Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Байма Сутенова

Байма Сутенова

коомдук ишмер

Изилдөөчү: Биринчи  өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат алсак? Ошону айтып берсеңиз?

Байма Сутенова: Мен ушул Кыргыз Телевидение жана Радио системасында 1982 жылдан бери иштейм. Жаштар редакциясында иштедим башкы редактор болуп. 12 жыл ТелеРадионун вице президенти болдум. Акыркы ошол 2004-2010 чейин Ала Тоо программасынын башкы редактору болдум. 2006-2010 чейин Социалдык Экономикалык башкы Программаны СЭП деп койот ошонун башкы редактору болдум. 2010 жылдан бери ошол программалар редакциясынын директорумун програмный директор деп койот бизде. Анан бул ошону менен катары эле чыгармачылык иш улам бир долбор ачып, ошол долборлорду жасап, соңкусу “Демократия сабактары” болду. Анан баягы Совет мезгилдеги эмгеги сиңген адамдардын портреттери болду.

Изилдөөчү: Биздин изилдөөбүз ошол 1985-1990 жылдары коомдук кыймылдар, демократиялык кыймылдар жаңы башталбады беле ойгонуу. Ошол процессти изилдеп жатканбыз, анан ошол учурда сиз эмне менен алектенчү элеңиз? Кайсы жерде иштечү элеңиз?

Байма Сутенова: Мен анда 1982 жылы жумушка келдим. Келгенде эле жаштар редекциясына келдим. Мен жаштар редакциясында иштечимин. Анан 1985 жылы бул Горбачевтун келиши менен кыймыл башталдыда удургуу башталды, баягы Кайра Куруу деп койот. Биз күндө кечинде Время программасын көрчүбүз. Анда деген күндө кечинде бир кадрлык өзгөрүлөр болду саясий түзүмүндө, областарда андан сырткары республикалардын башкы биринчи секратарлардын баары алмашып баштады. Күндө жанагы фронтальный сводка сыяктуу күндө Времядан Время прораммасы кечки саат 21,00 кетчү ошондон угуп турдук да. Анан улам бир жаңылануулар кете баштады. Ошол учурда биз, биз өзүбүз республикадан сезе баштадык. 1985 жылдан башталган Кайра Куруу 1985 жылы күз мезгилинде Кыргызстанга кадимкидей кирип келди. Баягы мурдатан бери 20 жылдан башкарып келген жетекчилердин бардыгы баягы авансценадан кете баштады. Жаңы кадрлар келе баштады. Жаңы кадлар келди ошону менен бирге эң биринчи эркин ой жүгүртүү бул сөзсүз түрдө прессада болду. Биз ошого чейин окуп жүргөн “Комсомольская Правда” газетасы. Ал кезде “Комсомольская Правда” газетасы биздеги биз үчүн журналистер үчүн номер биринчи газета болчу. Биздин журналистик практикабыз толугу менен “Комсомольская Правда” гезитинен өттүк. Биз аяктан очерк жазганды үйрөндүк, публицистика жазганды үйрөндүк анан “Литературная газета” ошол экөөндө өзгөрүү катуу болду. “Правда” менен “Известия”, “Труд” гезити үчөө тең бир топко чейин өзүнүн эмесин фундаменталдуу түзүлүшүн бузган жок. Алар ошол эле биринчи бетин бергени менен калаганы ошол эле бойдон туруп турду. Биздин баягы ошо жаңычылдыкка үндөгөн “Комсомольская Правда” газетасы болду. Анан ошол учурда эмне башталды? Дайыма бир система өзгөрөрдө ошого чейинкилердин б”арын жокко чыгаруу башталат, жаман аттуу кылуу башталат. Ушулардын бары туура эмес иштелген, туура эмес болгон дегенден башталатта. Ошентип бир тазалануу менен каралоо экө теңме тең болот да. Биздин республика боюнча ошондой болду. Ошого чейин иштеп келген Турдакун Усубалиевичти жана анын командасын ал эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды жамандоо башталды да. Бүтүндөй Кыргызстанды жамандоо башталды. Биз көп нерсесине кошулган жокпуз, себеби биз ошол системада иштеп калдык. Алардын көпчүлүгүндө мындай караөзгойлук бар экенин сезип турдук. Ошол учурда 86-87 жылдары Москвадан мурдагы алар жалпысынан эле бияктагы партиялык жогорку кызматкерлерге ишеним болсо 87 жылдан баштап бирден десант түшүрө баштады. Ал десанттар ишенесиңерби бул райондорго чейин жетти. Биздин Кыргызстандын компартиясынын борбордук экинчи секретары Москвадан болду. Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы бул Москвадан болду, Москвадан келген эле орус жолдоштор болду. Областын экинчи секретарлары, Кыргызстан комсосолунун экинчи секретары ал тургай райондогу райондук комсомолдун экинчи секретары партиянын экинчи секретарына чейин Москвадан келгендер болду. Бул мындай, биринчиден ишенбечилик бар эле кыргыздарга деген, экинчиден баягы имперский замашкалар.

