Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Айнагул Жоошбекова

Айнагул Жоошбекова

Тарыхчы

Интервьюер:

  • Саламатсызбы, өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Саламатсыздарбы, мен Жоошбекова Айнагүл Рысбаевна. Ишеналы Арабаев
    атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессорумун, тарых
    илимдеринин докторумун.
    Интервьюер:
  • Анда сиз 1985-1991-жылдары эмне менен алектенчи элеңиз, мына ушуга
    токтолуп өтсөңүз.
    Айнагүл Жоошбекова:
  • 1985-1991-жылдар менин жашоомдогу эң эсте каларлык убак.
    1986-1991-жылдары Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде
    студент болгом. 1985-жылы мен орто мектептин бүтүрүүчүсү болчумун.
    1986-жылы жогорку окуу жайына тапшыргам. Бул мезгил аралыгында коомдун
    активдүү мүчөсү болууга даярданып бир жеке инсан катары калыптанып аткан
    орчундуу мезгил болчу да. Ошонусу менен бул мезгил мен үчүн өзгөчө
    маанилүү.
    Интервьюер:
  • 1985-1991-жылдарды белгилей кеттиңиз, студенттик кыймылдарга токтой
    кетсеңиз. Анткени биз билебиз, алгачкы студенттик кыймылдар сиз
    университетте окуп жүргөндө башталды ээ.
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Университеттеги көптөгөн факультеттердин ичинен биздин тарых факультети
    айырмаланып турчу. Анткени студенттер коомдук социологиялык маселелерге
    кызыккан, ошол агыттагы адистиктерге даярданган. Уюмдашуу жагынан дагы
    коомдогу болуп жаткан окуяларга өздөрү, студенттер айылдан, шаардан келген,
    көз-карашы, ою бар эккендиги менен башка студенттерден айырмаланып турчу
    да. Студенттердин арасында айылдан келген биздин группалаштарыбыз,
    курсташтарыбыз өзгөчө бир активдүү болчу. Анткени, биз ага чейин айыл-чарба
    жумуштарында чогу болуп калдык, ал жерде дагы 1-1,5 жарым ай бригадаларга
    бөлүнүп иштегенде деле кийинки биздин топтор ошол бригадалар болуп түзүлдү
    деп ойлойм да. Ошондо эле топтор калыптанып, бири-бирибизди билип,
    турмушка, коомго болгон көз-карашыбыз калыптанып калган, калыптанып
    баштаган учур болчу. Окуп аткан мезгилде коомдо жаңыдан башталып аткан
    өзгөрүүлөргө биздин позицияларыбыз ачык-айкын болчу да. Демократиялык
    өнүгүү жаңы башталган коомдо бир жаңылыктар, жаңы кыймылдар башталган
    учурда диспут клубдар, ар кандай дебат клубдар уюштурулуп биздин чогу эле
    окуп жүргөн группалаштарыбыз ошонун активдүү мүчөлөрү болчу да.
    Азыркыдай маалыматты бат жеткирүүчү компьютердик технология жок болгону
    менен маектешүү, бир-бирин көргөндө сүйлөшүү, топтогу лекциялар учурундагы
    пикир алмашуу учурунда өтө көп информация алчубуз да. Биздин коомдогу ою
    бар курсташтарыбыздын дагы таасири абдан чоң болчу. Өздөрүнчө рупор,
    трибуна болчу да биз үчүн. Лекциялардын ортосундагы 10-15 мүнөттүк
    переменада биз дайым эмне жаңылык болгонун, кайсы жерде кандай диспут
    болгонун, ага кимдер катышкандыгын, эмне маселе каралгандыгы жөнүндө
    дароо эле маалымат алып калып анан кийин талкууларга өтүп кетчүбүз.
    Кыймылардын калыптанышы негизи кайсы бир окуяларга студенттердин пикири
    реакциялар таасирлер аркылуу топторго уюшулуп бир аракеттер башталганы

