап союзная практика деген бар болчу, Москвага, Ленинградка чейин барып келишчи, анан биздин бактыбызга жараша биз антип кыдыра албай калдык, себеби союз ыдырап калды да. аябай ичибиз күйдү, ыдырабай эле союз убагында калса эле жакшы болмок, бирок ошондой ѳзгѳрүүлѳр болуп кетти.

Баарыбыз эле ошондой кѳз карашта болчубуз. Мына мен азыркы убакытка чейин группалаштарыбыз менен сүйлѳшѳбүз ошол убактты аябай сагына беребиз, СССР жѳнүндѳ бир бирибизге видеороликтерди жѳнѳтүп ошол кезди аябай сагынабыз. Баарыбыз эле союз убагында жакшы мезгилди кѳрүп калдык. Эмне үчүн сагынабыз, себеби ал кезде чынында жашоо эле жакшы болчу. Элдин жашоо шарты азыркыдай болбосо дагы, бирок коркпой жашачыбыз да, коркуу сезими жок болчу. Больницада бекер дарылачы, баары арзан, жакшы ой максат, жакшы келечек менен жашачыбыз.

Гүлзада: Сиз окуп жаткан кезде 1989-91-жылдарда институтта мамлекеттик тил, социалдык, экономикалык талаптар коюла баштадыбы студенттер тарабынан, мугалимдер тарабынан? Ошол боюнча эскерүүлѳрүңүздү айтып кетсеңиз.

— Мамлекеттик тил боюнча аракеттер кылып кыргыз группа кылып бизди ѳзүнчѳ бѳлгѳнү ошол кандайдыр аракеттер башталган экен. Анан кыргыз тил күнүн мамлекеттик тил күнүн белгилеп, майрамдап ал кезде андай жок болчу. Ал качан башталды, ал ѳзүнчѳ мамлекет болгондо башталды окшойт, 1991-жылы эл кыйналды да, акырындык менен бутубузга туруп баштабадыкпы, анан кийин башталды го.

 1992-жылдан баштап мамлекеттик тил күнүн белгилеп, а башында мен азыр кѳп деле эсимде жок орус группага тапшырып, орустар менен чогуу окуп, экинчи курста бизди бѳлүп ѳзүнчѳ кыргыз группа кылып. Бизге ошол кезде жекече иштер берилчи орусчадан кыргызчага которуп келгиле деп, ошондой заданияларды берчи. Эсимде биогеографиядан кѳп эле барак берип коюшту мага 100 барак которуп кел деп. Ошону экѳѳбүз эки студент кечке китепканада отуруп алып ошол 100 баракты которгонбуз. Биогеогрфия абдан оор сабак эле ошону кыргызчага которгонбуз, китепти которгонбуз. Ошондой иштер болчу, биз абдан эле каттуу окутту, эртең менен келип кечинде кетчибиз.

Гүлзада: Ал эми ошол кезде борбордо болуп жаткан ашар коом кыймылы, КДК жѳнүндѳ бул жакта студенттер ушул кыймылдар жѳнүндѳ, окуялар жѳнүндѳ алардын да түшүнүгү бар беле ошол кезде, сиздерге да жетип жаттыбы ошол окуялар борбордо болуп жаткан?

— Ал убакытта же сыналгы жок, же телефон жок, общежитиеден чыкпай, общежитиеге барып анан общежитиеден окуу жайга барып, бирок бул окуу жайда кандай жаңылыктар болсо биз баарын билип турчубуз, бизге айтылып турчу. Студенттер абдан кѳп болчу ал убакытта, биздин окуу жайдын эки жатаканасы бар эле, эки жатакана тең толук студенттер, ошол кез менен азыркы кез бир тобу чоң айырма, азыр студенттер азырак тапшырып жатпайбы студенттерди санаасы, ал убакытта аябай кѳп эле, анан бардык эле жакңылыктарды эми азыркыдай маалымат жок, азыр интернет менен бүт дүйнѳ жүзүндѳгү маалыматтарды билип жатпайбызбы, ал убакытта телефон жок, бирок китеп, гезит окуп турчубуз, мугалимдер айтып турчу жаңылыктарды. 

Гүлзада: Сиздин оюңузча 1989-91-жылдагы институттагы студенттик кыймылдар боюнча дегеле студенттик жашоо боюнча дагы кимдерден интервью алсак деп сиз бизге сунуш киргизет элеңиз?

— Ошол кезде иштеген биздин мугалимдерибиз дагы деле иштейт, бизге сабак берген эжелерибиз дагы деле иштейт, лаар пенсиялык куракта болсо дагы кандидат наук, докторлар бар ошолор дагы деле эмгектенет, ошол мугалимдерден дагы сурамжылоо жүргүзүп кѳрсѳңѳр болот, алар мага караганда жакшыраак билишет болсо керек, алар андан мурунку 80ки жылдардан баштап, даже 70-жылдардан баштап иштеген мугалимдерибиз бар ошолордон дагы интервью алып кѳрсѳңѳр болот.

— Ошол кезде окуган студенттерден кимдерди сунуштай аласыз?

— Ошол кездеги студенттер азыр айылдарда иштешет, айрымдар директор, окуу завучу болуп иштегендер бар, ошолордон интервью алсаңар болот, телефондору бар алардын, биз дагы деле сүйлѳшүп турабыз алар менен ватсап группаларыбыз бар. Кээ бир адамдардын эсинде жакшы калат да, кээ бирѳѳнүкү эс тутуму начар дегендей кѳѳп нерсени унутуп коюшат. Андан бери 30 жыл ѳтүптүр кѳп эле нерсе жакшы эсимде жок, бирок жакшы элес бар менде. Биздин студенттик күндѳрүрбүз жакшы ѳттү, кыйынчылыктарды кѳрсѳк дагы, менде жакшы элес калды.