
Болот Абдрахманов
Гүлзат Алагөз кызы: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
Болот Абдрахманов: Саламатчылык! Менин аты-жөнүм Абдрахманов Болот Жумашович. Кыргызстандын коопсуздук кызматынын резервдик полковнигимин. Андан тышкары тарых илиминин докторумун. Азыркы учурда мамлекеттик улуттук тарыхый “Ата-Бейит” комплексинде жетекчи болуп кызмат кылып жатам. Ал кызматта иштеп калганым дагы менин тагдырым экен, жараткандын буйругу болгон экен. 1991-жылы Ата-Бейитте репрессиянын курмандыгы болгон 137 адамдын сөөгү табылгандан кийин, айланып келип 2023-жылдын күз айынан баштап ошол жерди өзүм жетектеп жатам.
Гүлзат Алагөз кызы: 1986-жылдан баштап, 1991-жылга чейин СССРде “Айкындуулук, кайра куруу” саясаттары болуп баштады. Ошол убакта биринчи жолу репрессия курмандыктарын эскерүү темасы козголгон. Ошол учурларда 1986-жылдардан баштап, 1991-жылга чейин сиз эмне иш менен алек болчусуз, кантип Ата-Бейит темасына келип калдыңыз?
Болот Абдрахманов: Мен 1985-жылы КГБга кызматка чакырылганмын. 1985-жылдын күзүндө Москва шаарына КГБнын мектебине окууга өтүп, КГБнын жогорку мектебинде эки жыл окудум. Ошол жылдары СССРдин коммунисттик партиясынын генералдык катчысы болуп Михаил Горбачёв келди. Ал киши келип демократиялык кыймылды баштаганын биз ошондо эле сездик. Горбачёвдун кыймылына кошулгандар дагы көп болду. Ошол учурда деле КГБ консервативдүү кызмат болгону менен КГБга дагы өзүнчө жаңылыктар кире баштады. Мисалы, атайын буйруктар менен элдерге жакын болуш керек, ачыгыраак болуш керек, журналисттерге интервьюларды көбүрөөк бергиле, элдердин кандай муктаждыктары бар экен ошол элдер менен көбүрөк катташып, кабарлашып мамиле кылгыла деген буйруктар болгон. 1987-жылы Москвадан мектепти бүтүп келип Фрунзеде КГБнын борбордук аппаратына кирип иштеп баштадым. Контрчалгын бөлүмүндө иштеп жатып 1989-жылы Горбачёвдун “Репрессияга дуушар болгондорду актоо жумуштарын активдүү башташ керек, ошолордун табылбаган, билинбеген сөөктөрү жаткан жердерин активдүү издеш керек” – деген буйругу чыкты. Бул буйрукту ошол кезде КГБ активдүү ишке ашырды деп айтсак деле туура эмес болот. Бул жумуш колго алынышы керек экен деп ошондо актоо процесстери кичинеден ордунан жыла баштады, бул Ата-Бейит ачылгандан кийин башталды. 1978-жылы Бүбүйра Кыдыралиеванын атасы көз жумаарда “Кызым биздин өлкөдө ыңгайлуу убакыт келсе ошол Чоң-Таштын сырын айт” – деп айтат экен. Бүбүйра эже Горбачёв келгенде “Кайра куруу, айкындуулук, демократия” процесстерин байкап убакыт келген экенин ошондо сезет. Ошондо билип, азыр айтсам болот экен, сыналгыдан дагы, массалык маалымат каражаттарынан дагы репрессиялар жөнүндө союздун деңгээли боюнча айтылып баштады. Кыргызстанда убакыт келиптир деп 1990-жылдары айтканга аракет кылып баштаган. Ал учурда дагы Кыргызстанда демократиялык кыймылдар активдүү башталып, кыргыз демократиялык кыймылы пайда болуп, демократтар пайда болуп, кыймылдарды күчөтө баштаган. Бул нерсенин баары бир мезгилде мыйзам ченемдүү түрдө болуп жатты. Бул нерселер өзүнөн-өзү эле болуп калган жок. Буга дагы кайра куруу процесстери түрткү берип, жакшы импульс болуп калды. Бул нерсени дагы Бүбүйра эже башка учурда айтпай, дал ушул убакыт келген экенин сезип айтканга аракет кылган. Биз 1991-жылы Ата-Бейитти каздык. 