менен белгилүү да. 1988-1989-жылдары ушул кыймылдар башталар алды
ошолордун өбөлгөлөрү пайда болгон мезгил катары карайм да. Анткени,
1985-жылы кайра куруу мезгили башталды. Апрель пленуму болду. Андан
кийинки билим чөйрөдөгү, экономикалык, маданий чөйрөдөгү көптөгөн
өзгөрүүлөр биздин жашообузга таасир этип атты да. Ага биз кандай пикир
билдиребиз, кандай таасир этебиз, ал жөнүндө ойлор бышып жетилип, ага
убакыт керек. Ошол убакыт 2-3 жыл аралыгында, мамлекеттик бийлик
тарабынан жогортодон көрсөтмөлөр багыттар аркылуу берилип атса 1987-88
жылдан баштап жлдин өзүнүн демилгеси көтөрүлө баштады. Өзгөчө жаштарды,
жаштардын арасында биздин дагы — студенттердин. Анткени, жаштардын
көптөгөн социалдык-экономикалык, турак-жай маселеси, жумушка орношуу,
туруктуу пропискага туруу маселелери курч маселе боло баштаганда, биздин
жаштар демилге көтөрө баштаган. Демилгечилердин таасири албетте биздин
студенттик чөйрөгө дагы таасир этти. 1992-жылдагы окуялар, Казакстандагы
Желтоксондун таасири сөзсүз болду деп ойлойм. Анткени, Алматы бизге жакын
эле да. Барып келип окуган студенттер, ошол жерде ата-энелери тез арад
үйлөрүнө чакыртып алып, үйлөрүнө кеткен студенттер же ошол окуяларга
катышып калып кандайдыр бир куугунтукка учураганда кайтып келген биздин
студенттерден көп маалымат алып укканбыз. Ошондуктан ал окуянын дагы чоң
таасири бар. Андан кийинки биздин Кыргызстандын коомдук турмушундагы,
саясий турмушундагы акырындап алып келген 90-жылдагы июнь окуясы
жаштардын улуттук аң-сезиминин өрчүшүнө, жаштар кыймылынын башталып
кетишине өзгөчө чоң таасир тийгизген.
Интервьюер:

  • Кандай кыймылдар болду эле?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • “Кыргызстан жаштар кыймылы”, “Ашар коому”, “Эркин Кыргызстан”
    партияларынын жыйындарына көп катышып жүрүштү да. Ал жердеги идеялар
    эгемендүүлүктүн идеялары болчу да. Союз ыдырай баштаган кезинде
    Прибалтика өлкөлөрү өзүнчө болууга аракеттер жасалып, мамлекеттик тил дагы
    башка маселелер көтөрүлүп жаткан мезгилде алардын идея катары башка
    аймактардын адамдары, жарандары, студенттерине да жетти да. Биздин
    Кыргызстан демократиялык кыймылына, Ашар коомуна катышып аткан
    жаштардын көпчүлүгү ошол социалдык-экономикалык маселеси менен бирге
    эле эң чоң саясий эгемендүүлүк маселеси айтылып аткан жыйындарга катышып
    аткан. Демек, идеологиялык жактан биздин жаштардын максаттары өтө бийик,
    стратегиялык максаттары коюлуп аткан жыйындарда катышып өз пикирлерин
    билдирип, бышып жетилгенге дагы чоң өбөлгө болду да. Студенттик өз алдынча
    кыймыл болбосо дагы Кыргызстан демократиялык кыймылынын жаштар
    багытында Ашар коомунун ичинде көбүнчө толук жаштар болчу, анткени
    турак-жай, социалдык-экономикалык маселелер каралып аткан болчу. Эркин
    Кыргызстан дагы башка саясий партиялардын деле максаттарында башкы
    максат эгемендүүлүккө жетүу болчу. Бул идеяны сүрөгөн, колдогон жаштардын
    баары уюмдаша баштады. Саясий уюмдардын мүчөлөрү болуп катыша
    баштаган да. Окуу жайларда бизде көбүнчө дебат клуб деп ошол жерде
    жаралып аткан идеяларды студенттерге жайылтуу кыймылдын багыты болуп
    эсептелет да. Анткени, биринчи бир аракет үчүн түшүнүү керек да. Ошол үчун
    биздин алдыңкы идеяларды түшүнгөн досторубуз бизге идеяларды таратышты.

