Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Атантай Акбаров

Атантай Акбаров

Акын

Интервьюер:

Өзүңүздү тааныштырып баштай берсеңиз болот. Азыркы жана 1986-91-жылдар жөнүндө.

Атантай Акбаров:

Менин атым Атантай Акбаров, акын, КРнын эмгек сиңирген ишмери. Мен “Эсимдеде” кыргыз улутунун демократияга умтулуусу, ар кайсы доорлордогу кыргыз элинин азаттык үчүн болгон күрөштөрү, элибиздин эгемендикке жетишиндеги инсандардын кошкон салымы жөнүндө издеп келесиңер. Мен бүгүн негизи Казат Акматов жөнүндө сүйлөп берейин деп келдим. Силер берген суроолор боюнча 1986-жылдан берки 1989-жылга чейин деп атасыңар, бул маалда кайра куруунун шарданы менен мен анда башында райондук гезитте иштечүмүн. Андан кийин гезиттерде иштеп «Асаба» гезитинде иштеп калдым. Кайра куруунун, Горбачевдун «ачыктык» деген саясаты менен СССРдин маалында биздин түшүнүгүбүздө кандайдыр бир демократиялык коом курулат экен, Москванын башка улуттарга болгон борборлоштурган башкаруусу азайып жер-жерлерде элдин өзүнүн азаттыгы, укугу жөнүндө бул маселе кеңейт экен деген түшүнүк бар болчу. Гезит беттерине жазган макалаларыбызда ошол багытта иш алып барып жүрдүк. Ал Прибалтика өлкөлөрүнөн башталып, Грузияда дагы улантылып, атүгүл Казакстанда «Азаттык», Өзбекстанда «Бирлик» уюмдарында сөз болуп аткан. А бирок, бизде Кыргызстанда ошол убакта Прибалтика өлкөлөрүндөй ачык айтып чыгуу жок болчу. Ошол үчүн бизде Москвадан бир кабарчынын «Белгисиз өлкө» деп дагы жазып ийгени болгон. Ошондо окуялар, кантип башталган, биздеги демократиялык кыймылдардын кантип башталганы Казат Акматовдун китебинде жакшы жазылып турат. Ошол үчүн толук кайрылып отурбай, өзүмдүн пикиримди айтайын. Ошентип бизде дагы демократиялык кыймылдар башталып кетти, ошондо Казат Акматович өзү эскерип айткандай Казат Акматовго Эркебаев менен Асейин Исмаилов келип биз белгисиз республика болуп отура беребизби деп Эркебаев айтып ошондон кийин башталгандыгы көрүнүп турат. Ал дагы топуланып, Төлөмүш Океев, Бексултан Жакиев дагы башкалар кошулуп кийин бара-бара КДК ны түзгөндөр Жыпар Жекшеевдер, Жумагазы Чоң аюу, кошулуп айтор элдик демократиялык кыймылдын мүчөлөрү демократияны баштаган аракеттер, күчтөр болгон да. Эл арасында журналисттер, башкалар деле жазып жүргөн, бирок алар тиги коомдой болуп уюм түзө алган эмес, колдоп турушкан. Тигилерде уюмдун күчөп кетишине коом түзөбүзбү же партия түзөбүзбү деп турган маалда Өзбекстандагы түрк месхеттердин согушу болуп кетип, түрк месхеттер мезгилинде бир кылып мурда Грузияга келип, Өзбекстанга келип туруп калган экен. Ошолорго бизден жер берет деп, Бах көчөсүнүн башында түрктөр турчу, ошолорго улай жер берет экен деп таңшаң жүрүп кетип ошондо кыргыздардын өзү чын эле өзүнүн жерине кире албай жүрчү да. «Прописка» жок деген маселе менен ишке дагы алчу эмес, үй да ала алчу эмес, өзүнүн шаарына өзү кире албай жүрчү да. Жаш адис деген ат менен эле, биздин заводго иштегени келди деген шылтоо менен эле орустар, башка улуттар биринчи батир алып кетчү дагы, кыргыздар кокусунан жумушка