Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Амирбек Азамов

Амирбек Азамов

журналист

Изилдөөчү: Анда баштай берели. Биринчи сиз өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз. Сиздин атыңыз ким, кайда иштейсиз?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат.

Изилдөөчү:  Сиз ошо 85-90-жылдарда ким элеңиз? Эмне кызматта элеңиз?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат.  85-90-жылдары мен Кыргыз Мамлекеттик Статистика Коммитетинде түрдүү кызматтарда иштедим. Анализ, экономиканы талдоо. Анан 89-жылы Улуттук Телевидениеге өттүм. Коомдук саясий редакциясына комментатор болуп, экономика боюнча. Ал бөлүмдө иштедим анан Горбачевтук “Кайра куруу” экономикалык саясатты чагылдырып аттым. Кийин “Ала Тоо” редакциясын жетектеп калдым. Өзгөчөлүгү ал мезгилдин Улуттук Телевидениеге Умтул Шершеевна ошол Улуттук Теле Радио Комитетинин ошол  кездеги  төрөайымы Умтул Шершеевна жаңы кан жандандырайын дегенби, жаңы көз караш алып келеин дегенби бир нече журналисттерди сырттан чакырды. Биринчилерден болуп  Бекешов бир редакцияга. Мен болсо коомдук саясий редакцияга келип калдым. Ага чейин радиододо штаттан тышкары кабарчы болуп жүргөм, экономика боюнча. Телевидениеге анча- мынча чакырып калышчу. Анан гезиттерге бир аз макала жазып жүрдүм. Кийин Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан баштап президент Аскар Акаевтин инагурациясы ошонун баарына күбө болдук. Биринчи легендардуу парламентти түз алып көрсөтүүлөр, сессияны түз чагылдыруу, биринчи болуп ошонун башында чагылдырып аткандардын бири болдум Кыргыз Телевидениесинде. Дагы белгилеп кетейин СССР депутаттарынын акыркы сьездинде  КПСС акыркы сьездинде Кыргызстандан атайын кабарчы болдум.

Изилдөөчү:  Агай 85-жылы “Кайра Куруу” башталганда сиз Статистикада иштеген турбайбызбы, медиага тиешеңиз жок болчу ал кезде?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Медиага тиешем жок.

Изилдөөчү:  Бирок сиз, биз билишебизче ошол Ленинграддан окуп келгенсиз да, анан негизи ошол Россияда жүргөн жаштар билимдүү болгон үчүнбү, аябай жаңы нерселерди коомго алып келип эң алдыда жүрүшкөндөй болуп көрүнүп атат да. Мисалы үчүн ошол жакта эле окуп жүргөндө эле өздөрү кыргыз жаштарды топтоп алып, кыргыз гезиттерди ачып, журналдарды чыгарып. Анан баары бир Кыргызстанга караганда ал жакта эркиндик жөнүндө эртереек сөз болгон да. Ошол сыяктуу эсиңизде жокпу сизде 85-жылы “Кайра куруу” башталганда сиз кандайдыр бир Россиядан окуп келгендер жаштар биригип. Эркиндик жөнүндө элден эртерээк түшүнүк алып, ушул жөнүндө суйлөшүп баштагандар болду беле?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Биз студент кезде Жумагазы (Чон Аюу) Жусупов ошонун демилгеси менен “Ак кеме” журналы Самиздат.

