
Баяс Турал
А: Саламатсызбы агай! Биздин изилдөөбүз негизинен Кыргызстандагы 85-91-жылдардагы тил, тарых ишмердиги жөнүндө болмокчу. Алардын эгемендүүлүккө карата иш-чаралары, жараяндары тууралуу болмокчу. Бизге интервью берүүгө макул болгонуңузга чоң рахмат. Биринчи эле сурообуз, өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштыра кетсеңиз? Аты жөнүңүз жана Совет мезгилинде кылган иштериңиз жөнүндө.
Б: Паспорт боюнча аты жөнүм Алымбаев Абдырахман Мурзагулович, илимий чөйрөдө Баяс Турал уулу деп таанылып калдым. Бул аттын дагы өзүнчө тарыхы бар. Кайра куруу жылдарында жер суу аталыштарын өзгөртүү күч албадыбы. Дин жагында да эркиндик алды. Кыргыздар Караханид доорунан бери 1000 жыл, Кокон хандыгынан 100-200 жыл, таза мусулман болбосок дагы ошонун ритуалдарын кармап келебиз да. Кайра куруу идеологиясында бул күч алды да. Коом жарылды. Советтик идеологиядан башка идеология пайда болду. Горбачевдун жаңыча ойлонуу дегенин ар ким ар башкача кабыл алып, коомдо бир жаңыча нерселер пайда болду. Ошол учурда мен жаш акын болчумун. Ыр жазып жүрчүмүн. Окумуштуу, публицист журналист болуп калам деп ойлогон эмесмин. Советтик идеологияда өскөн бала катары жазуучу, акын болом деп жүрчүмүн. 86-жылдары биринчи ырлар жыйнагымы басмага тапшырып, ал 90-жылы жарык көрдү.
А: Себеби не эле ошончо жыл басмадан чыкпай?
Б: Ал жылдары адабий кружок бар эле, Тоо жылдызы деген. Аны фантаст жазуучу Беганас Сартов, анын көзү өткөндөн кийин профессор, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев жетектеп турчу. Мен армиядан келип, окууга өтпөй, заводдо иштеп калып, ошол кружокко катышып калдым. Андан кийин Дүбүрт деген ийрим түзүлдү. Анда дагы жүрдүм. Көп балдар бар эле. Жумасына 1-2 жолу жолугуп, чоң акын жазуучулар дагы келчү. Мен жаңычыл, башкачараак акын болсом дечүм. Мени Рамис Рыскуловдун поэзиясы тартып кетти. Белая поэзия деп коёт, уйкаштыкка анча маани берилбейт. Рамис Рыскулов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдордун ошондой ак ырлары бүткүл союздук деңгээлде чыгып аткан. Мен дагы ошону өздөштүрөм деп Рамис Рыскуловдун поэзиясына кирип кеттим да. Ошондой ак ырларды жазып жүрдүм. Тоо жылдызына талкууга койгом. Ошондо көбү абдан каршы сөздөрдү айтышты. Алик Акималиев деген акын бар эле, экөөбүз тең чалыш болчубуз. Ал менин поэзиямы коргоп чыкты. “Ой муну карагыла, поэзия деген жалаң гана уйкаштык эмес, андай болсо төкмө акындын баары улуу акын болуп кетпейби” деди. Советбек Байгазиевдин убагында ошондой болгом да. Мен өзүмчө көңүлүм чөгүп “эч нерсе жаза албайт окшойм, өзүмө жакшы көрүнгөнү менен” дедим. Алик менен ошондо тааныштык. Ал “Булар дүйнөлүк поэзияны түшүнбөйт, эч нерсе болбойт “ деген сөздөрдү айтты. Рамис Рыскулов менен да ийримде жүргөндө тааныштык. Мен анын үйүнө барып жатып, ал биздикине, айтор, жакшы чыгармачылык карым катнашта жүрдүк. Ал менин ырларымды жактырды. Ошодон кийин ак ырга кирдим, салттуу формада да жазып жүрдүм. Менин биринчи ырлар жыйнагым бүт эле ак ырлар экен да. Аны басмадагылар түшүнбөйт, “Ушул дагы ырбы, уйкаштык жок” дешип. Ал убакта басмада 2-3 жыл жатчу, меники 6 жыл жаткан да. 90-жылы биринчи ырлар жыйнагым чыккан. 5 автор бириккенбиз. Ошентип, чыгармачылык жолум башталган. Биринчи китебим чыкканда мен Алматыга окууга жиберилген жаш коммунист болчумун. Заводдо иштеп, комсомолдун башчысы болуп, коммунисттик партияга өттүм.
