Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Арзыбаев Тыныстан

Арзыбаев Тыныстан

тарыхчы

А: Саламатсызбы Тыныстан агай. Биздин 85-91-жылдардагы Кыргызстандагы коомдук демократиялык кыймылдар жөнүндө изилдөөбүзгө катышууга макулдук бергениңизге чоң рахмат. Алгач өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз жана 85-91-жылдары эмне менен алектенчүсүз?

Т: Ассаламу алайкум, Азамат, рахмат сага ушинтип пикир алышалы дегениңе. 85-жылдары мен мектепти бүтүп, райондо комсомол уюмунда иштеп жүрдүм. Андан кийин 87-жылы Ош облусунун комсомол уюмунда иштедим. Союз бизди бир калыпта гана алып жүрчү. Билим алып, жогорку окуу жайды кызыл менен бүтүп, Коммунисттик партиянын айтканын баарын кылсаң жакшы болот, мамлекет сени камсыздайт деген түшүнүк менен чоңойдум. 89-жылга чейин ошол уюмда иштедим. Ошол жылдары аябай чоң өзгөрүүлөр болчу. Биз мамлекет не тапшырма берсе, ошону аткарчубуз. 85-87-жылдардагы кайра куруу бизге аябай бүдүк салган нерсе болду да, баары тең болушу керек деп. 89-жылы өзгөрүүлөр чегине жетип, жаштардын аң сезими өзгөрө баштады. Улуу муундагылар КПны эле жактап жүрүшчү. 

А: Ошол жылдардагы комсомолдук уюмдар эмне иш алып барчу эле?

Т: Союз мезгилинде жакшы жактар дагы көп болчу. Силер жомок катары угуп калдыңар. Биринчи октябрят, анан пионер, комсомол болчу да. Комсомол менен партияга өтүш азап эле. Комсомолго өтүү үчүн 72 уставды жатташ керек эле. Мен 3 күн уктабай жаттагам. Райондук комсомол комитетинде 7-8 киши комиссияда отуруп, суроолорду берип, жанагы уставдардын бирөөсүн эле билбей калсаң өтпөй калчу. Мен уктабай жаттап, комсомолго өткөндөн кийин башкача сезим болуп калат да. Пионерлер, тимурчулар болчу. Комсомолдун жоопкерчилиги чоң болчу. Мен комсомол уюмунда иштеп калганда, парторгдор бүт баарын комсомолго жүктөйт эле. “Азыркы жаштарга силер жол көрсөтпөгөндө, ким көрсөтөт эле?” дейт эле. Караев деген парторг мага “Сен жашсың, сен комсомолсуң, чабан-сакманчыларга бар, ошолорду шыктандыр” дечү. Ошентип койсо, эңиреңдеп кетчүбүз. Сакман, пахта тергендерге барып, аксакал айткандарды айтчубуз. Жакшы иштегендерге 40 сомдон кошумча сыйлык берилчү, 40 сом чоң акча эле. 

А: Сакманга жаштарды комсомол тартчу эле да?

Т: Агитация кылчубуз. 

А: Жаштардын кызыгуусу кандай эле ошол жылдары?

Т: 85-жылдары жакшы кызыгуу болчу. Мектепти бүткөндөн кийин 1 жыл практика кылып, анан окуу жайга тапшыруу деген түшүнүк бар эле кээ бир жерлерде. Мен журналистистикага тапшырарда 1 жыл чабандар менен жүрүп, жазган макалаларды альбомго чаптап, көрсөтмө курал кылгам. 87-88-жылдары комсомолдо иштөө кыйын болгон жок, себеби, мурда чабандар менен иштеген үчүн. Кытайлар Ата-Мекен дегенде жанын берүүгө даяр го, бизде да ошол сыяктуу болчу. Азыркыдай Москвага барып иштейм, ошол жакта калам деген нерсе жок эле. 

А: Кийин сакманга барбайм деген жаштар болдубу?

Т: 86-жылдары болгон эмес, 90-жылы болду. Бүт союзга дүң болду. Сентябрдан кар түшкөнгө чейин пахтада жүрчүбүз. Окуу менен иш экөө эриш-аркак болчу. Биринчилерден болуп Текебаев барбай койду, окуучула окуп билим алышы керек деди. “Ушундай дагы болобу?” дегендей суроо болгон. 

А: Комсомолдук уюмдарга иштеп, кийин карьера кылууга болчу да?

Т: Бизде Ноокен районунда окууга өтпөй калган 28 кызды чогултуп, саанчылар бригадасын уюштурган эле. Ошондой бригада кылууга кызыкчубуз. Шарт түзүп, планы дагы коюлчу. Иштеген эмгегине жараша акысын төлөп берчү. Кечкисин дискотека болчу, жашпыз да, ошого кызыкчубуз. 

А: Университетке өтүүдө коррупция болчу беле?