Изилдөөчү:  Кошалиев дейсизби? Аны Кошалиев ачкан дейт э?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Көпүрө. Ал дегени ал кезде Ленинград менен Кыргызстан Ысык Көл ортосунда көпүрөө болсун деген максат менен ачып. Ошол жерде эгемендик жөнүндө ачык сөз болбогону менен түздөн түз биз Кыргызстанды кантип өнүктүрүү, кантип тил, ал кезде тил маселеси өтө татаал. Бишкек шаарда №5 мектептен башка жаңылбасам алтымыш биринчи мектепте Кызыл Аскердеги бир класс кыргыз класс болгон, ошол жерден Мелис Эшимкановтон ошол жерден окуган. Анан дагы бир интернат, биринчи интернат беле ошондо болгон кыргыз класс. Башка Крупская атындагы республикалык мектеп интернатта 70-жылдардан баштап кыргыз класс ачылган, кыргыз-орус класс. Шаардыктар үчүн №5чи мектеп болгон. Ошонун маселерин талкуулаганбыз, сөз болгон. Ал эми мындай жүргөндө аблетте Кыргызстан ал кезде бүгүн мисалы кийин көп адамдарды уктум Кыргызстан эгемен болооруна ишенгенбиз деп. Мен тилеке каршы андай адамдарды жолуктурган эмесмин. Ой бир күн, бир учурда болоор ошондой союздук республика деген сөздү көбүрөөк уктум. Мен ушундай жанымдагы балдар менен деле болчубуз да. Анан 85 жылы Михаил Сергеевич Горбачев келип кайра куруу башталгандан кийин деле эл ичинде анча деле жок болчу. Мисалы, адегенде өз алдынча алдык, эгемендүүлүк жөнүндө сөз болуп эмес. Адегенде экономикада өзүн-өзү камсыздоо, чарбалык эсептөө жөнүндө маселе көтөрүлгөн эркиндиктен мурда. Ошондон кийин чарбалык эсепке өткөн, ар бир республиканын өзүн- өзү камсыздоо маселесин биринчи болуп Эстониялык интеллектуалдары, Зиля Ливар,  Экинчи Литва, Латвиялар колдоп кетип. Ошолор таасир этип бизде Талгарбеков Бекболот ошол биринчи чарбалык эсепти жазып чыгып, айтып чыккан. Андан кийин кана маселелерди чарбалык эсеп жөнүндө дагы бир топ телевидениеде мен иштеп калганда,  ошондо бир топ сөз болду. Гезиттерде макалалар пайда болуп. Анан кийин менин байкашымча, менин көз карашымча ошол кезде 1987-жылы ЦК КПСС борбордук комитетинин пленуму. Ошол пленумда “Кайра Куруу, Перестройка, Гласность” деген көтөрүлүп чыккандан кийин андан кийин бир саясий жактан эркин көбүрөөк боло баштаган. Ошондон кийин “Огонек” деген журналда кадимки Виталий Коротов көтөргөн өтө көп материалдар, маектердин бири боло баштады окшойт. “Огонек” журналында баягы Сталиндик доордогу репрессиялар, куугунтуктоолор жөнүндө материалдар биринин артынан бири кетип, анан “Аргументы и Факты” гезитинен чыгып, өтө эле эл саясий жактан активдеше баштаган. Ага кошумча болуп “Известие” гезитинде чыгып аттыда, “Правда” эми ал саясий ал жерде деле мисалы, фамилиясын унутуп атамын бир аялдын каты чыгып кетип, ошондо каттуу жаңжал чыккан. Игорь Кузьмин Лихачевту Горбачев сиз  чыгардыңызбы деп 89-жылы       90-жылга жакындап калганда. Ошондо анан саясий кандай десем баш аламандык, ойгонуу, көп түрдүүлүк башталып кетти ошону менен. СССР эл депутаттарынын 5-сьезди болушу керек СССРдин конституциясынан 5-статья болушу керек, КПСС чечүүчү ролун алып салгандан кийин баягы канчыл болуп турган, нукка салып турган, тескеп турган бийлик жоголду.