Изилдөөчү: Көзөмөлдөп туруу.

Байма Сутенова: Көзөмөлдөп туруу. Жергиликтүү кадрларга ишенбөө. Анан ошол нерсе биз күтүп аткан жаңычыл менен бирге кайра иренжүү башталды. Иренжүүнү баштады анан ошол адамдар Кыргызстан жөнүндө, кыргыз каада салты жөнүндөгү интервьюларды газеталарга бере башташты. Кыргыздар мындай экен, андай экен иши кылып эле бизди кой менен кой кылган. Анан баягы улуттук нерселерди жок кылган. Ошол кезде ушул убакытка чейин эсимде Ысык Көл райком партиясынын биринчи секретары атасына куран окуткан үчүн кызматтан кетти. Ушул нерсе Ысык Көл райком партиясынын биринчи секретары атасына куран окутканы Москвага чейин талкуланды. Ошондо биздин өзүбүздүн интеллигенция чыга баштады ай эмне үчүн атабызга куран окутпайт экенбиз деп. Эмне үчүн биздин каада салттарды, боз үйлөрдү тигүү, кымыз ичүү эмне үчүн болбойт экен деген нерсе чыктыда. Анан ошондо эң биринчи болуп Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун биринчи Литературный газетага аябай чоң макаласы чыкты. Мына ошол макала, ошол макаланын ичинде азыр дагы табып окусаңыз болот анын ичинде биздин улуттук каада салт боюнча, биздин менталитет боюнча, республикада кыргыз мектептери жоктугу боюнча, орусча билбеген жаштардын баягы партиялык, комсомолдук карьера жасай албагандыгы. Ишканаларда ошол Москвага караган чоң чоң ишканаларда кыргыз жаштарын башкарусунда эч ким жокту айтылдыда. Ушул нерсе менен Айтматов бизге бомба жарып берди. Анан андан кийин анын бардыгын биз жергиликтүү газеталарга жана эфирге алып бара баштадык. Биз ушул нерсе менен бетибизди ачып алдык. Анан ошол учурда дагы эки чоң бомба жарылды. Биринчи бомбаны азыркы филосов Жумагул Сааданбеков жарды. Жумагул Сааданбеков Кыргызстан компартиясынын 19 сьездинде доклад жасады. Доклад жасап ошо Москвада чыккан десанттардын бардыгын түп тамырынан талкалады. Чоң аябай чоң трибунадан элестет. Партиянын чоң трибунасынан. Мурдагы учур болгондо ошол күнү эле Сааданбековту атышмак же болбосо үй бүлөсүн бирдеме кылышмак. Заман өзгөрүп кылкылдап турган. Ушул убакытка чейин исторический фильм бар толугу менен. Экинчини Казат Акматов жарды. Бул экөө тең бул бомбанын жарылганын күчү эмнеде болдуда. Бул экөө тең партиянын борбордук комитетинин жоптуу кызматкерлери. Жумагул Сааданбеков идеология бөлүмүнүн башчысы, Казат Акматов идеология бөлүмүнүн жооптуу кызматкери. Ушул экөө жарганда анан андан ары кыргыз жаштары анан кетти.

Изилдөөчү: Ошол мезгилдеги коомдук кыймылдар болбоду беле. Ошол биринчи кийин плюрализм деп баягы партиялардын өзөгүн түзгөн. Ошолорду сиз көрдүңүз да өз көзүңүз менен кыймылдарды. Ошол жаштар көп аралашты. Ошолор жөнүндө көп айтып берсеңиз?

