Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Азият Жекшеев

Азият Жекшеев

журналист

Гүлзат Алагөз: Өзүңүздү тааныштырып, кыскача айтып берсеңиз?
Азият Жекшеев : Менин атым Азият Жекшеев Жыпарович, Жыпар Жекшеевдин уулу болом. Уулдарынын арасынан жолун жолдоочусу болом.
Гулзат Алагөз: Баарыбызга белгилүү, Жыпар Жекшеев же Жыпар Жекше 1990-жылдарда чыккан Кыргызстандагы демократиялык кыймылдарга абдан активдүү катышкан, андан кийин КДК расмий түзүлгөндө анын тең-төрагасы болду. Дегеле Жыпар Жекше бул идеяларга кантип келди? Балалыгынанбы, кийин кыргыз тил, жер маселеси болобу, улуттук маселелерге келип калганынын себеби эмне?

Азият Жекшеев: Негизи атам мүнөзү боюнча, кичинекей кезинен эле чыгармачылыкка жакын адам болчу. Практикующий художник, сүрөтчү дагы болгон убагында. Алганчы билими дагы сүрөтчүлүк. Ал кесипти аркалап дагы иштеген, бирок кичинекейинен эле ыраматылык Сагын деген агасы бирден бир себеп болгон. Анткени жаштыгына карабастан ал киши коомчулук маселелерге кунт коюп, маани берип, ошону инилеринин арасынан атамды туура көргөнбү, атам менен сырдашып, көп айтып берген. Ошол нерселерди атам дагы акыркы жылдары көп эскерип калды. Азыр мен айтканы боюнча эстеп жатам. Ошол нерселер кийинки коомдук иштерге аралашып кеткен кадамдарына себеп болгон десем болот. Негизи эле 80-жылдардын аягындагы окуяларды эскере турган болсок, атамдын эскерүүсүндө анда Фрунзе шаары, көчөдө квартира издеген жаштарды көрүп ичи өйкөлүптүр. Эмнеге өзүбүздүн мамлекетте болуп туруп ар-кимдин турак жайынын кичинекей бир бурчун ижарага алып жашашыбыз керек, көчөдө жүрүшүбүз керек деген ушундай ойлор көп ойлондуруп, ошол маселеге кайдыгер карабаган жаштар менен биригип Ашар кыймылы сыяктуу кийинки кадамдарды башташкан да. Ашар боюнча Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын түптөлүшүнө бирден бир себепкер десек болот.

Гүлзат Алагөз: Жыпар Жекшеевдин өзүнүн эскерүүсүнөн окуп калдым, дегеле Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдө салт ушундай да, эгер көп кыз төрөлсө эркек бала болсун деп Уулжан, Жаныл деп ат коёт. Бул китепте жазылып жатат кыздуу бололу деп атын атайын Жыпар коюшту деп. Бул мен үчүн биринчи жолу практикада жолуктурулду. Демек, үй-бүлөдө дагы ушундай демократиялык, стереотиптерден арылган үй-бүлө болгонбу чоң аталарыңыз, ошол жөнүндө айтып берсеңиз?

Азият Жекшеев: Албетте, бул аты дагы кандай келип чыкканы биз үчүн табышмак эмес. Биз деле таң калып сураганда айтып берип калчу. Үй-бүлө азыркыга салыштырмалуу ал убактагы критерийлерге албетте жооп бербейт болуш керек, бирок ошол совет доорундагы шарттарга байланыштуу салыштырмалуу демократиялык үй-бүлөдөн болгон. Эч качан бирөөнү кыстап, баарын эле малчы кылып салып же партиялык кызматкер кылып салып деген болгон эмес. Ар ким өзүнүн жолун өзү тандаган. Ошол демократиялык принциптеринин бирден-бир себеби үй-бүлө го дейм. Анан атынын келип чыгышы дагы ошол чоң там, чоң апамдар кыз каалап атын Жыпар коюшкан. Бул салттын кандай чындыгы бар мен деле айта албайм, бирок бул нерсе үзүрүн бергендей, анткени атамдан кийин эле Сабира деген карындашы төрөлгөн. Ал Жээнибиздин дагы көзү өтүп кеткен. Менин эсимде бирок, канча жашка келмейин эң көптөн күткөндүктөнбү, эң эркеси, анан өзүнүн агаларын дагы тизгиндеп кое турчу эжебиз болчу.

Гулзат: Сиз айтып кетпедиңизби, Жыпар Жекшеевдин кесиби сүрөтчү болгон деп. Ушу китепте дагы окуп калдым, дегеле Жыпар Жекшеев сүрөтчүлүктөн коомдук ишмердүүлүккө кантип келип калды?