2001-жылы Ата-Бейиттин мемориалы ачылып жатканда, Турдакун Усубалиевич Бүбүйра эжеге келип, “Сиз бул жерди мурун эле айтсаңыз болмок экен” – деп айтыптыр. Балким ал киши деле Ата-Бейитти ачкысы келгендир, бирок ал үчүн мезгил келе элек болчу. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе, 1990-жылы эгемендүүлүк боло элек, С оюз дагы ыдырай элек болчу, бирок жанагы процесстер башталганын сезип, Бүбүйра эже айтайын деп эки-үч кишиге кайрылса биринчиден алар көңүл бурбай, экинчиден андай темага кайрылгандан корктубу, бирок “Жок, жок. Биз мындай маселе менен алек болбойбуз, айтпай эле коюңуз” – деп ары карап кеткен экен. Бүбүйра эже “Кантип эле ушул маселени эч кимге айтпай коём” – деп капа болуп жаткан учурда мен жолугуп калып жатпайым бы. Эгерде мүмкүн башка маалда Бүбүйра эже жанагы жерди башкаларга көргөзсө, казуу санкциясына алынат беле ким билет. 1989-жылы Горбачёвдун буйругунда ушул иштерге активдүү көңүл бурулсун дегендин негизинде, мен 1990-жылы кышында бул маалыматты Бүбүйра эжеден угуп, ошол жерде репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жатат дегенин билип. Ошол учурда башкармадагы генерал-лейтенант Асанкулов Жумабек Асанкуловичке доклад бергенде, ал киши “Горбачёвдун буйругу бар, биз мыйзамды бузган жокпуз. Тескерисинче Москвадан мындай жумушту активдүү баштагыла деген буйрук келген. Биздин иштегенибиз туура экен”, деп бизге, “Ушул ишти изилдөөнү активдүү баштагыла” – деп буйрук берди. Бир четинен андай мезгил келе элек болгондо эч ким кыймылдабайт болчу. Экинчи четинен мен Москвадан окуп келип, ушул процесстердин баарын көрүп, байкап жатып бул жердеги демократиялык кыймылдардын активдүү башталып, коомчулук ойгонгон. Активдүү жетекчилерге далил кылып айтып көгөргөнүмдүн себеби ошол убакытта ачык айтып жатып өзгөчө Москвадагы борбордон чыгып жаткан маалымат каражаттары КГБнын кылык-жоруктарын, НКВД кылган репрессиялар тууралуу темаларды катуу козгошкон. Катуу сын болуп жаткан, “Момундай болгон, мына ушулар миллиондогон кишилерди кырган” – деп. Чоң-Таш жөнүндө биринчи маалыматты айтып келип, Бүбүйра эжеге “Казалы” – деп убада бергем. Асанкуловго доклад кылганда, Асанкулов бул маселени кандай кылып чечебиз деп жетекчилерди чогултканда, ал нерселерге “Казбай эле койгула, бул нерсенин кер еги жок” – деп каршы болгондор көп болгон. Ошондо анан менин жетекчим Алик Карыбаевич Орозов “Бул нерсе жакшы болбой жатат окшойт” – дегенде, мен “Эмне үчүн? Казыш керек. Биринчиден мен убада бердим. Экинчиден массалык маалымат каражаттары КГБны, НКВДны жамандап жатат. Келгиле ушул жумуш менен биз Кыргызстандагы азыркы КГБнын муундары, кызматкерлери, мурунку НКВДнын кылыктарына макул эмеспиз, ошон үчүн биз ошол нерсени далилдеш үчүн биз өзүбүз ушул нерсени табалы” – деп өзүмдүн аргументтеримди айттым. Ошентип жетекчилер макулдугун бергенден кийин 1991-жылы июль айында жанагы жерди казуу иштерин баштадык. Эки жуманын ичинде казып бүттүк. 1991-жылы эгемендик дегенде эле менин эсиме биринчи орунда эле Ата-Бейит келди. Эмнеге дегенде биз ошол жерди каздык, ошол жерден уникалдуу табылгалар табылды, документтерди таптык, Төрөкул Айтматовдун, Жусуп Абдрахмановдун кагаздары табылып ошондон кийин, ошол кишилер жатканы далилденгенден кийин, президент Аскар Акаевге айтканбыз. 