
Бекболот Талгарбеков
А: Саламатсызбы Бекболот агай. Бизге интервью берүүгө макул болгонуңузга чоң рахмат. Биздин маегибиз 85-91 жылдагы Кыргызстандагы коомдук кыймылдар туурасында болмокчу. Интервью диктофонго жазылат. Биз кийин материалдарды топтоп, архивге жиберебиз. Биринчи сурообуз: Өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз жана 80-90-жылдары эмне менен алектенчүсүз?
Б: Мен 1955-жылы Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулгам. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук Университетке тапшырып, экономист болуп чыккам. 1980-83-жылдары аспирантурада окудум. Бүтөрү менен кандидаттык диссертациямды коргодум. Экономика илимдеринин кандидаты деген. Дароо эле институтка калып калгам. 91-жылга чейин кенже илимий кызматкер болуп иштедим. Улук, кийин ага илимий кызматкер деген чыкты, ошого чейин жеткен болчум. 85-жылдары деп атасыз. Ал убакта мен илимдер академиясында экономика институтунда иштеп аткам. 85-жылы союзда чоң өзгөрүүлөр болду да. Бийликке Горбачев келди. Биз абдан чоң өзгөрүүнү күткөнбүз да. Ушундай бир чоң өзгөрүүлөр болот деген сезим пайда болгон. Ага чейин 3 карыган генсектер өтүп кетти. Брежнев, Андропов, Черненко. Эл алардан тажап калган. Горбачев келди. Ал Кайра куруу саясатын баштады. Бизди, илимий кызматкерлерди да ошол процесске активдүү катышууга чакырышты да. Советтер Союзу жабык болчу да. Сыртка чыкчу эмеспиз. Биз ошол учурдагы көп процесстерди түшүнчү эмеспиз. Азыр көбү түшүнүктүү болду. Азыркы көз караш менен алганда Горбачевдун саясаты абдан туура эмес болгон экен да. Анын Кайра куруусу, гласность, антиалкогольная компания, госприемка дегендери чыккан. Анын бардык саясаты туура эмес болгон экен да. Социалисттик өлкөнү кантип реформалаш керек эл? Ошол жолду Кытай таап, 1978-жылы эле Дэн Сяопин баштаган экен да. Мындайча айтканда, бир партиянын күчү менен саясий эмес, экономикалык реформа кылган. Бизде болсо саясий реформа жүрө берген. Экономика артка кете берген.
А: 80-жылдардын аягында Кыргызстандын экономикасы кандай абалда эле?
Б: Союз менен кошо начарлап бараткан. Биз түшүнбөй, коомдук экономиканы жакшыртуу үчүн гана сунуштарды бере бергенбиз. Чынында, ал реформага жатпай турган нерсе эле. Только рынок экономикасына өткөрүү керек экен. Ошо менен экономика начарлап, ачарчылык башталды. Талондор киргизилген, дүкөндөр аңгырап бош турчу. Азыркылар муну угуп таң калат. Эсимде, бир гана туз бар эле. Саат 10дордо сүт алып келчү. Ага пенсионерлер кезекке туруп алчу. Нан алып келсе, аны талап кетчүбүз. Чай, күрүч ж.б. талон, паспорт менен алынчу. Кыргыз жаштардын пропискасы жок болгондуктан аны да ала алчу эмес. Мунун баары 89-жылы башталды.
А: Ага чейин күнүмдүк жашоодо кризис сезилип аттыбы?
Б: Союздун жаштары ар бир нерсени экономдоп жашаганга көнгөнбүз да. Эсимде, автобус 4 тыйын болчу. Ошону дагы эптеп экономдоп алсам чоң байлык болчу. Кээ бирлер айтышат го, жыргал заман болчу деп. Андай эмес.
А: 89-жылы ачык кризис башталды деп жатпайсызбы. Илимий чөйрөдө мамлекет туура эмес экономикалык саясат жүргүзүп жатканы тууралуу сөз болчу беле?
Б: Ачык эмес, жабык түрдө болчу. 89-жылы Эстонияда болдум. Бромфенштейн деген академик “Бул колхоз, совхоз системасы өзүн түгөтүп бүттү. Биз Прибалтикада реформалоо жоболорун иштеп жатабыз” деди. Мен дагы “айыл реформасына өткөрөбүз” деп громко айттым. Ал “Силерге андай кылуу үчүн 40 жыл керек” деди. Эмне үчүн десем, ал бир уламыш айтып берди. Ал уламыш эсимден кетпейт. Себеби, реформанын өзөгүн көрсөткөн уламыш. Европада айыл-чарба гүлдөгөн да. 60-жылдардан баштап эле алар өндүрүштү көбөйтүп эмес, өндүрүштү азайтып реформа кылышкан. Алар фермерлерге жер айдабаса, малын азайтса, сүт өндүрбөсө дотация берет, квота коёт, мындан ашыкча өндүрө албайсың дейт. “Европанын айыл-чарбасын кантип эффективдүү талкалайбыз” деп шайтандар чогулат экен. Көк шайтан талаанын бардыгын өрттөп салат, фермерлер 1-2 жыл калыбына келгенге чейин кыйналат. Сары шайтан топон суу жүргүзөт, фермерлер 3-4 жыл кыйналат. Анан кара шайтан чыгып, фермерлерге колхоз совхоз системасын киргизерин айтат. Жюри ошого жеңишти ыйгарат. Себеби, сары менен көк шайтан талааны, кара шайтан адамдардын мээсин талкалаган экен да. Себеби, колхоз совхоздо иштеген адам менчикти иштетип, жоопкерчиликти өзүнө албайт. Точно ушундай экен да. 40 жыл деп туура айткан экен. Мына, 30 жыл болду. Реформаны дагы эле түшүнө элекпиз.