кирип иштеп калгандар деле, 50 жаштан өтүп калганда деле баласы жатаканадан үйлөгөндөрдү көргөм. Ошентип, өзүбүздүн жерибизде экинчи сорт болчубуз да чынын айтканда, бардык маселелер Москвада чечилчү. Биздин демократиялык мезгилге чейин мындай карасаң кыргыз элинин азаттык үчүн күрөшкөн адамдары көп болгон, Манас атабыздан баштап эле кыргыз мамлекетин түзүп Орто Азия элдерин, түрк элдерин бириктирген эмеспи. Ошондой эле биздин репрессия убагындагы атылып кеткен, кийин Ата-Бейитке көмүлүп кеткен аталарабыз кыргыздын өзүнчө өлкөсү, мамлекети болуп калса экен, элибиздин келечеги болсо экен деп мындай караганда күрөшкөн адамдар да. Аларды туранчы деп айтор репрессиялап жиберишкен. Анан бизге демократия бизге жөн жерден эле келип калды деген болуп калды. Андай болгон эмес, кан төгүүсүз болгону менен нараазычылыктар күчөп отурушу менен элибиздин азаттык болушуна алып келди да. Анын ичинде «Ашар» коому аркылуу, Жыпар Жекшеевдер аркылуу жер бөлүнүп берилип, өзүнө ага чейин үйү жок жүргөндөр ага бийлик уруксат бербесе дагы жер бөлүп алышып, басып келгиле деп дагы кыргыз милитинде дагы жер жок да. Алар дагы жер өлчөп алышып, алардын башында Казат Акматовдор туруп, бийлик менен кагылышуу болуп кетпесин, жөн жерден кан төгүү болуп кетпесин деген акыл-эстүүлүк менен башкарышкан. Бул демократиялык кыймыл президенттер шайлана баштаганда Чыңгыз Айтматовду президент болуп бериңиз деп кайрылышкан. Айтматов өзүнүн макулдугун берген эмес, бирок депутат болуп жүрөт Аскар Акаевди колдосоңор кандай болот деп, демократиялык кыймыл колдоп Аскар Акаевич президент болгон да. Анан кийин ал жашоодо ушундай болот эмеспи демократиялык күчтөр кайра президентке каршы чагымчылык жүргүзүп, Акаев ошол мезгилде КДК чылар туура эмес жолдо баратат дегендей айтып, ушундайлар болгон. Мен Казат Акматов жөнүндө көбүрөөк токтолгум келет. Казат Акматович мурда өзүнүн «Мезгил» романындагы Үркүн деп коебуз го, ошол маалдарда орустардын кыргыз жерин басып алышында ошол доорду сүрөттөп, мындай карасаң эне дейт бир кызын жүккө ороп жыйын салды дейт да. Ошого жетишип калды, а бир кызын казак орустар сүйрөп чыгып зордуктап, дарга асып кетишти деп атпайбы. Бул оруска каршы жазылган чыгарма деп, партиядан чыгаруу маселеси коюлуп, кийин драмалар аркылуу дагы, күрөшчүл киши да Казат Акматов, анын көкүрөгүндө азат менен арманында деле кыргыздын өзүнчө эгемендигин издөө, эңсөө, башка эгемендик бербей аткан күчтөр менен күрөшүү маселеси көкүрөгүндө уюп келген. Ошол үчүн демократиялык кыймылдан башында биздин ошондой демократтар койгону бекеринен эмес да. Биринчи омбудсменибиздин атын унутуп атам, Турсунбек Акун дагы Казат Акматов жөнүндө «Казат Акматов — демократиянын атасы» деп атаганы бар. Бул да бекеринен эмес. Чынын айтканда, бул китебинде жазып атпайбы (колунда «Мезгил» романы»): «Эгемендикти мен өз акылым менен өзүмдүн колум менен жасаштым», — депчи. Анысы кызылдай чындык. Биздин сөз болуп кеткен Эркебаев, Жекшеев, Чоң аюу, Топчубек Тургуналиев, Мелис Эшимканова дагы кошулуп жүргөн.