А: Сиз Алматыга партиялык мектепке баратканда коммунист экениңизге канчалык ишеним бар эле?
Б: 1000 адамдан 1-2 эле болбосо, баарыбыз “Коммунизм болот, жыргап жашайбыз” деп ишенчүбүз. 90-жылдарга чейин СССР урап калат деп эч ким ойлочу эмес. Ошол 85-90-жылдары өтө катуу өзгөрүүлөр болду да. Мен 89-91-жылдары Алматыда партиялык мектепте окуп жүргөндө, алардын “Алаш” партиясы кайрадан түзүлүп, элдин баарын көтөрүп аткан. “Бизге кошуласыңар, силер да чыгып сүйлөгүлө, силер элдин ишинде болушуңар керек” деп казак мугалимдер ошол партияга жиберчү. Анан биз барчубуз. Ал Алаш партиясында казактын укмуш уул кыздары бар эле. Сүйлөгөндөрүн уксаң тим эле укмуш. Жалаң улут жөнүндө. Көрсө,70 жыл бою улутчулдук сезими басылып келип, ошондо кайра көтөрүлгөн экен. “Биз деген казак деген улутпуз, улуттук көп нерселерибиз жоголуп кетти” дешет эле. Биздеги бир-эки журналист балдар бар эле, алар менен дагы байланышышты. Бизде ал нерсе кечирээк күч алды.
А: Казакстандагы улуттук кайра жаралуу жараяндары сиздин аң сезимиңизге таасир эттиби? Коммунисттик көз караштан улутчулдукка өзгөрүп.
Б: Абдан таасир эткен. Совет мезгилинде тыюу салынган темалар көп болчу да. Мен өзүм Туран ассоциациясын түзгөн адаммын. Уставы, мөөрү менен дагы эле турат. Бул идея кайдан келди? Мен өзүм пантүркчүл идеясын көтөргөн адаммын да. Аалы Токомбаевдин бир тыюу салынган китеби бар эле. Ушул Туран жөнүндө сөз кылалы да. Көп адамдар муну түшүнбөйт. Мен жаштыгыма салып, өзүмдүн ой жүгүртүүм ошого жакын болгону үчүн кирип кеттим да. 1986-89-жылдары Главлитти иштеп калдым. Азыр ал уюм жок, цензура болчу. Мен келгенге чейин ал жерде Турсунов Жаныбек Жумалиевич деген киши болчу. Советтик Кыргызстан гезитинде редактор болуп иштеген. 88-жылдары Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев баш болгон КДК уюму күч алып аткан учур эле. Ошол бизге дагы жетти. Мурун тыюу салынган китептерди чыгаруу маселеси козголду. Ал убакта кичинекей брошюра болсо дагы, главрлиттин уруксаты менен чыкчу. Мамлекеттин көзөмөлү ушундай болчу да. Анан бир күнү Аалы Токомбаевдин “Мумия” деген китеби келип калды. Жаныбек Жумалиевич “Сен акынсың го, текшерчи” деп мага берди. Биринчи окусам, ичинде бүт эле Ленинди, коммунизмди мактаган ырлар. Баары эле ошондой. Анан, экинчи ирет окуп кирдим. Үч жеринде Туран деген сөз бар экен. Саптын ичинде эле “Байыркы Туран жери, Туран баатырлары, Туран эли” деп турат. Китепти Жаныбек Жумалиевичке алып барып, “шектүү эч нерсе жок, болгону ушул үч жеринде Туран деген сөз бар экен. Ушунун айынан тыюу салынган го” дедим. Ал мага “Мен дагы ошентип ойлогом” деди. Анан китепти чыгарганга уруксат бердим. Биздин редакциялык топ 20 чакты кишиден турган чакан жамаат эле. Салмоор байке деген аксакалыбыз бар эле. Пенсия курагында, азыркы менин жашымдай болсо керек. Тамеки чегип сыртка чыкканда ошого Аалы Токомбаевдин “Мумия” китебин басып чыгарууга уруксат бергеними айттым. “Китепте тыюу салгыдай деле эч нерсе жок, болгону ушу Туран деген сөз бар экен” десем, ал мага бир окуяны айтып берди. Ошол маселе менин аң сезимимди аябай өзгөрткөн да. Кыскача айтып берейин. Салмоор байкенин агаларынын бири кыйын чыккан экен. 27 жашында Борбордук комитетке мүчө болуп кириптир. 