Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Бекташ Шамшиев

Бекташ Шамшиев

журналист

Изилдөөчү:  Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.

Респондент: Менин атым Шамшиев Бекташ. Өзү насили журналист, бирок кесибим боюнча мен филологмун. Филология факультетини бүткөнмүн. Илимдер академиясында көп жыл иштегенмин. Кандидаттыгымды жактаганмын. 1996-ж. баштап журналистикага өтүп кеттим. Себеби академияда кыйын болуп кетти. Эн алгач «Эркин тоо» жана «Республика» гезитинде иштедим. «Республика» гезитинде редактордун замы болдум 1997-1999-жылдары. Андан кийин 1999-ж. “Асаба” гезитине өттүм. «Республикада» иштеп жүргөндө мени «Азаттыкка» чакырышып сүйлөтүшүп жүргөн. Андан кийин штаттан тышкары баяндамачы болгонмун. Азыр фрилансер деп коёт эми аны. Жаш курак деле келип, жаш кезиндегидей микрофон көтөрүп, чуркап иштегенге болбой калды. Негизи маданий темада жазам, саясий, экономикалык темада жазат элем. Маданий тема мага жакын, себеби мен жазуучулар журтуна жакынмын. Көбүн таанучумун. Адабий сын жазчумун, илгерки советтик союз кезинде. «Кыргызстан маданияты», «Ала-тоо» деген журналдар болчу. «Ленинчил жаш» деген гезитти эме кылчумун. Кийин аңгемелердин жыйнагын чыгарганмын, анан журналистика менен алек болуп калганмын. 2015-жылы Кыргыз прозасында согуш темасы деп бир чоң монография чыгардым. Аны доктордук диссертация кылам деп, кыла албай калдым.

Изилдөөчү: Сиз 1985-1990 жылдары ким элеңиз?