А: Советтик кыргыз адамдары өлкөнүн реформалары иштебей жатканын качан түшүнүштү жана кантип көргөзүштү?
Б: 90-92-жылдары түшүнгөн эмес. Мамлекет жакшы болуп, жакшы кадрлар келсе оңолуп кетет деп ойлошкон. А кризисти баары көргөн. Эскиче түшүнүк менен катуу жетекчи келип, тартипти орнотуп, камчы менен сабап иштесе эле оңолот дешкен. Реформа кылып, менчик, жоопкерчилик, эркиндикти элдин өзүнө бериш керек экенин түшүнгөн эмес. Айылда реформа 94-жылы араң башталбадыбы. Колхоз, совхоздор талкаланган. Эл Акаев менен Талгарбеков кылып атат деп ойлогон. Колхоз, совхоздор баары дотацияда отурган да. Мамлекет аларга акча, ГСМ ж.б. берген. Анан алар продукция чыгарган. Ошол дотация кан буугандай токтоп, эчтеке жок калган да.
А: Дотация жөнүндө айтып калдыңыз. Москвада “Хватит кормить Среднюю Азию” деп айтылган го. Дотациянын өлчөмү кандай эле мамлекеттин экономикасына?
Б: Ошол учурда Кыргызстан өзүнүн өндүрүшүнө караганда Союздан 4-5 эсе чоң алып, ошонун эсебинен жашап турган. Өзүбүздү өзүбүз бага алчу эмеспиз. Бизде нефть,газ, чоң өлчөмдөгү алтын жок эле. Баарын Союздан алчубуз. 92-жылы мен айыл чарба министринин биринчи орун басары элем. Министр Агрардык кеңеш дегенди түздү. Ага легендарлуу парламенттин жарымы, колхоз, совхоздун жетекчилери, министрликтин кызматкерлери кирди. Талкаланып аткан айыл чарбаны көтөргүсү келишти. Колхоз малдын эсебинен айлык берчү. 90-жылы 2 миллион кой жок болгон. Колхоз малды бартер кылып, ГСМ, удобрение сатып алчу. Агрардык кеңеш 2 жума бою отуруп иштеп, жазгы талаа иштери жакындап атат, бизге акча керек дешкен. ГСМ, удобрение, химикат, запчасть алганга 16 миллиард рубль керектигин айтып, президентке кайрылышкан. Президент премьер-министр менен макулдашып, аларды ага жөнөтөт. Премьер-министр Турсунбек Чыңгышев болчу. Ал киши бюджетти билет да. Башкалар бюджет деген эмне экенин билчү эмес. Себеби, баары Москвадан бекитилип келчү. Алар барып, премьер министрден 16 миллиард рубль сурашат. Жок десе отставкага кетирет да. 4 миллиард рубль берүүгө макулдашып, бирок, 150 миллион рублдай эле таап берип, ошондой болгон. Мына, 16 миллиард сурап атат. Ошол жылы Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгү 2 миллиард 400 миллион эле болгон экен. Андан 7-8 эсе көп акча болуп атпайбы. Азыр Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгү 600 миллиард сом болду деп атат, ошодон 7-8 эсе көп акча бере аласыңбы айыл чарбасына? Элестет. Ошондогу айыл чарба реформасынын канчалык жакшы болгондугун түшүнгөн да киши жок.
А: Эстонияга бардым дедиңиз го. СССРдин айыл чарба системасы туура эмес болуп жатканы тууралуу түшүнүк жеке өзүңүзгө качан келди?
Б: 85-жылдардан болсо керек. Айрым жазуучу, публицисттер колхоз, совхоздор канчалык чыгаша менен иштеп жатканын көргөзчү. Ачык айта алчу эмес, бирок, баарын көргөзчү. Ошолордун китептери менде дагы эле бар. Ал кезде коркуу сезими күчтүү болчу да. Колхоз, совхоз болбойт деп ачык айта албайсың. Анан 91-жылы мен докторантурага өтөйүн деп жатсам, Аскар Акаевич мени чакырып, 1 саатча сүйлөштүк. Анан ал “Менде иште” деди. Президент чакырып атса кантип жок дейсиң. Ошентип анда иштеп калдым. Мен февралда кирдим. Май айында жакшы мүмкүнчүлүк болуп, айыл чарбасынан мен, финансы кредиттен Сагыналы Суламбеков болуп, экөөбүз Америкага бир айга кеттик. Ал жерден ого бетер көзүбүз ачылды. Бир фермерге бардык. Аялы, старшеклассник баласы болуп үчөө эле жашайт экен. 800 гектар менчик жери, дагы 800 гектар арендага иштеткен жери бар экен. Ошончо жерди 3 эле адам иштетет. А бизде анчалык жерге колхоз болчу да. Конторада эле бери дегенде 50 адам отурчу. Андан “Главный зоотехник, ветврач, экономист, парторг каякта” десек, “Ал ким” дейт. Андай түшүнүктөр жок экен да. Асман менен жердей айырма бар экен.