27 жашында Борбордук комитетке кирүү деген анын чындап эле саясий шыгы бар экенин билдирген. Туугандар арасында “Бул өлкөнү башкарат” деген тилек болуп, сый урматта жүрчү экен. Совет убагында областтын биринчи секретары деген болчу. Алардын биринчи орун басарлары баары Москвадан бекитилип жиберилчү. Ал убакта билчү эмеспиз, орустар бар экенин эле билчүбүз. Кийин эс тартканда түшүндүк. Ошол экинчи секретарь өзү келбей, бирөө Москвага барып, ошону узатып келчү. Бул мага абдан таасир берген. СССРдин чачырашына орус шовинизми эң башкы фактор болгон деп ойлойм. “Бардык улуттар тең укуктуу” дегенге карабай, орус улутундагы адамга кылынган мамилени карагыла. Бир эле Кыргызстан эмес, 15 союздук республикалардын баарында ушундай болчу. Орустун шовинизми күчтүү болбосо орустан неге качат элек? Орустан көргөн жакшылыгыбыз да көп. Бирок, бир ушул башка элдердин качышына алып келди да. Анан, ошентип Салмоор байкенин агасы Москвадан экинчи секретарь менен люкс поездде келет. Чымкент, Жамбылга жетип, ал жерден тоолор башталганда, орус “Ну, слушай Болот, как называются эти горы?” десе, агасы “Это Туркестанские хребты” дейт. Тиги оруска жакпай “А есть ли другое название?” десе, “По древним источникам эти горы называются Туранские хребты, вся земля Средней Азии называлась Туран” деп жооп берет. Тигиге бул дагы жакпайт. Жакпаганын берки дагы сезет. Ошондой сөз болот. Бир жумадан кийин эле жанагы жигитти иштен алып коюшат. Көрсө, тиги орус “Он же пантюркист” деп айткан экен. Анан жаш жигит ошодон ичип кетип, кийин өлүп калган экен. Жөн гана жердин атын айтып койгону үчүн иштен алынган экен. Ошондой болуп аткандан кийин Аалы Токомбаевдин китебине дагы албетте тыюу салынат да” деп Салмоор байке айтып берди. Тарыхчы катары Туран деген империянын аты экенин, анын арийлерге байланышы бар экенин билчүмүн. Ушу окуядан кийин кызыгып кеттим. Неге Туран деген жаккан эмес, эмнени билдирет, эмне үчүн орустар муну жок кылды, эмнеге антип атасак болбойт. Европа, Азия, Африка деп аталып турат, эмне үчүн Туран десе болбойт. Түркстандын ордуна эмне үчүн Орто Азия жана Казакстан деп коюшту деп байыркы тарыхка кирип кеттим да.
А: Ошол мезгилден изилдеп баштадыңызбы?
Б: Издеп материал чогулта баштадым Туран боюнча.
А: Сиздин карьераңызга зыян болот деген ички туюм болду беле?
Б: Карьерага болгон коркунучтар бар болчу. Ушул нерсе мени 91-жылы Туран ассоциациясын түзгөнгө алып келди. Маркум Токтобай Мүлкүбатов экөөбүз Кыргыз эл коому деп уюм түзүп, бүткүл дүйнөдөгү кыргыздардын курултайын өткөрөбүз деп, макала жазып баштаганбыз.
А: Эгемендүүлүк алганга чейин элеби?
