Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов

Тарыхчы

Интервьюер:

  • Урматту, Алмаз мырза, “Эсимде” изилдөө борборуна кош келдиңиз! Биз быйыл
    1985-91-жылдагы студенттик кыймылдар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп
    жатабыз. Эң активдүү катышуучу катары, алгач өзүңүздү тааныштырып
    кетсеңиз.
    Алмаз Кулматов:
  • Саламатсыздарбы! Абдан жакшы болот. Менин атым Алмаз Кулматов. Коомдук
    ишмер, тарыхчымын. СССРдин 50 жылдыгына университетте тархы
    факультетинде окуп 1991-жылы аяктадык. Бул тема биринчиден абдан
    кызыктуу, экинчиден татаал, чаташкан толук изилдене элек тема да. Биз
    баарыбыз билген сыяктуубуз, бирок көпчүлүгүбүз көп жагдайларды билбей,
    айрым учурда адашкан түшүнүктөр менен жүрүп атабыз да.
    Интервьюер:
  • Өзүңүз айтып өттүңүз 1985-91-жылдагы студенттик кыймылдарга кандайча
    кызыгууңуз артып, кандайча катышып калдыңыз?
    Алмаз Кулматов:
  • Ооба, 1984-жылы биз окууга өттүк да. 1985-жылдан 1987-жылга чейин аскердик
    кызмат кылдык. Мына ушул биздин аскерге кеткендин өзүндө дагы биздин
    өлкөнүн тагдырына, биздин жеке тагдырга таасирин тийгизген окуялардын бири
    болуп эсептелинет. Анткени, ага чейин студенттер аскерге алынган эмес. Бирок,
    мен кийин келип окудум, документтер менен тааныштым, эмне үчүн мындай
    чечим кабыл алынды, студенттерди чакыртып алышты? Бизди 1-2-курсту
    бүткөндөн кийин май айында кеттик да. Ыктыярдуу, сүйүнүп эле кеттик. Ошол
    Советтер Союзу боюнча указ чыкканда, указга жазган негиздемеде
    аналитикалык ЦК га жазган каттар бар экен. Каттарды алып окудум. Көрсө,
    60-жылдары “спец.ПТУ” деп койчу. Бейбашыраак, хулиган, тентек балдарды
    ПТУга айдашчы. “Малолетка” деп коет, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн түрмөсү
    болгон да. Жаш кылмышкерлер да, хулиганчылык, бейбаштык, жеңил статьялар
    менен кеткендер. Ошолорду аскерге ала коюшуптур да. “Оңдойбуз”
    маанисинде. Алар барып аскерде түрмөдөгү зонадагы тартиптерин киргизип
    дедовщина күчөп Советтик армиянын моралдык, психологиялык климаты аябай
    бузулуп кеткен, дисциплина аябай төмөндөп кеткен экен да. Анан ошондо
    акылдуу кишилер, аналитиктер эсептеп, кой, 1-курска чейин эмес, 1-2-курсту
    бүткөн, бир аз билимдүү, анан топ-топ кылып аз-аздан бирден экиден түшүрүп
    койсок тигилер басымдуулук кылып кетет деп ушул топ-тобу менен
    студенттерди аскерге жапырт түрдө чакырган экен. Баягы ооруп калган,
    ден-соолугу өтө начар бала болсо, ошолорду алып алар военный эле
    кафедрада окуп, офицер болуп чыгышты да. Аскерде сөзсүз милдеттүү түрдө
    кызмат кылсын деп, мыйзамга өзгөртүү киргизбей указ менен эле “всеобщий
    военное права” га ошол боюнча эле киргизбей эле калган. Бирок, жанагы указ
    менен алышкан экен. Ошентип, аскерге түшүп калдык. Москвадан Таллинден,
    Бакудан иши кылып Союздун 10 республикасынан институттардан келгендер
    менен чогу түштүк. Кайтып келдик. 2-3 жыл дагы призыв болуп, токтоп калды да.
    Ошондо билесиздер, 1986-жылы Алматыда Желтоксан болду декбарь айында
    Голбиндин дайындалышына Кунаев бийликтен кеткенден кийин орус тектүү
    адамдын дайындалышына казак жаштар нааразы болуп, өзүбүздө татыктуу
    киши жок беле деген нааразычылык акциясы кан төгүү менен аяктады да. Ал
    кабар бизге да жетти. Бизге жеткенде дагы бизди кайта офицерлер козутуп