А: Контордогу кишилерге колхоздо иштегендердин нааразычылыгы бар беле?
Б: Жок. Мен 4-курс кезде практикага айылыма барып калдым. Атам мени главный экономисттин жанына отургузуп койду. Ал өзүнчө хан болчу. Бирөө келсе, “Эмне келдиң!?” деп, тигиниси “Айлык алганы” десе, “Айлык жок‼!” деп койчу. Ушундай болчу.
А: Жөнөкөй кишилердин түшүнүгүндө “бул туура эмес” деген болгон эмес?
Б: Жок, жок болчу. “Жашоо ушундай, так и должно быть” дегендей эле. Мунун тарыхын кыскача айтып кетпесек болбойт. Большевиктер бийликке келгенде мурунку помещиктердин жерин күч менен тартып алган да. Проторазверстка саясаты менен кадимкидей күч менен барып тартып алышчу. Эч ким иштебей коюп, ачарчылык башталган. Ленин мунун туура эмес экенин түшүнүп, НЭП деген саясат киргизген. Дыйканга “сен мынча төлөп кой, калганы өзүңдө кала берсин” деген. Ошо менен өнүккөн. 1921-24-жылдары өнүгүү болгон. Ленин өлүп, Сталин бийликке келген. Ал келип, ничего подобного, кулактар көбөйдү деп, коллективизация саясатын баштаган. Дыйкандар малдарын бергиси келбей союп ж.б. жок кылышкан. Сталин сүргүнгө айдап, 2 айда эле 1.5 миллион дыйканды аттырып салган. Тарыхый жактан алганда аныкы туура болгон. Дыйкандардын азап чеккени, көз жашы менен промышленностту көтөрүп салган. Ошонун эсебинен Сталин согушту да жеңип алды. Болбосо жеңе алмак эмес. Сталин өлүп, Хрущев келген. Ал кукуризацияны жүргүзүп, ачарчылык башталган. Көлдөгү жездемдер айтышат, 60-жылдары нан ташыган машинага кол салчубуз деп, ачкалыктан. Хрущевдон кийин Брежнев келип, 65-жылы Мартовский пленум өтүп, айыл чарбасына абдан көп акча каралган. Ал убакта нефть, газ, алтын да пайда болуп калды эле. 80-жылдарга чейин айыл-чарба жакшы өстү. Нефттен түшкөн акча менен электрификация, механизация болуп, үйлөр салынып, жолдор курулду. Эл колхоз, совхоз системасы жакшы экен дегендей ойлоп калды. Бирок, 80-жылдардан кийин элдер мурункудай бекер иштегиси келбей калды да. Чарбасыздык пайда болду. Ушуну эң биринчи Дэн Сяопин түшүнүп, 78-жылы эле реформаны айыл чарбасынан баштаган экен. Жерди дыйкандардын өзүнө берип, өзүңөрдү өзүңөр баккыла деп. Бизде дагы ошону түшүнгөн киши болсо жакшы болмок экен. 1982-жылы Азык түлүк программасы деген башталды. Анын башында Горбачев турган. Убагында баарыбыз ошону аябай даңкталык. Көрсө, ошол программа СССРдин кыйрашынын башаты болгон экен. Ал программага көп акча керек эле, а акча жок болчу. 89-жылы биз жарга такалып калдык. Бир факт, Сталин өлгөндө резервде 2300 тонна алтын турчу экен. Андан тышкары дагы канча алтын казылып, айыл чарбасына жиберилип турчу. 90-жылдарга барып резервде 100 тонна эле алтын калган. Анан, 1970-80-жылдары Америкалык фермерлердин алтын доору жүргөн. Биз огромное количество эгин сатып алчубуз. Өзүбүздүкү жетчү эмес. Эл аны билчү эмес. 10 жыл бою Америкадан эгин сатып алып, алардын фермерлери байып, алтын доору жүргөн. 1980-жылдары Советтер Союзу Афганистанга бастырып кирип, президент Картер эмбарго жарыялап, эгин сатууну токтотуп койду. Ошондо, азык түлүк программасы кабыл алынып атпайбы. Ошол программа СССРдин талкаланышына алып келди.
А: Кыргыз ССРи үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске албаган адилетсиз саясаттар болду беле?
Б: СССР кыйрашы менен Кыргызстан абдан невыгодный положенияда калды. Мисалы, Кыргызстан менен Белоруссияны алалы. Биринчиден, Кыргызстанда негизги специализация мал болчу. Колхоз, совхоздордо 8.3 миллион кой бар эле. Мал деген өзү не эффективно да. Экинчиден, Кыргызстандын өнөр жайы Кыргызстандын өзүнө эмес, Союзга ориентация алган. Бизге запчасттар келип, бул жактан ок-дары жасалып, машина, торпедолор куралчу. А Белоруссияда трактор, удобрение, радио, холодильник чыгарылчу. Анын баары өздөрүндө калып, алар кийин дагы сата башташты. А бизге болсо снабжение келбей калган. Жасасак дагы сата алчу эмеспиз. Экономикабыз кыйрап, нөлгө түшүп калган. Аны элдер түшүнбөйт. Кечээ эле заводдо иштеп атканбыз, а бүгүн неге иштебей калдык дейт, мисалы.