Б: Ооба. Партшколду бүтүп келип, уюмду каттоодон өткөрүп, 92-жылы Курултай өткөрдүк, дээрлик 2 жылдан кийин. 91-жылы Туран ассоциациясы түзүлгөн. Мен Алматыда окуп жүргөндө эле Туран боюнча изилдеп баштагам. Казак адабияты деген гезиттен Рюриктин Туран жөнүндө жазган үзүндүсүн окуп калдым. Бул менин кызыгуумду арттырды. Андан бери көп макала ж.б. чогулттум. Анан Алматыдан келгенден кийин Туран ассоциациясы түзүлүп, кийин Легендарлуу парламенттен уйгур депутат Кенжиев, түрк Изатов жана өзбек диаспорасынын өкүлү ж.бларга барып идеямды айтып баштадым. Алар коркушту. “Сиз башында туруңуз, биз колдоп туралы” дешти. Уюмду минюсттан каттоодон өткөрдүм. Уюмга тыйын керек да. Бизнесмен Кенжиев, Изатовдор ошол жагынан жардам беришти. Кийин 1-2 жылдан кийин жок болуп кетишти. Көрсө, аларга КГБдан кишилер келип, “Бизнесиңерди тартып алабыз, депутат болбойсуңар” деп коркутуп үркүтүүлөр болуптур. Бул менин ошо эгемендүүлүк алганга чейинки Туранга байланыштуу сезимдерим. 2-3 макала жаздым, материалдар топтолуп калды, быйыл 100 жылдыкка карата китеп кылып чыгарсамбы деп турам. Эгемендикке чейин кыргыз эл коомунда иштедим. Эгемендик алгандан кийин Курултай болуп, кыргыз эл фонду түзүлүп, мени ал жакка ишке Төлөгөн Касымбеков чакырды. Ал жакта 1-2 жылдай иштедим. Улуттук жана жалпы түрк дүйнөсүнө байланышкан идеялар менин жүрөгүмө орноду. Улутчулдук сезими күчтүүрөөк болду деп ойлойм. Бирок, кыргызды башка элдерге каршы коюп, башка элди кыргызга каршы койгон түшүнүк менде жок. Улут десе эле бири бирине каршы койгонду түшүнүшөт. Бул абдан туура эмес түшүнүк. Ар бир адамда улут деген түшүнүк болушу керек. Мен бир жолу ойлондум. Нацизм, национализм, шовинизм, патриотизм деген терминдердин баары улутчулдук деп которулат экен. Неге ар биринин өзүнчө которулушу жок? Анан кыргызды бири бирине каршы койгон нацизм, ашкере шовинизм дагы эмес, орусча айтканда благородный улутчулдук болгон экен. Манас атабыз дагы кыргызды сактап калам деген улутчул болгон. Азыр бизде улутсуздуктун кесепетин тартып жатабыз.
А: Жакшы нерселерди айтып бердиңиз агай. Главлитте иштедим деп атпайбызбы, цензуралык уюмда. Ошол уюмдун ишмердигин айтып берсеңиз, кандай чыгармаларга тыюу салынчу эле? Кайра куруу жылдарында уюмда кандай өзгөрүүлөр болду?
Б: Мен ал жакка 86-жылы бардым. Перечень бар болчу. Бир китептин ичинде бүт тыюу салынган терминдер, саясий аталыштар, стратегиялык нерселер бар болчу. Мисалы, курал чыгарган Ленин заводу тууралуу үстүртөн эле айтылчу. Ал завод эмне чыгарат, канча цехи бар, канча жумушчу иштейт, айтылчу эмес,Кандай макала келбесин, ошол китептеги переченге ылайык болсо, анан чыкчу.
А: Переченде дагы эмнелер бар эле?
Б: Аскердик стратегиялык нерселер. Мисалы, Чүй өрөөнү жөнүндө жазылган бир макалада стратегиялык көпүрөлөр тууралуу жазылса, ал маалымат элге чыкчу эмес.
А: Тил, улут маселелери боюнчачы?
Б: Союзда расмий тил орус тили болчу. Анан ар бир республиканын формалдуу түрдө өзүнүн тили бар эле. Бирок, өзгөчө кыргыздар менен казактар эң орусташып кеткен да. Казактар азыр өзүнүн тилине басым коюп, чыгып кетишти. Биз эмдигиче тамтаңдап чыга элекпиз да. Жетекчилердин саясий эрки жетпей, эл арасында кыргызча сүйлөгөнү менен чиновниктер арасында орусча сүйлөгөн катмар бар да. Тил маселеси боюнча жазылбаган мыйзамдар бар эле. Өзбек, казактар менен язык межнационального общения деп сөзсүз түрдө орус тилинде сүйлөшчү. Автобуста эки кыргыз кыргызча сүйлөп баратса да, орустун чал кемпирлери “Силер не биз түшүнбөгөн өз тилиңерде сүйлөп атасыңар?” деп, өзүбүздүн жерде замечание кылышчу.