Байма Сутенова: Бизге ал кыймылдарды кимдер алып келди? Бизге ошол борбордук ВУЗ деп койчу центральный ВУЗ деп койчу ошондон окуп келгендер алып келди. Эң биринчи ушул нерсе өтө аста бирок ишенимдүү чыкты азыркы коомдук ишмер Эмильбек Каптагаевтен. Андан кийин Алмаз Акматалиев ушулар сырттан алып келишти. Андан сырткары Москвадан окуган бардык адистер ушул биринчи биздин коомдук уюмдар эң биринчи жолу биздин Улуттук Илимдер Академиясынын кичи залында жаш окмуштуулар кеңешинен Совет Молодых Ученых деп койчу ошондон чыкты. Мына ошол жерлерден булар бизге куратор болуштуда. Себеби деген Москвада, Ленинградта, Алматыда ал кезде аябай күчтүү болуп калган. Бизде ушуну түшүндүрүп айтып берген болгон эмес. Ошолор менен сизде иштеп жаткан Бакыт Орунбеков булар уюмдарды түзүп чыгыштыда. Анан бирок биринчи кандай болуп уюшулду. Бул жаш окумуштуулардын кеңеши дегендей, жаш журналисттердин ассоциациясы дегендей, студенттик уюмдардын көз каранды эмес уюму деген башталдыда.Мына ошол нерсе менен аздап аздап баштап туруп жанагы КДКнын башына келип токтолушту.

Изилдөөчү: Сиз өзүңүз ошого катышкан бир учурлар болдубу?

Байма Сутенова: Оба. Мен алар менен толугу менен катыштым. Мен аларга толугу менен катыштым. Ал кезде биякта деле олку- солку болуп калган эле да. Ал кезде Орозова Умтул Шейшеевна деген биздин башкы директорубуз эле. Ушул КыргызТелеРадио көрсөтүүлөр комитетинин төр айымы эле. Бул киши СССР Жогорку Кеңешинде депутат болчу. Бизден 6 депутат болгон ошонун бирөөсү. Ал киши сессияга барган сайын Москванын атмосферасын карап билип турган. Ошол үчүн ал кишиге өтө жаңылык болгон жок. Биринчиден аябай коркуп баса калган жок. Бирок бизди айттыда мындай инстинкт самосахранение болуш керек, силер өзүңөрдү өзүңөр сактап калган рецепт болуш керек. Эртен эфирге чыккандан кийин борбордук кеңеш, борбордук комитет мени жумуштан алып салбасын, силерди куугунтуктабасын силер ошол жагын дагы ойлонгула. Ушуну акыл менен умом алып чыккыла деп анан биринчи биз ошентип жаш окумуштуулар жөнүндө айтып, айтып. Биз аларды лидерлерди элдерге таанытып алдык дагы анан андан кийин прессбар ачылып кетти. Бул прессбар түз көрсөтүсүндө анан бүткүл КДКнын лидерлери ошол кездеги ледерлердин трибунасы болду. Ар бир жекшенби күнү кечинде саат жетиден тогузга чейин чыкчыбыз эфирге эки саат. Ошол эки сааттын аралыгында бардык ойлорун айта башташты. Анан ошол эле учурда мисалы Алматыда аябай гүлдөп аткан,  Москва, Ленинград гүлдөп аткан. Азыр айтып жүрүшөт Ташкент андай болгон эмес деп жок Ташкентте мындай жашыруун уюмдар бар болчу. Алар накта эле революционерлер болуштуда. Анан деген Ташкентте окуган жаштар, түштүк тараптан окугандар алар кыймылдай башташты. Бүтүндөй түштүк тараптагы баштапкы коомдук уюмдардын бардыгы Ош мамлекеттик институтунда башталды. Институт ошол кезде институт Оштон азыр бары тең жаштар бүтүп профессор болуп калган тарыхчылар бар, тарыхчылар адабиятчылар чыкты. Биз бардык тараптан кишилерди топтоп аттыкта. Анан ушинтип биз эфирге чыгып аттык. Мен өзүм алып чыгып аттым.

Изилдөөчү: Кайсы программада болчу?

Байма Сутенова: Жаштык Прессбары болчу. Бул биринчи биздин түз эфирдеги болчуда. Анан ошондо Казат Акматов чыга баштады, Жыпар Жешеев чыга баштады.

Изилдөөчү: Маек түрүндө э?