1991-жылдары ошол убакытта репрессияда курман болгондордун көпчүлүктөрүнүн балдары тирүү болчу. Жусуп Абдрахмановдун, Исакеевдин туугандарынын баарынын балдарын чогултуп жарыялап, “Атаңардын жаткан жери табылды, бул демократиянын жаңы ачылыштары болуп жатат. Демократия келгендиги үчүн ушундай болду” – деп, анан казуу жумуштарын июльдун аяктарында бүтүшкөн. А вгусттун отузунда ошол жүз отуз жети кишинин сөөктөрүн кайра коюу аземи болуп, о шол жерде Чың гыз Төрөкулович Люксембургдан келип, “Ушул жер Ата-Бейит болсун” – деп жарыялаган. 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгү жарыяланып жатпайбы. Бул бекер болгон жок. Себеби дегенде биз эгемендүүлүккө келип, эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн кишилердин сөөктөрү табылды деп бүт баары өзүнчө ирети менен болуп, туура болду деп эсептейм. Ушул эки окуяны унутпаш керек. Бул абдан символикалык нерсе.
Гүлзат Алагөз кызы: Эгемендүүлүк алган күндөн тарта азыркы күнгө чейин мамлекеттик түптөөчүлөрдү биздин азыркы жаңы тарыхтагы эң башкы идеология кылып көрсөтүп жатат. Ата-Бейитте жаткан биздин каймактар 1937-1938-жылдары репрессияланган деп, э гемендүүлүк алган күндөн баштап тарыхта эс тутум саясатында иштеп келе жатат. Бул 31-август 1991-жылга чейин иштелип чыккан бир концепциябы же 30-август менен 31-август экөө бири-бирине дал келип калдыбы?
Болот Абдрахманов: Абдан жакшы суроо. Мен бул нерсе жөнүндө эч качан ойлонуп көрбөптүрмүн. Бирок бизге кошуна өлкөлөр деле ошол 1991-жылы бизге окшоп эгемендүүлүк албадыбы. Алардын 1938-жылдары репрессия курмандыктарынын сөөктөрү табылган жок. Менин оюмча ушул эки нерсе бири-бирине байланыштуу болгондугу үчүн ошол нерселерди эстегенге мажбур болуп көбүрөөк айтылып калды. Же болбосо эгерде жанагыдай болуп табылбай калганда мүмкүн 31-август болот беле же башка ай болот беле, бирок 1938-жылда репрессия болгон жетекчилерибиздин ролу мүмкүн азыркыдай айтылбай калышы мүмкүн болмок эле. Азыр дал ошол жерде сөөктөрү табылып жатканы үчүн, биз алардын ролдорун айтканга мажбур болуп жатабыз. Бул жылы аларга жүз жыл болуп жатат, аларды дагы эстешибиз керек. Коомчулук, илимпоздор деле ушул теманы, репрессияда курман болгондордун ролун деле аябай катуу изилдеп жатат деп айта албайм. Көп себептер бар, анын арасында биздин илимдин деңгээли, мамлекеттин ушул илим, тарых жакка көңүл бурган мамилелери, тарых сабактарынан берген мугалимдеринин акыбалдары, каражаттары деген баардык комплексти алганда өтө жетиштүү эмес. Мисалы мен Ата-Бейит жөнүндө маалымат алган, казган адам болгонум үчүн, ошондон бери репрессия темасын изилдеп, ошол менен алек болгонум үчүн, доктордук наамга келип бир нерсени байкадым, биздин ошол эле журналисттер эмнегедир “Эртең эгемендүүлүк болот” – дегенде эле мелдешет. “Болот агай ушул 30-августта, тээ тиги сөөктөр коюлду эле, кантип каздыңар эле?” – деп бир күндө 5-6 жолу чалышат. Анан мен “Бүгүн ушуларды эстей турган бир эле күн эмес да. Муну ардайым эстеп жүрүш керек” – деп айтып калам. Бир жылда бир эле жолу эстеп же болбосо 8-ноябрьда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү дегенде эле, 7-ноябрьда чала башташат, башка