
Абдырахманова Акылбү
Гүлзат Алагөз кызы:
Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып, 1986-1991-жылдары эмне иш менен алек болчусуз, айтып бере аласызбы?
Абдырахманова Акылбү:
Саламатчылык! Менин атым Абдырахманова Акылбү. 1978-жылы Фрунзеге ноябрь айында келгем. Кийин Бишкек болуп кетти, ошондон бери Бишкекте жашап жатам. 1978-жылы Фрунзеге келгенде, ал кезде Кыргыз Теле-Радио комитети бар болчу, ошол жерде Фонотека деген атайын бөлүмдө көп убакыт иштедим. Ал жерде СССРдин он беш республикасынан кыргыздын өнөр адамдарынын музыкасынын бардыгы сакталып калды. Азыр ал “Алтын казына” болуп калды. Ошол жакта иштегенде көп нерсени үйрөндүм: музыка жагын да, адабий жагын да бүт баарын үйрөндүм. Мисалы, мен айылдан эч нерсе билбей келип, ошол жактан симфония эмне, опера эмне, балет деген эмне экенин үйрөнүп алдым. Өзүмдүн жумушум жаккандыктан, ошол жерде эле иштедим. Ошол жерде иштеп жүрүп журналистикага тапшырсам, ал жерге өтпөй калып, анан Борбордук Статистикалык Башкармалыгынын “Өнөр-жай бухгалтеринин” курсун окуп бүтүргөм. Азыркы учурда гонорар бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейм. 2005-жылга чейин фонотекада иштедим, 2005-жылдан кийин башка жакка которушту.
Гүлзат Алагөз кызы:
1985-1990-жылдардагы Ашар уюмуна кантип кошулуп калдыңыз?
Абдырахманова Акылбү:
Токтогулдагы Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1978-жылы Бишкекке келдим. Келгенден кийин туугандардын үйүндө, ар кайсы жерлерде жашадык. Ал кезде батир дагы табыш кыйын болчу. Анан 1980-жылдары мен батирге чыктым. Убактылуу батирде он жыл жашап жүрүп, чындап эле абдан кыйналдык. Орустардын жаман-жуман кепелеринде, кышында от жаксак, кепелердин шыбы тешигинен түтүн чыгып кеткен үйлөрдө кыйналып жашадык. Көп кабаттуу үйлөрдө кыргыздардын башы чыгып турса, «ушул үйдө кыргыздар жашайт экен» деп ушунчалык сүйүнчүбүз. Ал кезде орустардын жеке менчик үйлөрү бар болчу. Жеке менчик үйлөрдө жашагандардын көпчүлүгү башка улуттагылар болчу. Анан биз алардын кошумча үйлөрүндө үч кыз жыйырма сомдон берип, алтымыш сом төлөп жашачубуз.
1989-жылы сыналгыдан “Жер берилет” деп чыгып калды. Мен ал кезде жаш болчумун. Жер берилет десе, Токтогулда “Токтогул ГЭС” курулат деп, мен 8-классымда жаңы районго көчүп кеткенбиз. Ошондо 33 000 гектар жер суу астында калды. Менин балалык кезим, мектепте окуган жерим, чоңойгон жерим, айылым бүт көл астында калды. Мисалы, кээ бирөөлөрдүкүндөй “Ии, бул көчөдө мен жашачумун” деген сезимдер менде жок. Ошентип, биз үй салгандын азабын аябай тартканбыз. Себеби биз жаңы көчүп келип, боп-боз миң адыр деген жерге үй салганбыз. Чынын айтсам, аябай жүдөгөнбүз. Анан жер алып, үй салат десе, «жер алсам, эми үйдү кантип салам? Цементти кайдан алам, ташты кайдан алам? Өзүм болсо жолдошум жок, жалгыз болсом» деп корктум. Элдин баары жер алабыз деп ызы-чуу болуп жатышты. Анан тааныштар “Качанкыга чейин биз момунтип батирлерде кулдай болуп жашашыбыз керек? Качанкыга чейин бирөөнүн көзүн карашыбыз керек?” дешти. Бирок мен жетекчилерди жана башка адамдарды чакырып алып талап койгонго жүрөксүнүп, «кой, мен антип айта албайм, андан көрө жөн эле жүрөйүнчү. Силер жер алып калсаңар, кооператив деген нерселер болуп калса, силерге кошулуп кирем» дегем.