Азият: Бул ошо айткандай эле, сүрөтчүлүктү аябай жактырчу. Өзүнүн акыркы күндөрүндө дагы эстей турган болсок, коомдук иштеринин баарын жыйынтыктап, пенсияга чыгып, ал убакта УТКРда байкоочу кеңешинде иштечү, ал кызматтан дагы кетип, бардыгын жыйынтыктап, ошол сүрөтчүлүккө кайра кайтайын деген кыялы бар болчу. Ал үчүн бүт кагаз, боёкторун, кисттерин даярдап анан көлгө аттанып жаткан убагы болчу. Ошол көлдөгү үйгө барып, ошол жакта туруп алып бүтпөй калган сүрөттөрүн бүтүрүп, жаңы чыгарма жаратайын деген кыялы бар болчу. Ал эми сүрөтчүлүктөн кантип коомдук ишке келип калганы жогоруда айткандай эле коомубуздагы ошол учурдагы акыйкатсыздыктарды, аларды көрүп туруп көз жаздымда калтыра албай, тескери карап басып кете албай койгону себеп болгон. Бул албетте үй-бүлөдөн берген тарбиясы, агасынын насааттары, дегеле ошол учурдагы коомдун талаптары себеп болгон десем болот. Бул албетте бир гана атамды эмес, дегеле Кыргызстандын жарандарын, кимисин албасак деле патриоттук сезими бар адам ошол убакта болуп жаткан көчөдө тентип жүргөн кыргыздарды көрүп тынч отура албаса керек. Ошол себептен улам сүрөтчүлүгүн дагы жыйынтыктап, коомдук ишмердүүлүккө аралашып баштаган.

Гулзат: Ушул социалдык, улуттук көйгөйлөрдү сүрөтчүлүк эмгектеринде чагылдырган эмгектери барбы?

Азият: Сүрөтчүлүктө чагылдырган эмгектерин мен деле билбеймин, анткени көбү жоголуп кеткен. Өзү дагы көп жылдан бери таппай жүргөн. Анан негизи сүрөтчүлүктү аркалап жүргөндө деле студент кезинде ушундай коомдук иштерге аралашып, улуттук кийимдерди жайылтуу максатында совет доорунда баары каршы турганда кыргыздын кийимин кийип алып окуу жайына барып жүрчү. Анын артынан биринчи секретарьлардан тил угуп, бир канча жолу аларга чакыртылып, коркутулуп-үркүтүлүп, ушундай куугунтуктарды студент кезинде эле көрүп калган. Ошол учурда деле чыгармачылыгы тигип даярдаган кийимдер аркылуу болсо керек. Ошол аракеттери эсимде. Кийин анан бара-бара жанакындай иш-чараларга айланды окшойт.

Гулзат: Мындан аркы суроолор интервью алып жаткан кишилерге бирдей берилчү стандарттык суроолор. Эгер сиз билбесеңиз же эсиңизде жок болсо болушунча билгениңиздей кылып эле айтыңыз. Деталдуу деле айтпай койсоңуз болот. Анткени биз күбөлөрдүн өзүнөн алабыз. Анан балдарынан алгандыктан, сиз өзүңүз болбогондуктан, сиз билбей калышыңыз мүмкүн. Алгачкы суроом, ошол 1986-жылдан баштап 1991-жылга чейин Жыпар Жекшеев эмне иш кылчу, кайсыл жакта окучу?

Азият: Ал кездердин даталарын мен деле так айта албайм, бирок ошол жылдары Фрунзеге жаңы келген жылдары болчу. Бул жакта ишмердүүлүк кылып жүргөн кези болчу. Ал убакта менин билишимче «Квадрат» аттуу ишкерчилик уюштурушуп, жана сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, алар аркылуу буйрутмаларды алып, ушул сыяктуу иштер менен жүргөн кези болчу. Кийинки кадамдары бул коомдук ишмердүүлүккө арналды десем болот. Коомдук ишмердүүлүктө жүрүп, коомдук бирикмелер түзүлүп, алар менен бошой алган жок. Ошол кездердеги апамдын эскерүүсүн кошо кетсем, үй-бүлөгө дагы көп каралган эмес, болгон иши талаада, көчөдө эл менен аралашып жүрүп, апам болсо жанында тамагын ташып жардам бергени болбосо, үйдө бизди, балдарды карап отурган эле кез болчу. Атам деги эле «эгемендик алдык» деп жарыялаган күнгө чейин тынган жок. Ошол күндөргө чейин тынымсыз күрөш уланды. Андан кийинки учурларда дагы бийлик талашуу процесстери, андай учурлар көп эле боло берген. Ошол учурда дагы активдүү катышып, кийинки кадамдарыбыз демократиялык коомду орнотуу максатын койгондуктан, ошол максатка жетүүнүн бардык аракеттерин көрүшкөн. Кийин эле экинчи жогорку билимин алды, юридикалык кесипкөйлүгү өзүнүн кийинки ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Гулзат: Жыпар Жекшеев Ашар уюмундагы эң активдүү мүчөлөрүнүн бири болуп жатпайбы, анын бул уюмга кошулушунун башкы максаты, мотивациясы эмне болгон?