А: Жеке өзүңүзгө ошондой замечание болду беле?
Б: Орустун чал-кемпирлеринен угуп эле жүрчүмүн. Алматыда жүргөндө автобуста тыйынды “Передайте” деп узатсам, казак кемпир мага карап “Балам, не өзүңүн тилиңде сүйлөбөйсүң?” деп замечание койду. Мен ушундай эскертүүнү кийин бир дагы улуу муундагы кыргыздардан уккан жокмун. Казактарда улутчулдук сезими бизге караганда күчтүүрөөк экен да. Партиялык мектепте 2 жыл окугандан кийин дипломдук иш жазмай болдук. Деканыбыз казак агай болчу. Андан “Мен кыргызча жазсам болобу?” деп сурадым. Ал мага “Жетекчи кылып Тилектешов Жапарды ал” деди. Анын көзү азыр да тирүү. Ал КПССке тиешелүү Советтик Кыргызстан гезитинин редактору болчу. Ушундай адам жетекчи болсо, дипломдук ишти жактоо оңой болот экен да. Казак балдар да дипломдук иштерин казакча жазабыз деп чыгышты. Көрсө, партиялык мектептин тарыхында бир дагы казакча жазылган дипломдук иш болгон эмес экен. Партиялык мектеп Алматыда анан Ташкентте эле болчу. Мен дипломдук ишимди “Кайра куруу жылдарындагы басма сөз беттериндеги улуттук темалардын көтөрүлүшү” деген теманы алдым. Анын ичинде 3 главада маселе козгодум. Бири “Кара жамынган Ош” деген 90-жылы жаңы эле болгон Ош окуясы деген, материалдар абдан жаңы болчу. Экинчи главага Алматыда 86-жылы болгон кандуу Желтоксан окуясын койдум. Үчүнчү главаны “Майда элдердин чоң проблемалары” деп, ичине Өзбекстандан сүрүлгөн түрктөр, орустарга каршы болгон тува, якуттар, месхеддердин Грузияга, Крымга жылганын жаздым. Казакча жазабыз деген казак балдар казакча жаза алышпайт экен. Алар ректордон казакча жазабыз деп сурашса, 29 бала окучубуз, ошолордун жок дегенде 50 пайызы казакча жазса, ошондо уруксат беребиз дептир, болбосо, борбордук комитет мени неме кылат деп. Бирок, казакча жаза алчу балдар 50 эмес, 40 пайызга да жетпейт экен. Ошондо алар келип менден суранышты, Абыке, сен дагы казакча жаз деп. Ошентип, мен дипломду кыргызча жазып, казакча жактамай болдум. Алматыда 2 жыл жүрүп, казакча суудай сүйлөп калгам да. Казак балдар орусча жазылган иштерди казакчага которуп, ошентип 50 пайызга жеткен. Анан, мен казакча жактап атам дипломду. Комиссияда 11 адам отурат. Борбордук комитеттен келген бир орус, калгандары баары казактар. Жактап бүткөндөн кийин “Кимде кандай суроо бар?” деп, анан орус суроо берди. Ал орус казакча түшүнгөн орус экен. Менин дипломумду барактап отуруп, ал кыргызча жазылган да, “На каком языке написано” деди. Мен дароо түшүндүм да “На кыргызском диалекте казахского языка. Мы считаемся одним народом. Казахи – это степные кыргызы, кыргызы – это горные казахи” дедим. Десем, ошол отургандар баары дуу күлүштү. Орус болсо “Я доволен вашим ответом” деп, ошентип, бир суроо менен 5ке тапшырып чыктым. Ошондой казак тилине кошкон салымым болгон. Чогуу окугандар азыр да айтып калышат. Ошондогу казактардын тилге болгон, улуттук идеологияга болгон демилгени көтөргөнүн мен ушу убакка чейин бир дагы кыргыздан көргөн жокмун да тилекке каршы.