Байма Сутенова: Жок. Маек эмес мындай азыркы ток шоу. Ток шоу талкууда. Анан алар чыгып келип атып эле мисалы Казат Акматов адабият маселесин айтып келе жатып коомдук пикирди айтып кетет. Жыпар Жекшеев сүрөтчүлөрүн айтып келе атып сүрөтчү болдуда сүрөтчүлөрдү айтып келе жатып коомдук ошентип ошентип отуруп бир эки программаны мындай өткөрдүк. Анан андан кийин эле коомдун өнүгүшү жаштардын көзү менен дегенге алдык, жаштардын көз карашы бардык нерсеге. Айыл чарба жаштардын көз карашы, өндүрүштө жаштардын көз карашы ошону менен анан кетти. Эң негизги тема бул мамлекеттик тил маселеси болду. Мамлекеттик тил маселеси болду. Мамлекеттик тил маселеси эмне үчүн 89 жылы алынды алынбаска айла жок болчу. Бул маселе бүтүндөй бүт жаштардыкы, жаштар интеллигенциясы эмес, заводдордо укмуш мындай гүжүлдөгөн кыргызча ойлонгон бир аябай мындай кубатту балдар бар эле. Күчтүү лидерлер бар эле. Биз азыр жанагы кимди Турсунбек Акунду тамашалап антып — мынтип жүрбөйбүзбү между прочим ошол айыл чарба институтунда комсомол комитетинин секретары эле. Айыл чарба институтундагы студенттер биология сыяктуу аябай чоң сабактарды кыргызча окуй албай атат. Эмне үчүн ошону кыргызча берүүгө болбойт деп ошол Турсунбек Акун алып чыккан. Политехте өздөрү бар эле ошентип отуруп эле бул коомдук уюмдардын аябай чыгып кетишине студенттер анан жаштар болду. Бул завод Лениндин жаштары болду, завод ЭВМдин жаштары болду, Фрунзе атында айыл чарба техникасын чыгара турчу завод болду Сельмаш. Ушинтип отуруп эле анан ошонун башын түзө турган жанакы интеллигенция болду. Биз айтып жүрөбүз чынында айтканда КДКнын эң башындагы бул түзгөндөр Каптагаев менен Жыпар Жекшеев болчу. Топчукелер кийин кошулушту. Кийин анан көп кошулушту. КДК жер жерден, район райондон болгондо мындай ээ болушуна болбой калды.

Изилдөөчү: Түштүбү?

Байма Сутенова: Аябай жакшы, аябай мыкты ойлонгон жаштар менен бир катар ошо кезде эле коомго батпаган, сөз укпаган, ажы-молдо, ичкен пичкен ошо ошолорго кошулуп кетти. Анан ошол нерсени борбордук комитет мындай шимование алды да КДКда булар бар тигил бар ошолор милицияга түшүп калып атты андай мындай булуп атты, бирок эч кандай бул аба ырыйын түзгөн жок. Анан алып кетишти. Ошол кездеги коомдук уюмдардын мисалы ошонун башында уюшулган Ашар коомдук уюму. Эмне үчүн Ашар КДКдан бөлүнүп өзүнчө түзүлдү? Ашар Кыргызстан демократиялык партиясы абалга ээ боло албагынын түшүнүштү да анан Ашарда ойлонгон балдар бар болчу. Ошол эле Ракыя, ошол эле Жусуп чоң аю. Бул балдар айтышты силер идеология менен алектене бергиле биз конкреттүү иш менен алектенебиз деп анан жер маселесине булар өтүштү. Булар дайыма мен айтам Ашар практически ишке өттү. Ашарда ойлонгон балдар болду. Ашарда мындай ошол эле учурда Ашар ячейка болуп кетти да. Ашардын башкы башкармачылыгы болдуда анан ылдый жака бөлүнүп кетти. Бул коомдук уюмда ар түрдүү аталыш менен кеткендердин барынын негизинин башында Ашар турду. Ага чейин анда КДКдан лидерликти талашкандар Эркин Кыргызстан деп өзүнчө кетишти. Дагы бирдеме деп өзүнчө кетишти. Бирок Ашар бузулбай ошондой бойдон калды. Коомдук уюмдардын азыр мындай майрамдагыдай эле сезилип кетет да аябай, дуулдап бир майрам болуп аткандайчы. Булардын бардыгы тең атайын кызматтын көз алдында болушту.

Изилдөөчү: Ошол мамлекеттик кабыл алуу деги эле эң жөнөкөй жетишибизге ошондой кыймылдардын ролу кандай деп ойлойсуз?

Байма Сутенова: Аябай чоң болду. Бул мындайда кандай учур болбосун коомдук пикирди пайда кылыш кыйын. Коомдук пикирди пайда кылып элди көтөрүшаябай кыйын. Ага мисалы бир эле айткан лидердин, бир эле айткан өзүңөр билесиңер лидерство политологияда лидерликти бир киши кылат бирок анын аркасындагы улантуучулары болуш керек, көтөрүп кетүүчүлөр болот. Мына ошол нерсени коомдук уюмдар аткарды. Анан кыргыз тилинде мамлекетик тил деп кабыл алынышы 89 жылдын 23 сентябрында болду. Биз ошол күнү түнү менен уктаган эмеспиз, майрамдаганбыз. Ошол мыйзамдын пунктарын деле билбейбиз. Кандай экенин деле билбейбиз, бирок ошол мамлекеттик тил деген статуска ээ болду деп жаштар майрамдаганбыз да. Мен ойлойм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн жакындашына болгон чоң кадам бул ушул мамлекеттин тилди кабыл алынышы болду.