Алардан тышкары дагы көп маалымат болуп атты. Бардыгын талкуулап, топ
ойлорго, жыцынтыкталган ойлорго келүү үчун, кыймылдардын, дебат
клубдардын аракети болду.
Интервьюер:

  • 1985-1991-жылдардагы эсиңизде калган кандай окуяларды айтып бере аласыз?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Албетте студент катары келгенде мага чоң шаардын өзү чоң таасир этти. Бир
    окуу жайында пикирлеш, санаалаш, бир багытта ойлогон жаштардын чогулушу
    мен үчүн чоң жаңылык катары айтсам болот. Андан кийин студенттердин өтө
    активдүүлүгү. Башка факультеттерде менин досторум бар болчу. Алар менен
    салыштырганда биздин студенттерибиз абдан активдүү болчу да.
    Кыргызстандын келечеги үчүн, азыркы үчүн кандайдыр бир жан күйгүзгөн
    кайдыгер эмес экени менен өзүнө тартчу. Менин эсимде калган эң чоң ошол
    мезгилдеги студенттик мезгилдерге караганда 1990-жылдагы июнь окуясынан
    кийинки Бишкектеги жаштардын толкундоосу абдан чоң таасир калтырды.
    Анткени, мен ошол өрөөндүн кызы болом. Ош окуясы болгон жердин так
    борборунда окуялар жерденмин. Тынчсыздануу абдан жогору болду. 4-июндан
    кийин биз бир жумача уктабай калдык. Студенттер абдан толкушту. Бишкек түн
    ичинде коменданттык саат киргизилгенге чейин Бишкекте абдан толкундоолор
    болгон. Студенттердин көпчүлүгү урусакт сурашты автобус менен Ош-Бишкек
    жолу менен кетебиз деп чыгышты. Башка университтерден дагы чыгышты, анын
    ичинен Ош, Жалал-Абад, Баткенден эле эмес, башка облустарда жашаган
    патриот студенттер барабыз деп чыгышты. Ошондо, кыргыз жаштарынын
    патриот сезимине, ушундай кыйын кырдаалда бириге аларына абдан
    толкундангам. Окуялардын учурунда Бишкек шаарынын мэри Феликс Кулов
    болчу. Феликс Куловго абдан чоң кайрылуулар менен катуу чыгышкан. Автобус
    бергиле биз Төө-Ашуу менен кетебиз, бизге эч кандай тоскоолдук болбосун,
    биздин алдыбызга коопсуздугубузду караган машина бергиле деп талап
    кылышкан. Фелиск Кулов жаштарды түшүндүрүү иштери менен өзүнүн сөзү
    менен токтотуп калган. Анткени чын эле ал учурда башаламандыктын кереги
    жок болчу. Феликс Кулов айтты: “Мен дагы силердей болу Ата-Мекенимди
    сүйөм, мен дагы силердей патриотмун, кыргызча сүйлөй албагандыгым үчүн
    кечирим сурайм, кийинки жолу алдыңарда кыргызча сүйлөп чыгам”, — деп
    жаштарды ынандыра алган. Анткени, ал учурда жаштардын улуттук аң-сезими
    өрчүп турган кыргызча сүйлө деп да талап кылышкан. Ошондуктан критикалык
    кырдаалдарда мамлекеттик органдар дагы жаштардардын толкундарын баса
    албай калышы мүмкүн эле. Ошондой түшундүрүү иши менен университеттин
    мугалимдери окутуучулук жамааты дагы иштеп, бирок толкундоолор 3-күнү
    басылды. Коменданттык саатты киргизгенден кийин толкундоолор токтоду.
    Албетте, бул окуя Бишкек шаарында жаштардын мынча чоң чогулуп, Манас
    проспектинде мынча эл чогулганын көргөн эмеспиз. Автобустар берилбей,
    шаардан чыгууга тыюу салынганда жаштар ачууланып кетишти. Ар кайсы
    ВУЗдардан бир-бирин чакырышып, көчөлөрдө жүрүштү, эгерде чыкпай коюшса
    жатаканалардын терезелерин талкалап атышты. Албетте бул бизди колдогула
    биригишибиз керек деген чакыруу болчу. Бирок, бул туура эмес болгондуктан
    агай-эжейлерибиз өз убагында токтотуп башаламандык дагы токтоду.
    Андан дагы эсте каларлык окуя, 1990-жылы 27-октябрдагы биринчи
    президентибизди шайлоо болду. Анткени, ачкачылык жарыяланып, ага биздин