Азият: Эми өзү дагы жанакындай демократиялык үй-бүлөдө тарбиялангандыктан, жаш кезинен жанакындай иш-чараларга аралашып калгандыктан, негизги максаты бул дайыма биздин коомчулукта демократиялык принциптерди орнотуу, демократиялык мамлекетти түзүү жана ошонун алкагында өнүгүү процессине жол ачуу. Ошол максаттарды дайыма көздөп келген.

Гулзат: Сиздин үй-бүлөңүздө батирде жашаган практика болгонбу? Жыпар Жекшеев Фрунзеге студент болуп келгенден кийин жатаканада же батирде жашадыбы? Ошол Ашар уюму биринчи жаңы конуштарды басып алгандан кийин кандай өзгөрдү?

Азият: Ооба, алгач бул жакка келгенде турак жай жок болчу. Болгону бир улуу агасынын кичинекей Токолдошто үйү бар болчу. Анын жанында бир бөлмөлүү чакан времянка үй бар болчу. Ошол жакта бир топко чейин жашап жүрдүк. Негизи өзүбүздүн үйүбүз ал убактарда болгон эмес. Бир бөлмөлүү үйдө жашап жүрүп, кийин Ашар уюшулгандан кийин, жер бөлүштүргөндөн кийин дагы, ооба, алгач эл катары участок алган болчу. Бирок ошол участокту каалоочулар, муктаждар аябай көп болгон учурлардын биринде жер тилкеси тийбей калды деп келген көп балалуу үй-бүлө келгенде, ошого берип салган. Өзүбүз ар кимдин үйүндө жашаганды улантканбыз. Кийин эле өзүбүздүн батирибиз атам депутат болгондон кийин кызматтык батир берилген. Ошол алгачкы батир болгон. Кийин аны сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилгенде менчикке чыгарып сатып алганбыз. Ага чейин турак жай болгон эмес.

Гулзат: 1986-1991-жж. Ашардан башка дагы көптөгөн ушундай демократияны көздөгөн уюмдар, кыймылдар пайда болуптур. Бирок Ашар жана башка кыймылдардын баарында эле социалдык, улуттук маселелер көтөрүлгөнү менен эгемендик жөнүндө көп сөз айтылган эмес да. Жыпар Жекшеев биринчи жолу Кыргызстан эгемендик алыш керек, азаттыкка чыгыш керек деген идеяларды качан айта баштаган, дегеле ал кишинин оюнда эгемендик жөнүндө болгонбу же социалдык, улуттук көйгөйлөр гана чагылдырылыш керек беле?

Азият: Алгач ал сиз айтып жаткан кыймылдардын максаты болгону ошол социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү көздөшкөн. Ошол учурда кандай маселелер болсо, ошолорду көтөрүп, негизги максат союздан бөлүнөбүз деген болгон эмес. Албетте мындай күрөш улам максатты өзгөртүп турат, талапка жараша. Эгер ошол социалдык көйгөйлөрдү көтөрүү учурунда чечилбесе, көмүскөдө кала берсе, албетте күрөш улам от алып кете берет. Мен ойлойм, ошол убактагы биздин эгемендик алганыбыз ошол күрөштүн жыйынтыгы. Алгачкы максат башкача болсо дагы, кийинки бир топ өлкөбүздөгү болгон окуяларды дагы эске ала турган болсок, алардын деле алгачкы максаттары ошондой эле башка болчу. Социалдык маселелерди көтөрүп, мен дагы ошондой кыймылдардын биринде мүчө болуп калдым, 2019-2020-жылдары. Ошондой эле социалдык маселелерди көтөрүп отуруп, кийин келип келип отуруп, чечилбегендиктен, айласыздан талап өзгөрө баштайт да. Анда демек башка нерсени алмаштырыш керек, башын алмаштырыш керек деген сыяктуу.