Изилдөөчү: Анан ошол учурда сиз өзүңүз айттыңыз биз жаштарды элге таныштырып кандай бир коомдук пикир түзгөнү аракет кылдык деп. Анан жалпы Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарда кандай чагылдырды кимдер? Кайсы журналистер активдүү иштеди бул темада?

Байма Сутенова: Биз баягы телевидениеде элек да ишенесизби. Мен учурунда билген эмесмин, учурунда жумуш анан барыбыз жашпыз, эргип мундай энергиябызды каерге жиберерди билбей турабыз. Эфирге чыгабыз. Бүт Кыргызстан көрчү экен кийин дейт баардык жумушту таштап коюп көрчүбүз. Себеби борбордон жаңылыкты күтүшчү да. Ошол кезде газеталар мындай баштады “Бишкек Шамы” көбүрөк эме кылдыда. “Ленинчил Жаш” газетасы кичине бир аз мындай байкочулук абалда туруп, анан андан кийин өтүштү алар. Андан кийин анан укмуш газеталар чыгып кетти, өзүм атын билбейм. Бир кундүк, бир күндүк газеталар чыгып кетти да. Биз дагы баягы ошол эркин газеталардын башында турган “Майдан” деп атабыз. “Майдан” бир эле саны чыгып жок болдуда ал кезде. Бирок кийин мындай басылмалар бат эле мурдагыдай көп документ чогултпай эле Министерство Юстициеден бат эле регистрациядан өтүп бат эле көп эле чыгышты. Журналистерден азыркы ошол азыркы мыкты деген журналистердин бардыгы ошол нерсени колдошту. Бардыгы колдошту. Мен азыр мисалы аябай иштеп жана жазгандардан Ракыя Жусупованы айтат элем. Ракыянын иниси бар эле Кудайкул Жусупов деген азыр каерде экенин билбейм. Ушул бала аябай көп жазды. Жусупов өзү журналист болчу да ал аябай көп жазды. Анан андан кийинкилер Бакыт Орунбеков, анан бүт “Асаб”а жана Асабага чогулган топ ошлор болчу. Ошолор жазып, сүйлөп, айтып жүргөндөр болчу да. Анан мундайынан алганда Совет доору аябай чоң басым таштады да ошон үчүн мунтип суурулуп, өзүнүн карьерасын, бардык жеке тынч окатын тобокелчилике салган журналистер өтө көп деле болгон жок.

Изилдөөчү: Азыр эсиңизде жокпу ошондо бир чуулганду материалдар, элдин озуна алынып кеткен макалалар, гезиттер?

Байма Сутенова: Көп эле болду. Мен ошо эсимде раматылык Жапар Саатов деген агай бар эле. Ошол Ашарды жамандап жазып, Ашарды жана КДКны жамандап жаздыда анан мен билем ошол гезит чыгат экен чыгат экен мына деп Советтик Кыргызстанда иштеген жаш журналистер айтып алды да эртен чыгат экен деп. Анан ушул балдар түнү менен уюшулуп ошол газеталарды баардык почталардан сатып алышты Союзпечаттан толугу менен сатып алып. Анан ошол бир аз эле киши окуп калды окшойт. Ошону менен мындай бул бийлике отпор берди кадимкидей. Демек мындай кылса болот экен да, мындай кылат экенда деп. Ушул убакытка чейин билем ошол деле агай, кийин кыйналып жүрдү, жашы өтүп калган журналист агай эле. Ошо кишини колдонушту да.

Изилдөөчү: Ошол учурда азыр айтып жатасыз макала жазышкан, дагы кандай кысымдар болушкан?

Байма Сутенова: Кысымдар дайыма болуп турчу. Биз барыбыз ал кезде КГБнын бардык беседасынан өттүк. Профилактический иштеринен дагы өттүк. Үй бүлөлөрүбүзгө, бир туугандарыбызга, жумушта иштеген туугандарыбызга бардыгына кысым болду.

Изилдөөчү: Сиздин өзүңүзгө?

Байма Сутенова: Менин өзүмө дагы ошондой болду. Менин өзүмө, менин үй бүлөмө, мен жашаган үйгө кысым аябай чоң болду. Айылдагы туугандарыбызга, ата энебизге чейин жетип, кой деп койгула деп ал, бул дегендер болду. Бул нерсе ушул нерсени эч ким кайра артка тарткан жок. Кайра эч ким кайра артка тарткан жок. Анан аябай эмесин көбүрөк ошонун азабын Ракыя тартты Жусупова. Ракыя отуруп чыкты да. Кадимкидей Ракыяны камашты.

