
Абдылдаева Элмира
Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштырып, анан 85-90-жылдарда кайда элеңер, эмне иш кылчу элеңер, ошону айтсаңар?
Респондент: Менин атым Элмира. Ал кезде Пржевальский Педагогикалык Институтта ЛитФакта окудум. 1991-жылы бүткөнмүн. Орус тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгонмун.
Изилдөөчү: Силер студент кезде КДК, «Ашар» кыймылдары башталып, ага жаштар көп кошулган. Силер ал жөнүндө эмне билесиңер? Ошо кездеги Пржевальскийде да студенттер катышты беле?
Респондент: Ооба, биз окууну бүтүп жаткан жылдары ал кыймылдар болгон. Тез-тез эле студенттер жатаканада чогулуп, Ылаев Таалай деген келип, студенттерге тил тууралуу, элдин эркиндиги тууралуу сүйлөп берчү, аны студенттердин арасында колдоп, дайыма Чер Фактан балдар коштоп жүрчү. Кусаиров Канат деген балдар. Ал Казахстанда болгон студенттердин көтөрүлүшү тууралуу айтып берчү. Колбинге каршы көтөрүлүп, жаштардын атылганы айтчу. Биз өз улутубузду, тилибизди көтөрүшүбүз керек, кыргыз мектептер ачылышы керек деп, Фрунзеде, Алматыда мындай кыймылдар катуу жүргөнүн айтчу. Биз көп деле түшүнбөсөк да, барып кызыгып укчубуз. Анын айткандары биз үчүн жаңы болчу. Анда СССРден бөлүнүүгө, эгемендикке чакыруу такыр эле реалдуу эмес нерселер эле.
Изилдөөчү: Алар кайсы маселелерди көтөрүшчү?
Респондент: Улут, кыргыз эли, кыргыздын тарыхы, СССРдин туура эмес саясаты тууралуу сөз болчу. Кыргыз жаштары шаарда үйлөрү жок, квартира ала алышпайт, жумуш берилбейт, пропискага койбойт деп, адилетсиздикти айтчу. Биз анын айткандарына ынанчыбыз, бирок жөн эле укчубуз. Ал кезде биз ЛитФакта окуган үчүн СССРдин саясатындагы адилетсиздиктер, куугунтукталган жазуучулар, Горбачевдун кайра куруу идеялары менен тааныш болчубуз. Солженицын, Булгаковдун, Платоновдун, Зощенконун мурда басылбаган чыгармалары жарыкка чыгып, көп нерселерге борбордо көз караш өзгөрүп жатканынан кабардар элек. «Новый мир», «Литературная газетадагы» талкуулар, чыгармалар менен мугалимдер тааныштырчу. Ошого улуттук аң – сезимдин өсүшү, тил маселесинин көтөрүлүшү жаңылык деле эмес болчу. Бирок «күрөш», «кыймыл» деген сөздөр бизге өөн угулчу. Өзгөчө Ош окуясы болгондо студенттер аябай толкунданышты. Ректоратка талап коюп, окууну токтотуп , университеттин жетекчилигине талап коюп, митинг уюштурулган. Ректор, областтык, шаардык жетекчилерге кирип, Ошко барууга самолет бергиле деп. Ал кездеги ректор Жусаев студенттерге жолугуп, алардан делегация шайланып, самолет менен Ошко барып келишкен. Өз көзүбүз менен көрөбүз деп, улуттар аралык кагылыштын кесепетин көрөбүз деп. Жаштар негизи митинг учурунда тил маслесин, жер алып, үй куруу маселесин көтөрүшкөн.
Изилдөөчү: Эмне үчүн силер кыймылга катышпадынар?
Респондент: Чогулуштарына барып, кызыгып угуп жүрдүк: Ылаев Таалайды, башкаларды, бирок өзүбүз митингдерге катышпадык. Биздин группа 1988-жылдары Москвага, Иванова шаарына, речевая практикага барганбыз. Ал жерде биз жаткан гостиницада кавказ улутундагы жаштар менен таанышканда, алар улуттук аң — сезим, эгемендик тууралуу, совет системасынын адилетсиздиги тууралуу айтышса, биз булар туура эмес сүйлөгөн адамдар экен деп, түшүнгөн эмеспиз. Бизди «Улуу орус эли», «Элдер достугу» деген идеялар менен тарбиялашкан да. Ошондуктан Ленин, Компартия, СССР тууралуу сындар бизди чочулаткан. Бирок кийин тез эле андай сынчыл пикирлер бизге да келди. Ылаев Таалайдын айткандары да тил, улут, улуттун тарыхы, теңсиздик тууралуу болчу. Көрсө ошондо система алмашып жаткан мезгил экен. Биз аны учурунда түшүнбөй кыймылга катышпай, пассивдүү угуучулар болдук. Бирок алардын сөздөрүндө чындык бар экенине ишенчү элек. Кээ бир студенттер аларды ачык колдоп жүрүштү.
Изилдөөчү: Ошондо студенттердин активдүүлөрүн отчисление кылган дейт укпадыңар беле?
Респондент: Жок уккан эмесмин. Андай болсо укмакпыз да.
Изилдөөчү: Рахмат маегиңизге!