Гулзат: Ошол 1985-жылдан кийин дегеле СССРде, анын ичинде Кыргызстанда репрессия курмандыктарын алгачкы кайрадан эскерүү, Үркүн темасын көтөрө башташкан. Жыпар Жекшеев дагы «Өмүр көчү» жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларынын бири. Биз билебиз, тарыхта деле Түп району Үркүндө эң жабыркаган райондордун бири. Сиздердин үй-бүлө тарында Үркүндүн тарыхына байланышкан кандай окуялар бар?

Азият: Түздөн-түз Үркүн менен байланыштуу андай окуяларды азыр эстей албайт экенмин.

Гулзат: Жабыркап Кытайга барып келип, көчүү процесси болгон эмес ээ?

Азият: Андайды чын, ачык айтсам, эсимде жок экен. Аны өзүм дагы изилдеп көрүшүм керек окшойт. Бирок болгону атам эмнегедир ошол Үркүн маселесине аябай чоң маани берчү. Ошол жөө жүрүштү уюштурганда дагы, кийинки эгемен алган жылдарда дагы аны унуткарбаш үчүн Боом капчыгайында эстелик орнотуу иштеринде дагы болгон аракетин жумшап, Үркүн маселесине чоң маани берчү. Дегеле бул унутта калган тарых сымал сезиле берчү ага. Муну унутпай, тескерисинче, биз өзүбүздүн Кыргызстаныбыздын тарыхындагы кандуу окуяларыбыздан сабак алуу, кийинки муундарга сабак берүү максатында бул маселени негизи жалпыга жайылтуу максаттарынын бири болчу. Албетте өз алдынча балким максаттарынын түп тамырына жете албагандыр, бирок азыркы учурда силерге окшогон кыймылдардын ошого окшогон аракеттерин көрүп алып, мен ал кишинин баласы катары дагы аябай сүйүнүп турам. Демек, бул тарыхты унутпай кийинки муун муну илип кетип, жайылтуу максатын көздөп жатышат.

Гулзат: Бизде 2021-жылы «Өмүр көчү» сыяктуу эскерүү жүрүшү жүрдү, Түп районуна барганда баары Жыпар Жекшеевди эскерип айтышты. Ушу Жыпар Жекшеевдин Түп районундагы демократия кыймылдарынын ойгонушу, социалдык, улуттук маселелердин ойгонушундагы орду канча? Анткени бизде Мырза Кожомкул уулу деген адамдан дагы интервью алдык, ал дагы «Мен Жыпар Жекшеевден көрүп анан ошол уюмдар жөнүндө билдим» деп жатат. Дегеле бул кыймылдаткычта Жыпар Жекшеевдин орду жөнүндө айтып берсеңиз.

Азият: Мен ойлойм бул атамдын аракеттери, ал учурда көздөгөн максаттары бир эле район менен чектелген эмес. Бул аракеттер жалпы Кыргызстанга байланыштуу болгон. Жалпы кыргыз элине жайылтуу негизги максат болгон. Андыктан Нурдан ава, ошол сыяктуу бир катар демократиялык уюмдардын пайда болушуна себепкер болду десем болот, ошол кезде атамдын, анын санаалаштарынын аракеттери. Азыркы күндөгү заманбап Кыргызстандагы бир катар ондогон, балким жүздөгөн демократиялык уюмдардын, аянтчалардын пайда болушуна себепкерлердин бири деп айта алабыз. Бир гана район эмес, жалпы Кыргызстандын демократиялык институттарынын түптөлүшүнө жана бекемделишине өбөлгө түзүү болгон.

Гүлзат: 1993-жылы КДК расмий түзүлгөнгө чейин Жыпар Жекшеев Ашар кыймылына активдүү катышып жүрдү, андан кийин КДКнын тең-төрагаларынын бири болуп жатпайбы. Сиздин оюңузча эмне үчүн Жыпар Жекшеевди ушунча адамдын арасынан төрагалыкка тандап алышты?