алышты да. Аң-сезимди күчөп, бизди сезимди курчутуп алышты. Биз өз алдынча
издене баштадык, биздин каттарды окуп атты албетте. Бирок, болбой эле
маалымат жете берет экен да. Өзүбүздүн тилектештигибизди билдирип
массалык түрдө чыккан жокпуз, бирок бизди абдан иликтей башташты да.
Каяктан келдиң?Билесиңби? Казактарды карай баштады, биз дагы тектүү эң
жакын элбиз. Кыргыздарды карай башташты. Күнүгө “особый отдел” деп коет.
Биз менен маектешүү, аңгемелешүү жүргүзүп солдаттын көз алдында. Топтошуп
калган жерден эле эмнени сүйлөштүнөр деп эле суракка ала башташты,
шекшине башташты. Биз ого бетер күчөдүк, кызыгуубуз арта баштады. Аскерден
келгенден кийин эле 1987-жылы кайра куруу башталган мезгил да. Окуй
баштадык. Өзүң жакшы билесиң, Гүлзада, биз студенттер болгон тарыхты
окудук. Маданият экономикасын болгон дүйнөнүкүн окуп атабыз. Элдин
экономикасы кантип өнүгөт, кайсы өлкөнүкү кантип өнүгүп, кантип ийгиликке
жетишкен? Кандай каршылык акциялар болгон? Кандай революциялар болгон?
Себептери, өбөлгөрү, шарттары, жүрүшүп, кыймылдаткыч шарттарынын баарын
окуп, анан кыргыз тарыхын окуп, мамлекеттүүлү тарыхын окуп калдык да.
Эсимде болушу керек, 1989-жылы биз 3-курста кезде, 89-жылы окуу жылы деп
эсептелет да, Ормушев Асан Сулайманович экинчи кабаттагы юрфак тараптагы
аудиторияны бизге берип атканда мен сурадым эле: “20-15 мүнөт тема
кылайын” деп анан ошондо ООН жөнүндө лекция окуган. Ошондон кийин мен
сурадым эле: “Агай биз Кыргыз Республикасы качан өз алдынча болобуз?
Анткени, Лениндин аныктамасы, принциби боюнча улуттурдын өз тагдырын өзү
чечүү укугу бар эмес беле. Биз бардык мамлекеттер союздун курамындабыз. Өз
алдынча мамлекет болуп, биздин желеке качан ООНго илинет? Мына бу турган
Украина менен Беларусь өзүнчө экен, ООНдо илиниптир, а биз эмне үчун андай
эмеспиз”, — деген суроону бергем. Мен жаштыгым менен бергем. Ал киши
далайды көргөн кишинин эрдигине таң калам. Ал киши суроо берген мен
жөнүндө 1988-жыл коммунисттик партия абдан күчүндө кези да, репрессияга
туш болушу керек эле да, ал сөзсүз айтууга тийиш болчу. Партиялык уюмга,
деканатка, мына ушундай студентиңер бар экен, мага ушундай провокациялык
суроо берди, сепаратист маанайда дагы оор-оор кылмыштарды кылтыйтып
айтыш керек болчу да. Жок! Антип репрессияга туш болгон жокмун. Бирок, ал
киши жооп берди. Абдан катуу жооп берди, так жооп берди: “Буюрса, биз дагы
өз алдынча мамлекет болобуз, ошондо Бириккен Улуттар уюмуна биздин дагы
мамлекеттик туубуз илинет, желбирейт. Ошондо сен экөөбүз ошо жеңге барып
калсак, ассамблеяга же башка жерге барып калсак сен экөөбүз желектин
жанында туруп сыймыктанабыз, ал күн дагы алыс эмес!” — деп айтты. Бул чоң
эрдик, меники го жаштык менен айтылып калды дешим мүмкүн. А тиги кишинин
жообун карабайсызбы. Демек, коркпой жооп берип атат. Ошентип айтып атат.
Өзү партиянын мүчөсү, профессор. Анан жалгыз эле мен эмес, а мен
шашмалыгыман, этиятсыздыгыман ошол суроому берип атам. Бирок, ар кимдин
өзүнүн оюнда жүргөн экен. Анткени, оюнда жүргөнү ошол кайра курууну нун
дагы деми болушу керек. Бирок, ар кимдин оюнда жүргөнү ошол. Биз
олуп-чолуп болсо дагы бирок бардык булактардан кыргыз мамлекети жөнүндө
кытай булактарынан кездешкен маалыматтарды окудук. Албетте советтик
тарыхнаама биз жаңы гана кыргыздарга, өзбектер менен казактарга баарына
тең мамлекеттүүлүк бердик деп окутуп келди. Бирок, байыркы кыргыз
мамлекети жөнүндө андан бериси, араб ошонун баарын тең окудук да. Окудук