А: Заводдор качан токтоп баштады эле?
Б: 89-жылы эле иш токтоп, айлык төлөнбөй, ошондо эле башталган. 91-жылы совсем катастрофа болуп жатып калды да.
А: Шаарда тамак-аш маселели болду деп атпайсызбы, айыл жеринде кандай эле?
Б: Айыл жеринде да оор акыбал болгон. Бир көлдүктүн “Жалаң картошка менен улпак жеп калдык” дегенин айтып келем. Улпак деген малга берилет да. 97-98-жылдары мен Жалал-Абадда губернатор учурумда өзбектер кыргыздардын талаасына келип, эгин жыйнагандан калган машакты терип кетчү. Бир эле Кыргызстан эмес, бүт жерлерде ачарчылык эле. Прибалтиканы болсо Европа колдоп кетти. Эл өздөрү дагы рыночный экономиканы унута элек болчу. Бранштейн айтып берген. Алар СССРге 40-жылы кошулган да. Жерлеринин баарын мамлекет алып койгон. Кийин жерлерди ошол эле ээлерине кайтарып беришкен, сакталып калган документтер менен. Мисалы, Сидоров жерин сатып же белекке берип, ошентип эле жеке менчикке өтүп кеткен. А бизде үлүш кылып бөлүштүрүү кийин башталды да.
А: Советтик экономикалык система кыргыз улутундагыларга пайдалуу эмес болчу. Аларды шаарда эмес, колхоздордо кармачу деген да бар го?
Б: 89-жылдан баштап мен саясатка аралаша баштадым. Кийин бизде КДК деген башталды го. Ага ар кандай уюмдар кирди. Мисалы, Ашар кыргыз жаштарына үй берүүнү көтөрүп чыкты. Мен болсо кыргыз улутунан турган жумушчу тап, рабочий класс болуусу керек экенин айттым. Ал учурда завод фабрикаларда иштегендердин 90-95 пайызы башка, көбүнчө орустар болчу. Кыргыздар иштечү эмес. Ушул маселени көтөрүп чыктык. Биздин артыбыздан КГБ да жүрдү. Заводдо инженер, токарь болуп иштеген кыргыздар жок эле. Көбүнчө кара жумушта иштешчү. Алар жашаган общежитиелерге барып, ошолорду чогултуп, кыргыздардан турган жумушчу тап кылуу керектигин айтып, КДКга кошулдук.
А: Кыргыздардын шаарда жашап, жумушчу тапка айлануусуна кандай тоскоолдуктар бар эле?
Б: Жалаң кыргыздардан турган жумушчу табын түзөм десе, жетекчилерди “улутчул” деп куугунтукташчу. Алар дагы коркушчу. Ошон үчүн аларды күнөөлөй албайсың. Политехте Усубакунов деген агай “Кыргызча дагы сабак өтүш керек” деп койгону үчүн куугунтукталып, кийин ал киши өлүп кетпедиби. Эч ким маселени ачык көтөрө алчу эмес. Тигилер келип, каалаганып кылып, бизди маданият, саламаттыкты сактоо, өнөр жай тармагына жолотушкан эмес.
А: Бул атайын саясат беле же окуялардын жыйындысы ушуга алып келдиби?
Б: 50/50 болсо керек. Ачык саясат эмес, көмүскө саясат болгон да. Бирок, шарт түзүлгөн эмес. Айылдан заводго келген адамга квалификация керек да. Шарт түзүлгөн эмес, ошол ошо бойдон калып кетчү. Бул жактан окугандарды периферияга айдап ийчү.
А: Титулдук улуттардан кадр жасоо саясаты бар эле да?
Б: Жок, жок болчу. Өнөр жайдан башка жакта болсо керек. Биз ошол ошол маселени көтөргөн үчүн куугунтукта жүрдүк да.
А: Сизде ошол ой кантип пайда болду?
Б: Биз саясатта жүрүп, ошонун баарын байкадык да. Ошентип, менде 80-жылдардын аягында патриоттук сезим пайда болду. Активдүү жигиттерди чогулта баштадык. Мен окуган экономфактан бош аудитория таап, жыйналыштарды өткөрчүбүз.
А: Азыркы юракадемиянын маңдайында?
Б: Ии. Анан ошол жерден план түзчүбүз. Мен тапшырма берчүмүн, давай общежитиелерге баргыла деп. Ленин, Фрунзе заводдорунун общежитиелерине барчубуз. Чогулгандар көздөрү алаңдап коркушчу да. Биз “Коркпогула, ушундай маселе көтөрөбүз” деп, пропагандисткий, разъясненительный иштерди жүргүзгөнбүз да. Нам важно было набрать критическую массу. Жөн эле чыга алган эмеспиз да. Биздин кылгандар коммунисттик бийликке жаккан эмес.
А: Ошол жөнүндө көбүрөөк айтып берсеңиз? Кыймылдын ишмердиги, тоскоолдуктар жөнүндө. Бизге дагы аябай маанилүү да.