Андан кийин радиодон, сыналгыдан дайыма “Жер берилет” деп чыгып турчу. Анан айылдан апам чалып, “Ай, сен жер алдың беле?” деп сурады. Мен «аны ким салат?» десем, “Ой, биз салабыз, жардам беребиз” деди. Анан кийин эле жерге барсам, жер түгөнүп калыптыр. Акимиатка барсам, баары жер алып калыптыр. Анан Жумагазы Чоңаюу байкеге кирип, ушундай деп айттым. “Тизмеге жазылып кой, жетсе аласың, жетпесе албайсың” деп койду. Анан тизмеге илиндим. Анан барып алып, тизмеден жерге илинбей калсам, үйдөгүлөр, апам “Элдин баары жер алып калса, сен баягы батирде калган турбайсыңбы?!” деп урушат деп корктум. Анан эле бир күнү барсам, менин фамилиям илинип калыптыр. Ушундай сүйүнүп кеттим! Себеби ал кезде жер алат деген, үйгө ээ болот деген ушунчалык кыйын болчу. Себеби отуз жылдан бери иштеп жүрсө деле, бизге сабак берип жүргөн агайлар алтымыш жылдан бери бир бөлмөлүү үйдө жашайт дегендерди көрчүбүз. Ошентип, анан жердүү болуп калдым. Ак-Өргөнүн эң артынан жер берилип калды. Анан апам келип: “Ий, карасаң, элдин баары тээтиги баш жагында экен. Сен болсо оозуңду ачып, эң четинен алыптырсың” деди. Себеби ал жерге чейин жөө барыш керек болчу, транспорт жок эле.
Ошентип жүрүп, 1989-жылы декабрь айында жер алдым. Мен базарда жүрсөм, Ракыя эжеге жолугуп калдым. Ракыя эже бизде Кыргыз Теле-Радиосунда режиссер болуп иштеп, практикага келген. Анан жолугуп, «мен жер алдым» десем, “Ай, жер алсаң, биз Ашар деген уюм түзүп жатабыз” деди. Анан Ашар деген эмне экенин түшүнгөн жокмун. Ракыя эже “Ашар дегенди билесиң да, илгери айылдарда үй салса, жада калса кийиз жасап, шырдак жасаса, ашар кылып, чай берип бүтүрүшчү да. Ошондой” деди. «Аа», деп, сексен сом төлөп, Ашарга мүчө болуп кирдим.
Ошол кездеги Ашар уюму күркүрөп, бүт жаштар үчүн аябай иштеди. Ашарга барып, «ташты, кумду, цементти кайдан алам?» десем, Жумагазы байке “Ошол үчүн биз уюшулдук. Сен ошол үчүн мүчө болуп кирдиң да. Таш дегенди – мына, унааларды бекер беребиз, кум үчүн склад ачып койдук” десе, «бизге ушунча береби?» деп аябай таң калып калгам. Менин үй боюнча эч түшүнүгүм жок болчу. Кийин бизге “Силер, кыргыздар, ушунча жыл жертөлөдө жашадыңар, ар кандай кыйынчылыкта жашадыңар. Эми намыстанып, башка улуттардын алдында башыңарды көтөрүп, ‘ии, кыргыздар жакшынакай үйдө жашайт экен’ дегендей кылып, проект менен үй алгыла” – деп, Ашар бизге проекттин түрүн тизип берди. Мен тандаганга инимди эрчитип алгам. Иним курулуш тармагын бүткөн үчүн жакшы түшүнчү. Анан ал тандады.
Элдин баары эки кабаттуу, жертөлөсү менен алышты. Мен коркуп жатам, «ал үйдү кантип салам?» – деп коём. Ага чейин апамдар келди. Мен үй салабыз деп, жерге төрт бурчтук кылып, «бул жагы – бир терезе, бул жагында – эшик, бул жагында – үстөл, анан четинде – керебет болот» – деп чийгем. Себеби батирлеп жүрүп, үй деген ушунча бир жеткис, үйгө жетпей калчудай сезилген. Ошентип чийсем, апам:
– Ий, айланайын, сен деги турмушка чыгып, үй-бүлөлүү болом деген Кудайдан үмүтүң барбы? Антпей эле чоң үй салабыз, – десе, чоң үйдү кантип салабыз деп коркчумун.