А: Бизде 89-жылы улуттук тилге байланыштуу бир топ эле активдүү иштер болду да. Ошолорго катыштыңызбы?
Б: Мен катышкан жокмун. Негизинен, мени менен иштешкен Сулайман Кайыпов, Бүбайна Орзубаева, Сыртпай Мусаев үчөө бул маселе боюнча Борбордук комитетке, Масалиевге чейин барып, тыгыз иштешишти. А бирок, коомдук иштерде, кол топтоодо мен дагы аралашып жүргөм. Кийин 2003-2006-жылдары мен жалаң мамлекеттик тил боюнча 30дан ашык макала жазыпмын. Жыйнагым дагы чыккан. Кийин сураштырсам өмүр бою тил менен нан таап, тилчи болуп жүргөн профессорлор да анчалык жазышпаптыр.
А: Сиз советтик цензура менен жакшы тааныш болуп калыпсыз. Кайра куруу жылдарында мурда тыюу салынган чыгармаларды басып чыгарууга уруксат берүү процесси кандай жүрдү?
Б: Ал процесс анчалык тоскоолдукка учураган жок. 88-89-жылдары болчу. Эл жакшы кабыл алды. Кыргыздын улуттук духу көтөрүлүп, башка элдердики тескерисинче болду. 90-жылы орустар поездге батпай, массалык түрдө кача башташты. Ар бир эл өзүнүн деңгээлине жараша ой жүгүртөт да. “Биз шовинист болуп, буларды бийлеп келдик, эми булар өч алышат” деп ойлосо керек. Чынында, ошондой сөздөр жүрүп, анча-мынча жаштарды тыйган учурлар болгон. Аны башка улуттагылар уккан да. Бирок, кыргыздар эч кимди чекесине черткен эмеспиз. Бирин серин болгондур, бирок, массалык түрдө болгон эмес. Кыргыздар өтө айкөл эл да. Кошуна казак, өзбек, тажиктер орустарга таптакыр башкача мамиле кылышат. А биз болсо орус тилин дагы эле сактап келип атпайбызбы. Биз өзүбүзгө өзүбүз зыян келтирип болсо дагы колдоп атабыз. Мына кечээ Шакиев “Балдарыбыз орусча сүйлөп атат, өз тилибизди өнүктүрөлү” десе, патриот Камчыбек Кыдыршаевич “Жок, бизге орус тили керек” дейт. Маселе бул жерде улуттук тилди өркүндөтүү болуп атат. Себеби, улутту улут кылган негизги фактор тил да. Азыр кыргыз болгусу келбеген кыргыздар бар. Ошол дагы тил маселеси себептүү. Дүйнөлүк окумуштуулар, Ленин, Маркстар дагы улутту улут кылып калыптандырган эң негизги нерсе тил экенин айтышкан. Кыргыз тилин ушунчалык кысып келатабыз. Ошонун айынан бизде улуттук аң-сезим дагы эле калыптана элек. Биздин абалыбыз ошо тилдин абалындай болуп турат. Ал эми тыюу салынган адабияттар боюнча анчалык деле неме жок эле. Бирок, ушу тил маселесине байланышкан бир нерсе бар эле. Ал жер-суу аталыштары. Лихачев деген орус окумуштуусу бар эле. Ошол “Эмне үчүн биз Петр Iнин ордуна Лениндин атын берип, шаардын аталышын өзгөрттүк?” деп Ленинграддын атын өзгөртүүнү көтөрүп чыккан. Анан, алар Петроград деген орусча дагы эмес, Петербург деп немисче аталышын коюшту. Мен өзүм Аксыдан болом. Аксы ал убакта Жаңы-Жол деп аталчу. 88-жылы мен макала жазып, райондун атын өзгөртүүнү көтөрүп чыккам. 92-жылы Аксы деп өзгөртүлдү. Ошентип, көп эле жер-суу аталыштары өзгөрдү. Бирок, Чүй менен Ысык-Көлдө дагы эле орусча аталган жерлер көп. Ал жерлерде орустар жашабаса дагы, кыргыздар орусча атап көнүп калышкан да. Беловодское деген Ак-Суу деген жер. Аны орустар келип, Беловодское деп өзгөртүп коюшкан. Алтын чөйчөк деген Казарман. Алтын чөйчөк деген өзү кандай сонун аталыш! Дароо ошол жердин түзүлүшү көз алдыңа келет. Орустардын аскерлери жайгашкан үчүн Казарман деп аталып калган. Ал жерде азыр орус барбы жокпу билбейм. Бул деген кыргызда улуттук аң-сезим өтө төмөн экенин билдирет.