Респондент: 1985-ж. академияда иштечи элем, анан академиянын “Илим” деген басмасында иштеп калдым. Ага илимий редактор. Комсомолдун катчысы болдум. Коммунисттер партиясынын мүчөсү боло жаздагам. Ал партияга тааныштар аркылуу өтүп кетет экен, мага деп бөлүнгөн орунга партия комитетинде башка бир таасирдүү чиновниктин баласы өтүп кетти, менин көз алдымда эле. Андан кийин компартияга кызыгуу деле болбоду. Анткени 1985-ж. Горбачёв бийликке келгенден кийин дүйнө аңтарылып, баары өзгөрүлүп кетпедиби. Мен 1985-ж. “Перестройка” дегенде аябай кубануу менен эле кабыл алдым, себеби дегенде мен ойлочумун, “Менин өмүрүм ушул социализм заманында жалаң кезекте туруп өтүп кетет окшойт”, деп кезекте туруп ушундай тажаган элем. Дүкөндө деле кезек. Азыркы жана “Айчурөк” деген дүр-дүйнө дегенинин артында, мындай чет элден келген жакшы товарларды сатчу. Ал жерде тыгын, уруш-талаш, сүт алыш учүн дагы “концерт”. Самолётко билет арзан болгондо деле, билет алыш кыйын болчу. Андан да эң жаманы үйгө жетиш кыйын. Мен ошол үйгө жетейин деп, аз жерден ички иштер министрлигинин жазаларды аткарган кызматына өтүп кете жаздаганмын. Ал жерде үйдү тез берет деп ойлогонмун. Анан мен өзүм адабиятка кызыксам, жазуучу болом деп келсем, түрмөчү боломбу, кой деп айнып кеткенмин. Анан социализм мындай анча өтүмү жок кызматты, үй берем , тамак-аш жагынан жардам берем же айлыгыңа кошуп берем деп кызыктырат эле. Анан бул академияда болсо, биз жаш илимпоздор арзан жумушчу болчук, ошол үчүн жанагы социализм былыкчылыгы чукулуп 85-жылдан аябай күчөп баштады, да 91-жылга чейин эгемендикке жеткенге чейин эме болуп калбадыбы. Анан “Перестройка” деген башында жакшы болгон, бирок ал айкындуулук күчөгөн сайын, магазиндерде тамак-аш, азык-түлүктөр азайып. Анан эркиндик канчалык көбөйгөн сайын, жетишпестик ошончолук көбөйгөн. Иши кылып социализм жок болгонуна, мен мындай башкаларга окшоп үшкүрүп-ышкырып турган эмесмин. Албетте илимдин доктору болмокмун, эми орто жоон бир окумуштуу болуп , бир москвич алып кезекте туруп, бир 5-6 жыл , 10-15 ж. кезекте туруп  3 комната үй алып турмакмын албетте. Анан 4-5 ж. кезекте туруп дачага жетмекмин. Ал эми социализм жарабаган система экенин биз анан билдик, убагында билгенибиз жок, эмнеге дегенде пропаганда адамды ушунчалык мал кылып, манкурт болуп калат экен. Эми биз деле темир тордун ичинде экенибизди элестете албадык, анткени бизде чет өлкөгө чыгайын, чет тил билген, чет өлкөгө кызыккан, мисалы: Москва, ал кездеги Ленинград, Киевке окшоп, мындай Европага жакын шаарларга, эми бизде андай болгон жок да, периферияда элек. Ал эртерээк ойлонгондо мындай болуп калды да, жанагы жалдама квартирада жашап калгандар, жалаң жаштар, жаш илимпоздор, жаш окутуучулар болду, анан биринчиси биздики дагы жер басып алуу. Биринчи укканда аябай таң калып биз, “Апей, калып калдык”, деп, азыр мынау Маевка деп айтып жатпайбызбы, ушул Маевканын талаа жактарын басып алышты. Биз ага жетпей калдык. Биз мынау институт сейсмологии 12-мкр. жакка жаңы үйлөр түшүп атат го, ошол жакта эме кылып калдык. Ал жерге болбойт тигиндей — мындай дегенден кийин Арча-бешик деген жаңы конуш  жерден участок алдым. «Ашарга» баарыбыз эле кошулдук. Биз эми тартынчаак болчук , жер алсак болду деп, саясий жакка жок болчук. Анан “Перестройка” кезинде шайлоого катышып калдым, менин бир жакшы көргөн агам Шабданбай Абдраманов ошол шайлоодо талапкер болуп катышып калды. Ал кишиге эл добушун көп берген, бирок жанагы шайлоонун жыйынтыгын бурмалап коюшту. Усубалиев кызматтан кетип, анын ордуна Апсамат Масалиевич келип калды. Анан кийин журналист болуп жүргөндө Апсамат Масалиевичке жолугуп калып, ошондо айттым,”Сиз ушундай-ушундай кылгансыз, сиздин партияңыз ушундай иш кылган, ошол сиздерге окшогондор көп өткөн”. Ошентип бийликтин күчү көптөр өтүп кеткен, а бирок заман турмуш өзгөрүлсө, ошол партиянын мүчөлөрү кийин баарын заман өзү демократия кылып чыгарды. К.Акматов, Тургуналиев, А.Эркебаев партиянын мүчөлөрү болчу, чогулуштарына катышчу. Ж.Жекшеевди билбейм, партиянын мүчөсү болгонбу, жокпу. Жумагазы, Ракыя да партияда эмес болчу. Ракыя өзүнчө англис тилин үйрөнүп, Пакистанда иштеп келген. Ал башка дүйнө, мусулман өлкөсү, бирок бизде башкача турмуш болчу. Ал жерде да жакшыбы-жаманбы партиялык атаандаштык бар да, ошону көрүп келген. Иши кылып, ошондой болду. Бекболот Академияда иштечү,активист болчу. Э.Карабаев комсомол комитетинде болчу, Ормушев, ж.б. Алгачкы муун комсомолдун активисттери, жакшы окугандар болчу. Башкача айтканда алгачкы муундагы биздин демократтардын көпчүлүгү компартиянын, комсомолдун мүчөлөрү болчу. Иши кылып ушундай болчу алгачкы муун. Анан бизде көпчүлүгүбүз ишенчү эмеспиз же бир жыйынтык болооруна. Кыргызстан өз алдынча болуп калат дегенине ишенчү эмеспиз, ошол жанагы демократтар дагы ишенчү эмес. Биздин ошол негизги эле оюбуз мындай болчу: кыргыз тили кенен колдонулса , орус тилиндей болбосо да, эми ошонун жанында турса деп ойлойт элек. Ошол жылдары азыркы (Молдова жана Грузия) автономиясы гүпүлдөп, Гагаузия чатакты салып, чалмакейди чабып атпайбы. Биз аларды колдоп кат жазганбыз. Бизде жаңы чыккан. Анан эми Грузия ушинтип улуттук кызыкчылыгын орус шовинисттик кызыкчылыкка садака чабып ийет деп эч ким ойлогон эмес.

Изилдөөчү: Ошондо кыргыз медиада кандай болду абал?