Иним эки кабаттуу үйдүн проектисин тандады. «Анда дагы эки кабаттуусун албай эле коёлуучу», – деп мен коркуп жаткам. Анын үстүнө, ал кезде айлык маяна менен иштечүмүн, «айлык маянам ал үйгө жетпейт» – десем, иним:
– Жакшынакай проект алалы, – деп, эки кабаттуу проект алды. Проектини алгандан кийин, үй салыш үчүн биринчи эле таш керек болду.
Азыркы ЖЭБ жактан төрт Камаз таш алып келип, үй салганды деле билбейм да, ошентип төктүрүп салдым. Ал жагы оңой болду. Кийин фундамент куйдук. Кийин бизге суу да бере баштады. Андан кийин 30-40 миң рублдан баштап пайызсыз акча бере башташты. Мен ал кезде жүз сом болсо дагы алгандан коркчумун. Анан «үч миң рубл кантип алам?» – деп коркком, себеби ал кезде үч миң сом чоң акча болчу. Ошентип, 30-40 миңден алып туруп, кыргызбыз да, баарыбыз…
Анан алгандар үй салбай эле, машине алып алышып, эч кандай эсеп-кысап кылышпаптыр. Мен акча алайын деп барсам:
– Биринчи үч миң рублдан беребиз, анан силер отчет жазып турасыңар, – деп айтышты.
Чүй көчөсү менен Жаш Гвардия бульварында банк бар болчу. Ошентип, үч миң сом алганда колум калтырап, буга чейин үч миң сом алып көргөн эмесмин да. Коркуп, «артымды карап бирөө менин колумдан жулуп кетеби же бирөө мени көрдүбү?» – дедим. Үйгө келип алып, таш түшүрдүм. Кетмен жана башка шаймандардын баарын алып, анан бүт баарын: «Бир сомун дагы жеп албайм, бул акчаны бекер берген жок», – деп жазып жаттым.
Андан соң СССР тарап кетейин деп, кредиттик соода солгундап, анан ата-энем чалып:
– Кокуй, аны алба! Аны алып-алып, төлөй албай калып, соттолуп кетип балакет болосуң, – деп айтышты.
Андан кийин дагы үч миң рубл алдык, анан дагы алдык, ошентип фундамент бүттү. Анан кирпич алалы деп кезекке турдук. Ошол маалда кашайып Ош окуясы чыгып кетип, курулуш материалдарынын баары Ошко кетип калып, баягы складда кезекке туруу башталды.
Түнү менен баарыбыз кезек күтөбүз, кирпич күтөбүз. Апабыз жармасын, нанын, ысык чайын алып келип берет. Биз болсо түнү менен кезектешип отурабыз. Кудайга шүгүр, ошентип анан үйүбүздү салдык.
Ал кезде госинспекция деген бар болчу. Госинспекция келип:
– Проект менен каалагандай саласыңар, бирок бул жактан эшик чыгарасыңар, бул жактан үч метр болот, мындай болот, – деп, ай сайын келип текшерчү.
Ошол госинспекциянын жоюлуп кеткендиги өтө өкүнүчтүү болду. Азыр болсо бирөөнүн короосуна бирөө кирип алган. Бирөөнүн үйүнүн артынан бирөө чегинен өтүп кеткен, бири-бири менен тийишип, сүзүшүп калды.
Ак-Өргөдө 3200 калк болсо, СССР кулагандан кийин жеке колдорго өтүп кетип, азыр он беш миңге жетип, башаламан болуп кетти. Жети бала бакчанын, сегиз мектептин орду болсо, балдар ойной турган аянтча болсо – баары жок болду.
Ошол проекттерди алтымыш сомго сатып алдык да, анан ичин ачып проектини окусак, мага окшогон айылдык эле, тоодо чоңойгон кыз, «устун, шып» деген сөздөрдү уксам, дагы мага тааныш эмес сөздөрдү түшүнгөн жокмун.
Көрсө, Жумагазы байке бүт үйдүн шыбы кандай болот, үстү кандай болот деп нукура элдин илгеркиден бери колдонуп келген сөздөрүн жазыптыр. Анан Ашар коому ошол кезден баштап тилге басым жасашып, ошол сөздөр унутулбасын деп, кыргыз тили үчүн чуркашкан.
Гүлзат Алагөз кызы: Кредиттик соода деп айтып кетишпедиби, ошол убакта кредиттер каржыны кайсы жактан алышкан же мамлекет бердиби?