Т: Тааныш-билиш деп угуп калчумун. Жеке өзүмүн башынар өткөн жок.

А: Ошто комсомол уюмунда иштеп калыпсыз. Ошол убакта жаштар арасында коомдук абал кандай эле?

Т: Ал жылдары коомдук абал кыйындай баштады. Бишкекте коомдук кыймылдар түзүлүп, анын шамалы бизге да жетчү. Ош окуясында өзүм да аралашып жүрдүм. Анын себеби жер болчу. Мен дагы жер алам деп жүрдүм. Негизи, ал убакта деле автономиялуу облус болуп бөлүнчү. 90-жылдагы Ош окуясы көп маселелерди ачты да. Жер бөлүштүрүүдө өзбектерге да бөлүнгөн. Ошол нерсени саясат кылып ийишти деп ойлойм да.

А: Ошто жер маселеси жаштар арасында кандай эле?

Т: Аябай оор болчу, азыркыга чейин оор. Ошол убакта байкап калчумун, кээ  бирлер үйдүн бир этажында, башка убакта башка этажында жашашчу. Алар балдарына да үй алууну каалаган экен да, баарын бир этажга батыра албайсың. Социалдык көйгөйлөр, жарылбай келаткан ички маселелер Ош окуясынын болушуна шарт түзүп берип койду да. 

А: Ошто кандай жаштар уюмдары бар эле ошол убакта?

Т: Мен анча билген эмесмин. Бирок, Алай, Араван жактарда бригадалар бар эле. Өзгөндө майдын аягында чөп чабык башталарда бригадалар түзүлчү жаштардан турган. Алар барган жеринде иштеп, эмгек акыларын алышчу. Борборго жакын жердегилер заводдо, айылдагылар чарбада иштешчү да. А партия, коомдук кыймылдар түзүлгөн эмес. 

А: Ал убакта эгемендүүлүк, мамлекеттик тил маселелери көтөрүлө баштаган го, комсомол уюмдары ошону кандай кабыл алды?

Т: Чынын айтканда, мамлекеттик тил анча эске алынган эмес. Ооба, 89-жылы кабыл алынды. Бирок, жөн эле жел сыяктуу болду да. Баягы эле орус тили басымдуулук кылчу.

А: Кайра куруу жылдарында комсомол уюмдарында демократиялашуу болдубу?

Т: Болду десек болот. Горбачев кайра куруу деп жаштарга басым жасаган да. Аны биз түшүнгөн деле эмеспиз. 87-жылдары аң-сезимге бир аз, бир аз кире баштады да. Мисалы, бригадада баары, иштегени, иштебегени деле бирдей болчу. А кайра куруу жылдарында өзгөрүүлөр болду. Жаштарга атаандашуу жакты. Бригадалар болчу дебедимби, ошолордо эптеп жүргөндөр жоюла баштады. Иштесе тиштейт деген идеология жүрө баштады. Демократиянын учкундары пайда болду. 89-жылдардан баштап, окуучуларды пахтага алып чыгуу туура эмес деген сөздөр айтыла баштады. Сен айттың го, кыргыз тили кандай эле деп. Биз аны жакшы кабыл алдык, бирок, орус тили басымдуулук кылды. Мен 91-жылы подготовительный курста окуп, 92-жылы 1-курска кирдим. Билим берүүгө өзгөрүүлөр кирди. Бакалавр, магистр деген ошо 91-жылдан башталды да. Тесттер жаңы киргенде, бизге чоң жаңылык болду. Мурунку аңгемелешүү системасы менен айырмасы чоң болчу. Азыр болсо аңгемелешүү дагы керек го деген ойлор келе баштады. Бизде почеркиңе, сүйлөгөн сөзүңүн маанисине карап баа коюлчу да. А тест киргенде баарыбыз жыргадык.

А: Эгемендүүлүктү кандай кабыл алдыңыз?

Т: Эгемендүүлүктү кош колдоп кабыл алдык. Мектепте “Кыргыздар сабатсыз, 17-жылдан бери сабаты жоюлду” деп билчүбүз. Ары жагын билчү эмеспиз. Ошондо деле, элдик оозеки чыгармалар жашачу. Менин чоң атам “Кыргыздарды Манас Эне-Сайдан көчүрүп келген” деп айтчу, биз “Аа” деп калчубуз, источник жок эле, аны окутчу эмес. Эгемендик алган жылдан баштап эле өзүбүздүн тарыхка кызыгуу башталды. Анвар Байтур менен Белек Солтоноевдин китептерин алып окуп башташты. Мен окуп, сүйүнгөм да. Анвар Байтурдун кытайлык кыргыздар тууралуу 2 томдук китеби чыккан. Анда кыргыздар тууралуу жазылган эле. Биз үчүн бул ыйык жана күтүлбөгөн нерсе болду. 

А: Маек үчүн чоң рахмат, Тыныстай агай!