анан кийин биздин мамлекетибиз болсо, кийин албетте биз билимибизди
тереңдетип кайта көп нерселерди окуп чыгууга туура келди. Бирок кыргыз
элинин элдигин эл катары сактап калган дүйнөдө 7 миңден ашууна эл болсо
200дөй өз алдынча мамлекет бар да. Кыргыздардын өз алдынча мамлекете
катары сакталып калышынын, сакталып келишинин тарыхый өбөлгөлөрүнөн
сырткары, жагдайлардан сырткары бул эки пассионердик идея, мотивациялар
да. Өз алдынчалык идеясы, эркиндик деген мотивациясы бар. Анан
кыргыздардын улам ушуну ишке ашырууга умтулуп, бирде жеңип бирде
жеңилип аябай кең аймакты ээлеп, бирде уй терисиндей болуп учкагындай
болуп тарап, жылдызыбыз жанып, кайта дымыбыз өчүп ушинтип келдик да
оомол-төкмөл дүйнөдөн. Кубаладык, сайдык, жеңдик, жеңилдик, кырылдык, биз
да кырдык көп эле, бизди да көп эл кырды да. Азыркы тил менен айтканда бир
топ элди биз геноцид кылып чыгардык. Биз да геноцидге жолду учурадык.
Сөздүн укуктуу маанисин алганда. Ошол улуттук 2 идея, ооздон оозго өтүп,
китептер менен ар кандай булактар менен башыбызга сиңип кеткен эмес экен
да. Ошондуктан мен ойлойм ошол жерде отурган 4 тайпа студенттердин
башынан кеткен эмес деп. Алардын бардыгы эле ойлонуп жүргөн. Кайра куруу
доорунда жанагы кайта жана баштады ошондой идея, ой мындай бышып
жетиле баштады да. Эми кайра куруу, Россиянын президенти гео-саясий
катастрофа деп атайт СССрдин кулап калышын. Кайра куруу, перестройка,
базар экономикасына өтүү, сөз эркиндиги, демократия деген процесстер
объективдүү зарылдык деп эсептейм мен. Ал Горбачевдун же
конспералогиялык теориялар толтура, ЦРУ нун кылганы тигиндей-мындай деп.
Албетте, алардын тышкы саясатынын сөзсүз таасири болот, ал бир дагы
мамлекеттеги окуя өзүнөн өзү ишке аша албайт, сөзсүз тышкы факторлор тике,
кыйыр, чечүүчү таасирин роль ойношу мүмкүн же көмөкчү роль ойношу мүмкүн.
Ал дагы болушу мүмкүн, бирок чечүүчү ролду конспералогиялык теорияларга
ылайык ЦРУ нун кылганы эмес, Советтер Союзу ушуга объективдүү келип
калган. Борбордон качуу, өз алдынчалыкка умтулуу күчтөрү жандана баштаган.
Аң-сезим жетилип калган. Экономика жагынан дагы жарыша куралдандыруу
СССРдин экономикасын талкалады да. Космоско учат, түзү бир машина чыгара
албайт. Космосто укмуш курал жарактарды чыгарат, высокоточный деп коелучу
эми, татаал, а момундай тиричилик техникалары жетишсиз. Элде акча бар, ала
турган ырас буюм жок. Айыл чарбасы болсо дотацияда. Жанагындай диктатура
түбөлүк болбойт экен. Диктатура кулайт экен. Анан экинчи тарыхый мыйзам
ченемдүүлүк империялар сөзсүз кулайт, ыдырайт экен. Анткени, көп элдин
конгломераты да. Көп этнос, басып алынган мамлекеттер, колонизацияланган,
күч менен баш ийдирилген этностор, улуттар, мамлекеттер. Аларда дагы өз
алдынчалыкка умтулуу идеясы кетпейт экен да. Бир кичинекей эле жер алгыны
болгондо ыдырап тез арада ыдырап кетет экен да. Ага кичинекей эле шылтоо
керек экен да. Казус, повод для войны кичинекей эле шылтоо керек экен да.
Перестройка деп аталган процесс, демократиялаштыруу процесси биздин
жаштардын, кыймылдардын аң-сезиминин ойгонушуна кандайдыр бир
деңгээлде өбөлгө болду да. Ал интенциональный, имманентный —
кыргыздардын, жаштардын элине мүнөздүү. Биз аны тышкы Эстондордон,
Горбачевдун саясатын көрүп алып дегенди мен жаңылыш деп эсептейм.
Анткени, булар өз алдынчалыкка умтулган эмес, буларга суверенитет, көз
карандысыздык тыштан белекке берилди деген тезиске карамача каршымын.

Эл ар кандай деңгээлдеги интеллектуалдык таймашка чыгып далилдеп бергенге
даярмын, азыркы айтып аткан тезисимди, көз карашымды. Анткени, өз
алдынчалыкка жараксыз андай идея болгон эмес, белекке берилген көз
карандысыздык деген ошол суверенитеттин өзүн баркын кетирет. Буга жараксыз
эл дегенди тастыктайт. Демек бул элден ажыратып, алып койсо да болот экен
деген кийинки экспанцияга, үстөмдүккө биздин үстүбүздөн да. Алып келе турган
аныктамалар бар да. Ошондуктан бул аныктама туура эмес. Демек биз өз
алдынчалык, көз карандысыздык, суверенитет идеясы бул кыргыздарга
мүнөздүү, ички интенсиясы. Акыл ою, кыялы, мүнөзү, максаты ошол мезгилдеги
тарыхый жагдай ошого жетишүүгө өбөлгө түздү, жардам берди. Катализатор
болду да. Анан албетте тышкы таасир катары, тастыктап берейин, 1986-жылы
жанагындай окуялар, 87-жылы улуттар аралык жаңжал болуп атты. Башка
Союздук Республикаларда ошентип кыймылдар болуп атты, көз караштар болуп
атты. Самиздат деген чыкчу билесиз.
Интервьюер:

  • Ошол жөнүндө да баса белгилеп өтсөңүз да. Студенттердин уюмдашканы
    кандай жол менен болду?
    Алмаз Кулматов:
  • Самиздат деген болгон. Бизге жеткен тигиндей-мындайларды окуп аттык.
    Мугалим оку дегенди да, окуба дегенди да окуп аттык да, туурабы? Окуба
    дегенден көп нерсени таап аттык. Ал жанагы айтып аткан теориясы менен
    тарыхнаамадагы маалыматтар менен тигил жазма булактагы маалыматтар
    такыр башка жыйынтык берип атты да. Адам ойлонот да, салыштырат,
    анализдейт, логикалык бүтүмдүккө ээ болушу керек да. Анан жок, бул минтип
    атса, тигилер тигинткен турбайбы деп өз алдынча да жыйынтыкка келип алып
    мыйзам ченемдүүлүккө карап өз алдынча баа берип калдык да 3-4-курс. Эми ал
    курсовой жазып жүргөн студент, ал өзүнчө бир изилдеп жүргөн, китепкана
    архивдерге барып калган студент да. Ушунун даамын татып калган студент да.
    Самизда деген явление болду да. Биздин курдаштарыбыз аскерде чогу окуган
    чогу кызмат кылгандар, анан бизден барып окугандар, мисалы мен дагы барып
    окуп келдим да, тез эле убакытта келет. Бирок, аны окуп жатып самиздаттарды
    көрдүк да “номенклатура класс” дегендерди. Диссиденттик адабияттар Совет
    бийлигинин диктатурасына каршы эркин ой жүгүртүүгө, сөз эркиндигине, адам
    укугуна, демократияга умтулган, ушул идеяларды жактаган, батышты, Европаны
    даңазалаган адабияттар, көркөм адабияттарн, тарыхый чыгармалар,
    публицистика ошону түрдүүсү кандайдыр бир жол менен бизге жетип атты да.
    Жете берет экен да. Илгери билесизби, Наполеон континенталдык блокада
    кылам, чөгөлөтөм дегенде болбой Англиянын экономикасы тыюу салган
    товарлары Англияга кетет, Англиядан тыюу салган товралары дүйнөнү аралап
    жүрүп атты да. Наполеондун күчү жетпей койду. Анан эми Советтер Союзунун
    күчү жеткен эмес. Кандай товарлар тыштан агылып келип турса, ошол эле
    саясий адабияттар, публицистика студенттер, алдыда албетте биринчи
    интеллигенция анан студенттерге жетип атты да. Анан эми уюмдашуу маселеси
    чыкты да. Биз, Арслан Койчиев отуруп түзгөн уюмубуз бар да, “Комитет 13”
    деген.
    Интервьюер:
  • Ошону да айтып кетсеңиз. Башка университеттер менен кандай байланыш
    болуп атты?