Б: Ошо мен өзүнчө 25-30 кишиден турган группа топтоп алдым да. Баары эсимде жок, Чапырашты, Буркан, Асан деген жигиттер эсимде. Аларды удалось убедить. “Мына ушундай маселе бар, биз көтөрбөсөк, муну эч ким көтөрбөйт” деп айттым. Единомышленник болуп калдык да. С чего мы начнем? Бийлик бизге каршы, аларга айтсак кайра бизди куугунтуктайт. Ошон үчүн жашыруун кылыш керек. Общежитиелерге барып 15-20 адамдан чогултабыз. Алар биздин маселени “Космоско учуш керек” деген сыяктуу эле кабыл алат да.
А: Түшүндүрмөлөрдүн мазмуну кандай эле?
Б: “Биз кыргыздар артта калдык. Негизги улут дегендин өзүнүн жумушчу табы болушу керек. Жумушчу тап алдыга умтулат. Айыл эли андай болбойт. Жумушчу табын пайда кылуу керек. Ал үчүн эмне кылуу керек? Критический массаны чогултуу керек. Болбосо, 30 киши эле чогулуп алып, мозгини чагып атат дейт да. Биздин бир акциябыз эч эстен кетпейт да. 90-жылы болчу. 1-май, 7-ноябрь күндөрү аянтта демонстрация болчу. ЦКнын чоңдору келип, кол булгалап турушчу. Академиктер ж.б. баары параддан өтчү. “Ураа, КПССке даңк” деп айтчубуз. Анан мен айттым “Давайте биз дагы өзүнчө өтөбүз” деп. ЦУМдун жанында 50-60 киши чогулдук. Эл көп болушу үчүн аялдарыбызды, кыздар күйөөлөрүн, балдарын алып алышты. Опознавательный жашыл лента байлап алдык. “Кыргыздардан турган жумушчу тап түзүлүшү керек” деген транспарантты да даярдап алганбыз. Бул ошол учурда криминальный, аябай коркунучтуу иш болчу. Чыкмай болдук. Арабызда КГБнын кишилери жүрөт да, алар баарын билишет, все уже осведомлены. Парад жарымдап калганда биз дагы жөнөдүк. Советскийден милициялар тосушту. Ошондо биз кадимкидей жардык да. Анан милициялар бизди өткөрүштү. Хорошо что не стали применять силу. Кыйкырып эле өттүк. “Кыргыздар үйлүү болсун, кыргыздардан турган жумушчу тап түзүлсүн” деп өттүк. Бул уже исторический момент. Анан кийин эле КДКга кошулдук, алардын съезди болду. Ошентип, 91-жыл дагы келип калды. Мы уже выполнили свою миссию да. Ар кимибиз ар жакка тарап кеттик. Мен академиядан тиякка кеттим. Биз ошондо кыргыздардын таламын талашып чыкканбыз. Ашарчылар дагы ийгиликке жетишти. Кыргыздар үйлүү болуп башташты. Ал убакта шаарда бүт орустар, кыргыздар квартирада турчу эле да. Үйү барлардын 80-90 пайызы башка улуттан болчу.
А: Ошонун себеби неде эле? Ушул жагдай неден келип чыкты?
Б: Кыргыздар көбүнчө айылда туруп калышкан да. Фрунзе өнүгө баштаган учурда завод фабрикаларда иштегендердин көбү орустар болчу. Кыргыздар келип окуп, сельхозинститутка тапшырып, кайра эле айылга кетип калган да. Ал кезде азыркыдай эмес да. Ал кезде университет “Сен бул жакка барасың” деп бөлүштүрчү. Бөлгөн жакка кетиш керек эле.
А: Бөлүштүргөндө этностук өзгөчөлүктөрүн эске алчу беле? Бир группада орус, кыргыз ж.б. окуса.
Б: Бөлүштүргөндө кыргыздарды айыл-чарба, женпедде окугандар само собой айылга кетиши керек болуп калып атпайбы. Эгерде, кыргыздар политехте окуганда заводдорго бөлүнмөк да. Политехте деле орустар көп окуп, завод фабрикаларга алар кирип кетип атышпайбы.
А: Жаштардын арасында ушуга “Адилетсиздик болуп атат “ деген түшүнүк бар беле?
Б: Эми алар саясатка киришип, бул темага баш ооруткандан чочушчу да. Ошон үчүн аларга биринчи түшүндүрүш керек болду. “Силердики туура” десе бизге оңой болмок. Бирок, “Башымды оорутпа, биз бул жерде эптеп оокат кылып жүрөбүз, эртең бизди айдап салса эмне кылабыз?” дешчү. Биз “Коркпогулачы. Кыргыздар жумушчу болушу керек. Малдын артынан жүрө берип, мал эле болуп калдык” деп уговорить этчүбүз. Биринчи кезекте аң-сезимди көтөргөнгө аракет кылганбыз да. Азыркы акылыбыз болгондо, жетекчилерге кирип, “ушуларды окуучу кылып алгыла, токардын помощниги болуп иштесин” деп айтмакпыз. Эгерде, отказ беришсе, биз ошондо коммунисттик жетекчилерди күнөөлөсөк болот эле. Биз алардан коркуп, ошон үчүн биринчи жанагындай иштерди жүргүзгөнбүз да. Кээде, жыйналыштарын билип алгандан кийин түз кирип айтчубуз. Эсимде, политпросвещенияда жыйналыш өткөрүп калышты, ошого кирип бардык. Жумушчу тап 100% башка улуттар да. Алар “Ушундай дестабилизация кылган күчтөр пайда болду, алар ынтымакты бузушат” деп сүйлөп атышыптыр. Биз ошолорго нахалданып кирип барганбыз да. Мен дагы отурам. Туалетке барыш керек болуп калды. Ошондо дагы артыман бирөө ээрчип жүрдү. То есть я был настолько отслеживаемым человеком. Кайра келдим. Чыгып “Почему у кыргызской молодежи нету рабочего класса “ десем, залда “Уууу, ууу” деп нааразы болуп атышат да. Анан бир жигит чыгып сүйлөдү. Ал убакта Ашардыктар ийгиликке жетип, жер ала баштаган. Ошого Иванцов деген генерал “За самовольный захват, мы их будем посадить” деп аткан. Тиги жигит ошого “Иванцов, мы тебя достанем” деп сүйлөп атат да. Ал өзү ал жерде жок. Тим эле “күү күү” болуп атат да. Тиякта отурушат райкомдун жетекчилери ж.б. Алар бизди колдогон жок. Мен ошондо был одним из тех кого постоянно отслеживал КГБ.