Азият: Өзүнүн активдүүлүгүнөн жана тайманбастыгынан. Ал учурда дагы күрөш болгон деп жатпаймынбы, күрөш учурунда ар кандай кысымдар болот, ар кандай бул аракеттерди жөнгө салуу аракеттери жүрүп турат. Ошол эле совет доорундагы бийликтердин, секретарлардын аракеттери менен. Ошол учурда тайманбай, максатты бекем кармап туруп берген адамдардын башы эле көтөрүлөт. Кийинки Кыргызстандын саясатында, дегеле алгачкы демократтардын пайда болушу, алгачкы жаңы саясий күчтөрдүн пайда болушу – бул ошол элдин арасынан чыккан күчтөр десек болот. Ошол учурда өздөрүнүн принциптеринен тайманбастыгын көрсөтүп, элден суурулуп чыккандар. Мындайча айтканда, бул табигый көрүнүш го дейм.

Гүлзат: Куугунтук, кысым жөнүндө айтып кетпедиңизби. Сиздин үй-бүлөңүзгө Жыпар Жекшеевдин активдүүлүгүнүн кесепетинен кандайдыр бир кысымдар, же өзүнө болгон кысымдар, куугунтуктоолор болду беле?

Азият: Болгон, албетте. Биз кичирээк болуп, көп нерсени билбей калдык. Улуу байкелерибиздин эсинде дагы деле. Мисалы, ошондой күрөш учурунда дагы убактылуу кызматтык турак жай берилген учурлар көп болгон. Ошолордун биринде кышкы күнү – бул дагы кысымдын бир түрү го дейм – кичинекей балдары бар экенин эске албай туруп, бүт терезе-эшиктерибиздин баарын чечип алып кеткен күндөр болгон. «Үйдөн көчөгө чыккыла!» деген сыяктуу ушундай аракеттер болгон. Кудайга шүгүр, ошондо кошуналар, туугандар жардам берип, кими төшөк көтөрүп келсе, терезе-эшиктерге полиэтилен жабылып, убактылуу турак жай табылганча канча бир күн ошентип күн өткөрүүгө туура келген. Ошол күндөрдү апам көп эскерет. Биз үчүн балким ата-энебиздин мээрими менен сезилбей калса керек, бизди жылуу-жумшак сактап калышкан. Өздөрү ошол учурда кыйналып, кандай гана ойлору келбегени биз үчүн табышмак эле. Бирок ошого карабастан, атам эч качан күрөшүн токтоткон эмес, уланта берген. Мен ойлойм биздин тарбиябызга дагы бул чоң таасирин тийгизген. Кийин, албетте, жакшы дипломат болду. Дипломат катары жөн эле курч, жылаңач баатыр боло бербестен, сүйлөшүү жолдорун да билиш керек экен деген сыяктуу көп нерселерди үйрөтүп калчу, менин эсимде экөөбүз олтурганда. Бирок мага атамдын алгачкы тарбиясы көбүрөөк тийип калганбы, кур мүнөзү көбүрөөк мага кетип калып, экөөбүздүн баарлашуубуз кээде бир-эки саатка уланып кетчү.

Гүлзат: Балким, сиздин атаңыз сизге айтып берчү – КДКнын иштөө механизми жөнүндө болобу же Ашар уюму болобу, анын Кыргызстандагы жана башка жактагы уюмдар менен байланыш механизми жөнүндө. Мисалы, Балтика өлкөлөрүндөгү уюмдар менен байланышы бар беле? Ал жөнүндө атаңыз кандай эскерүүлөрдү айтчу?

Азият: Албетте, андай байланыш бар болчу. Ошол кезде, мисалы, совет доорунда бир гана Кыргызстан эмес, бир катар КМШ өлкөлөрүнүн арасында дагы эгемендик үчүн күрөш күч алган. Ошол учурда, мисалы, ар бир өлкөнүн өзүнүн тарыхында пайда болгон алгачкы демократиялык институттары, кыймылдары баарлашуу аркылуу Прибалтикада жолуккан күндөрү болгон. Ал жакка барып, биргелешип, өздөрү чоң бир державага каршы чыгып жаткандан кийин, албетте, жалгыздап балким эч ким утпайт болчу. Бул ар бир ошол демократиялык кыймылдардын биргелешкен аракеттери менен, бирдиктүү кыймылдары менен балким ушундай жыйынтыкка келгенбиз да.

Гүлзат: Сиздин оюңузча, ушул кыймылдар канчалык деңгээлде эгемендик алганга салым кошкон? Же бул СССРдин тарашы менен эле биригүү болуп калдыбы?