Алмаз Кулматов:

  • Болду. 1988-жылы Эстония өз алдынча суверенитетин жарыялады. 1989-жылы
    Латвия менен Литва жарыялап салды. Анын баары тең бизди шыктандырды.
    Анан гезиттерде кандайдыр бир деңгээлде “Комсомольская правда”,
    “Московский комсомолец” жана башка “СС КПСС” деген журналды билесиз го.
    Ал деген накта тарыхый коммунисттик партиянын журналы. Хрущевдин Сталин
    кеткенге чейинки доклады, ага чейин жашыруун болчу да. Анан жанакындай
    дискуссиялар, СССРдин жогорку Советиндеги дискуссиялар, биздин улуу гений
    жазуучубуз Айтматов дагы ошол жакта ошолордун сүйлөгөндөрү, а балким
    экономисттердин рынок экономика жөнүндөгү докладдары, китептери жана
    башка. Анан сессиядагы ушундай дискуссиялар. Алар албетте бизди
    шыктандырды, билимибизди байытты, мазмунун байытты, дүйнө
    таанымыбызды кеңейтти да. Шыктана баштадык, күчөнө баштап, эки маселени
    кое баштадык да студенттер кыймылы. Биринчи, кыргыз тилине мамлекеттик
    тил макамын берсин деп. Анткени, Кыргыз мамлекети болсо мамлекеттик тили
    болсун деп кыргыз мыйзамдары мамлекеттик тил менен жазылбаса дагы ошол
    тил менен дипломатиялык карым-катнаштар болду, ошол менен мамлекеттик
    аппарат иштеди. Кыргыз каганатын кантип башкарасың, кыргыз каганаты бүгүн
    эле пайда болгон жок да. Бартольд менен Бернштамды тытым окудук да.
    Аныктамасын биягынан да тиягынан да тактап окудук. Анан кийин ал
    мамлекеттин тили эмне болгон, дини ? Ата-Түрктү тизге Тынчтыбек Чоротегин
    аябай окутту, тиягынан да окудук. Ошондой саналган түрк тилдеринин ичинен
    мамлекеттүүлүгүн сактап калган жалгыз гана кыргыз улуту да. Анын ичинен
    саналган калмык жана башка тилдердин аты калып Махмуд Кашгаринин
    сөздүгүндө калып, а элдер этностор жок да. Этностордон 3өө төртөө эле калдык
    да. Мамлекеттүүлүктү сактар калган биз элебиз да. Мен эми айрым улуттардын
    деле козгобойм, бирок айрым улуттардыкы бизден 7-8 эсе көп болуп
    автономдуу деңгээлинде салыштырмалуу формалдуу автономияда жүрүп
    атышат да. Мына ошону окуп келген соң конституцияда жок. А бул кандай
    жоголуп кетти деген кызыгуу пайда болду? 1929-жылдын Кыргыз АССРинин
    конституциясынын 19-беренесинде кыргыз тил мамлекеттик тил деп
    аныктаптырбыз. 1936-жылы Абдыкерим Сыдыков, Арабаевдер атылып, атылган
    соң Ишеналы Арабаев СССРдин конституциясынан кыргыз тили алынып калып
    атпайбы. Катардагы эле тил макамы ыйгарылып сот иштер жүргүзүлүүгө мүмкүн
    деген чала-чарпыт, эчтемеге милдеттендирбеген жоболор менен алмашып
    калып атпайбы. 1929-жылкы Абдрахманов премьер-министр кезиндеги кабыл
    алынган Кыргыз АССРинин конституциясында 19-беренеде кыргыз тили
    мамлекеттик тил деп жазылган. Кийин конституцияда кээ биринде кыргызча
    жазылышы мүмкүн, аталышы. Деги эле милдеттендирбеген, директивалык
    мүнөздөгү эмес, саясий мааниси төмөнүрөөк, новеллалар, жоболор менен
    алмашып калды да. Орус тилинин статусу абдан көтөрүлүп кетти. Орусча болуп
    кетти, анан ошол маселени козгой баштадык. Мен айткан биринчи маселе,
    мамлекеттик статус ыйгарабыз деп. Жусуп Баласагынды окуп алганбыз,
    университетке Жусуп Баласагынды, эсиңде болсо керек чоң актовый залда
    мыкты агайбызы бар эле ректор, коркпогон Үсөн Асанович келип: “Ыйгарабыз,
    болот!” — деп айтпады беле, — Тың-тың студенттер экенсиңер юрфакта да
    окусаңар болот, параллелдүү эки ЖОЖдо окусаңар болот. — деп абдан
    прогрессивный ойлорун айтты да. Заман өзгөрөт, бирок азыр тынчтык менен