А: КГБ сизге кандай тоскоолдуктарды кылды?
Б: Алар менин артыман түшүштү. Бирок, чакырып, коркутушкан жок. КГБдан ал убакта баары коркушчу да. Вице-президент Турар Койчиев, директор Лайлиев Жумакан дагы мени чакырып, “Абайлачы, катуу кетпечи” деп айтышты. Бирок, “токтот” дешкен жок. Алар деле понимают да. Биз жеке өзүбүз үчүн эмес, кыргыз улутунун келечеги үчүн чыгып жатканыбызды. Анан, тигилердин жетекчиси мени жакшы тааныйт экен. Ошто резня болуп калбадыбы. Ошого барабыз деп атканбыз автобус менен. Тияктан келип “Эртең автобус беребиз” деп развернули да. Анан мен өзүм кайра кайтып кетип атсам, жаныма бир Волга келип токтоду. “Талгарбеков, Талгарбеков, отур жеткирип коёюн” дейт, макул дедим. Көрсө, ал первый заместитель председателя КГБ экен Усуп Муканбаев деген. Экинчи бир случай, 91-жылы болду. Анда мен Акаевге өткөм. Москвага учуп калдык. Самолеттон алдыңкы орундан экөөбүзгө алып коюптур. Бияктагы үч орун бош турат. В самый последний момент председатель КГБ Асанкулов келип отурду, легендарная личность. Келип эле, плащын чечип отурду, бизди караган да жок, колунда гезити бар эле. Неудобно как-то. Анан мен “Саламатсызбы” дедим. Ал “Саламатчылык, жолдош Талгарбеков” деп койду… Караган да жок. Ошодон сделал вывод что все знают…
А: Асанкулов жумуштан ГКЧПдан кийин түштү да? Сиз ага чейин Акаев менен иштеп калдыңызбы?
Б: Ооба, 91-жылы февралда баргам.
А: Группабыз бар болчу деп айтып калдыңыз. Асаба группасы жөнүндө сөз болуп атат да? Атты кандайча тандадыңыздар? Качан ушинтип аталып калды?
Б: Ошо 90-жылы эле. Партия түзүш керек деген сөздөр болуп аткан. Экономфактан уже баары билип калышыптыр. Каким то образом узнали. Барсак, тиякта уже все контроль… Анан мен айттым “Давайте университетке баралы” деп. Бир кабинет бош экен ошого кирип кеттик. Мен өзүм председатель. Название айткыла дедим. 20дай название айтылды окшойт. Ар бирине кагаз берип, жазгыла дедим. Эң көп добуш алган эки название калат деп. Ошодон Асаба деген өтүп кетти. Ошентип түздүк. Тагдырдын тамашасы, соседний кабинетте партком отуруптур. ЦКнын председатели Шеримкулов келип, университеттин жетекчилигин чогултуп, “Ушинтип жаштар чыгып, башты оорутуп атат, радикал болуп атышат, аларды ооздукташ керек “ деп айтып атыптыр. Эки жыйналыш параллельно өтүп атат… Мен балдарга айттым “Капа болбогула, бирок, силер жумушчу тапсыңар. “Ал, үз” эмес, бул жерге бир нерсени жаза билген киши керек” деп, председателдикке Асан Ормушевди койдук.
А: Ага чейин деле сиздер менен жүрчү беле ал?
Б: Жок, аны председатель кылып алып келдик. 2-3 ай мурун ал менен сүйлөшүп калдык. Китеп жазам деп атыптыр. Чапырашты, Бурканды да чакырдык. Мен дагы сүйлөп бердим. Ошо, жазып алган китеп кылып чыгарам деп.
А: Андан кийин КДК түзүлдү, референдум болду. Ошол убакта сиздердин партия кандай ишмердүүлүктү жүргүздү?
Б: 91-жылы независимость алгандан кийин биздин иштер токтоп калды. Себеби, биз кылчу иштер мамлекетке өттү да. Мамлекет кыргыз элин ойлошу керек, само собой разумеется. Ошентип, кичине чекеге чыгып калдык. Жаңы президент шайланды, эми эмне кылабыз дешти. Мен айттым “Фонд национального предпринимательства түзөлү, кыргыз жаштарын колдойлу” деп. Фонд түздүк, бирок, мен анын ишине аралашкан жокмун. Мен уже тиякка өтүп кеткем. Чапырашты ж.б. приватизациядан процент алып, кредиттерин колдонушту окшойт. Именно кыргыздар да. Улуттук ишкер классы пайда болду. Биринчи жолу улуттук деген сөз кирди. Фонд национального предпринимательства деген жалаң кыргыздар деген сөз да. Башка улуттар келип акча ала албайт. Ошо менен алар ошол жакка өтүп кетишти, мен башка жакка кеттим.