Азият: Жок, албетте, булардын аябай чоң таасири бар, анан негизги чоң орду да, ролу да бар эгемендик алганга. Анткени жөн эле совет доору кулап калса, ошондой эле балким бир хан келип отуруп калса, балким эч нерсе деле өзгөрбөй калмак. Так ошол демократиялык принциптерди карманган кыймылдар, уюмдар бар болгон үчүн, алардын жалпыга идеяларды таратканы, жайылтканы үчүн, бүгүнкү күнү биз демократиялык өлкөбүз деп айта алабыз. Андай учурунда болбогондо, балким, мисалы, үлгү катары башка кошуна мамлекеттер бар, азыркы күнгө чейин тоталитардык, авторитардык режимде жашап жүргөндөр бар. Алардан мисалы айырмабыз болбой калмак балким. Бизде так ушул демократиялык принциптер азыркыга чейин коомчулуктун ичинде кармалып келгендиктен, азыркыга чейин жайылтуу аракеттери болуп жаткандыктан, бизде демократиялык коом түзүү күрөшү уланууда.

Гүлзат: Ушу 90-жылдары дегеле бардык совет мамлекетиндеги өлкөлөрдө улуттук аралык кагылышуулар көп болду. Бул жасалма болушу мүмкүн деген дагы болжомдор бар, мамлекет, бийлик уюштурулушу мүмкүн деп. Кыргызстанда Ашар сыяктуу Ошто «Ош аймагы» кыймылы болуп анан Ош коогалаңы болуп жатат. Жыпар Жекшенин ушул улуттар аралык кагылышууга болгон мамилеси кандай эле, КДКнын тең төрагасы катары?

Азият: Бул албетте… негизги ар бир саясатта болуп жаткан окуяларды тынчытуу аракеттери… дайыма ар кандай ыкмаларды колдонуп келет, эмнегедир бийлик өкүлдөрү, ошол бийлигин сактап калуу аракетин коргондорчу. Бул дагы улуттар аралык кагылышуу ошол учурда бирден бир аракеттер болгон, көңүлдү башка маселеге буруу деген сыяктуу. Эгер ушинтип эгемендик алып кетсеңер, бири-бириңер менен кырылышасыңар деген сыяктуу ушундай маалымат берүү аракеттери болгон. Буларды бирок так ошол демократиялык институттардын, ошол учурда пайда болгон кыймылдардын күчү менен, ошол эле кошуна мамлекеттерде пайда болгон… ошолордун күчү менен, алардын акыл-эстүү ак сакалдары менен жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен токтотуп калышкан ошол учурларда. Эгер андай болбогондо бийликтин ошол кездеги максаты ишке ашып, башка мамлекеттердин катарында болуп калмакпыз. Бирок негизинен эле демократия дегенде биздин коомдо мындай эмнегедир кийинки жылдары өзгөчө терс таасир көрүнүш жаратуу аракети көрүлүп келет. Бул өтө өкүндүрүүчү, анткени демократиянын маңызын, негизги максатын, түшүнүгүн бурмалаган аракеттер болуп жаткандай. Демократия бул деген жөн эле бардык нерсеге эркиндик эмес, демократия бул тең салмактуулук деген түшүнүк болуш керек, ошол эле коомчулук менен бийлик ортосундагы көпүрө сыяктуу сүйлөшүү аянтчасы катары, бири-бирине маалыматты туура жеткируу инструменти катары колдонулушу керек эле. Алгачкы кадамдар туура көрсөтүлгөн менен, кийин бурмаланып калгандай. Андыктан бүгүнкү күндөгү демократиялык институттарды сактап калуу аракеттери, менимче, бул эң чоң маселе болуш керек, эң чоң түпкү максатыбыз болуш керек.

Гүлзат: Биз эгемендик алгандан кийин алгачкы демократтардын ынтымагы ыдырап кеткенин байкасак болот. Мунун башкы себептери эмнеде сиздин оюңузча?

Азият: Албетте, күрөш учурунда ар бир кыймылда идеалдуу боло бербейт. Арасында ар кандай максатты көздөгөндөр да бар. Бирөө жөн гана бийликке жетүү максатын көздөгөндөр, бирөө байуу максатын көздөгөндөр. Алгач ошондой идеяларды жамынып кирген, ошол кыймылдарга жигердүү катышкан адамдар көп эле болгон. Кийин эгемендик алгандан кийин күрөш бүттү деген жоопту алып, ар ким өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө баштады. Кийин алардын саясаттагы жолун деле көрүп жатабыз, ким өзүн кандай алып жүрдү, ким кандай аракеттерди көрүп жатты, ким ошол күрөштүн максатын сактап калуу аракетин көрдү, ким ошол максатын жок кылуу аракетин көрдү, узурпация аракетин көрдү. Мунун баарын биз баарыбыз көрдүк, эгер маани бере турган болсок. Муну албетте коомчулук өзү таразалаш керек. Кийин ойлойм, тарых таразалап берет болуш керек деп. Азырынча айтуу кыйын, анткени бул дагы процессте.