А: Акыркы суроом улуттук аң-сезим тууралуу болмокчу. 91-жылы эгемендүүлүктүн келишине улуттук аң-сезимдин таасири болдубу?
Б: Сөзсүз болду да. Улутчулдук аң-сезим козголбосо, биз эгемендүүлүктү албай орус болуп жата бермекпиз да. Бул бир дагы. Экинчиден, 15 республиканын баары улутчулдук аң-сезимди козгоп, эгемендүүлүк алып атышса, биз кантип..? Улутчулдук эмес, жөн гана намыс менен болсо дагы кылмакпыз да. Эгемендүүлүктү жарыялоо Акаевдин же Легендарлуу парламенттин эрдиги эмес деп ойлойм. Жалпы процесс ошого жүрүп атат да, бүт союз чачырап. Анан биз өзүбүз дагы мамлекетибизди курушубуз керек эле да. Тарыхта кыргыздар керек болсо азыркыдан 100 эсе чоң территорияны ээлеген держава болгонбуз да. Мына быйыл 100 жылдыгын белгилеп атабыз. Чындыгында, Абдыкерим Сыдыков баш болгон кыргыз интеллигенциясы бул мамлекетти 1922-жылы 3-июнда түптөгөн. Алар Курултай чакырып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусун жарыялашкан. Мына ошондо орустун шовинизми кайрадан роль ойногон да. Москвада туруп алып, “Кандай булар бизден уруксат сурабай мамлекет жарыялашат? Расформировать!” деп телеграмма жиберишкен. Бирок, кыргыз өлкөсү деп жарыяланып калгандан кийин, кайра артка кайтарууга болбой калгандыктан аргасыз болуп калышкан. Биз интеллигенциянын ушул ролун жетиштүү деңгээлде көтөрө албай атабыз. Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстановдор баштарын сайып, жоопкерчиликти сезип, ошого барышкан. Москванын уруксатысыз ошого барышкан. 20-жылы Өзбек, Казак, Түркмөн АССРлери түзүлгөн. А кыргыздарга уруксат беришкен эмес. Себеби, орто кылымдардагыдай мамлекет куруусун каалаган эмес. Көзгө көрүнүп турат. Кыргыздын түндүгүн Казакстанга, түштүгүн Өзбекстанга кошуп жиберүү тенденциясы жүргөн. Дал Абдыкерим Сыдыковдор ошону сактап калышкан. Аларды улутчул, Туранчыл деп 37-жылы орустар жок кылышкан. Ошол 37-жылы Улуу Ата Мекендик согуштан дагы чоң жоготууга учураганбыз. Кийин 53-жылы дагы кыргыздын каймактарын калпып алышты. Ошонун кесепетинен азыр кулдун тукумдары дагы деле мамлекетти түптөй албай отурабыз. Ак сөөктөрдүн тукумдары мамлекетти түптөөдө ролу аябай чоң. Ошон үчүн Европада королдун тукумдарын дагы эле кармап турушат. Ал бир жөн эле келесоолук эмес. Бизде ак сөөктөрдүн тукумдарын кырып алып, карапайым элдин тукумдары өлкөнү башкарууда чабалдык кылып келатат. Улуттук аң-сезимдин калыптанбаганы, өзүбүздүн тил дагы эле мамлекеттик тилге айланбай атканы кесепетин тийгизип атат да. Чоң чиновниктер ошону өзүнүн милдети экенин дагы деле моюнга албай атат. 30 жылдан бери улуттук аң сезимди түптөп коюш керек эле. Эгемендүү кыргыз мамлекети деген эле сөз болбосо, Союздан анча узап кеткенибиз жок. Чынында эле ушундай да, мен намыстанам!
А: Чоң рахмат, агай!