Интеллигенттер, анын ичинде жазуучулар кыймылга баш болуп беришкен да. Андан кийин Чапрашты сыяктуу интеллигенция эмес, башка чөйрөдө жүрсө дагы кыргыздын көкүрөгүндөгү арманын туйган жаштар демократиялык кыймылдан болуп кетишине чоң салым кошушкан да.

Интервьюер:

Атантай мырза, менде мындай суроо жаралып атат. Сиз айтып кетпедиңизби, социалдык жана улуттук көйгөйлөр жөнүндө. Деги эле Совет доорунда кыргыз тил маселеси болобу, прописка, үй, жер маселеси болобу деги эле уюмдарга сиздин кошулуп калганыңыздын башкы мотивацияңыз эмне болду? Сизде ушундай көйгөйлөр болдубу? Улуттук маселелерде запкы көргөн, жер, үй маселесинде запкы көргөн учурларыңыз жөнүндө.

Атантай Акбаров:

Жазуучу деген өзү мындай караганда элдин таламын талашкан киши болот да. Чыныгы жазуучу ар дайым эл менен элдин тарабында турат. Бийликтин туура жагын көрүп турат, колдошу мүмкүн мобу жагы туура деп. Ал эми элге карата туура эмес мамиле, мамлекетти ыдырата турган маселе кетсе сөзсүз сындайт жазуучулар. Менин биринчи аралашканым 1989-жылы кыргыз тил маселеси боюнча кол топтогонбуз кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калсын деп. Ошондо аралашып калдым, ошондон кийин анан гезитте иштеп баштагандан кийин ошол багытта элдин таламын талашып, келечегин көздөп макала жазып жүрдүм да. Учурунда катышып, бирок жер албай калган кишилердин катарындамын мен. Негизи элибизге, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө демократиялык кыймылдын ролу зор да. Көпчүлүк көкүрөгүндө жүргөн, бирок ошону айта алган эмес, бириккенден да корккон, КГБ аңдып эки адам сүйлөшсө деле жазага тартып, кызматтан кетирип ушундайлар болуп жүргөн. Ошол үчүн бул элибизге аябай пайдалуу болду. Кыргыздын канында эгемендикке умтулуу, азаттыкка умтулуу бар. Манастан баштап эле чыгармда болобу, тарыхый инсандарыбыз болобу көп өзүнүн башын кыргыздын келечеги үчүн, элибиздин бактысы үчүн, мекенибиз үчүн сайган учурлар абдан көп болгон. Анткени, биздин элибиз багынбас эл да.

Интервьюер:

Кыргызстан Демократиялык кыймылы же ошол учурдагы уюмдарды колдогон коомдук лидерлер жөнүндө айтып бересизби? Мисалы үчүн сиз Казат Акматов жөнүндө айтып бердиңиз го, андан башка дагы кайсы жазуучулар кыймылдарды колдогон же Казат Акматов бул кыймылдарга кантип келип калды? Казат Акматовду ошол расмий КДК түзүлгөндөн кийинки тең-төрагалардын бири катары тааныйбыз. Деги эле жазуучуларды өзүңүз акын катары бул кыймылдарды колдошу жана колдобошу жөнүндө айтып бериңизчи

Атантай Акбаров:

Бизде Эркебаев деп атпаймынбы, ал сынчы катары Казат Акматовго келип атпайбы. Кийин легендарлуу парламентте Касымбеков дагы, Мар Байжиев жүрүштү. Кыргыз тил деп кыйкырып Камбаралы Бобулов жүрдү кыргыз тил коомунун төрагасы болуп. Бирөө парламенттен орусча аралаштырып сүйлөсө эле кыйкырчу: “Кыргызча сүйлө!”. Биздин жазуучулар баары эле кыргыз тили, өлкөбүздүн укугу, эгемендик үчүн ар биринин салымы бар да. Айтматов деле карасаң өзүнүн чыгармаларында маңкурт идеясы болобу, башка болобу баары бир элибиздин эгемендигин көздөп атат да. Ошол үчүн биздин жазуучуларыбыз сөзсүз эл тарабында, элдик көйгөйлөрдү кантип чечиш керек ошол маселелерди ойлоп келишкен да. Бизде кийин Анатай Өмүрканов көп колдоду. Шайлообек Дүйшеев “Кайдыгерлик” деп жазды. Эсенгул Ибраев тил боюнча жазды. Иши кылып көп эле акын жазуучулар өзүнүн атуулдук парзы катары туюп жазышты да. Бул азыркыга чейин эле токтобой келатат. Анткени, бизде көйгөйлөр дагеле бар. Дагы эле кыргыз улутунун биримдиги жөнүндө. Мен өзүм дагы улуттук идеология жөнүндө жазам да. Кыргыздын бөлүнбөй бир жалгыз мамлекетибиз, элибиздин келечеги үчүн баарыбыз бир туунун астында турушубуз керек деген идеяларды жазып келем.