Муну айрыкча бюрократтар, чиновниктер жакшы түшүнөт экен. Алар ошол запахты сезгенден кийин ошону менен СССРдин саясий кыйроосу же болбосо башы КПССти жетектөөчү ролду жоготкондон кийин, башка институттар түзүлбөгөндүктөн, мына ошондон кийин, анан баягы өз алдынчалык республикалар бөлүнүүшү жөнүндөгү процесстер тездеп турду. Балтика өлкөлөрүндө бул кыймыл күчөгөндөн кийин бизден жаңылбасам Жыпар Жекшеев жана башкалар барып ошо жака, көрүшүп анан келип бизде дагы күч ала баштады. Бирок анын алдында 88-жылы жаңылбасам Жумагазы Усупов ошол шарттарды алгач эмелерин түзүп балдарга англис тилин үйрөнгүлө деп ийрим катары көрдү да. 90-жылы барып жанагы алтынчы статьядан кийин Кыргызстанда биринчи парламент, легендарлуу парламент дагы эркин шайланып калды. Борбордук Комитет түзгөн тизме эмес, көп депутаттар өтүп кетти. Көп депутаттар өтүштү, жазуучулар өтө күчтүү блок десем деле болот бирок, блок түзүшкөн жок. Казат Акматов, Төлөгөн Касымбеков, Мар Байжиев, Камбаралы Бобулов. Саясатчылардын ичинде демократиялык блок түзүлүп 110-111 адам болгон. Ал блокто Сааданбеков, Абдыганы Эркебаев бар экен. Давно алар Борордук Комиттетин ошондо президентти шайлаганда сунуш кылышканда Абсамат Масалиев  баш тартып койгонда. Анан кийин муну көргөндө биздеги бириккенге умтулган адамдар демократиялык кыймыл деген нерсе менен Жогорку Кеңеште мына ошолор Кыргызстандын Социалисттик Москванын көзүн караган бийликтен өз алдынча өтүүсүн тездетишти. Абсамат Масалиев ага каршы болуп турганда, биринчи Түркмөн башы Сапармурат Ниязов өзүн президент жарыялап, Каримовтор келип, биз артында калдык ,Масалиев кылбай коюп. Шайлоо болуп, шайлоо бир аз бурмалап өткөндө ал жакта Масалиевтин бюлетендери жок кылынган, ал өзүнчө сөз. Ошол кезде Текебаев чыгып, башкалар чыгып өтө эркин кетти Кыргызстан ошондон анан мүмкүнчүлүк болду Аскар Акаевти шайлаганга. Албетте аракет кылышты бирок регионализм ойноп кетти, башка ойноп кетти, ал жөнүндө жазыла элек бирок фактылар бар, мен өзүм күбө болгом, өзүм көргөн фактылар бар. Ошол кезде Кыргызстан Демократиялык кыймылы түзүлгөн. Алар КДКнын биринчи сьезди Кыргыз Драма Театрында өтүп Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Мелис Эшимкановдор башкалар Жыпар Жекшеевтер бүтүн региондон келип, катуу эмеде шайлоосу болуп, Кыргыз Телевидениеси чагылдырып турган. Мен жана экөөбүз сүйлөшүп аткандай айтпадымбы гезиттерде, журналдарда оппозициялык көз караштар макалалар чыгып турган. Оппозиция каршы бийликти сындаган, коммунистерди сындаган ошондой бир окуяны айтып берейин. Мен “Ала Тоо” редакциясынын башкы редактору катары Шершеевна, Абдысалы Абдыкеримов Кыргыз Телевидениесинен төраганын орун басары, төрага болчу. Ошолор менен Кыргызстан Компартиясы Борбордук Комитеттин мүчөлөрү ак үйдөгү жыйындарга катышып калдык. Ошондо бир ирет катуу сөз болду да, анан Айбалаев, Марипов, Чыныбай Сыдыков бул эмне деген бизди оң, сол жактан баардык жактан бизди сындап атат. Эмнеге биз Борбордук Комитет өзүбүздү өзүбүз коргобойбуз, биз дагы чабуулга өтпөйбүзбү деп. Ошондон кийин кана коммунистер козголо баштады. Ошол кезде дагы кызыктуу нерсе, ал жөнүндө айтылбай жүрөт Социалистик түзүлүштү дейли. Социалистик түзүлүштүн коргоо маселесин эң биринчилерден болуп Экономика Илимдеринин доктору Кыргыз Мамлектеттик Университетинин профессору Керим Жунушов коргоп чыкты. Ал коммунист билесиздер. Чоң макаласы чыккан, чоң макаласы чыгып анда Чынгыз Айтматовдон чоң жазуучуну сиз баягыл мазмунун айтып атам канча жыл мурда болгон жанагы Социализмдин Коммунистик түзүлүштүн баардык жакшылыгын көрүп, баягы кенен сууга чөгүп кетип отурганда секирип капитаны калат деп, сиз ошону кемеден биринчи секирип атасыз деп, коргоонун ордуна аны оодарып, чөктүрүп жатасыз деген мазмунда чоң макаласы чыккан. Сүйүнбай Эралиев баш болуш керек 25 жазуучу, кыргыздын белдүү жазуучулары кат жазып, Айтматовду колдоп. Керим Жунушов Айтматовду түзмө- түз, түз диалогго келиңиз, келип экөөбүз талкуулайлы деген. Көрүп атпайсызбы ошондой жанагы плюрализм, сөз эркиндиги үчүн ушундай деңгээлге жеткен болчу. Кийин, мисалы ошол кишини консервативный, мисалы ошол кезге алып караганда. Баары бир Москвада кыйрап атат, ал киши коммунистик түзүлүштү сактап калабы деп эметип кылып аткан билбейм. Ошол макаласынан кийин телевидениеге чагылдырып ал киши менен эки бөлүктөн 41 мүнөт кенен  кылып. Анан бергенден кийин өзүм ойлодум да ал каяка кетип атат, түшүнүп атам бул мындай болуп атат деп кийин кандай болот деп. Бирок кийин берилди, ал жактан дагы берилди.  