Абдырахманова Акылбү: Кредиттерди мамлекет берди. Ар бир жолуккан сайын корком, мен чоңдор менен сүйлөшө албайм деп айтып кетпедимби. Ал кезде Ашар, КДК дегендер күчтүү болчу экен. Биздин алдыбызга чоң чиновниктерди алып келип, “Эмнеңер жок, тигил жок, бул жок, деп маселеңерди айткыла” – деп маселелерибиздин баарын угуп, чечип берген экен. Булардын баары партияда жашаган болсо, жаштар болсо кээ бири заводдо иштейт, кээ бири момундай иште иштейт. Анан булар акчаны кайдан алмак эле деп, кредит берген. Ошентип анан акчаны алгандар кичинекей кепелери менен калып калышты, кээ бирөөлөр үй сала албай калышты.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиз 1980–1990-жылдары он жылдай батирде жашап жатпайсызбы. Прописка маселеси кандай болду, жумушка алуу маселеси кандай болду?
Абдырахманова Акылбү: Ал кезде пропискасы жокторду ишке алчу эмес. Анан менин Бишкекте туугандарым жашаган үчүн Бишкектен пропискага туруп, жумуш беришкен. Ал эми пропискаң жок болсо, жумушка алчу эмес. Себеби пропискасы жоктор өзүбүздү Кыргызстандын жараны эместей эле сезчүбүз. Эң кызыгы, туугандарымдын үйүнөн чыгып, анан Сокулуктагы бир таанышымдын үйүнө пропискага туруп калдым. Анан үйүбүз бүтө элек болсо, бизге паспорт бербейт, пропискага тургузбайт. Мага окшогон башка бирөөлөрдүн үйүнө пропискага турган адамдар көп болчу. Дарыгерге көрүнө албайбыз, тишибиз ооруса бара албайбыз. Себеби прописка жок, ал кезде талап күчтүү болчу. Ошол кезде жаңы депутаттар шайланып, “Биз силердин үйүңөрдү пропискалап беребиз” – деп үйүңөрдү каттагыла деди. Анан кийин эле Ленин районуна пропискага келдим. Калп айтпасам, он жылдай пропискам жок жүрдүм. Пропискам жок деп бир жакка барарда коркчумун. Ал кезде пропискасы жокторду акчалай айыпка жыкчу, ошол кезде паспортный стол аябай эле шабашка көрүшкөн экен.
Анан Ленин районуна барып, “Мен ушундай пропискага турайын деп келдим эле” деп барсам, узун кезек экен. Себеби баарынын пропискасы жок болчу. Араң кезегиме жеткенде, “Штраф төлөбөйсүзбү?!” – деп жатпайбы. Акчалай айыптын баасы очойгон акча экен, бир 200–300 сом, ал кезде чоң эле акча болчу. Акчам жок үчүн пропискага тура албай жаттым да. Мен үй салып жатсам, жалгыз бой болсом, кантип пропискага турам десем, “Башты оорутпачы!” – деп паспортумду ыргытып, “Сиздин уятыңыз жок экен, кетиңиз!” – деп жатпайбы.
Анан ошол кездеги Ленин районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги жаш кыргыз келин экен. Анан кирип, “Депутаттыкка талапкерлер бизге ушундай убада беришкен, жардам беребиз деген. Мен пропискам жок. Пропискага алайын деп барсам, штраф төлө деп жатат. Мени уятыңыз жок деп айтты. Мени уятым бар экенин же жок экенин ал каяктан билет?” – деп айтсам, “Алып келиңиз” – деп документтеримди алып, эртеси күнү өзү барып, алдына “Сделайте нормально” – деп таштап салды. Анан тиги кыз кайра мени: “Сиз эмне ага бардыңыз?!” – деп айтып жатпайбы. Анан мен: «Сеники туурабы, мени уятың жок деп айтып жатканың?» – дедим. Мен мыйзамдуу каттоого турайын дедим. Мен ушунча он жыл батирде жашадым, анан мен өзүмдүн үйүм болгондо, өзүмдүн үйүмдө батирде жашагандай, пропискасы жок жашаймбы деп маселени койдум. Кантсе дагы, ал менин мээнетим менен салган үйүм болчу. «Пропискасы жок, каттоосу жок жашабайм» – деп айтсам, «Документтериңизди бериңиз» – деди. Анан жанагы начальник аял кеткенден кийин мени урушуп жатса болобу. Анан «Сен ошентип айтып жатсаң, мен барам да, тура бермек белем» – дедим.