А: Эгемендүүлүк алыш керек деген сөз повестка дняда турчу беле?
Б: Жок, биз андай маселе көтөргөн эмеспиз. Биздин көтөргөн маселелер, биринчи: кыргыздар жумушчу тап болушу керек, экинчи: Бишкекте 1 эле кыргыз мектеп бар, кыргыз тили мамлекеттик тил болушу керек, үчүнчү: Ашар коомуна тилектештик кылчубуз, кыргыздар үйлүү болсун деп. А так Кыргызстан эгемендүү болсун деген маселени көтөргөн эмеспиз.
А: Тил жөнүндө ишмердигиңиздерде кандай жетишкендиктер болду?
Б: Биздин группада ал лозунг катары болчу. Целенаправленно иштеген эмеспиз. Биздики жөн гана рабочий класс жөнүндө эле.
А: 89-жылы мыйзамдын кабыл алынышына сиздердин салым барбы?
Б: Жок. Ошондой болуш керек деген башка группаларга тилектештик билдирип, бирок, артынан түшкөн эмеспиз. Биздин эң негизги маселебиз рабочий класс эле болчу.
А: Сиздин оюңузга жумушчу класс жөнүндө ой качан пайда болду?
Б: 88-89-жылы болду окшойт. Мурунтан экономиканы изилдеп жүрүп көрдүм да. Бүт эле айыл-чарба, малга кетип аткан да. А рабочий класс самый передовой класс да. Они организованные, могут выступить с политическими требованиями. Айылдын жаштары андайга барышы кыйын да. Казалось бы, мен көбүнчө интеллектуалдык жагына кетишим керек эле, кыргыз тил, маданият ж.б. Бирок, рабочий класс деп ошолорду чогултуп жүрдүм.
А: Асабанын идеялык жагында сиз баштап турган турбайсызбы?
Б: Эми, рабочий класс боюнча мен турдум деп айтсам болот. Жакында эле Буркан чалып айтат, “Ой мен минткем, тигинткем деп баары эле автор болуп атат го. На самом деле биз сиздин астыңызда жүрдүк эле го, эч ким жазбайт го” деп. Дагы бир биз реагировать эткен чоң маселе, Ош окуясы болот деп атпады беле. Ошондо, биз баарын чогултуп, давайте Ошко барабыз дедик. Үч кишини определять этишти, мени, Мелис Байсымаков деген жигитти, анан дагы бирөөнү, атын унутуп атам. Үчөөбүз 8-9-май күнү бардык. Ошто дагы патриот жигиттер чогулуп калган экен, аэропорттон тосуп алышты. Шаардан сүйлөшкөнгө бир ишкананын залын арендовать этишкен экен, барсак жабык. Везде закрыто. Артыбыздан КГБ аңдып жүрөт. Бирөө айтты, “Үйгө баралы” деп. Үйүнө барып, залга отурдук. “Азыр өзбек менен кыргыздын ортосунда чыңалуу 100%га жетти, бир искра и все полетит” дешти. Биз аны запись кылып, кайра келдик. Вице-президент Койчиев чалып “Где ты шатаешься” дейт. “Мен барып келдим, акыбал оор экен, биз баарын изучать эттик” дедим. Биз ошо бир ай мурун айттык. Июнда резня башталды. Ошонун баарын алдын алса болмок да.
А: Июндагы окуяга сиздердин кыймылдын реакциясы кандай болду?
Б: Биз ошо ызы чууда жүрдүк. Түшүнүксүз болуп калды. Кайсы уюм баштап атат, эч ким билбейт. Жөн эле эл площадга чогулуп калды. Барабыз деп аткандардын көбү түштүктүктөр болчу. Биз жанында жүрдүк. Эски автовокзалга чогулуп, “Кыздардын ичин жарып атат, изнасиловать этип атат” деп ызы чуу аябай. ЦКдан да кишилер келип, “Определитесь, эртең автобус беребиз” дешти. Ошентип сүйлөшүп, түштүктүктөр барабыз деп, бирок, кийинки күнү жибербей коюшту баары бир. Автобус бербей коюшту.
А: 90-жылдагы СССРди сактап калуу боюнча референдумга сиздердин реакция кандай болду?
Б: У нас была пассивная реакция. Союзду сактап калуу деген нерсе болгон эмес, сразу эле за деп бергенбиз.
А: ГКЧП убагында кандай реакция болду?
Б: Ал убакта мен тиякта иштеп калгам да, группабыз жок болуп калган уже.
А: ГКЧП убагында сиз жогору жактагылар менен чогуу болуп калдыңыз да, президенттин реакциясы кандай болду?