Башка көз карашта ошол кезде телевидениеде оппозициянын өкүлдөрү берилди , КДКнын өкүлдөрү эркин келип өз точка зрениесин айтып талкуулар өтө кызыктуу жүрүп атты. Анан ошонун деми менен 91-жылы , жаңылбасам, биринчи көз каранды гезиттер пайда болду. “Кыргыз Руху” Султан Раевдин гезити. Султан Раевдин гезити бир топ балансталган, этиятыраак алып барган, бирок дегени менен түрдүү чабуулга кабыл болгон. Андан кийин “Ленинчил жаш” гезити, “Жаштык жарчысы” деп кийин ал жерде төңкөрүш болуп Мелис Эшимканов түндүктөн түшкөн деп , ал жерде шайланып калгандан кийин, ал акырындап өзгөртүп, куруп өтө курч гезитке айланды. Ошондо айтайын ага нааразылык иретинде Өмүрбек Текебаев , ыраматылык Султан Жумагулов дагы бир топ журналисттер редакцияны таштап кеткен. Бул эч жерде жок да. Алар ачык позициясын билдирген да, анан алар барып жаңы ачылган “Эркин-Тоо” Тентимишов болушу керек ,дагы башкалар. “Эркин-Тоо” гезити чыга баштады. “Эркин-Тоо” гезити мисалы ошол кездеги премьер министр Чыңгышевди жана башкаларды сындаган макалар. Оппозиция деген чоң немеге чыккан. Мына ошондо көрүп атпайсызбы мына аябай накта демократиялык процесс ошол жылдары жүрдү. Кийин анан барып жанагы 94-жылы Аскар Акаевич парламентти кууганда, мыйзамсыз тараткан, мындай айтканда ошол мыйзамсыз тарантакандан кийин башталды  Жумагазы Усупов менен Топчубек Тургуналиев агай түрмөгө отургузулду. Кийин Замира Сыдыкова отургузулду. Замира Сыдыкова “Республика” гезити өтө күчтүү орус тилинде алып барып катуу сындалып атты. Аны менен Дастан Сарыгулов соттошуп атты. Кийин азыркы макалаларды карасам бир-топ Асаба 91-же 92-жылдагы Турдакун Усубалиев менен соттошкону да. Ал жөнүндө Усубалиевтин атын алып коюп соттошкону жүрөт да. Кийинкилер айтылбай. Ошондо жанагы менин абийириме шек келтирди деп 50 миллион сомго берип, 55 миллион сом менен бүткөн иш ушуну айтып койойун. Ал “Асаба” тил маселеси Усубалиев тушунда кыргыз тили это экинчи тил болуп турган мамлекеттик расмий тил баардык жакта орус тил болгон. Көргөн сайын жазган үчүн ошондо тиги киши чычалап сотко берген. Могул процесстердин баары ошондой, бирок алар жапа чегишпеди. Кийинки анан буроолор күчөп кетти. Бирок ошол процессти айтып коёйун баягы сын макалалар чыкканда алардын баардыгына райондук деңгээлде, облустук деңгээлде, республикалык деңгээлде өтө катуу жооп беришчү. Чычалашып баягыдай нерселер өтө гезит катуу сатылып алынып кетчү. Бул немени айттым тигил Советтер Союздун тушунда бийлик тушунда ал “Советтик Кыргызстан, Советская Киргизия” а түгүл райондук деңгээлге чейин гезиттерге бир жетекчилик сындалып чыкса, албетте биринчи райондук гезитте Райком пресс секретарьга тийчү, сразу, анан Райотком төрагасына. Областтарда ошондой, республикада дагы ошондой болгон. Калгандарда сындоо кеңири болгон ал жөнүндө заматта реакция болуп талдоо жүргүзүлгөн. Тилеке каршы кийин ал Аскар Акаевтин тушунда экен калып кетти. Жазсаң жаза бер, билгениңди биле бер деп коюшту. Анан жанагы биздин гезиттердеги ачыктык баштаганында дагы бир нерсени айтайын. “Известия” ЦК КПСС деген чыга баштаган. Ай сайын чыкчу чоң журнал мен жазылып алгам. Ошол журнал гезиттин бетинде        30-40-жылдагы процесттер, дүңгүрөгөн саясий процестер бүтүн чыгып атат. Анан Ричард Косолапов “Коммунист” журналын жетектеп келген, ал жерден укмуш материалдар чыкты. Анын баардыгы келип жанагы Кыргызстанда эркин басма сөздүн пайда болушуна саясий плюрализмде, башкаларда Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын түзүлүшү, башкалары ошол Москва тараптагы процесстер таасир этип анан бириккен. Ошого байланыштуу КДКнын сьезди болгондо Түркменистан, Өзбекстан, Таджикистан, Казакстандан бүткүл ал жактагы демократиялык кыймыл дегендерден жетекчилери келип биздикилер КДК ошол Борбор Азия, Казакстан боюнча көчтүн башында болчу ошо боюнча.