Изилдөөчү: Канча жылга?

Байма Сутенова: Ал Ракыя бир айча болдуго. Бир, эки ай болду. Бул биринчи жолу журналистердин ичинен ГКНБнын сизосуна жатып чыккан бул Ракыя Жусупова болду.

Изилдөөчү: Ошол учурда э?

Байма Сутенова: Ошол учурда.

Изилдөөчү: Ал жөнүндө көп айтыла бербейт.

Байма Сутенова: Анан кийин Ракыя эскерип айтып берди. Ракыя аябай баатыр кыз да, ал аябай баатыр тим элечи. Ошол кездеги ошол ал өзү иштнген КыргызТаг деп койчу да азыр Кабар Агентсвосунда иштечү. Ошол жерден элге тарата турган листовканы карабайсынбы батырлыгын листовканы ал ошол жерден ошолордун эмесине көбөйттүргөн да, азыр биз айтып атпайбызбы ксерокс депчи, ошондой нерсе Кабарда гана бар болчу. Ошол кагаздарды Ракыя жасачу да. Ошон үчүн болду.

Изилдөөчү: Листовкаларда эмне деп жазылчу эле?

Байма Сутенова: Листовкаларда ошол листовкалар аябай көп тарады, бул академияда ксерокс бар эле кыргыздарда ксерокс деп койобузда. Анан могу ушул убакытка чейин эсимде могу Калык Акиев менен Киевскийдин кесилишинде сүрөтчүлөрдүн жатаканасы ба,р азыр деле бар болсо керек. Ошол жатаканада сүрөтчү балдар кагазга картонго түшүрүп жазып башташты. Силер эски кадрларды көрсөңүздөр, эски хрониканын кадрларын көрсөңүздөр аябай таптаза жазылган бул художниктер жазган алар жакшылап таптап жазышат да, калганын биз өзүбүз эле мындай эле боек кагаз менен эле. Бирок ошол кезде азыркыдай эмеде боек эме жок болчу ошону эле художниктерден алып, художниктердин арасында көп болду. Ким өзү художник болчу да Жыпар Жекшеев. Ошонун студенттери, курсташтары болгон художниктер бары ошол жерде.

Изилдөөчү: Ошол сакталып калды бекен бирин серин?

Байма Сутенова: Сакталган жок. Хроникадан көрүп каласың. Анан кадимкидей листовка таратылып атты, жатаканаларда таратылып атты. Ушул бешинчи жатакананын жатаканада таратуучулардын негизгиси Бакыт Орунбеков болчу. Бакыт аябай чоң эме кылды. Андан кийин ошол эле учурда мындай таратуучулардан раматылык Чыныбай Турсунбеков. Ошол таратты. Университетте биздин өзүбүздүн кишилер бар болчу, ошону эме кыла турган. Политех таратты. Политехте дагы жакшы эмелер бар эле аспиранттар эле. Ошол бир экөнү такыр көрбөй калдым, көзү өтүп кеттиби же эмне болду, аспирант жаш окумуштуулар болчу да, ошолор көп таратты. Политех постоянно дайыма эмне болду да Политех бир мындай орундуу, анан практический ишти жакшы жасашчу. Анан баягы ошондо болдуда Ош окуясында биз Ошко барабыз деген кыймыл Политехтен башталды да. Анын башында Акылбек Жапаров турган азыркы премьер министр. Акылбек Жапаров Ошко чейин учуп барып келди чогу Масалиев менен сүйлөшүп. Менин Ош окуясы боюнча даректүү фильмим бар, ошондо карасаңар ошол Акылбек Жапаров 4-5 курста окучу. Ушул балдар болчу. Азыркы мынагул жерден башы көтөрүлүп чыккандардын бары лидер болчу.

Изилдөөчү: Ошол кезде?

Байма Сутенова: Ошол кездеги лидер балдар. Айыл чарба институту аябай чоң эмеде турушту бул айылдан келген балдар да бүт атмосфераны билип турган балдар. Мединституттан эме болгон жок, бирок көп болгон жок. Анан ПИРИЯЛл деп койчу азыркы БГУ. БГУнын балдар кыздары болду. Мынагу коомдо бир өзгөрүү болуп ошол жаңычылдык атмосферада турганында эч ким коркпой калат экен. Эч ким коркпой калат экен. Мен ушул убакытка чейин таң калам бизди мен өзүм башкы редактордо болчумун да. Бизди келип баягы жетекчилик күнүгө эфирден кийин жакшылап токмоктошот. Эртен менен эле күлүп чыгып жакшынакай болуп кетчүбүз. Бирок, мисалы бизди жок кылып коюш оп оңой болчу ал кезде. Оңой болчу. Бизди эле биздин жетекчилик мындай акырын алдыбыздан кичине колдоп турду да.