жаштар абдан көп катышып атып жыйынтыгы ошого алып келди. Жетишкенде,
жаштар биздин ойду дагы угушат экен, биз дагы ушундай күч болуп
калыптырбыз деп аябай шаңданышкан, ак үйдүн айланасында башка
атмосфера болгон. Бул дагы биздин эсибизде калды. Анткени, ошол учурда
студенттер ачкачылык жарыялагандар өзүнчө форма менен баштарына ак
кездме байлап айырмаланып отурушкан. Ошондой байлагандардын
айлаанасында байлабаган бирок колдогон өтө чоң студенттердин тобу бар
болчу. Бул күн дагы табигый, күн жылуу Бишкектин эң сонун кечи болгон.
Ошонусу менен эсте калды да. Анткени, жаштар чогу койгон максатына чогу
жетишти. Тартип бузуулар болгон жок, өздөрү отурган жерлерди тазалап, ак
үйдүн айланасын, өзүбүздүн үлгүбүздү көрсөтөлү деп абдан өздөрүн алып
жүргөндөрү жаккан. Ошолордун арасында колдоочу топ катары биз дагы
жүргөнбүз. Бирок алдыңкы саптагы курсташтарыбыз өзгөчө шаңданышты,
сыймыктанышты. Биздин чогу жеңишибиз болчу. Аскар Акаевди куттуктап,
абдан чоң сыймыктануу менен абдан чоң үмүт артышкан ал кишиге.
Интервьюер:

  • Айнагүл сиз студенттик кыймылдар жөнүндө баса белгилеп өттүңүз. Студенттик
    кыймылдарга окутуучулар, мугалимдер кандай таасирин билгизишти?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Негизи биз окуп аткан жылдары 1986-1991-жылдары студенттик өзүн өзү
    башкаруу деген абдан адилеттүү болчу. Анткени биздин өзүн өзү башкаруубузга
    демократиялык процесстер дагы таасир эткен. Биз абдан өз алдынча болчу.
    Куратор деген болчу эмес. Студенттик топто староста, профорг, комсорг, үчөө
    анан төртүнчү окуу иштер боюнча жооптуу кишибиз бар болчу. Ушул 4 кишибиз
    менен баарын өзүбүз чеччүбүз. Мисалы үчүн ким ийгилик жаратып атып
    канайдыр сыйлыкка ээ болуп атса дагы группа өзү чыгарчу, эгер абдан эле
    начар окуган артка тарткан биздин досторубузга эскертүү, кийин окуудан
    чыгарганга чейин жыйында топтун жыйынында өзүбүз чыгарчубуз. Эч кандай
    окуу бөлүмү эмес. Мугалимдер менен студенттердин ортосунда мамиле абдан
    жакшы болчу. Анткени, бул өзүнчө каада-салт болуп калса керек, биздин тарых
    факультети чындыгында мурдагы факультеттерден биздин агай-эжейлерибиз
    профессорлор мурда иштеген абдан дасыккан тажрыйбалуу мугалимдер менен
    кошо жаңыдан жумушка кирген деомкратиялык процессти түшүнгөн, колдогон
    агай-эжейлерибиз дагы бар болчу. Алар окутуучулук жамааттын жаш бутагы
    болуп бизге алтын көпүрө болуп беришти да. Биздин мугалимдерибиз дагы,
    тарыхчылар өзү көз караштары кенен коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөргө
    талдоо жүргүзгөн адамдар болгону үчүн бизге өтө көп тыюулар болгон жок.
    Тескерисинче, өз алдынча, эгемендүү республика болуу идеялары көпчүлүгү
    колдошчу, ошондуктан алар бизге түшүнүү менен, колдоо менен, кээ бир учурда
    демократиялык принциптерди биз туура эмес колдонуп аткан болсок тактоо
    киргизип жардам беришчү. 1990-жылы 4-курс болсок, 1991-жылы 5-курстагы
    студенттер бүтүрүүчүлөр, абдан такшалып калган эле болчу. Бизин алдыңкы
    студенттерибиз чындыгында абдан эле такшалып калган. Бизге соңку жаңы
    тарых боюнча андан соңку тарых боюнча Асан Сулайманов деген агайыбыз
    лекцияларын окуганда эгемендүүлүктүн кандай болорун, кандай институттар
    болорун, мамлекеттик башкаруу кандай түзумдөрдөн турарын ошондо эле
    айтчу. Анткени, ал киши алдыңкы адабияттарды, алдыңкы маалыматтарды
    окуган киши катары бизге лекцияда бүт ушул маалыматтарды берчү. Мисалы,

Союздук республикаларда кандай жаңылыктар болуп атат. Бизде кандай болуп
атат? Ошол деңгээлде кетип баратыбз же кайсы жактан аксап атабыз ошонун
бардыгына, лекция учурунда талдоо жүргүзчү да. Асан Сулайманов агайыбыз
студенттик кыймылдардын активдешүүсүнө чоң салымдарды кошкон адам
катары көрөбүз. Анткени, лекция бир пар 90 мүнөт болсо, биз дагы кызыгып
суроо берип 90 мүнөт ичинде агай айткан маселелердин көпчүлүгү убакыт
жетпей кала турган болсо, агайдын иштеген жерине башка күнү барып, убакыт
таап лекцияларды улантчубуз да. Демек, ошол учурда бизде маалыматтык
ачкачылык болсо керек. Ошол маалыматты агайдан алыш үчүн атайын барып,
агай дагы убактын аябай, студенттердин коомдук уюмдардын активдүү мүчөсү
болушуна шарт түзгөн. Анткени, агай дагы КДК, Ашар коомдору менен тыгыз
байланышта болчу. Идеялардын чордонунда жүргөн киши катары бизге эң жаңы
маалыматтарды алып келчү да. Учурда пайдаланып дагы агайга ыраазычылык
билдирем. Чынында бизге чоң таасир эткен агайлардын бири агайыбыз болуп
калды. Башка агай-эжейлер дагы өздөрү катышуусу менен, өздөрүнүн
сабактары менен таасир этип жүрүштү. Бирк бул сабактын өзү ошол учурга дал
келип калгангабы, же биздин маанайыбыз ошол учурга туура келип калгангабы
ошол киши биздин эсте калды. Ачкачылык жарыялаган биздин агайыбыз
Тынчтыкбек Чороев өзүнүн үлгүсү менен өтө чоң таасир калтырды. Анткени
ошол учурда ачыктан ачык ачкачылык жарыялап, Бишкектин борборуна барып
каршылык көрсөтүү, ачкачылык акциясын жүргүзүүнүн өзү биринчи жолу болду
да Кыргызстандын тарыхында. Инсандын айланасында биздин тарых
факультетинен агайды колдогон, агайдын сабактарын алып жүргөн эң алдыңкы
студентерибиз барды. Биз ар бир студенттин артынан 15-20 студент колдоочу
болуп бардык да. Алардын арасында биздин мугалимдерибиз дагы бар болчу.
Чындыгында демократиялык ачык-айкындуулук жараяны болуп аткан учурда
ошону эң биринчилерден болуп туюп, ишке ашырган Тынчтыкбек Чороев
агайыбыз болду. Албетте агай-эжейлерибиз катышып аткан студенттердин
арасында аларга пикирлеш экенин билдирип жүрүштү. Бирок ачыктан ачык
чыгып бул жерде студенттерди дагы, жаш мугалимдерди дагы уюштура алган
Тынчтыкбек Чороев агайыбыз. Баа беришибиз керек.
Интервьюер:

  • Айнагул айтып өтсөңүз. Ошол мезгилдеги мугалимдерди белгилеп өттүңүз.
    Университеттин администрациясы деканат тарабынан студенттик кыймылдарга
    кандайдыр бир тоскоолдуктар болдубу?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Чындыгында администрация тарабынан атайын бир тоскоолдук тыюу салуу жок
    болчу. Расмий түрдө, окуусунан чыгаруу же окуусуна терс таасир тийгизүү деген
    болгон эмес. Тескерисинче, ачыктан ачык болбосо дагы биздин студенттерди
    колдоп эле турушту. Эң башкысы тартипсиздиктерге алып барбастан оюн ачык
    диспут, трибуналарда талкуулаганга үйрөтүштү. Бирок, күч колдонуп
    башаламандыктарга жол берилбейт болчу. Ал жагынан жатаканаларда,
    тарбиялык иштерди жүргүзүү, дагы башка ушундай иш багыттарында албетте
    өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп атышты. Администрация тараптан куугунтук
    же күч колдонуу дегенди байкабадык. 90-жылдагы окуяда студенттер
    жатакананы терезелерин талкалап ушундай болгондо биздин студенттерибизди
    калкалап, көпчүлүгүн башаламандыкка катыштырбоо үчүн мугалимдерибиз 1-2
    күн жатакананы кайтарышкан. Бул дагы студенттерди жаман иштерден сактап

калуу аракети болгон. Көпчүлүгүнүн ата-энеси алыс жакта, ал балдар 17-18
жашта алар үчүн окуу мезгили болгон үчүн, мугалимдер жооптуу болчу да. Алар
өз милдетин аткарды деп ойлойм. Кайсы бир жактан ата-энелик сезим менен
колдоо көрсөтүү туура багыт көрсөтүу жагынан туура иштерди кылды деп
ойлойм. Кодулоо же атайын тыюу салуулар болгон жок. Анткени биздин биздин
мугалимдер деле демократиялык жараяндарды колдоочулар болчу. Алар деле
Кыргызстандын эгемендиги үчүн тил мыйзамы кабыл алынышы үчүн өз
алдынча мамлекет катары келечекте өсүп-өнүгүүсү үчүн аракет кылгандыктан
бизди колдошту.
Интервьюер:

  • Албетте, белгилеп өттүңүз. Студенттик кыймылдарда башка институтта окуп
    жаткан студенттер менен кандайча байланышып, жолугушуу, митингге баруу
    жөнүндө ушул маалыматтарды кайсы булактардан алып турдуңуздар.
    Байланыш кандайча жүрдү?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Жогору айтып өттүм го. Азыркыдай мобилдик телефон жок, массалык маалымат
    каражаттарында ачык-айкындуулук болгону менен чогулуштарга митингдерге
    чакыруу деген мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан ар бир университетте активдүү
    студенттерден турган дебат клубдар уюшулган. Дебат клубдар белгилүү бир
    күндөрдө чогу жыйналып турушкан. Кыргызстан демократиялык кыймылы, Ашар
    коому. Ал учурда дээрлик күндө уюшулуп турушкан. Маалыматты университетте
    окуп турган учурда корпуста кайсы факультеттер жайгашса азыркыга караганда
    арасындагы байланыш тыгыз болчу. Окуу учурунда гана байланышып, сабактан
    тышкаркы учурда жыйындарга баруу мүмкүн болчу. Демек, маалымат ал учурда
    адамдар, мамиле, маалымдашуу аркылуу жүрүп турду деп айтсак болот да.
    Интервьюер:
  • Сиз дагы студенттик кыймылдарга активдүү катышкан дагы кимдерден маек
    алсак деп ойлойсуз? Өзүңүз менен чогу жүргөн. Ачкачылык акцияларына
    катышкан кайсы студенттерди белгилеп өтө аласыз?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Биздин факультетте негизи 10 группа бар болчу. 200 дө киши окучубуз. Ар
    биринен жок дегенде 2-3 киши ачкачылык жарыялоого катышкан. Мисал үчүн
    биздин топтон Айгүл катышкан. Айгүл Бакабаева, андан дагы маек алсаңыз
    болот. Азыр Айгүл Куланакта, Нарын областында, ошол жакта жашап иштейт.
    Айгүлдү колдоочу топ болуп эле барганбыз. Ал болсо баштан аяк ачкачылык
    жарыялаган топ болуп жүрдү. Иманова Динара деген курсташыбыз, абдан ачык,
    күчтүү чыккан, каршылык көрсөткөндөрдүн бири. Ал идеологиялык жактан дагы
    эң даяр топтон катышкан да. Эң активдүү ушул топту айтсам болот. Иманова
    Динара, Кулматов Алмаз, Койчиев Арслан, Нуриля Сарбагышева, Зулайка
    эжебиз. Ушул топ дайыма бирге жүрүшчү дагы, маалыматты алардан укчубуз.
    Алар ар кандай дебат клубдарда иштешгчү. 1991-жылдын бүтүрүүчүлөрдүн
    бардыгынан эле сураганга мүмкүн деп ойлойм. Анткени, биз чогу болдук, чогу
    маалыматты алдык, талкууладык. Ар бирибиздин көз карашыбыз башка болушу
    мүмкүн, бирок бир жерден көз карашыбыз окшош. Максатыбыз эркин
    Кыргызстандын келечегине ишенчүбүз. Ошол келечек келет, ошого кызмат
    кылган күч болчубуз.
    Интервьюер:
  • Биз белгилеп жаткан 1985-1991-жылдагы студенттик кыймылдын эң негизги
    жетишкендиги кайсы болду жана ошондой эле ийгиликсиз жагы кайсы болду
    деп ойлойсуз сиздин оюңузча?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Албетте, студенттик кыймылдардын чындыгында мындай тарыхта эркин
    мамлекет болууга ушундай шарттар жетип калуунун өзү чоң окуя да, уникалдуу.
    1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калынышы — ийгилик.
    Студенттердин кыймылдарынын ачык чыгып пикирин билдиришинин
    натыйжасында, алардын башында албетте аттуу-баштуу адамдар болгон. Күч
    болуп беришкен, бул биздин жетишкендигибиз деп ойлойм. Анан албетте
    1991-жылы эгемендүүлүктүн алгандыгыбыз, 1991-жыл 31-август эгемендүүлүккө