Изилдөөчү:  Ошондочу агай негизи сиз айтып атпайсызбы тетигил “Көпүрөдө” деле же ошол Союз кыйрагандын аягында деле бир көп маселелер көтөрүлүп жүрдү да, башталышы ошо болду да. Мисалы, сиз айттыңыз тил маселеси. Андан сырткары эң көп көтөрүлгөн маселелер кайсылар болчу, ошол кезде Коммунисттик гезиттер болобу же эркин гезиттер болобу ?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Мунун баары Горбачевтун 85-жылы бийлике келиши менен башталды да. Ага чейин бул маселелер бизден тил маселесин мисалы бир аз айтылчу. Албетте элдин баары билчү. Кыргыз тилинин начар абалы жөнүндө ал кезде ачык айтканы чыгып же болбосо бийлик эң чон оппозиционерге, мисалы, сиз айтып атасыз. Мен айтайын бул Чынгыз Айтматов эмес, Түгөлбай Сыдыкбеков болду. Чынгыз Айтматовдун китептери баары чыккан эч эмеси жок да, а Түгөлбай Сыдыкбековто “Көк Асаба” романы көп жыл чыкпай жаткан. “Сынган кылыч” чыкпай жаткан кийин чыгып. Кийин Көчмөн Сактанов Алай районуна барып “Ала Тоо” журналына бир макала жазып келген. Ал журнал чыккандан кийин дүңгүрөп калган аябайчы. Андан кийин ал киши Кочкорго барат дагы Кочкордо Кочкор районунун центринде бүтүн баары орус тилинде экен “Продается дом” деген кулактандыруу турат  деп жазганда улам журналды алып чыгып кеткенден кийин чыга электери бүтүн өрттөнүп жок кылынган Турдакун Усубалиевдин тушунда. Булар азыр айтылбай жүрөт. Анан Көчкөн Сактановду жумуштан кетиришип “Ала Тоо” журналында  тигил Шабданбай Абдрахманов болушу керек главный редактор, ал вообще доктурга түшүп Көчкөн Сактановду бошоткондо ал “Ала Тоо” басмасына карачу экен. Ал  кишини акылынан адашкан адам деп туруп, ошого жакын “жинди” дегендей кылып жазып. Ал Кыргыз Фильмге барганда баары көрүп алып күлгөн. Муну мага Көчкөн Сактанов өзү айтып берген ыраматылык. Анан карап эле күлөт дейт, эмне боду десем, сен эме турбайсынбы “жинди” депчи. Ал бул эме деп келет тиги “Ала-Тоодо” башкы директору орус киши болчу, кийин ЦКда иштеген десе “ай сен эгерде ошол сени антпей жазса, сен соттолуп кетмексиң”. Балким мен ошо интервьюда болсо керек, мен жазганмын “Азаттыкта”. Анан ошондон кийин издеп жүрүп Усубалиев тушунда басылып турганда. Бирок Түгөлбай Сыдыкбеков барып Жогорку Кеңеште ага “Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамотасын” бергенде албай койгон, залдан чыгып кеткен. Мындай эрдик эч кимде болгон эмес. Анан тил маселеси татаал экенин жазып турган, ал эми бирок ачыктан ачык жоок. Кийин жазылып атканда ага мындай эме кылышпайтта. Бул жөнүндө абдан жакшы Анатай Өмүрркановдун “Акыркы Залкарлар” деген китеби абдан сонун жазылган. Түгөлбай Сыдыкбековтун китептерин карасаңыз көрөсүз ал биздин тарых тиякта, башаты, тегибиз мындай болуш керек деген. Айтматовдон көп киши жазган. Айтматовдун бир гана авторитети бар экен, ошондуктан тил маселеси “Манас” аэропортун “Манас” деп атайлы дегенди барып туруп Москвадан айтып. Болду. Болбосо эсиңиздеби 90-жылы Алексей Адамович Горбачевту катуу сындаган Москвада сьезде Чынгыз Айтматов коргоп чыккан. Ал эми Черненко өлгөндө эл аралык коммунисттер кыймылдын көрүнүктүү ишмери өлдү деп, анын алдында Брежнев өлгөндөрү ачсаңыз табасыз. Ал киши мезгилине ылайакташылган адам болчу, кийин гана эме болбосо. Көк жал Түгөлбай Сыдыкбеков. Анан дагы 1969-жылы менде аты эси жок бирок ошол материал бар болчу американын журналы, саясий журналында улутчулдар деп Орто Азиядан Казакстандан Мухтар , бизде Нурбеков эмес, математик башка бир архитектор фамилиясы аталгандай, ошондой 2-3 адам улутчул деп аталган. Бул Америка. Ошол кезде бирок Грузия, Балтия, Кавказ өлкөлөрүндө, Москвада анда диссидентство күчтүү болгон, а бизде андай жок болгон. Диссидент деп жалгыз кана Түгөлбай Сыдыкбековту кошсо болот. Кийин Казат Акматовдор, Топчукелер алар  90-жылдан кийин 89-90-жылы уже жогорку процесс кетип аткандан кийин көбүп чыккан.