Изилдөөчү: Ал ошол баракчалардан тышкары ошол коомдук кыймылдардын өздөрунүн басылмалары бар беле?

Байма Сутенова: Жок. Ал кезде жок болчу. Басылмалар кийин 91-92 жылы пайда болду. Өзунчө басылма ошол биринчи  листок таратылчу Ракыя Жусупова болчу, ал ошондой кырсыктады.

Изилдөөчү: Азыр ошол кездеги көз карашыңыз анан азыркы кө карашыңыз кандай ушул кыймылдарга?

Байма Сутенова: Ал кезде бир жолу мен Топчукеден интервью алдым. Анан ошол Топчукеден сурадымда Топчуке сиз ушулардын барын башында туруп ушул нерелердин бардыгын жасадыңыз, андан кийин эмне учүн сиз позицияңызды өзгөртүп кеттиңиз?  Сиз башкача болуп калдыңыз, биз сизди убак убагы менен таныбай калып атпайбызбы десем айттыда. Байма айым, барыбыз анда романтик болчубуз депчи. Анан чын эле туура айтты деп ойлодумда. Биз ошол кезде барыбыз романтик болчубуз. Биз ойлочубуз мамлекеттик тил кирсе эле, республика өз эгемендүүлүгүн алса эле, аябай жанагы ярый эски парткызматкерлер кетсе эле бары жакшы болот деп ойлоптурбуз. Биз баягы романтиканын күчтүүлүгүн карабайсынбы биздин духовный ар жакта руханий байлыка гана кармалганбыз биз материалдыкты билген эмеспиз.

Изилдөөчү: Экономикалык.

Байма Сутенова: Экономиканы билген эмеспиз. Анан кийин билгендер биздин балдар дагы ыңгайлашып кийин бизнесмен болуп кетти. Себеби бийлик бардык нерсени сунуш кылыштыда. Азыркы убакытка чейин эсимде Приватизация учуруна аз калган учурда айтыштыда бир эки магазин менчиктешип берели деп менде бир тыйын жок болчу. Бирок балдар кирип кетишпедиби анан бизди чапыратышты. Комфортту ээлеп калды кийин. Бизден эки- үч мыкты бала бизнеске кирип кетишти, ошо бойдон жок болушту. Андан кийин элге дагы көрүнгөн жок, эчтеке дагы болгон жок. Анан баягы биз ич ара баягы продажная шкура деп  карап калдык да. Анан кирбей бирок иштешкен балдар азыркы жанагы мен айтып кеткендер болду. Биз өзү ошондой болот экенда кимдир бирө жолду тазалап берет экен, а кимдир бирө даярга келет экенда. Анан баягы ич күйгөн нерсе эле ошо нерсе уланбай калды да. Жер алдык, балдар үй салышты. Бүтүндөй мынагу могу эмеде Ак Өргө менен Турбазада менин бутумдун издери калды. Азыр барган сайын жаштыгымды ойлоймунда. Анан ушундай нерсе болгон деп кайра мен өзүм жомоктой Ак Өргөгө коноко барсам, айтышты жаштар жер алып үйдүн ээси айтып берип атат, а мен ар бир клочогун билем кандай алынды эле кандай болду эле. Бир топ жаш кыздар бар эле ошолор бир уюм түзүп ошол аябай баткакта Ак Өргө ээн таласы болчу да жамгыр жааганда аябай баткак болуп калат эледа. Ошол баткакта басаножкалары бары эме болгон чыгармачыл жаш кыздар бар эле да. Ошолор ал күч берип аны жөн эле эметпейсиң да ошол эле азыркы Райхан Абдувалиева эл чогулганда ошол эл чогулганга чейин концерт берип турушчу да. Ырдап турушчу. Алар таанымал эле. Эл көп келчү. Райхан эле калды анан калган балдар калган кыздар кийин Ракыядан сурадым билбейм дейт. Бир күчтүү күчтүү кыздар бар эле. Ошол кезде келип Оштон Кыз Бурактын кыздары келип концерт коюп кетип атты. Бул өзүбүз билип билбей эле бирок мындай маданий ишти дагы алып жүрүптүрбүзда. Аны деле уюштурат деген ой жок. Алар өздөрү сунуш кылса керек. Ошондой болду анан 91 жылы эгемендүүлүк келгенде мени Сатыбалды Жеенбеков келди, булар аябай чоң лидерлерда Сатыбалды Жеенбеков, Түгөлбай Казаков булар мындай бир ошол саясий үмүттү бир Улутту карагандар болчу, правокацияга берилбей. Мисалы Сатыбалды ошол кезде бизди бияктан дикторлуктан сырткары Жогорку Кеңеште синхронный переводдо переводчик болуп отурчу. Анан ошол кезде ошол жактан Жогорку Кеңештен сүйлөп атты ал. Кайсы жер болбосун эметип атты. Түгөлбай жалаң чыгармачыл жаштар менен чогу жүрдү. Анан ушулардын эмеси кийин барыбызга жумуш беришти силер иштедиңер эми иштеп бергиле депчи. Мен ошондо биринчи жолу ТелеРадиоКорпорацияда компаниясынын ал кезде компания деп аталчы вице президенти болдум дагы 12 жыл иштедим.