Гулзат: Ушул демократиялык уюмдар, кыймылдар кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алышына чоң салым кошушкан. Анан Жыпар Жекшенин тил маселесине болгон мамилеси кандай эле? Азыркы учурда сиз өзүнүздүн балдарыңыз болобу же неберелериниз болобу, же азыр балдарыңыз үйдө кыргызча сүйлөйбү, тил маселесине болгон мамилеңиз кандай үйдө?

Азият: Атамдын тилге болгон мамилеси биздин үй-бүлөдөн деле байкаса болот го дейм. Биздин үй-бүлөнүн кыргызча билбеген бир дагы мүчөсү жок. Бардыгы таза сүйлөшөт. Негизи атам дагы кийин эгемен алган жылдары деле орус мектеп көп болчу, ошолорго көңүл бурчу дегендей. Анан ошого карабастан издеп отуруп бизди кыргыз мектептерге баргызды, кыргыз мектептерди бүтүргүлө, кыргызча билгилечи, орусчаны көчөдөн деле үйрөнөсүң, башка жерден деле үйрөнөсүң, эң негизгиси өзүңдүн тилиңди билишин керек деген тарбия берген. Бул атамдын тарбиясын биз деле улантып жатабыз азыр. Учурда өзүмдүн үч балам тең кыргыз мектепте окуйт. Биздин үйдө дагы эреже бар, көчөдөн орусча сүйлөшүп келсең да үйгө келгенде потолокту карап туруп кыргызчанды күйгүз деп. Ушундай азыркыга чейин бар. Мен ойлойм ошол атамдан алган тарбияны мен дагы балдарыма бере алсам балдарыма, алардын балдары дагы улантып сактап кетеби деген. Мен ойлойм ар бир үй-бүлодо кыргыз тилин сактоого аракеттери жүрсө кыргыз тилин өркүндөтүүгө аракеттерин көрсө эч качан кыргыз негизі өчпөйт. Негизи бизди идентификациялаган, башкалардан бизди айырмалаган биздин тилибиз.

Гулзат: Жыпар Жекшенин ошол КДК ыдырагандан кийин эмес, эгемендуулук алгандан кийин кылган иштери жөнүндѳ айтып берсеңиз. Анткени мен байкабай калган окшойм, сиз аны депутат болгон деп айтып кеттиңиз. Ал легендарлуу парламентте депутат болдубу, Жогорку Кеңештеби, ошол жөнүндѳ дагы айта кетсеңиз?

Азият: Жок, легендарлуу парламенттер кийинки созывда депутат болду. Легендарлуу парламент бул мурдагы Советтер Союзундагы эле депутаттар болчу да. Ошолорду эле, аларга демократиялык принциптерди синирип, мындай чечимдер керек деген, мындайча айтканда атам, ошол Ашар кыймылы, КДК, ал учурда бириккен кыймылдар пайда болгон, ошолордун мындайча айтканда сунуштары, көзөмөлү менен, ошолордун аракеттери менен ошол парламент легендарлуу болгон да. Анткени өздөрүндө буга чейин деле депутат болуп келгенде андай идея болгон эмес. Кийин эгемендик жолуна түшкөндө кийинки идеялар ал учурда кийинки созывдагы депутаттыкка аттанып, Түп округунан бир мандаттуу депутат болуп шайланды. Анда дагы парламентте так ушул адамдын укуктары боюнча комитетинде төрагалык кылып, ал жакта дагы бул ишмердүүлүгүн уланткан. Беш жыл депутат болуп ушунча аракетинде жүргөн.

Гулзат: Андан кийинки өмүр таржымалын айтып берсеңиз.