күндөрү болсо тып-тынч. Эки-үч жыл мурун мага бир жаш жигит чалып “30-августта интервью берет белеңер?” – деп. Анан мен калп эле билмексен болуп “Берейин. Эмне тема боюнча берейин?” – десем билбейт “Жетекчилер сизге жиберди” – деп. “Балакетиңди алайын. Эмне айыл-чарба жөнүндө берейинби?” – деп айтып, анан билбей эле жибериптир. Дагы бир мисал менен айта кетсем, ушул О рто А зиянын мурунку советтик республикаларында биздин Ата-Бейитке окшош жерлер жок. Алардын 1938-жылдары атылган жетекчилеринин сөөктөрүн бүгүн таап, ошол жерлерге музей курган жерлер жок. Бирок алардын атайын репрессияга арналып жасалган музейлери абдан жакшы. Биз эгемендик боло электе репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүн таап, бул темаларды 22-23 жылдан бери изилдеп жатсак өзбектер, казактар сөөктөрүн таппай туруп эле беш-алты жылдын ичинде эле изилдеп, укмуш музейлерди салып коюшкан. Ошол темаларды изилдеген изилдөөчүлөргө, тарыхчыларга абдан көңүл бурушат. Дагы бир нерсени айта кетсем, мисалы казактар алты жыл мурун азыркы Казакстандын президенти Токаев ошол репрессияда курман болгондорду актоо процесстерин жаңыртылсын деген мыйзам долбоорун кабыл алып, азыркы учурда беш жүзгө жакын илимпоз, тарыхчылар ушул теманы абдан катуу изилдеп, алты жылдын ичинде үч жүзгө жакын адамды актап чыгышты. Изилдөөчүлөргө жылына үч миллион доллар бөлүп берет экен. Биздин депутаттар ушул мыйзам долбоорун эки жылдан бери талкуулап кабыл ала албай жатышат. Биз алар менен сүйлөшсөк “Каржылаганга акчабыз жок” – дешет. “Анда он кишини каржылай албай жатсаңар мындай мыйзамды кабыл албай эле койгула” – деп өзүмдүн пикиримди айтсам, “Биринчи кабыл алып алалы” – деп айтышат. Кабыл алып алганы менен маселе чечилбесе, азыр ким иштейт? Казактардай болуп беш жүз эмес беш кишини ала албай жатса бул нерселер ошол өкмөттүн бул маселеге болгон көз карашы, мамилеси деп ойлойм. Жыл сайын эртең эгемендик болоордо ушул нерсени эстеп калышат. Кыргызстандан репрессиядан курман болгон 137 киши табылса ошолордун арасынан биринчи Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы дегенде ошону араң эстеп, эптеп маараке өткөзмүш болуп китеп, конференция, кинолорду акча-каражат жок деп жатып чоң кыйынчылык менен араң өткөзүп жатат. Бул биринчи жетекчи Жусуп Абрахманов да, калгандары жөнүндө айтпай эле коёюн. Алардын деле 100-120 жылдыгы өтүп кетти, аларды эстеген киши жок. Эмнегедир бир нерсе десе эле каражатка барып такалат “Каражат жок” – деп. Дагы бир нерсе айтып кетейин. 1991-жылы сөөктөрдү кайра коюу аземи болду. Сөөктөрдү койгондун ордуна азыркы музейди, ошол эле мемориалды, жанагы сөөк чукуган жерди он жылдан кийин курду. Он жылдын ичинде ошол жердеги биринчи жетекчилердин сөөктөрү жаткан жерде малдар оттоп жүрдү, сөөктөр чыккан жерде таштандылар жатты. Бирок ар бир беш жылдын ичинде шайлоо болордун алдында ошол шайлоонун талапкерлери шабырактап журналисттерди эрчитип алып, кайгылуу кейпини кийип алмыш болуп, ошол жерге куран окутмуш болуп, беш жылда дагы унутулуп жүрдү. Жыйырма үч жылдан кийин кайра жаңы музейди курду, мамиле болсо дагы деле ошондой. Жыйырма үч жылдын ичинде ошол жактагы музейдин ичин былтыр гана ремонт кылдык. Бул дагы биздин мамилебиз болуп жатат да.