Изилдөөчү:  Агай ошол жалпы процесс деп айтып жатпайсызбы, мисалы үчүн тил маселеси, улут маселеси, жер маселелерди көтөрдү жаштардын үйү жок шаарларда, жер талаш болуп ошондой болуп. Анан сиз ошол 85-90-жылдары ушундай бир кыймылдар жөнүндө биринчи кантип уктуңуз, биринчи реакцияңыз кандай болду. Эмнелер эсиңизде бар, ошо кезде маанилүү окуялар кайсылар деп эсептейсиз?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Жакшы суроо экен.

Изилдөөчү:  Биринчиси кантип уктуңуз ушулар жөнүндө?

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Бизде эң ошол маанилүү окуялардан бири “Кыргызстан өзүнөн өзү багытта өсө алат. Биздин экономикабыз күчтүү, тигиндей” деп жазып чыккан мисалы экономикалык талаасында дейли, илим талаасында ошол Бекболот Талгарбековдун макаласы ушул болду деп ойлойм “Кыргыз маданиятынан” чыккан. Берки “Ашар” жагынан Жумагазы Усупов түзгөн кыймыл мамлекеттик агропром комитетинин ак үйдөгүчү, Айтматовдун эстелиги турбайбы ошонун ордундагы имаратта Айыл Чарба Министрлиги эле да, анан кийин бизде кайра куруу дайындалып өзгөртүүдөн башталат, мазмунунан эмес. Ошол жерден бир комната алып ошол жерде жаштар уюмдашалы тигиндей-мындай деп, Жумагазы биринчи ийримди алып жүргөн болот мени таң калтырганы. Жанагы Ленинградда жанагынтип жүргөндө Жумагазы түзүп жүргөндө айта кетейин бул мактаныч эмес. Кийин бир окуткан мугалимдердин биринен ал аял улуту Фин советтик эми, атасы 49-жылкы болуп калат да анан айтып калдым “Журнал чыгарып атабыз, 6-7-сан чыкты деп”. Амирбек мен сенден суранам барып айт, өзүнө барып айткын силердин араңарда жанагы баканооздор бар, жаны жоктор. Силер тизмедеги болочок келечектеги эмеңерге балта чабасыңар. Ал өтө жаман, мен көргөн адам катары айтам. Бүгүн али катуу бийлик деп, анан Жумагазыга айтып, кийин дагы факторлор болдуга дейм, Жумагазы Кыргызстанга кеткен ошону менен ал        6-7-сандан кийин Көпүрө токтоп калды. Дагы бир түздөн-түз болбосо дагы кыйыр болсо дагы бул сөздөрдү ачык айтат. Бул Жумагазыны аспирантурадан айдап жибериши мүмкүн. Аспирантурага кире элек болчу изилдөөчү катары жүргөн. Анан кийин 90-жылы кошумчалап кетейин Москвада “Ак Кеме” деген гезит ачылган аны Нарын Айып ачкан кыргыз тилинде кийин. Ал кезде уже жанагы ооздукту коюуп жиберген, Горбачев өлкөнү башкара албай калган учуру болчу. Кол жазма түрүндө, себеби мага дагы түшүндүрдү, силер андай басылып атсаңар жети нускада баягы гезит чыгарып атсаңар. Аны коопсуздук кызматында катталуудан  өтүшүңөр керек, катталуусу жок ошол замат отургузат. Эмне болду, айтор биз аман эсен бүтүп келдик. Анан эсте калган окуялар. Андан кийин КДК чыеты, Жыпар Жекшеев күчтүү оратор болчу. Ал сүйлөгөндө массаны кыймылга келтирип койчу. Ошондо Бишкекте Ленин районунун Компартия комитетинин имаратында алар менен жолугушуу болду. Ошо Каримов башында жүрөт “Ай балдар токтогула, тигиндей мындай!” – депчи. Булар чыгып алып аянтка барышкан. Ушул такыр жаңы нерсе