Изилдөөчү: Жакшы. Кашумчалай турган нерсе барбы?

Байма Сутенова: Кошумчалай турган аябай көп киши бар эледа. Ушул Алматыдан Алмаз Акматалиев баштаган Алматы университетин бүткөн философ балдар бар эле, мен кийин көпчүлүк балдарды көрбөй калдым. Аябай сабаттуу балдар эле да. Анан орус тилдуу балдар көп болду. Анан КДКнын юбилеи белгиленгенде, Ашардыкы белгиленгенде ушул коомдук уюмдар, коомдук кыймылдар жөнүндө сөз болгондо, мен ошолорду ойлоймун да ошол балдардын эмгеги көп эле. Биз баягы чуркап башында жүрүп көрүнүп калдык  бирок ылдый жакта кара жумушту жасаган ушул балдар эле да. Аспиранттар эле да, аябай көп аспиранттар эле. Окумуштулар аябай көп эле. Анан баягы биз кылдык деп алар айтышпайт бара- бара элдин арасына сиңип кетишти, бирок көпчүлүктү ошолор түзүп турушканда.

Изилдөөчү: Ошолордун күчү менен болгон да.

Байма Сутенова: Оба. Ошолордун күчү менен болду да.

Изилдөөчү: Андай керек да. Жакшы. Байма эже аябай бардык менин кийинки суромду бергичекти ага жооп берип койдуңуз.

Байма Сутенова: Анан ошол эмени айткым келетта ошол биз башынан бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн позициясын ушул Эмилбек Каптагаев алып калды. Сактап келе жатат мамлекеттик боюнча маселени башынан ошол эме койчу ушул убакытка чейин сактап келе жатат. Кийин кызматта деле жүрдү. Ар түрдүү нерседе болду, азыр деле фейсбуктан карап калам да анан ошол ойлоймун да дайыма өзүнүн калыс пикирин айтат. Мыкты балдардан ушулар болду. Бакыт келе атат журналистиканы жакшы изилдеп ушуларды карайм. Жакшы балдар бар болчу. Жакшы жакшы балдар. Анан билбей сиздер буларды даярдап чыгарып жатасыздар кийинкилер окулганда дайыма эле айта беришет эгемендик бизге жөн эле келип калыптыр депчи. Эгемендик бери дегенде 5 жыл ички толкун менен келди ошол менен колго батыраак алынып кетти. Андан кийинкилер дагы болду. Жолду деле биринчи оңкур -чоңкур жерлерин оңдоп, кум таш салып, анан аны тебелеп, анын үстүнөн жүрүп убакыт керек болуп анан салынып атпайбы. Ошол уңкур чуңкурдун барын толуктаган кыргыздын балдар-кыздары бар эле да.

Изилдөөчү: Ошол кездеги акын жазуучулардын ролу кандай болду? Казат Акматовдордон башка?

Байма Сутенова: Казат Акматовдордон башка ой ал жерде революционый ыр окугандар аябай көп болчу. Ошолор барыбызды эмне кылды мындай эл жөнүндө, мекен жөнүндө акындардын трибунасы аябай көп. Жанагы эле кыйкырып жүргөн Барчынбек Бугубаев бар болчу, Алик Акималиев бар болчу булар ошондо чыкты да трибунага акын болуп. Жолдошбек Зарлыкбеков бар болчу мындай эме кылгандардан элдин алдына чыгып, элдин алдына чыгып бары тең эле микрофонго айтып бере албайт да ошондойлор бар эле. Ушулар бир жакшы- жакшы акын балдар жакшы адамдар көп болду да. Өзү дайыма могундай ичтен жеген паразиттер болот экен да ыңгайлашып  ошондон пайда таба тургандар болот экен  анан ошонун алдында ошолордун алдында могундай руханий дөөлөт алып жүргөндөр аз эле болушат экен.

Изилдөөчү: Жакшы эже.

Байма Сутенова: Рахмат.