Гүлзат Алагөз кызы: Ата-Бейит дегенде биз көбүнчө репрессия курмандык тары жөнүндө эмес, мамлекет түптөөчүлөрдүн, мамлекеттин түптөлүшү тууралуу музей катары кабыл алып калдык. Деги эле 137 адам азыр канон болуп калды, алар жөнүндө жакшы гана нерселерди айтыш керек, бирок ошол эле учурда алар деле репрессия машинасынын системасынын бир бөлүгү болчу да. Анан аларды эстегенде башка репрессияланган жөнөкөй адамдар көп учурда унутта калат. Сиздин оюңузча биз репрессия курмандыктарын элитардык болбош үчүн кантип эскеришибиз керек?
Болот Абдрахманов: Негизи мен бул адамдарды көп эстедик деп деле айта албайм. Кээде эстеп коюшат, кээде чоң даталарда бармыш болуп коюшат. Эгерде совет бийлигин, өкмөтүн түптөгөн биринчи жетекчилерге ушундай мамиле болуп жатса, жыйырма миңдей адам репрессия болуп жатса төрт миңге жакыны атылган. Жыйырма миң адам репрессия болгон десе эле атылган эмес кээ бирөө соттолгон, сүргүнгө, түрмөгө ба рып келген, кээ бирөө бат эле чыккан, бирок атылгандардын саны төрт миңге жакын. Ошол төрт миңдин табылганы гана жанагы Чоң-Таш болуп жатат. Калган сөөктөр мисалы биз изилдеп көрдүк Ысык-Көлдө Караколдун жанында, ошондо НКВДнын учурунда түрмөдө жаткандар, Ошто, Өзгөндө, Нырында жүздөгөн кишилердин сөөктөрү бүгүнкү күндө табыла элек. Мунун алдында дагы чоң изилдөө иштери бар, бул нерселерди дагы изилдеш керек, бул нерселерге кайдыгер болбош керек. Мен 1991-жылы Ата-Бейит табылганда баягы массалык маалымат каражаттарынын баарын Ата-Бейит ачылды Чоң-Ташта өлүктөр табылды дегенде ошондо КГБда көп “Аа мын акей, жаңы заман келиптир, эгемендик келиптир. Кудай буюрса жашыруун актай барак тарыхтарыбыз ачыла баштады. Биздин атабыз, чоң атабыз дагы репрессия болгон, анын дагы сөөгүн таап актабайсыңарбы?” – деген кайрылуу каттар түшө баштады. Ошондо көп кишилер акталды, мен ошол процесстерге активдүү катышкам. Мага Оштон кат келиптир. Анан Ошко барып ошол аксакал менен жолугуп “1939-жылы Оштун түрмөсүндө атылгандарды машинеге салып Сулайман тоонун жакасына барып көмгөн” – деп ага атасы айтып бериптир. Анан ал кишини эрчитип алып Оштогу Сулайман тоонун жакасына баралы деп бардык. Сулайман тоонун жакасы болжол менен эки жүз гектардай жер. Анан “Аксакал кайсы жерде дейсиз? Атаңыз кайсы жерди көрсөттү эле? Кайсы бурчта? Оң жагыбы же сол жагыбы? Кайсы дубал же таш же асканын түбү?” – десем “Билбейм ушул жакасы” – дейт. Жакасы болсо эки жүз гектарды ким казат туурабы? Ата-Бейитте болсо мага Бүбүйра эже “Мобул жер” – деп көрсөткөн үчүн биз таптык. Ошондой эле окуя Караколдо, Жети-Өгүз суусу куюлган жерде дагы жүздөгөн гектар