Б: Жетекчилердин ичинен эң мыкты позиция Аскар Акаевичте болду. Биз баарыбыз ал жерде жүргөнбүз да. С утра укканда эле отрицательная реакция болгон. Бир убакта Ашар-пашар, биздин группа ж.б. чогулуп келишти. Аларга президент чыккан жок, руководитель аппарата же башка бирөөсү беле, ошол чыгып сүйлөдү. Ал “Президент ГКЧПны колдобойт, бекер ызы чуу болбойлу, бизге ишенсеңер, нам не мешайте” деди. Орготделден бирөө Алматыга, бирөө Ташкентке учуп кетти. Алардын позициясын билиш үчүн. Ал эми биздин позиция с утра ясный болчу. Ошол убакта Среднеазиатский военный округ деген бар болчу. Ошонун командующийи президентке чалыптыр, ушундай ушундай кылгыла деп. Аскар Акаевич дал отпор. “Жок, биз өзүбүз билебиз” деп. Ошол күндөрү Кулов дагы чоң роль ойноду. Министр внутренних дел, комендант болчу. Член политбюро ЦК КПСС Аманбаев болчу. Алар эрте менен тигилерди колдойбуз деп заявление чыгарышты. Баш ийиш керек, тигиндей мындай ж.б. Тилекке каршы аларды Асанкулов дагы колдоп калды. Ага жогорудан указание келген да. Саат 3-4төрдө Асаба жыйналыш өткөздү. Мен ага катышкан жокмун, сыртта болдук. Алар Асанкуловду кызматтан алып ташташты, за то что поддержал деп. Алып салып, ордуна Кузнецовду койду. Ошодон кийин дипломатично “биз колдобойбуз” деген заявление кетти. Түштөн кийин Россиядан дагы Ельциндер чыгып, “биз каршыбыз” деп чыгышты. ГКЧП 2 эле күн турду. Кийин залда чоң жыйналыш болду. Казактар позициясын айтпай коюшуптур. И не поддерживают, сейчас посмотрим… деп казактар дагы, өзбектер дагы так айтышпаптыр.
А: ГКЧПдан баштап 31-августка чейин Ак үйдө атмосфера кандай болду? Жарым ай ичинде
Б: Особо эч нерсе деле болгон жок. СССР дагы деле турат да. ГКЧП жеңилип калды деп эле отурабыз. Баарыбыз эле союзда өскөнбүз да. СССР кулап калсын деген ой жок болчу. Андай ой Прибалтикада, Закавказьеде болчу, бизде жок эле. Баары ровно. Интеллигенция ж.б. болобу Советтер Союзу кулап калсын деген стремление жок эле.
А: 31-августту эгемендүүлүк күнү кылып жарыялаганга кандай факторлор түрткү болду?
Б: Биринчиден, процесс ошого кетип атты да. Депутаттар дагы ошону түшүнүп, тарыхый немени кармап калалы дешти да. Это было большей частью инициатива депутатов. Аскар Акаевич деле обязательно эгемендүү болушубуз керек деп заявление кылган эмес. Ал тиги жакты изучать этип турган. Тем более, ал элдин эркине баш ийиши керек да. Референдумда 90 пайыздан ашыгы за дешкен да. Эгемендүүлүк эмес, жөн гана декларация болгон да.
А: Депутаттардын арасынан ушул демилгени алып чыгып, эң активдүү болгондор ким эле?
Б: Азыр эсимде жок. Болсун деп демилге көтөргөндөр деле элдин арасында “герой экен” деп уважение болгон эмес да. Ну, хорошо объявили. Насколько это важно, насколько это необходимо? Такого понимания не было. Прибалтика же Закавказьедей болуп “сөзсүз чыгышыбыз керек “ деген болгон эмес. Прибалтикада болсо, голубая мечта болчу да. Эки сөзүнүн бири “Союздан чыгыш керек” болчу. 89-жылы мен Литвага да баргам. “Солист” деген уюм пайда болуп, алар менен жолугуп, алар чыгарган гезиттин баарын алып келгем. Алар не только политический, но и экономический умный нерселерди жазчу да. Кандай реформа кылуу керектигин.
А: Дагы кошумчалай турган нерселериңиз?
Б: Путин “Советтер Союзу кулап калды деп сүйүнгөн адамдын жүрөгү жок, Советтер Союзу кайра болсо экен деген адамдын мээси жок” деп. Эми ошондой эле да. Биз Советтер Союзунун адамдарыбыз. Анын жакшылыгын көп көрдүк. Прибалтикага окшоп жамандагыбыз келбейт. Жакшы жагын алышыбыз керек. Билим берүү азыркыга караганда жакшы болчу. Социалдык кароо дагы. Эми, коомдук экономика процветанияга алып келбейт экен да. Рыночный экономика эле алып келет экен. Кытай эң жакшы жолду тандаган да. Коммунисттик партияны сактап, экономиканы рыночный кылган. Азыркы учурда деле бизди рыночный экономика багып атат да. Айыл эли, ишкерлер багып атат. Жакшы бир зданиени куруш үчүн Усубалиев өзү жүрчү да. Жыйналыш, контроль ж.б. Эки жылда курулчу зданиени азыр эки айда эле куруп атышпайбы. Жыйналыш… эчтекеси жок эле. Рыночный экономиканын күчү. Биз Советтер Союзу кулап калсын деп кыял кылган эмеспиз, Кудайдын буйругу менен ушундай болду. Эми биз калганын сактап, өнүктүрүп, алдыга жылдырышыбыз керек.
А: Чоң рахмат!