Интервьюер:

1986-90-жж тууралуу сиздин эмгектериңиз барбы? Демократиялык уюмдар, улут, социалдык көйгөйлөр жөнүндө.

Атантай Акбаров:

Мен ал жөнүндө гезиттерде көп жаздым. Анын ичинде “Асабага” да жаздым. Ырларымдан азыр эстей алар бекем, “Улуттук идеология” деген ырымда:
Кыргыздар бирин-бири колдош керек!
Кыргыздар бирин-бири коргош керек!
Кыргыздын кош кареги-Түндүк, Түштүк,
Кыргыздар Авель, Каин болбош керек!
Кыргыздар бирин-бири сакташ керек
Кыргыздар бирин-бири сатпаш керек,

ушу унутуп атам көп жерлерин, негизи Тыныстанов жөнүндө дагы айтылган аягында келип,
Бар болгун, бай бол, бир бол
Бар болгун, бай бол, бир бол
Жанымды сага таштайм, өлбө кыргыз!
Мекенге деним кошом, тепсетпегин! — деп бүтөт ушул ыр. Көп жыл мурда жазылганга унутуп атам.

Интервьюер:

Атантай мырза, 1986-91-жж көптөгөн демократиялык уюмдар пайда болуп атат Кыргызстанда, алардын башкы талаптары сиз айткан социалдык улуттук маселелер да. Бирок, алардын арасында эгемендүүлүк, азаттык жөнүндө сүйлөгөндөр болгонбу? Биринчи жолу ким эгемендүүлүк жөнүндө сүйлөп баштаган же СССР курамында демократиялуу, өзүбүздүн социалдык маселелер чечилген мамлекет эле болуп калабыз деген максатта чыгышканбы?

Атантай Акбаров:

Сахаровго чейин эле Казат Акматовдор өздөрү КПССтин гегомондук ролун, лидерлик ролун алып салыш керек деп КПСС ке каршы чыгышкан да. Бул деген СССР ге каршы чыгуунун эле бир жолу. Союздук республикалар каалаган учурда өз алдынча бөлүнүп кетүүгө укуктуу деген беренени конституцияга киргизишип булар мыйзамдуу түрдө күрөшүшкөн да. Чындыгында СССР дин өзүнүн урап каларын Россияда орустар деле билген эмес. Горбачев дагы, Ельцин өзү дагы билген эмес да. Чынын айтканда ошондой жол менен келген. Демократияга эл чаңкап турган, байкатпай тышкы күчтөр дагы ЦРУ нун демократия деген шылтоо менен СССР ди талкалоо дагы маселеси болгон чынын айтканда. Биз дагы аны байкаган эмеспиз. Чынын айтуу керекпиз.

Интервьюер:

Сиздин оюңузча 1986-91-жж Горбачевдун кайра куруу, ачыктык, айкындуулук саясаты учуру болбосо бизде кандайдыр бир уюмдар, кыймылдар чыгат беле?

Атантай Акбаров:

Чыгат эле. Анткени, бул маселе акырындап келаткан да. Ар бир эле эл өзүнүн жерине өзү ээ болгусу келет. Өзүнүн укугун өзү коргогусу келет. Мындай караганда 1937-жылы атылып кеткенден кийин буулуп калган да. Кайра жаңы бууп кайра чыгып турат да ошондой. Ошол эле маалдарда бизде орустун эмесин жактап, Казат Акматовдун “Мезгилинде” бул оруска каршы деп жазып, Бейшеналиевдин “Кычанын” немеге көрсөтүп, Казат Акматов калыстар тобу тарабынан “Мезгилге” ыйгарылса дагы тиги “Кычанды” жактагандар, Бейшеналиев тараптагылар аны алдырып салган. Бул сыйлык эч кимге берилбесин ушул жолкусунда деп. Анткени, оруска тарткандар азыр деле жок болуп кеткен жок. Азыр деле бар. Азыр деле Россиянын курамына кошулабыз дегендер бар. Киргиздердин ичинде бар. Анткени, бул адамдар жеңил оокатка, курсагы тойгонго ушинтип ойлоп калган да. СССР дин убагында биз экинчи пландагы мамлекет болуп жүрдүк. Ошондон эле жакшы жашап кеттик беле? Азыр деле эгемен демократиялык өлкө болгондон бери деле элдин турмушу жакшы болуп баратпайбы. Бул деген ошондо деле карап туруп жок биз оруска кошулушубуз керек деп элчи болуп жүрүп азыр Москвада жашаган адамдарыбыз айткан маалдар болуп жүрөт азыр деле. Ошондойлор бар эми, эл ичинде ар кандайлар болот экен да. Кул башык да киши болот, эгемен болгон жакшы киши болот. Менин балдарым эгемен өлкөдө жашасын, өзүнүн улуту менен сыймыктансын деген адамдар көп Кудайга шүгүр. Ошол үчүн биздин демократиялык кыймылыбыз, азаттыкка умтулуубуз түбөлүк деп ойлойм. Ошолордун эсебинен кыргыз мамлекети жашап, ошолордун эсебинен кыргыз улутунун келечеги кең болот.