Гүлзат Алагөз кызы: Өзүңүз айтып кетпедиңизби, ошол жылдары тааныш-билиш жок жумуш бүтчү эмес деп. 1980-1990-жылга чейин коррупция маселеси кандай эле?
Абдырахманова Акылбү: Ал кезде деле тааныш-билиш жоктор болчу. Бирок азыркыдай эмес. Ошол кезде жок дегенде бийликтен, өкмөттөн коркушчу. Ал кезде тартип бар болчу, бирок коррупция дагы бар болчу.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиз телеберүүдө иштеп калдыңыз, анан кыргыздарга болгон мамиле кандай эле? Кыргыздардын саны канча болчу?
Абдырахманова Акылбү: Кыргыздар көп эле болчу, бирок Орус редакция дагы бар болчу. «Литературный редактура» деген бар болчу, ал жерде дагы бир-эки орус бар болчу. «Пропаганда» деген саясий гезит бар болчу. Анан орус тилинде, татарча, дунганча берүүлөрдү берчү. Көбүнчө басым кыргыз тилинде болчу.
Гүлзат Алагөз кызы: «Ашар» коомуна мүчө болуш үчүн сексен сомдой төлөдүм деп айтпадыңызбы. Мүчөлүк акы ай сайын төлөп турчу белеңиз? Механизми кандай болчу?
Абдырахманова Акылбү: Бир жолу сексен сом төлөдүк. Анан ошол сексен сом үй салып бүткөнчө актады. Керек болсо Ак-Өргөдө азык-түлүк дүкөн ачып беришти. Кум, цемент, кирпичибизден бери уюштуруп беришчү. Курулуш материалдарды кайдан алыш керек экенин – баарын «Ашар» коому уюштуруп беришти.
Гүлзат Алагөз кызы: **»Ашар»**дын уюштуруу механизми кандай болчу?
Абдырахманова Акылбү: «Ашар» коому бийликке кайрылышып, бийликтин өкүлдөрүн алып келишип, эл менен жолуктуруп, анан көйгөйлөрүбүздү угуп туруп, ошентип биздин көйгөйлөрүбүздү чечип беришчү. «Ашар» менен бийлик тыгыз иштеди десем болот. Мурун үйү жокторго көңүл бурчу эмес, ошол бийликтегилерди бизге көңүл бурдуртту.
Гүлзат Алагөз кызы: «Ашар» социалдык көйгөйлөрдөн башка улуттук көйгөйлөрдү дагы көтөргөн экен. Сиз дагы «Ашар» менен улуттук көйгөйлөрдү көтөргөнгө чогуу катышып калган учурлар болдубу?
Абдырахманова Акылбү: Биз «Ашар» коомунун коомго жакшылык жасап жатканын көрдүк, эч жамандык жасаган жок. Булардын максаты эл үчүн болду, жаштардын деңгээлин көтөрдү. «Жаштар жер алсын, жаштар дагы үй алсын. Башка улуттардай мыйзамдуу жашасын» – деп бүт баардык көйгөйлөрдү чечип берип жатты. «Ашар» коому баштаган иштердин баарына эле колум келишинче катышып жүрдүм.
Гүлзат Алагөз кызы: «Ашар» биринчи жолу Үркүндү эскерүү жөө жүрүшүн дагы жүргүзүшкөн экен. Сиз ал жөнүндө кабардар болдуңузбу?
Абдырахманова Акылбү: Мен ал жөнүндө кабарым бар. Үркүндүн жүз жылдыгында Бедел ашуусуна чейин барышты. Бирок, тилекке каршы, ал кезде мен кырсыктап калып бара албай калдым. Бедел ашуусуна барганга менин ден соолугум мүмкүнчүлүк берген жок. Бирок кетип жаткандарынын, чогулуп эстелик ачып куран окугандары боюнча маалыматым бар болчу.
Гүлзат Алагөз кызы: «Ашар» уюму 1989-1991-жылга чейин абдан активдүү иштеди. Ошол учурда «Ашар» сыяктуу көптөгөн уюмдар бар болчу экен. Сиз алар жөнүндө кабардар болуп, билип калдыңызбы?
Абдырахманова Акылбү: Ооба, мисалы үчүн КДК дегенде Казат Акматов бар болчу. Башка жактагы уюмдар жөнүндө угуп, билип жүрдүк. Себеби массалык маалымат каражаттарынан угуп, окуп жүрдүк.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиз кандай гезит, журналдарды окуп жүрчүсүз?