болчу, жаңычы, бийликти укпай калк, анан кыргыз жаштары агылып кетип атат да бир күчкө айланып. Кийин барып-барып, кийин шайлоо болду, эң чоң менимче жанагы легендарлуу парламентке шайлоо. Ошондо Дооронбек Садырбаев, Котов деген депутат болду киностудия өзү иштеген, дагы кимдер бар эле. Бул баардыгы мынабу, баардыгы чыкканда, ал, эл дайындай эле эме болуп кетти могундай көз караштар. Ак Үйдүн алдында, азыркы Жогорку Кештин алдында отуруп турган мурдагы чоң ага чейин чоң митинг болуп, Жыпар Жекшеевтер чыгып, оо, ал жерде өтө катуу эме болду да. Ош окуясы кезинде го Ала-Тоо аянтында. Катуу митинг болуп, катуу сүйлөөлөр болду, бийлик болсо отставкага кетсин, кызматтан кетсин деген да. Сөз узун болуп кетти айта берейин. “Ала-Тоодо” главный башкы редактор саясий баяндамачы болчумун “Ала-Тоодо” башкы редактор текст жазып кыргызча, ошондо кырдаал татаал туруп, ошондой кезде саясий жетекчиликти алмаштыруу туура эмес болор тигиндей десем. Текст жазып, аны орус тилине которуп үч жолу окуду түз эфирде телевиденеден. Ошондо эртеси күнү барсам аянтта жанагы Мүлкүбатовага, Талгарбеков деп айтышып атпайбы, ай Анмирбек сен биз демократтык көз караштар десек, сен такыр консервант турбайсынбы, мен жалпы кырдаал деп ойлодум болбосочу. Өтө катуу эме болгон. Кийин КДКнын сьезди деле ошондо болду КДКнын сьезди бирок ага чейин шайлоо учурунда көрүп калдык да э, анан барып тил маселесин киргизгенде ошондо Масалиевтин кесе айтып орустаргачы. Айтканы бөлөкчө болду окшойт. Ага чейин 19чу Партконференцияда Кыргызстан Компартиясынын 19чу партиялык конференциясы болуп сьездин деңгеелинде болушу керек. Ошол жерге барганда бир топ адамдар шайланбай калганы, анан  ошол жерде мисалы Жеенбеков, ыраматылык Топчубек Тургуналиев ушулар менен пикирлешкен кезде, жанагы ачый баштаган экен да, айран ачый баштаган, уже чарадан аша турган учуру экен. Ошолор болду, андан кийин барып жер басып алган болду, жерди басып алганда албетте менин көз карашым такыр тескери болду. Масалиев ошондо барып туруп Көк-Жар жакта айланайындар койо тургула, кийин пландап жер беребиз деген да Топчу, Жыпар Жекшеев Топчукеге барып, ой жок азыр ,азыр дешип басып кетишип, ошондон жанагы мыйзамды мен өзүм билем өтүгүмдү төргө илем деген. Биздеги маанай такыр көзгө илинбей турат, ошондон башталды, ошо кезден башталды. Жер алуу, басып алуу ошол жерден башталды.

Изилдөөчү:  Улуттук маселе айта кеттиңиз го Ош окуясын. Ош окуясы боюнча айткандачы мисалы үчүн Караколдо Ош окуясына колдоо  катуу болгон да. Караколдун студенттери жыйылып анан ошол жактан акимиаттан самолоет алып Ошко учуп барып келишкен. Алардын сөзүн угуп берген да.

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Караколдон учушту беле?

Изилдөөчү:  Оба. Каракол, Прежевальскийден мен ал жакта окучу элем. Ошол жакта студенттер топтолуп ректоратка барып, митинг кылып, анан акимиаттан киши чакырып, анан алар самолет беришкен. Самолет менен барып келишкен.