Интервьюер:

Атантай мырза, башында айтып кетпедиңизби, Москвада бир журналист Кыргызстанды “Белгисиз Республика” деп жазган деп. Деги эле прибалтикага салыштырмалуу, Казакстандагы Желтоксонго салыштырмалуу Кыргызстандагы демократиялык уюмдар анчейин активдүү болбогонун байкаса болот да. Сиздин оюңузча демократиялык уюм, кыймылдардын биздин азаттык, эгемендүүлүк алышыбыздагы ролу, орду канча?

Атантай Акбаров:

Тигилерге салыштырмалуу биз чындыгында кечирээк кыймылдадык. Бирок, ошентсе дагы президентти шайлоо маселесинде биз башкалардан эртерээк кадам таштадык. Мезгилинде Акаевден мурда Масалиев болсун деп деле айтышкан, бирок демократтар Акаевдин келишине чоң күч болушкан да. Кечирээк киришкен менен биздики укуктук жагын бекемдөөгө көбүрөөк, кан төгүү эмес, укуктук жактан өзүбүз бөлүнүп кетишибиз керек деп бөлүнүп Москвадан эмес, өзүбүзчө президент шайлашыбыз керек деген ушундай жагынан биздики акыл-эстүүлүк менен иш кылынды деп ойлойм.

Интервьюер:

Ошол учурдагы акындардын иш-аракеттери жөнүндө айтып бересизби? Сиз жөнүндө Азим мырза 90-жылдары акындардын уюму уюшулган, ошол жакта демократия жөнүндө ырлар жазылып турчу, клубдар болгон деп айтты эле.

Атантай Акбаров:

Бизде чачкыныраак болгон, клуб сыяктуу болчу да. Ошондо акындар болуп азыр визуалдык байланыш болуп атпайбы, ал маалда чогулуп ыр окумай, ырларды талкууламай, мамлекетибиздин келечеги жөнүндө кам көрүп, демократияга умтулуу жөнүндөгү маселелер бизде болуп турчу да. Ошондо акындардын легендарлуу парламентте көп шайланып калышынын себеби ошол акын, жазуучулардын эгемендиктин башында турган руханий жактан эгемендикти көздөгөн деп билем да. Ошол үчүн эл аларды жактырып, көбүрөөк депутат кылып шайлап калды.

Интервьюер:

Ошол учурда Прибалтикадан, Россия, Украинадан чыккан сиз сыяктуу акындар менен кандайдыр бир байланыш бар беле? Кат алышып, ыр окушуп, ырларды алмашып турган учурлар болгонбу?

Атантай Акбаров:

Кадыр Кошалиев деген Москвадагы акындар менен байланышып, Мелис Эшимкановдор Прибалтикага чейин барып келген учурлар болгон. Биз ошолор аркылуу байланышка чыгып турганбыз. Орустун басып алуу саясаты чынында көбүнө жаккан эмес. Ошол үчүн Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы” деле дал ошол орустар кантип басып алганын жазат эмеспи. Кыргыздын кылычы сынды деген сөз да. Өзүнүн куралдуу күчтөрүнөн ажырады, тигилерге көз каранды болуп калды деген. Дал ошентип акыйкат жазгандарды иш бербей, тамак-аш алып келе турган жерге чейин иштеп калган да. Абдан эле кордошкон чынын айтканда.

Интервьюер:

Казат Акматовдун өмүр баянын карасак, акыркы 1980-жылдардан баштап, “Мезгил” романынан баштап 1990-жылдары куугунтуктоого алынып, эч жерге жумушка алынбай, жумушунан кетип, кысымдарга кабылганын байкасак болот. Сиздин тажрыйбаңызда бул демократиялык кыймылдарга кошулганыңыз үчүн кандайдыр бир кысымдар болдубу?