иштешели деп бизди жоошутту да. Жаш балдар, кызуу кандуу немелер көчөгө
чыгып алып, наабат болбосун деп абдан эстүү кишилер экен да. Бул экинчи
маселе. Биринчи маселе жанагы мамлекеттик тилди ыйгарабыз деди эле,
университтетин тарых факультетинде эле эмес, физика-математика факультети
дагы, филология факультет дагы алар да аябай активдүү экен да.
Журналистиканы окуган балдар тем более көп маалымат билишет экен.
Кесиптерде иштеп жүргөн балдар бар экен. Биз мене катарлаш окуган
теңтуштар. Политех, Мединституттар биз кыдырганда Арстан экөөбүзкол топтой
баштадык. Жанагы жатаканаларга киргизбейт да, Валя эже отурат мисалы, орус
эже. Студенттердин көбү жатаканада же самсаалап ар кайсы квартирада,
жатакана жетпей калгандар, туурабы? Окуу жайынан андай агитация жүргүзө
албайсың. Лекцияда болсо кайдан, жатаканада кол топтогонго пайдаландык. Ар
кандай ыкмаларды пайдаландык, шоколад бердик, азыркы тил менен айтканда
взятка бердик да вахтерша орус эжеге. Пожалуйста, через 20 минут выйдем
деп, “Оленка” деген шоколад далай жерге киргизди да бизди. ОШентип кол
топтодук. Кыргыз ССРинин Верховный Совети деп аталчу анда. Верховный
Советине кайрылышыбыз керек дедик. Азыр эсимде жок, була акылды ким
айтты бизге, мыйзам чыгарарда ушул жакка кайрлыш керек деп кол топтоп анан
кайрылуу жазып ар бир бетине мамлекеттик тил статусу болушу керек, жаштар
билбей калат, тиги-бу деген сөздөрдү жаздык. Биз жазуучулар советине бардык,
текстибизди бир сыйра окуп, алар деле ошону каалап. Бизден башка да
кыймылдар болду. Мисалы, Бишкек шаарындагы жумушчу жаштардын
кыймылдары бар экен. Алар да каалап жүрүптүр. Анан негизи интеллигенция,
жазуучулар, журналисттер, окумуштуулар илимдер академиясында, менин агам
иштечү Бекболот Таалайбеков, ал жакка барып алар менен сүйлөшүп каласың .
Ошол жерде билесиңер да Илимдер Академиясынын китепканасында абдан
сонун жакшы китептер болот. Ленинкада таппай калганыбызда ошол жакка
барчыбыз да. Ал жакка келсең окумуштуулар сүйлөшүп аткан болот, дискуссия,
кадимкидей эле суверенитет, өз алдынчалык, мамлекеттүүлү жөнүндө ачык эле
сүйлөшүп атышкан болот. Алар бизден абдан эстүү, билимдүү, турмуш
тажрыйбасы мол кишилер да. Аларда деле ошондой кыймыл-аракеттер болуп
аткан экен. Албетте, уюмдашып 90-жылдары барышты да. Бирок, ага чейин
биринчи маселе мамлекеттик тил статусу, экинчиси бизге тиешелүүсү
Баласагын атында кылабыз дедик СССРдин 50 жылдыгы эмес деп чыкпадыкпы.
Үчүнчү маселе, Бишкек шаарын Фрунзе кылбайбыз деп чыктык. Ар кандай
Ала-Тоо, Манас, тиги-бу деген аттарды айтып, Бишкек, Пишпек деген түркүн
аттарды айтып чыгып, бирок негизи Фрунзе болбош керек деген кыймылдар
болду. Бул жалпы массалык турдө болду. Эсиңерде болсо керек идеологияны
жетектеген Медеткан Шеримкулович такай келчү да тынбай. Билип-угуп калган
элдер, студенттерге келип кадимкидей баарлашып, биз менен жолугушууларды
өткөрүп, жеке же жалпы жолугушууларды өткөрүп, бизди абайлагыла, этият
болгула деп. Албетте алып барып камап салса деле болмок, бирок андайга ..
Эми документтер бар, ким менен ким жолугушту, эмне деген сөздөрдү
сүйлөштү, кайсы агайга барды, кайсы жаштар уюштуруп атат анын баары тең
фиксация болгон.
Интервьюер:

  • Куугунтуктар болдубу, кечиресиз?
    Алмаз Кулматов:
  • Жок, жок. КГБ күчтүү организация болгон негизи. Мамлекеттүүлүктү сактаганга,
    тышкы, ички коопсуздукту баарын тең сактап, техникалык жетиштүү,
    интеллектуалдык потенциалы күчтүү, уюштуруу потенциалы да күчтүү
    организация болгон. Эми арасында балдар болсо керек, атын айта албайбыз,
    билбейбиз. Колуман кармап алган, алар аркылуу, кураторлор бар болчу.
    Интервьюер:
  • Мүмкүн кыйыр түрүндө дагы куугунтуктар болдубу? Мисалы окуу процессине
    Алмаз Кулматов:
  • Куугунтуктоо кыйыр түрүндө болду го. Себеби кызыл диплом албай калдык
    көпчүлүгүбүз, кайра экзамен тапшырганга мүмкүнчүлү болбой калды мисал
    үчүн. Кызыл диплом алганга өзүнүн эрежеси, баалардын катышы бар да. 3 же 4
    болбоого тийиш, калганын баары 5 болууга тийиш. Мен 1-2-курста
    кайталанбаган дисциплинардан 3 же 4 көбөйтүп жибергем, кызыл диплом
    ойлобой деле. Ошолорду кайта тапшырууда тоскоолдук болду да. Бетиме сен
    кыймылга катышыпсың деп айтканы да болду агайлардын. Айтпай туруп эле
    уруксат берилбей калып калдык. Бирок, жатаканадан чыгарып, окуудан чыгарып
    деген болгон жок. Бизге карата, эң активдүү болуп жүрдүк. Биз Нурбек
    Асангулов менен да сүйлөштүк КГБ нын төрагасы менне сүйлөшүп деле жүрдүк
    да, 1990-жылдары. Ал киши тескерисинче бизге жардам берип, подсказка берип
    турду да. Провокацияга алдырбагыла, мындай-мындай кылбагыла, ичип алып
    чыкпагыла көчөгө, кыздар силер ачкачылыкка чыгып атканда биз комендантский
    час жарыялаганда бизге удостоверение беришти. Көз салып тургула, жаштар
    кагылышып кетишпесин, провокаторлор болушу мүмкүн ар кандай дегендерди,
    биз ошол жагында жүрдүк да. Бийлик менен эл ушул жерде кызматташты. Анан
    эле баары партократ тигиндей-мындай деп жектей беришет. Жумабек Асанов
    канча жолу жолугушту биз менен, Медеткан Шеримкулов ошолордун баарын
    жолукканыбызды эстейт. Толук цитаталап берет студенттердин эмне деп
    айтканын, өзүнүн эмне деп жооп бергенин, албетте мезгилдин өтүшү менен
    айрым сөздөр унутулуп, башкача интерпретацияланып, башкача өңүттө
    айтылып калышы мүмкүн. Бирок, негизинен тирүү жүргөн. Студенттер ошол
    дискуссия, агым, кыймылдарды абдан жакшы көрүшөт. Мына ошол бийлик деле
    ошону каалап калган экен. Болбосо, 1989-жылы кабыл алмак эмес мыйзамды.
    Нонсепарациянын, диктатуранын күчүнөн кайта элек мезгилинде. 1990-эылдын
    15-декабры суверенитет жөнүндө мыйзам кабыл алынды, мыйзамга чечим
    кабыл алынды. Чечимди кийин президент Аскар Акаев конситуциялык мыйзам
    статусун берди. Дагы шашып кетиптирмин, “Ашар” кыймылы болду да — төртүнчү
    маселе. Кыргызстанда басымдуу элди түзгөн кыргыз этносунун өкүлдөрүнүн
    Бишкекте, шаарларда укугу төмөн. Фрунзе шаарында жер жок, үй жок,
    квартирант, ырлар чыкпадыбы “Өз жеринде квартирант эле” деп жазуучу,
    акындардын ырлары чыгып ырдап жүрүшпөдүбү. Намысыбызга тийип, мен да
    жатаканада жашагым келбей, квартирага чыккым келип. Болбосо, кемпирдин
    үйүн жалдап алып жашап жүрдүк да мисалы. Көп эле да, заводдо иштеген
    кыргыздар өздөрү деле аз. Бирок ким иштейм десе прописка, больницага барам
    десе прописка, прописка — жок, катталган эмес ал мезгилде Советтер союзунда.
    Кийин эле жоюлду прописка маселеси. Больница, милиция. жердин баары тең
    прописка менен болчу да. Ишиң да прописка, жериң жок болсо кайдагы
    прописка. Балалап пропискага жазылган күндөр болду да. Мисалы мен жакын
    туугандарга алар жөн эле каттайт дечи, бирок алар да чочуйт. Үй болуп калса

кантип каттайт деп. “Дальние родственники” деп башка тектүү улуттарда
катталгандар акчасы бар, тыңыраактар болду, каттап койчу деп. Анан ошентип
укугу кем, дискриминацияга учурап атсам, биз дагы үй салабыз, жер алабыз
деп. Адегенде басып алышты. Кыймыл болду, бирок бийлик диалогго келбей,
тоскоолдук кылабыз деди, митинг кылабыз, акцияларга чыгабыз деди.
Ыраматылык Апсамат Масалиев болсо бизди коркутту: “Ленин заводун
билесииерби, силер миң студент болсоңор, заводдо 15 миң жумушчу бар” деген
сөздөрдү айтты. Ал киши ракмат мамлекеттик тил мыйзамды колдоду. Бирок
кыймылга келгенде жумушчу жаштардын, интеллегенициянын жер алабыз деген
кыймылына каршылык көрсөтүштү да. Бирок, кийин басып алып эле, уюмдашып
алды. Ээн баштык, бейбаштык болбой, тизмелеп каттап, уруксат алышып үй
алып алышты азыр Бишкектин четтеринде пайда болгон алгачкы жаңы
конуштар ошентип келишкен. Кыскасын айтканда окуялар студенттерди
кыймылдаткыч күчкө, активдүү катышуучуларын, мамлекеттик тилдин статусу
жөнүндө мыйзамга, жаштардын жер алышы, Бишкек шаарынын Бишкек шаары
болуп өзгөрүшү 1990-жылы кабыл алынган суверенитет, мамлекеттик тилге
кабыл алынган мыйзам суверенитетке карай чоң кадам болгон да. Биринчиден
тил маселеси чечилип атат, ал шыктандырды элди. Бир чоң кадамды аттап
алышты да, мотивациясы күчөдү, ишеними артты, анан суверенитет.
Суверенитеттен кийин көз карандысыздыктын кабыл алынышы 31-августта.
Бирок, Гүлзада айым ушулардын кийин мамлекеттик тилдин кабыл алынышы
шартту, анын конституциялык укугу гана белгиленип атат дегеним менимче,
конституциялык мыйзам болуп. Мыйзамдын өзүнүн кабыл алынышы
реалдуулукту укуктук нерсеге айлантты. Бирок ал мамлекеттик укуктун канына
келиши деп айтышыбыз керек. Анткени, 1929-жылы болгон да конституцияда,
андан мурун мамлекеттик тил функциясын аткарган толук. Суверенитеттин
калыбына келиши жөнүндө сөз кылышыбыз керек да. Суверенитет бизде
болгон, ал эми көз карандысыздыктын орношу калыбына келиши дешибиз
керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз кылганда кыска
сөз угумдуу болобу же билбей атабызбы бирок биз 4 жаңылыштык кетирип
жиберип атабыз: укуктук, саясий, идеологиялык анан моралдык. Бул кандай
жаңылыштык Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө? 2016-жылы чыккан
академиялык басылмада Кыргызстандын тарыхындагы 1979 бекен…
1924-жылы Кыргыз Автоном облусу түзүлүп, Кыргыз мамлекетин түзүлүшү деген
аныктама эмгиче бизге 16-жылы чыкканда кирди. Мен ошол айта баштадым.
Азыр мынакей илимдин даражалуу окумуштулары Тынчтыбек Чоротегин менен
орус тилдүү окумуштуу Зайнидин Курманов экөө тең илимдин доктору ошол
аныктаманы колдонуп атышат. Чоротегин экинчи жолку макаласында кыргыз
мамлекетинин калыбына келиши деп жазды, а Зайнидин Курманов эки жолу
“Возрождение Республики” деп жазды. Орусча да кыргызча да айткам,
16-жылдан баштап күчөп айта баштадым. Кыргыз мамлекетинин калыбына
келиши жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Тарыхый жактан, укуктук жактан дагы
мамлекет болсо калыбына келет да. Суверенитеттин калыбына келиши, болсо
калыбына келет да. Идеологиялык жактан, анан саясий жактан. Анткени, кыргыз
мамлекетинин өз алдынча тарыхты түшүнүүгө тарыхый укугу бар. Биз ошол
укугун гана ишке ашкандыгын белгилеп коюуга тийишпиз да. Мына ошол 4
жагынан да. Эмне үчүн саясий жагы бар деп атам. Көчө адамдары согуш деп
атай баштады, согуш деп аталбаган Украина орус согушу, согуш деп аталбайт