Амирбек Азамов: Мен Амирбек Азамов, азыр пенсионермин. Эркин журналист деп айтышат. Ошо, эл толкуп аянтка чыгып, биз Ошко барабыз деп жибергиле  . Медеткан Шеримкулович Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Секретары “Ай балдар азыр болбойт ” – деп тетиги Дзержинкада аэропортту карап кетип атканда, ал мындай жүрүп кийин алар кайра келишип ошентип турушкан. Турушкандан кийин азыр сиз айткандай Ошко барам дегенде азыркы премьер министр өкмөт башчы Акылбек Жапаров Политехникалык Университеттин үчүнчү же төртүнчү курсу болушу керек. Комсомол комитетинде экен, дагы бир башкалардын фамилиялары эсимде жок кийин алар белгисиз болуп кетти. Бирок Акылбек Жапаров премьер министр ошол канцелериияга келип Борбордук Комитеттке киргенден кийин, аларды бир самолетко салып туура Ошко кетип атканда Бишкектен Ошко алар барышкан башкалар мененчи. Ошко барышып ошол маалда барганы менин эсимде. Бул Ош окуясы эми башталып жатканда болушу керек Ош окуясы башталгандын алдында жанагы Ошто кыргыз жаштарга жер бергиле деп жүргөн КДКнын адамдары барган Казат Акматов ошол жерде жүргөнүн так эсимде. Кийин катуу окуя маалындагыны Ала-Тоодо биз күнүгө жаңылыктарды укчу элек. Өтө катуу болду. Биз кыргыз тараптары. Мисалы Кыргыз Телевидениеси алтыдада баштайт беле же беш ээлүүдөбү эфирге чыга баштаган ошонун алдында брифинг болчу жаңылыктар. Анан МВД кандай берсе биринчи жолу ошондой берчибиз, анан Шеримкулов көзөмөлдөйт эле. Биз өзүбүз биринчисин ал кишинин макулдугу менен кетти окшойт. Анан кийин бир күнү эле бул эми башталды чатак болуп атат анан ал келгенде баякы өзбектен жапа чекти деген кыргыздар жөнүндө маалымат жок экен. Азыраак көрсөтүлгөн экен. Анан келсем Сабира фамилиясын унтуп атам Кыргыз Телевидениеде диктор болчу, телевизордон түз эфирде телефон звонит этип чыңгырап эле калды, ай мен эмес, мен эмес, азыр агайга берем Амирбек Асановичке берем деп, анан эмне болуп кетти десем, ай силер билесиңерби бизде мындай өлүп атат, баланчадан өлдү, мынчадан өлдү, а силер өзбектерди гана айтып атасыңар. Сабирага айтыптыр “Мойнуңду жулуп алам силердин!” – деп, ушундай деген экен. Анан ошондон кийин баланстап келген, мынча адам өлдү деп көрсөтүлбөйт экен деп. Кийин Шеримкулов дагы келип  ал киши өтө этият адам, ошондон кийин жанагындай эмеден кийин анан, биз баягы редакцияга бир топ жылмалап бере баштадык. Айтып койойун бир нерсе ошол Москвада сьезд учурунда “Известия” Москва гезиттери  чыкынчылык кылды деп айтса болотта. Азыр “Литературная газетада” азыр эсимден чыгып атат, башка редактор Ошто ушундай болуп 38 өлкө көргөн кыргыздардын саны көрсөтүлбөй аз болуп калган. Ушундай деген макала чыккан. Андан кийин мен Москвага барып калганда “Литературный газета” гезитинин башкы редакторун кармап силер могундай бир тараптуу берип жатасыңар, эмне үчүн Кыргызстан тараптын превышениесин, туура маалымат могундай болгон, чындык могундай деп материалды ошол кезде эл депудаттардын төрагасы Үсөн Сыдыков ушунун жазган катын жарыялабай койдуңар, тигиндей деп кайрылсам, ой ушундай беле деп Федоров беле фамилиясын азыр эстей албай жатам, эсимен чыгып кетиптир. Ошентип бирок ал бербей койгон “Литературная газета” бир тараптуу кылып чагылдырып коюп. Андан кийин Шеримкулов кийин келип мага айтат, Амирбек барып сурасаң, эмне үчүн ал жарыялабады. Карабайсызбы ал киши өзү барып сураса болот эле, жок эмне үчүн жарыялабады деп баягы неменичи. Ошол эсимде калды. Өтө бир тараптуу чагылдырылган.