Респондент: Эми бул медиа бул жагы бизде партиялык кезде, комсомолдук кезде, редакторлор кыргыз болчу да. Кыргыз болгондон кийин улуттук сезими болот экен, ичинде уктап жаткан өкүнүчү болот экен, бирок партиялык гезитте мындай болчу эмес албетте. Бирок Айтматовдун интервьюлары чыкчу, Аалы Токомбаевдики. «Ленинчил жаш» кыйла эме смелый болчу. «Кыргызстан маданияты» бул жагынан алганда кыйла тайманбас, баатыр болчу. Анда деле көбү мындай ачык жасап, ачык айтчу эмес да, көбүнүн ичинде компартияга анын идеологиясына ишеним болчу, көбү четке чыга берчү,-“Эй орус бизди адам кылган, ансыз биз жок болуп кетебиз, кантип жашайбыз”, деп ойлошчу. Алар коммунизмди жакшы көрчү. Анан жанагы эмелерге болушунча каршы болчу, анан айтылган сөздөр гезиттерге чыкчу эмес. Пропоганда деген өтө коркунучтуу ядролук куралдан да жаман экен, акты кара кылып көрсөтүп коёт экен. Азыркыга чейин коммунисттик кулчулук кетпей жүрөт. Ошол кезде КГБнын башчысы Асанкулов болуп калбадыбы. Анын түпкү насили каны, жаңы, КГБсыз жашоо болбойт деген киши эле. Ал эми ошол киши эме болуп калды да, бирок улуттук сезим экен, камап, куугунтукка алып, андай мүмкүнчүлүк бар болчу, эме кылалбай калды, эми антпей калышкан, дагы бир балакет чыкпадыбы, жанагы улуттар аралык жанжал деген, ошол менен көбүрөөк алек болуп калбадыбы, улуттар аралык жанжал келгенден бери демократия эстен чыкты. Бизде ошол демократиялык түшүнүк өтө эле үстүрт да. Демократия өзү эле келет деген иллюзия менен жашап атабыз. Демократия деген бул өтө кыйын экен. Ал интеллигенттер эле алып келбеси, ал массанын канына терең  сиңбесе өнүкпөйт экен.

Мен өзүмдүн башыман өткөн окуяны айтып берейин. “Правда” гезитинин казак кабарчысы бар эле. Эсилбаев деген казак бар эле. Ал казактын улутчулдугу деп, бир казак гезитинде чыккан макала тууралуу жазды. Казак гезиттери «кара көз», «кара каш», «кара чачтуу» балдардын бала бакчада көбөйүп калганына аябай сүйүнүп атат деп жазды. «Казактын улутчулдугу» деп макала жазды. Анан андай макалалар «Правдага» чыкканда, ал башка республикага ушуну сөзсүз эл талкууласын, айыптасын, муну жектесин деп, жогортон көрсөтмө  экен. Анан биздин немеде дагы, академияда чогулуш болуп калды . Анан биздин басмада көп улуттун өкулдөрү иштейт эле: орус, кыргыз, татар, жөөт, украинец. Бул 88-ж. болуп атат. Эми мен дагы сындап чыгышым керек да. Партиянын немеси ушундай болуп атат, айкындуулук болуп атпайбы дедим. Эмне үчүн кара көз, кара чач, кара каш кыздар улутчул болуп калат? Алардын ичинде көзү көк балдарды деле жазып айтпайлыбы . Улутчул дегенибиз туура эмес дедим. Анан мени чакырып, мени тилдеди директор. Камалып кетесиң деп, азыр эрте жеп. Мен болсо айкындуулук деп ишенип алыпмын. Бирок партиялык гезиттер андай шылдыңдаган макалаларды көп эле жазышчу. Борбордук гезиттер бизди теңине алчу эмес идеологияга такап, каалаганын жазчу. Жөнөкөй журналист эмес, Айтматов кыргыз мектеп ачыш керек десе, кандай тепкиге алышты. Бул өзү мен азыр ойлойм да, коом деген өзү консервативдуу болот экен, ага бир жаңылыктын өтүшү, сиңиши көп убакытты талап кылат экен, анткени практика керек экен. Эмне үчүн биз башкаларды туурап, күнүгө биз демократия деп турабыз? Элестете бер ошондой эле болуп атат, болбосо демократиянын башында эң чоң партократ Ельцин турган. Анын ошол “Перестройка” кезинде жылдызы жанып, эл аябай жакшы көрөт эле. Бүт СССРде тааныйт эле. Анан анын сүйлөгөн сөзүн эл кеп кылышып. А Кыргызстанда болсо жанагы “Белгисиз республика” дегенди көбунчө эле Масалиевке каршы пайдаланышты. Ушул Масалиевдин айынан эле бизде ушундай болуп атат. Ушул Масалиевтей эле партиялык функционер Казахстанда бар экен.

