
Аканов Дөөлөт
Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштырып, анан 1985-90 жылдарда кайда элеңер, эмне иш кылчу элеңер, ошону айтсаңар?
Респондент: Менин атым Дөөлөт, Караколдо турам, университетте мугалимимин. Ал кезде Пржевальский Педогогикалык Институтта окудум, ОТД деген факультетте. Ошондо студент элек. Мен КПССтин мүчөсү болуп,коомдук иштерге катышчубуз.
Изилдөөчү: Кайра куруу жылдарында. КДК, «Ашар» деген кймылдар туралуу угуп калдыңарбы? Алардын иш-чараларына катыштыңарбы?
Респондент:Ооба КДК деп Түп жактан башталган, Жыпар Жекшеевдер, Райхан Абдувалиевалар бар эле го ырчы, ал учурда Караколдо болчу, жылы эсиме жок, ошолор кыймылдын башында туруп, жөө жүрүштөрдү өткөрүп жүрүшчү. Чер фактардан студенттер катышчу, бизде тынч болчу ОТД факультетинде.Биз баш жагын эле угуп калдык. Союз кулаган учур болуш керек, окууну бүтүп жаткан учур эле. Мен партиялык болгон үчүн андай иштерге аралашкан жокмун.
Изилдөөчү:Силер айтып атпайсынарбы,кыймыл болгон деп, өзүңөр катышпасаңар да, ал кыймылдын максаты, иштери туралуу угуп, көрүп турдуңар да?
Респондент: Ооба, Жекшеевдер келип, бул жактан жаштар кошулуп, жүрүштөрдү уюштуруп жүрүштү. Ошондо чер фактар, лит фактан студенттер активдүү катышты. Жатаканага Саруулук Ылайев Таалай деген келип мындай болот, андай болот деп кечинде сүйлөп, студенттер менен жолугуп турушту.Андан тышкары черфакта Оргорчорлук Кусаиров Канат деген студент болчу,ал студенттик ансамбль уюштуруп,ырдап жүрдү. Ошолор башында активдүү болду. Кийинчерээк литфактан Аскар, Эрмек деген студенттер аралашты го дейм. Кийин окуудан кысым кыла баштаганда токтошту окшойт. А матфак, физфак дегендер тынч эле болчу.
Изилдөөчү: Алар кайсы маселелерди көтөрүшчү?
Респондент: Жаштарга жер бериш керек, жазууларды кыргызчалашыбыз керек, Үркүндү эскеришибиз керек деген сыяктуу ураандарды көтөрүшчү.
Мен билгенден Биймурзаева Бурул, математика факультетин бүткөн, Нарында иштейт, кандидат пед наук ошол да активдүү катышкан. Менде башка саалымат деле жок, өзүм партиялык болгондуктан мындай кыймылдардан алыс болчумун.
Изилдөөчү: Рахмат!