    жетишкендигибиздин өзү студенттик кыймылдардын жетишкендиги, студенттик
    кыймыл жана башка аракеттердин жыйынтыгы.
    Ийгиликсиздиги, бул менин жеке пикирим деп айтайын, кээ бир топтор
    кошулбашы мүмкүн. 1986-1991-жылдарда студенттерде дагы, коомчулуктарда дагы
    улуттук аң-сезим абдан жогорулап турагн мезгилде көп идеялар көтөрүлгөн. Бирок ал
    кездеги улутчулдук шовинизм мүнөздөгү эмес, позитивдүү улутчулдк деп айтсак болот
    да. Анткени, биздин өлкөнүн тилин, эгемендигин, келечегин ойлоп аракеттерди
    кылганбыз. Интеллегенция, студенттер, улуттун ою болчу. Улуттук максатта кыргыз
    тилин гана калтырып, кыргыз тилин өнүктүрүш керек деген, улуттук максаттардан ушул
    максаттар ишке ашкан жок. Кийин эгемендүүлүккө жетишкенден кийин биз улуттар
    аралык мамилелердин концепциясы деп атап атабыз, улуттук маселени жумшартып
    койдук да, бул биздин жетишкендигибизби же кемичлигибизби деп ойлойм да. Бул бир
    аз кемчилик деп ойлойм. Балким ошондо эле бекемдеп коюш керек болчу бул
    маселени деп ойлоп кетем. Бирок албетте көп улуттуу мамлекеттин саясаты
    жумшагыраак болушу керекпи. Азыркы жүргүзүп жаткан кыргыз жаранын
    калыптандыруу жүрүп жатпайбы, балким Прибалтика мамлекеттериндей болуп бир эле
    тилди расмий кылып койсок өнүгүп кетмекпизби. Азыркыдай кыргыз тилди урматтабай
    эмес, башкачараак болмокпу. Азыркыдай мамлекеттик кызматтарга барам деген
    адамдардын баары кыргыз тилин үйрөнмөк. Колдонуу чөйрөбүз жалаң орус тилинде
    болуп жаткандыктан орус тили колдонулуп калгандай сыяктуу. Албетте бул менин жеке
    көз карашым. Мага каршы көз караштар болушу мүмкүн.
    Интервьюер:
  • Студенттик кыймылдар койгон үндөөлөр, ураандар толук ишке аштыбы? Кандай
    үндөөлөр менен чыгышты?
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Албетте, ал учурда улуттук аң-сезим абдан күчөп турганда, улуттук кайра
    жаралуу болгондой, Нооруз майрамыбыз мисалы, тескери пикирде калыптанып
    калган кээ бир салттарыбыз кайра калыптанды десек болот да. Көпчүлүк
    жерлердин атттары, айыл-кыштактар орусча аталып калган. Кыргызча аталсын,
    баштапкы аты коюлсун, борбор шаарыбызды башкача атайлы, башка
    шаарларбызыды тарыхый атына кайтаралы деп чыгышкан. Баары болбосо
    дагы ишке ашты деп ойлойм. Бишкек шаарынын аталышы, Каракол шаарынын
    аталышы, айыл-кыштактардагы көчөлөрдүн аталышы өзгөрдү. Дагы көп
    жетишкендиктер бар, кемчиликтери менен кошо. 1991-жылы Нооруз майрамы
    биринчи жолу белгиленгенде өтө чоң сыймыктануу, шаңдануу менен бир
    башкача сезим менен майрамдаганбыз. Катарынан 2-3 жыл ушундай сезимдер
    менен майрамдалып отуруп, кийин улуттук майрамга айланды да. Азыр Нооруз

улуттук дагы, мамлекеттеги башка улуттарды дагы бириктирген майрам биздин
аң-сезимибизге кирип калды. Тил жагынан дагы көп жетишкендиктер болду.
1989-жылы тил комиссиясы түзүлдү. Борбор шаарыбыздагы көрнөн-жарнактар
дагы өзгөрдү. Кыргыз тилин окутуудагы метод өзгөрдү.
Интервьюер:

  • Айнагүл айым, сизге ракмат. Маек бергениңизге ракмат. Ишиңизге ийгилик.
    Айнагүл Жоошбекова:
  • Сиздерге дагы ракмат. Бүгүн айтып отуруп студенттик күндөрдү жаңыдан
    эстедим. Ата-Мекенге болгон сүйүү, партиоттук сезим, бул жер биздин үйүбүз.
    Балдарыбыз, биз жашай турган жер. Сиздерге дагы ракмат. Ийгилик!