Изилдөөчү: Ошол Масалиев туурасында айтып атат да, Өзбекистанда, Тажикистанда аябай куугунтук болгон экен, бизде жумшагыраак болду дейт. Шаар болуп, жерди басып алганда деле, Масалиев өзү келип, анан тыюу салбай эле макул болуп эле, карайлы деген турбайбы?

Респондент: Мен ойлойм Масалиевдин тазалыгы, анан жөнөкөйлүгү, элге жакындыгы дагы роль ойногон окшойт. Менин оюмча бул жерде эң чоң ролду Асанкулов ойногон окшойт. Ал тиги Москвада чоңдор менен жакын экен. Болбосо мына Кой-Ташта турган же Балыкчыдагы танк дивизиясыны алып келип, жөн эле ички иштер менен эме кылып койсо болот, бирок андай денгээлдерге жеткен жок. Масалиев дагы, Асанкулов дагы Москванын көзүн карашып , кичине эркиндикти, ал кичине эркиндик эмне: кыргыз тилинде мектептерди, кыргыз тилинде бала бакчаларды ачып, кыргыз тилинде маалыматты көбөйтүп, ушул Фрунзедегилер кыргызча сүйлөшсө деген үмүт болгон.

Элдин көпүлүгү уктап эле жатты да. Анан бир саналуу эле кишилер демократ болуп. Анан бирок демократиянын кызык касиети болот экен. Кыргыз демократиялык кыймылды түзгөндөн кийин жактоочулары аябай көп болуп, айылдардан бери анан кыдыке чалдарды, кыдыкенин балдары деп жайылып кетпедиби. Негизи орус шовинизми, ал жанагы большевиктик эме, кыргыздар эмне болуп калыптыр? Канча улуттар жок болуп кетти да, ага кылы кыйшайган жок да. Ошондой жок боло турган, аябай орусташылгандын көбүрөөк саны жагынан  Кыргызстан менен Казахстан алдыда болчу. Анткени, мурда коммунист жеткекчилер, мисалы: Усубалиев өзү орус тилди эне тилден кем эмес билиш керек, кыргыздар орус тилин жакшы билбейт деген. Москвага улам кайрылып отуруп, орус тилин жана маданиятын окутуу, масалелерин жакшыртуу деп, “Великая Дружба Народов” деп, тарыхты бүт бурмалап, кыргыздар өзү “добровольное присоединение кыргызстана к россии”, тиги-бул деп. Бул ушунчалык коммунисттик идеологиянын, баягы орусташууга чалдыгып, өтүшүп, ушунчалык кан-жаныбызга сиңген экен, биз эмдигичен кутула албай атабыз. Мурда тиги партия кремльден баштаса, азыр деле кремльде түз же кыйыр эметип атат. Азыр деле Кыргызстандын жетекчилери кош колдоп, ийилип барып, ошолордун айтканын кылып атат. Бир гана президенттердин ичинен Атамбаев 1916-жылда курман болгондорго эстелик коюп, Путинге гүл койдурду, ушуну белгилегим келет. Ал президенттин башка көп иштерине пикирим башкача болсо да, ушул ишин белгилегим келет. Тарыхый жагынан чоң иш болду. Бизде коомдук пикир өзү консервативдүү болуп калды. Чет элдик агент, батышчыл деген нерселер болуп атпайбы. Бизде мамлекеттик түшүнүк болбосо эми каз-каз туруп жаткан жаткан өлкөгө кыйын экен.

Изилдөөчү: Ошол кезде КГБда иштеген Аман Токтогулов “Майдан” алгачкы эркин деген гезитти ачыптыр, карасак КГБ деле ал кыймылга аралашып кеткендей ээ?

Респондент: Аралашып кеткен, себеби, КГБда деле улут үчүн күйгөндөр болчу. Аман акени мен студенттик кезден билем, анткени ал сынчы болчу. Мен дагы сынчы болчумун, жолугуп калчубуз, сүйлөшүп калчубуз. Анан ал киши мындай сырын деле жашырбайт, үй үчүн барган. Айтып атпайбы кызы мектептен “Менин үйүм” деп жалпак , морун чыгарып үйүнүн  сүрөтүн  тартып барса, мектепте класстагылар көрүп, шылдыңдап, күлүптүр үйгө жаман болуп келиптир. Окуучулар баары этаж үйдө жашаса, анан күлдү да. К.Акматов деле жазбадыбы, мен да КГБда иштеп калмак элем, кудай жалгап, мени Борбордук Комитетке алып калган деп. Эми Аман Токтогулов КГБга жуурулушуп кете албады да. КГБнын системасы кандай экенин маңдай кылып эч ким айта албады. Ал жерде жазуучуларга компромат материалдар ушнчалык көп топтолгон экен, анан ал киши унчукпай жүрүп патриоттук ишти жасап коё берет экен да. Жусубалиевдин “Толубай сынчысын” ошол А.Токтогулов чыгарган. “Майдан“ деген гезитти да ал чыгарган. Аман акенин өлүмү табышмактуу болуп калды. “Майданга” чейин “Мүрөк” деген гезитти Нарын Айып чыгарды.