Азият: Андан кийин депутаттыктан… албетте ал учурда дагы кийинки Аскар Акаевич чыныгы демократ катары алгач киргени менен кийин узурпация аракеттерин көрүп, баарыбызга маалым, тарыхта деле жазылып калган. Ушундай аракеттер көрүлгүндө күрөш бүткөн эместигин сезгендер күрөштөрүн улантышкан, оппозиция жолуна түшүшкөн. Атам дагы ошолордун бири болуп, кийин бул деле куугунтуктагандын бири болду болуш керек, кийинки шайлоодо кадымийдей соодалашуу аракетин көргөн. Эгер бизди колдоп тынч эле депутат болуп берем десең өткөрөбүз деген сөздөр болгон. Болбосо анда эмне кылсаң да өтпөйсүң деген аракеттер болуп, депутаттыкка кийинки шайлоодо өткөн эмес. Өзүнүн коомдук ишин албетте уланткан. Бизде айтылгандай, парламенттин ичинде эмес көчө оппозициясына отуруп, ошол жактан дагы күрөштөрүн улантып келишкен, бир топ саясатчылар. Кийинки жыйынтыктары баарыбызга белгилүү, 2005-жылы Акаевдин доору урап кийинки күрөштүн кийинки тепкичи башталган. Негизи бул сөз түбөлүк болуш керек, эч качан бүтпөйт болуш керек. Бирок ар бир ушундай тепкичти өткөн сайын биз улам бир сабак алып турабыз. Улам жаңы сабак алып, ошону туура пайдалана турган болсок кийинки муундарыбыз улам жакшырып кете берет. Андан кийин ЮНЕСКОдо жетекчи болуп, биринчи секретарь болуп жүргөн учур да болду. Ал жерде дагы саясатка байланышы жок болсо дагы өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. Албетте өзүнүн ишин бүтүргөн соң өзүнүн негизги максатын көздөгөн. Бир топ жылдар жумушсуз олтуруп калган күндөр дагы болду. Оппозиция болгонуна байланыштуу керек болсо, менин эсимде, учурда биздин үй-бүлодо дагы аябай чоң кризис болгон. Жөнөкөй мектепке дагы, ЖОЖго дагы мугалим катары албай калган учурлар болгон, анткени алсак эле биздин башыбыз кетет деген коркуу сезимдери бар болчу баарында. Ошол учурда кичине чоңубузга карабай баарыбыз иштеп баштаганбыз. Менин эсимде мен 13 жашыман байкем экообуз көчөдө машина жууп, анда мойка жок болчу, арыктагы сууга эле машина жуучубуз. Заправкаларда пистолетчик болуп иштеп деген сыяктуу. Кийин официант болуп, ошентип алгачкы акча кайдан табылат экенин үйрөно баштаганбыз. Апам болсо гезит саткан чакан киоск ачып ошол жакта соода кылчу. Атам өзү таксиге чыккан дагы күндөр болгон. Ушундай, ал жылдары баарыбыз бирге чогуу өткөнбүз десек болот.

Гулзат: Мурунку депутаттын балдары…

Азият: Ооба, депутаттыктан кеткенден кийин. Бизге ушундай тарбия берип койгон, мисалы биз жумуштун жаман жакшысын тандабайбыз эч качан. Мен азыр деле кээде таксише чыгам да. Акча керек болуп калганда бир аз иштеп келем, болду анан чонтокто бир аз акча болуп калат, күнүмдүк ишимди бүтүрө берем дегендей. Кошумча дохот катары эметпейм, атам жакшы үйрөтүп койгон убагында. Жумуштун жаман, жакшысы болбойт. Үй-бүлөнү багыш үчүн мисалы, ачка калбаш үчүн адал жумуш кылсан эң башкысы, каалаган жумушунду иштей бер деп ушундай тарбия берип койгон бизге.

Гулзат: Жыпар Жекшеевдин «Атуулдук ар намысым ойгонгондо» деген китеби чыкты го. Бул жактан эки чыгармасы дагы жарашыптыр. Муну табыш аябай оор экен. Аз даанада чыккан окшойт тилекке каршы?

Азият: Ооба, аз чыгып калган. Бул финансылык каражатка байланыштуу болгон, ал учурда өз каражаттар. Туугандардын арасында демоорчулор пайда болуп, ошолордун жардамы менен, күчү, колдоосу менен чыккан китеп. Атамдын көзү өтіп кеткенден кийинки акыркы китептер курамы десек болот. Албетте келечекте биздин дагы финансылык жагдай өзгөрүп, жакшырып калганда балким атам жөнүндѳ жеке иликтөобузду дагы улантып, маалымат чогултуп, дагы да ушул китеп, тасма сыяктуу ушундай тарыхтагы ордун жайылтууга аракет кылабыз.

Гулзат: Электрондук вариантын кайсы бир сайттардан тапсак мүмкүнбү?

Азият: Электрондук вариантын азыр таба албайсыз го дейм. Анткени менин угушум боюнча Венера эженин айтканы боюнча негизинен бар, даярдалып жаткан, бирок анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Мен дагы так айта албайм, адашып калышым мүмкүн.

Гулзат: Интервьюнузга чоң рахмат!

Интервью алган Гүлзат Алагөз