Абдырахманова Акылбү: «Советтик Кыргызстан» деген гезит бар болчу, ошол гезитти көбүрөөк окудук.
Гүлзат Алагөз кызы: 1991-жылга чейин совет доору болгон учурда «Ашар» уюмунун жолугушууларында эгемендүүлүк, көз карандысыздык деген сөздөр айтылчу беле?
Абдырахманова Акылбү: Ал убакта айтылгандар болгон болушу керек. Себеби үй, жер, кыргыз тил маселеси деле биздин көйгөйлөр болчу. Мисалы үчүн, жанагы үйүмдүн проектисин окусам, бүт сөздөрдү кыргызча кылып жазыптыр.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиз **»Ашар»**дын ичинде «проекттер көп экен» деп айтып кетпедиңизби. Ошол убакта «Жаш Архитекторлор Жамааты» деген уюм бар болчу экен. Алар менен үй салууда чогуу иштешкен учурлар болдубу?
Абдырахманова Акылбү: Ошол кезде бизде чогулуш өткөргөндө, Ак-Өргөнү Дүйшөн Өмүралиев боз үйдүн түндүгүн тегерек кылып, көчөлөрдү чийди. «Ашар» коому Ак-Өргөнүн көчөлөрүнө нукура кыргыздын аттарын коюшту. Мисалы үчүн, «Күн, Ай, Кырк Чоро, Жетиген» деген аттарды койду.
Гүлзат Алагөз кызы: 1980-1990-жылдардагы экономикалык абал жөнүндө айтып бересизби?
Абдырахманова Акылбү: СССР учурунда бизде «Бүт баары эл үчүн» деген лозунг бар болчу. Ошондуктан баары эл үчүн деп жакшы эле жашадык. Кийин СССР кулагандан кийин сөзсүз кыйналдык, бирок «Ашар» коому азык-түлүк алганга талон алып берип жатты. «Силер жаңы үй салып жатасыңар» – деп эмерек алганга талон берип жатты. Айылдагылар албетте кыйналышты. Себеби заводдор, фабрикалар иштебей, океанга ыргытып салгандай эле болду. «Кааласаң сүзүп жашап кет, кааласаң чөгүп кет» дегендей заман болду.
Гүлзат Алагөз кызы: СССР кулап калды, эгемендүүлүк алдык деген жаңылыкты укканда сизде кандай сезимдер болду?
Абдырахманова Акылбү: СССРде «Бүт баары эл үчүн! Баары бири үчүн, бири баары үчүн!» деген лозунгдар бар болчу. СССР кулаганда аябай эле жаман болдук. Бир чети «өз алдынча болобуз, эми жакшы жашап кетебиз» деп сүйүндүк. Бирок бардык колхоздор тарап, завод-фабрикалар токтоп калганда «кантип күнү-түнү иштеген самын заводунан самын чыкпай калсын? Кантип пахта заводунан чыт чыкпай калсын?» – деп эч нерсеси жок калабыз дегенге ишенген жокмун. Бирок чындыгында керек болсо самын чыкпай, керек болсо чыт чыкпай, май, сүт чыгарган заводдор талкаланып, эч нерсе чыкпай калды. Анан ошол кезде базарга, дүкөнгө барсаң, акча инфляция болуп, биздин акчаларыбыз кунсуз болуп кетти. Аябай кыйналган күндөр болду. Загара жеген күндөр болду. Мен загара дегенди ачарчылык заманында «загара үчүн балдарын алмашкан» деп илгерки адамдардан укканмын. Ал кезде ун жок болуп калганы үчүн, дүкөндөн загара сатып алып жеп жүрдүк.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиздин оюңузча, Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын Кыргызстандын эгемендүүлүк алуусундагы орду канчалык?
Абдырахманова Акылбү: Эгемендүүлүк алуудагы орду өтө чоң. Себеби жаштардын деңгээлин көтөрүштү, жаштарга жер алып беришти. Эгер алар жок болгондо, эгемендүүлүк алганга чейин деле, эгемендүүлүк алгандан кийин деле үйлүү болот белек? Ким билет? Андан кийин үйдүн баасы кымбаттады, жер кымбаттады. Биз ошол кездеги «Ашар» коому жер алып берип, уюштурганынын арты менен үйлүү болдук.