“Майдан” китеп кагазына чыкчу. Системанын ичиндеги нерселерди жазчу, жөн эле жамандап каралачу эмес. Мисалы: Ак үйдөгүлөр эмне тамак ичет деп, ашпозчу аялдын айтып бергенин чыгарып, жөн эле жаза берчү эмес. Аман аке өзү да жазчу, материалдар кызыктуу болчу, ал өткөндөн кийин токтоп калды, кийин аны “Асаба” улантапдыбы.

Изилдөөчү: “Майдандан” башка гезиттер болду да ээ?

Респондент: Аларды азыркыга салыштыруу мүмкүн эмес. “Свободные горы” деген гезит парламенттик гезит болчу. Чындыкты айтчу, акча менен иши жок болчу журналисттердин.Бирок ошол кезде Мамбеталиев, Сыдыкова, С.Жээнбековдор сыяктуу эркин журналисттердин плеядасы пайда болду. Алар орусча тарбия алган, сүйлөгөндөр, бирок патриоттор эле.

Изилдөөчү: Сутенова “Жаштык Пресс” деген берүү ачып, жаштарга эфирге чыкканга мүмкүнчүлүк бериптир ээ?

Респондент: С.Жээнбековдун иши да, ал КТРда жетекчи эле. Ал чыныгы демократ болчу табиятынан. Ал эч кимдин көзүн карачу эмес, баарын ачык айтчу. Ошол жаштарды алып келип, ошолордун ичинен Байма эң талантуусу болчу. Байманын передачасына барды деген чоң окуя болчу.

Изилдөөчү: Ошол кезде Россияда кыргыз жаштар Орунбеков, Чекиров, Нарын Айып гезит ачып, көп иш жасашыптыр, алар да Кыргызстандагы кыймылдар менен бйланышчу беле?

Респондент: Эми бул баары чыгармачылыктан келишкен. Жекшеев деле художник да. К.Акматов, Эркебев, тарыхчылар, экономисттер ж.б.  К.Акматов анын баарын “Миң бир күн” китебинде эң так жазды. Андан өтүп эч ким жаза албады. Азыр айтышат КДК жок болуп кетти деп, бирок КДК өз ишин жасады да. Кийин партиялар көбөйдү,кыргыздар энчилеп алышты партияны, азыр ар ким менчиктеп алды партиялардын саны 250дөн ашты партиялар. Партия системасы калыптанбай атат

Изилдөөчү: Сиз айтып атпайсызбы, элдин оюнда эгемендик идеясы эмес, жер алуу деген эле аракет болду деп. Бирок Үркүндүн ролу чоң болду да элдин ойгонуусуна.

Респондент: Андайлар аз болду, көпчүлүк андай бийик идеялар көпчүлүктө болгон жок да.

Изилдөөчү: Кыргызстанга Эгемендик даяр “асмандан түшүп калган “ кыргыздар өздөрү эгемендик үчүн күрөшкөн эмес дешет экен. Сиздин оюңуз кандай?

Респондент: Эми бул жөн эле бизди арыбызга,намысыбызга келтиргени го. Эгемендик үчүн бир топ кан төктүк, 16-жыл, репрессияда,согуш учурунда,аз келгенсип, 90-жылы, 2000-жылдар төктүк.

Изилдөөчү: Кыргыздар Алматыдагы Желтосондо колдоп барышкан турбайбы?

Респондент: Атайын колдоп барган эмес, анда катуу болчу. Суукта казактарды суу чачып, башын жара чаап атса, кыргыздар кайда барат эле. Эч кимди аячу эмес. Бул жөн эле имиш сөз го. “Правдадагы “ мен айткан Эсилбаевдин макаласы Желтоксондон кийин чыккан да, анда өз колу менен өзүн соктурчу да. Ылайтегинди айтышат, ал эми армияда кызмат өтүптүр, ошентип Желтоксонду көрүп калыптыр. Бирок оңой эмес эле да ал кезде колдоп баруу.