да эми СО тигилер агрессияг каршы, биягы болсо согуш дебейт. Ошондо орус
президенти Украин деле мамлекети мурун болгон эмес деп жазып жатпайбы.
Анан биз мамлекеттүүлүктүн калыбына келиши жөнундө айтпасак, мына
казактардын дарегине айта баштады. Буларды да Советтер союзу берген
орустар, Өзбекстанга жалаң баш болуп.
Интервьюер:

  • Албетте, кечиресиз, Алмаз мырза биздин темабыз 1985-1991-жылдгы
    студенттик кыймылдар болгондуктан биз ошого кайра кайрылып келсек. Менде
    мындай суроо да, сиз активдүү катышуучу катары билебиз
    1985-1991-жылдардагы студенттик кыймылдар боюнча. Ушул мезгилде сизге
    таасир калтырган кайсы окуяны белгилеп кетесиз жана сиз турмушуңузда,
    карьераңызда ушул мезгилдер сизге кандай таасирин бердиби?
    Интервьюер:
  • Көп окуялар мага абдан катуу таасир этти. Анткени, айрыкча жанагы
    студенттердин жатаканабызда жашаган кыздарыбыз “Агайлар чыкпагыла,
    чыкпагыла” деп ачкачылык жарыялап аткандачы. Ошондо алар 1-2-кабаттан
    секирип түшүп, көк жоолукту башына таңып алып, аянтчада, университеттин
    астында турушту да. Студенттердин тайманбастыгы, эрдиги, уюшкандыгы.
    Окудан чыгарабыз деп коркутту да айрым агайларыбыз. Жакын санаалаш
    агайлар деле коркутту да “Ай, чыкпагыла, айт чыкпасын деп, окудан чыгып жапа
    чегип калбасын” деп эскерткендер да болду да. Коркуткандар да болду, бирок
    ошого карабай жаштар силер чыктыңар. Сөздүн чыныгы маанисинде ачкачылык
    жарыялардыңар да. Күнү-түнү дебей турдуңар. Экинчиден студенттердин
    провокацияга алынбаганы, чагымга алынбай мушташып кетип тигинтип-минтип,.
    Андан кийинки таасирдүү окуя бул Ош окуясы болгондо. Студенттер дагы катуу
    жаалданып чыкты да. Бирок, бир да студент бир да өзбектин.. эми шаарыбызда,
    конушубузда, айылыбызда эле жашап калышыт, эч кандай ыдык көрсөткөн жок.
    Болбосо жакын турган кварталдар, махаллялар бар экен. Биз ошол кезде
    аскердик сбордо болчубуз. Анча-мынча куралдар да бар эле ученияда турган.
    Аскер кийинген студенттер кирип келсек кандай болот эле? Жүз деген
    студенттер жүрөт тиякта, тиякта болсо кан төгүлүп атат. Анан кан кызыбай
    койбойт да. Кирип барышыбыз мүмкүн деп. Анткен да жаштарыбыз болду, кирип
    баралы деп. Бирок, ал биякка келип талкалайлы деген эмес, Ошко баралы,
    жардам кылалы деген. Эми вокзалда турган автобусту айдатып алып деле
    жөнөп кетсе болмок да. Ошол чагынга алдырган жок да. Таасир эткен окуя көп,
    бирок эсибиздеби дегенде.. Арменияда жер титирөө болгондо кан топтободукпу.
    Материалдык, гуманитардык жардам топтодук, бирок кан да чогулттук. Бирок,
    ошол “Комсомольский прадага” да чыкты. Чоң таасир этти. “Биз башка улуттун
    канын албайбыз, биз таза кандуу элбиз” деген армян студенттердин билдирүүсү
    катуу таасир этти да. Биз селт эте түштүк да. Бирок, алардын дагы чындыгы бар
    экен да. Кийинки чоң нерсе биздин жетекчиликтин көрөгөчтүгү дейинчи.
    Көрөгөчтүгү болду, муну моюнга алып ачык айтышыбыз керек. Тоскоолдук
    кылганы да болду албетте. Бизге студенттерге, интеллегенцияны жаман аттуу
    кылып түркүн жаман сөздөрдү айтканы катуу таасир этти да. Лучкович деген
    билесиңерби Верховный Советтин депутаттарды. Кыргызстандын прокурору тил
    жөнүндө мыйзам кабыл алып атканда абдан кемсинткен сөздөрдү айтты да.
    Кыргыздар, жанагыдай жаман оорулар менен ооруган эле, биз орустар
    айыктырдык дегендей эле айтып атты да. Ошолор катуу таасир этти. Биздин