Атантай Акбаров:

Менде андай куугунтук болгон жок. Бирок, кийин бийлик тарабынан болуп калып атты. Мен президенттерге чейин эле сындап жазып аттым. Өзүмдүн “Ак калпак” деген гезитим бар эле. Ошол жабылган. Анткени, биздин демократияны көздөө, азаттыкка умтулуу, ачыктык деп атпайбызбы, ошол ачыктыкка умтулуу болгон да. Ошол үчүн гезиттерибиз жабылган маалдар болгон.

Интервьюер:

Казат Акматов жөнүндө кененирээк айтып берем деп атпадыңыз беле. Казат Акматов менен сизди эмне байланыштырып калды?

Атантай Акбаров:

Казат Акматов менен байланыштырып калган, башынан эле таанып жактырчумун. Жазуучу катары, патриоттук, улуттук идеялары мага жакчу. Демократиянын башында туруп, жер-жерлерге барып КДК ны түзүп райкомдун биринчи секретарына кишилер кире албаса, булар барып кабинетинен чыгарып салып эле, Чаткал районунда дагы болгон. Өзүң айтып аткан туура. Драмасы, “Мезгили” үчүн жумуштан бошоп калып, Кулматов менен бирге жумуштан айдалып, бул кишин доклад жазып бересиң деп Токомбаев эч кимге көрсөтпөй телевидениеге башка эшиктен чыгып жүргөн маалдары болгон. Өзүнүн башынан куугунтук болуп калган үчүн менин гезитим жабылып ишим жок калган маалда бул киши Казат абам ошондо президентке караштуу мамлекет тилдин башчысы болчу. Ал дагы эч кимге айтпай мени жумушка алган. Ошентип кыргыз тилди өнүктүргөнбүз. Сен менин иним бол, Пушкин деп койчу ал мени, жакшы ырларды жазасың, эл тарабында турганың жагат мага, эч качан коркпогула, каршылашкандарга өзүңөрдүн идеяңарды коргогула, чегинбегиле аркага деп өзүнүн агалык насааттарын айтып турчу. Кийин менин кечелерим болсо деле келип, катышып, турмуштук сабактарын ага катары айтып турчу да. Ошол үчүн Азим менен дагы азыр байланышым бар. Менин жакында “Адабият жоголос, жерде кыямат болот” деген китебим чыкты. Ошондо Казат Акматов жөнүндө, Азимдин эмне үчүн Казат Акматов деп жазгандары жөнүндө ошол китебиме кошком. Жазуучулар жөнүндө, демократиялык кыймылдын башында кимдер турган, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов жөнүндө, кыргыз адабиятынын бир кылымдын ичинде кантип өнүп-өсүү болду, кыргыз искусствосу кантип өсүп-өнүктү. Башында Европа адабиятынан орус адабияты кантип таасирленген, биздин Пушкиндер, Лермантовдор кандай таасир алган Байрондон. О.э. Пушкинден Есенин кандай таасир алган, биздин Айтматовдон Распутин кандай таасирленген ушундай маселелер көп да.

Интервьюер:

Деги эле өзүңүздүн эмгектериңиз жөнүндө кенеирээк айтып бересизби? Кандай китептериңиз бар? Биздин көрарман же угармандарбыз болсо, каяктан таба алат?

Атантай Акбаров:

Менин биринчи жолу “Аргымак” деген китебим чыккан. Кыргыздар “Атаганы канат” деп коет го, жылкыны жакшы көрөт эң башынан, ошол үчүн менин биринчи элге тааныткан ырым “Аргымак” болгон.
Ажалдан нечен куткарып,
Бешик да болгон сынаакы.
Аргымак бизде — кыргызда,
Кичи Ата мекен сыяктуу.
Көк чапчып жаны октолуп
Комуздай үнү шаңгырап
Өң түгүл мени түштө да
Азгырат ошол аргымак!
Келет да окуранып ал,
Ийниме жалы төгүлө,
Колумду жыттайт жаныбар,
Кадалып көзү көзүмө…
Тизгинди тартсам шарт анан
титирей түшүп аргымак.
Турнадай тизип мезгилди
туяктан ала салдырат.
Ээрден жулуп кетчүүдөй
этектен шамал тарткылап,
Көгүчкөн болуп күлүктүн
Көкүлү көккө талпынат.
Утурлай чуркап узун жол,
Шилтенет буттар кылычтай.
Түйүлүп күлүк муштумдай,
Түзөлөт кайра сызгычтай.
Тизгинге колум карышат…
Тирүүмдө канбас бул көксө!
Мен кетсем менин баламда
дүбүртү калып жүрөктө
азгыра берет аргымак!

Бул китептер азыр калбай калды. Андан кийин “Кудайдын ыры” деп ырлар жазгам, “Кудайдын ыры” “Кудайга жазган каттар” деген поэма анын жазылышынын себеби сен айтып аткан СССР кулап, экономикалык байланыштар үзүлүп, жаңы эгемендик алып баштаганда элибиздин кыйналган экономикалык, социалдык жактан ушундай кыйын маалдарда жогорку күчтөрдөн, Кудайдан дагы тилеп калат экен да. Ошол үчүн мен ушундай “Кудайга жазган каттар” деген ырларды жазгам.
Мен Кудайга кат жазамын,
Кулдук уруп жалдырап.
Барактарым — дарактагы
Дирилдеген жалбырак.
“Түбөлүктүн жолун көрсөт…”
Жооп болбойт Кудайдан.
Барактарым — бариктерим
Саргарышат убайдан.
Башкалар да кат жазышат,
үнү менен асманга:
“Адам уулу неге жашап,
Эмне иш бүтөт кайтканда?”
Балким, Кудай жооп бербес,
Арбын чыгар күнөөбүз.
Же Кудайдын жооп катын
Окуй албай жүрөбүз…
АРЫЛБАГАН УБАЙ-МУҢ
Байкалбаган кийимдей кийген эле,
Билген эле нерсе экен, билген эле,
Ошентсе да оозумдан Аллам түшүп,
Мен таңгалып турамын бирдемеге.
Тоолор тоого жамандык этпейт экен,
Жемиштер да бир-бирин жешпейт экен.
Адам колу тийбесе, адам колу,
Бычактар да бир-бирин кеспейт экен.
Бир-бирине жылан да ор казбайт экен,
А ак куулар сүйүүсүн сатпайт экен.
Адамдардын ниети куурабаса,
Мылтыктар да бир-бирин атпайт экен.
Эринимди тиштейм да жара кесем,
Кара карлар каргыштан аян бекен.
Топук кылбай алпарчуу топон сууга
Жер үстүндө бир гана адам экен.
Жок! Барбайбыз каргыштуу бул жол менен,
Күйөт жүрөк кызыл нур чачыратып,
Коем жана колумдун жилигиндей
Жыйырманчы кылымды кайчылатып.
Оо адамзат! Арылбас убай-муңум,
Жүрөк жарып вулкандай чыгаар бугум,
Кайрый алсам мен сага адамдыгың,
Кайтара алсам Кудайга Кудайлыгын!..

Бул “Кудайга жазган каттар” деген ырым. Андан кийин “Тирүү мекен” дегенде “Аргымак”, “Кудайга жазган каттар” деген ырлар кошулуп “Тирүү мекенге” бир томдук катары чыккан да. Ал китеп Нускада болушу мүмкүн, билбейм, ачык айта албайм. Кийин “Письма к Богу” деп орусча китебим чыкты. “Жүрөгүм сынды таңа албайм” деген китебим чыкты. Эмне үчүн жүрөгүм сынды таңа албайм дегенде, сүйүүдөн жүрөгүм сынып турат, колумду сындырып алсам таңмакмын, бирок жүрөгүмдү таңа албай атам дегендей. Чыныгы сен периштесиң, үйрү кыздар сенин көчүрмөң дегендей болуп бүтөт да. Ак калпак, боз үй сыяктуу кыргыздын ыйык санаган символикалык мааниси бар буюмдарыбыз, кыргыз эли, дүйнө жөнүндө масштабым кененирээк да. Эмне үчүн мындай апталып атабыз, эмне үчун согуш башыбыздан кетпей атат, эмне үчүн жакшылыкка бара турчу жолдордун баары туруп, империялар күрөшүп атат, эмне үчүн ошолор аркада калып калган мусулман өлкөлөр бири-бири менен салгылашып атат.

Интервьюер:

  • Чоң ракмат! Ишиңизге ийгилик, чыгармачылыгыңызда ийгилик!