турмуштук тагдырыбызга саясий иштерге эбегейсиз тажрыйба болду да
студенттик кыймылдарга катышканыбыз. Саясий билим алдык, саясий күрөштүн
жолдорун үйрөндүк. Анан кийин жогорку деңгээлдеги кызматтарга жетишип, биз
алар менен аралашып жүрдүк да. Бирок, буга баёо экенбиз. Себеби жанагы
Аскар Акаведин колун кысып ак калпагын кийгизип, тамашалап коем, ошондо
артынан эле кирип кетсек болмок экен, президент болуп шайлаганды болду эми
кеткиле дегенде. Кээде тамашалап күлүп калабыз. Себеби, ал киши аппараты
деле жок экен. Ошол мезгилде кошо кирип, бирден кабинет ээлеп калганыбызда
эрте чоң кызматтарга аралашып калмак экенбиз студент болуп окууну бүтүп
эле. Бирок биз анткен жокпуз. Себеби Үсөн Асан 3-курсту бүтүп атыпсыңар, буга
чейинкини эске албайбыз, 4-курсту каалаган жерден бүткүлө, юрфактан да
бүткүлө десе бирөөбүз да пайдаланган жокпуз да. Жулунбаптырбыз да. Баёо
деп атканып, токпейил, токтоо окшойбуз да. Ушундай окуялар болду, сыноодон
өттүк. Улут үчүн күрөшүүнүн сыноосунан өттүк, тажрыйбасына ээ болдук. Биз
үчүн жөн эле сөз эмес да: эгемендүүлүк, көз карандысыздык, элдин тагдыры,
улуттун кызыкчылыктары деген жөн эле китептен окуп алган же бирөөдөн угуп
алган абстракттуу түшүнүк эмес, биз үчүн конкреттүү, реалдуу көрүнүштөр,
окуялар жана нерселер да. Биздин боюбузга сиңген да. Мейли эми ошол жана
мамлекеттүүлүк позициясы бизде ошондон калган. Жарандык позиция, улуттук
кызыкчылык үчун өзүңдүн жеке кызыкчылыктарыңды өйдө койбогон же болбосо
өзүңдүн жеке кызыкчылыктарың, керт башың үчүн элдин, мамлекеттин
кызыкчылыктарын садага чабылбаган нерселер экенин көрдүк да. Башыбыздан
көрдүк да, болбосо окуудан чыгат экем, тигинтет-минтет экен деп чүмкөнүп
жатып алса десе ким бизди … Окуудан чыгып калабыз, чыкпайбыз деген
студенттер көп эле болду да. Силерге кошула албайбыз, кол кое албайбыз
дегендер да болду да. Эми аларды ким көчөгө алып чыгып алып сабайт беле.
Болду бардык, болбосо койсун, бирок жапырт көтөрүлүп атышты да. Эч кандай
тааныбаган балдар, дискотекага барганда эле таанышкан балдар-кыздарың
болбосо, көпчүлүгүн тааныбайсың да. Бирок, мен баланча истфактан келдим
ушундай маселе болуп атат деп жарым саат сүйлөшүп отурбай эле кыска
айтканда кол коюп, чыккыла деген жакка чыгышып, кайта бизге келип эмне
кылалы, каякка чыгалы деп атышты да. Демек баарында тең жанагындай,
энергия толуп турган экен. Ошол жаңы Аскар Акаев президент болуп шайланып,
эгемендүүлүктү калыбына келтирип, көз карандысыздыкты жарыялаганда элдин
энергиясын, эйфориясын, элдин деми жоргонун күүсүндөй болот да. Жаңылып
кетсе артта калып кетсе алдыга чыкпайт андан ошону созидательный абдан
жакшы пайдаланды алгачкы 5 жылда кийинки жылдарда. Тарыхчылар айта
албайт аны, мындй болгон экенбиз деп айта албайт да. История не имеет
сослагательного наклонения бул болсо эмне болот эле деп. Божомол гана кыла
алабыз да. Бирок, аны тарыхчы илимий негизде эч качан айта албайт. Бирок,
ошол факт, созидательный энергетика жаштардыкы, элдики — ишеним. Ишеним
бул чоң социалдык капитал да. Аябай чоң, эч кимге алмашылбайт. Анан дух,
дем. Мотивациясын жакшы пайдаланылбай калгандыгы бул факт. Анткени, бир
муундан ашык азыр 33 кө чыктык жетишкен ийгиликтерибизге карап,
кемчиликтерибиз дагы көбүрөөк. Ушул мен айтып аткан 3 нерсени: энергетика,
мотивация, духун пайдалана албай калганыбызды көрсөтүп турат да.
Интервьюер:

  • Урматтуу, Алмаз мырза. Бизге келип маек бергениңиз үчүн чоң ракмат.
    Ишиңизге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз! Чоң-чоң ракмат!