жерде божомолдуу сөөктөр бар. Нарында дагы божомолдор бар. Былтыр 2023-жылы Ошко Өзгөн районуна барып келдим. Ошол жерден дагы бир аксакал айылдын четинен төрт гектар жерди көрсөттү. Ал жер таштанды болуп калыптыр. Карыялар ал жерде сөөктөр жатканын билишет экен, бирок азыркылар барып таштанды ыргытып жатыптыр. Ал жерди азыр кайра казуунун кажети жок. Ошол жерге өзүнчө эстелик тургузуп эле коюш керек. Москвада Бутово деген паркта он беш гектар жерде миңдеген кишини атып, ошол жерге көмүп салган, азыр ошол токойдун босогосуна “Сталиндик репрессиянын курмандыктары” деп эстелик коюп коюшкан. Анан ошол жерге адамдар эскерип барып зыярат кылышат экен. Биз калгандарын сыйласак, азыркы замандагы жаштар, карылар жок дегенде ушундай нерселерге көңүл бурушуп “Менин атам Оштон атылган, чоң атамдын сөөгү жок, бирок Сулайман тоонун жакасындагы жерде жатат” – деп Сулайман тоону ыйык жер деп, Сулайман тоонун босогосуна өкмөт менен ошол жерге “Репрессияда курман болгондор” – деп таш коюп, куран окутса болот. Оштуктардын канча кишиси репрессия болгону жөнүндө мен атайын бир китеп чыгарганы жатам. Ошол китептен “Аа менин атам ушул жерден атылыптыр” – деп ошол жерге барып куран окуп кетсе болот. Көлдүктөр, нарындыктар дагы ошентсе болот. Биз азыр ошол нерсе менен деңгээлди көтөрөлү деп жатабыз. Мен жакында Ошко конференцияга барам, ошондо Оштогу репрессия жөнүндө китебимдин бет ачарын кылам. Анан ошол жерден Ата-Бейит деген чоң ташты эле карабай ушул сөздү козгоюн деп жатам. Ата-Бейитке келген көп кишилер эле айтышат “Мог у 137 кишиге сыйынып эле калгандарды качан издейсиңер?” – деп, калгандарын көп казыш керек, бирок азыркы учурда аны далилдей албай жатабыз. Бирок божомолдоп мемориал коюп койсок болот. Анын кылганга алыбыз келет. Ага көп деле каражаттын кереги жок, жөн гана мамиле керек. Бирок тилекке каршы азыр ал нерселерге кайдыгерлик мамиле чоң. Мен репрессия жөнүндө он том китептерди чыгараарда эч ким каражат бербейт, болбосо жырма миң адам репрессия болгонун билишет. Азыр мен ар бир региондогу репрессия тууралу китеп чыгарайын деп маалымат чыгарып койдум. Кээ бирөөлөргө кайрылам, мисалы нарындыктарга “Нарында репрессия болгон адамдар эки жарым миңге жетет экен, ошол жөнүндө китеп чыгарып коёлучу” – десем, “Ии макул көрөлүк” – деп чыгаргысы жок, каражат жок. Бул каражаттар деле көп эмес. Биринчи орунда “Бул нерсенин айдасы эмне?” – деп ойлойт. Эми баягы өзүнүн руханий милдет, өзүнүн жарандык милдети бар экенин ойлойбу же ойлобойбу билбейм. Демек бул нерселерди коомчулукка мүмкүн жакшы жеткизе албай жатабыз. Ошону үчүн мен бүгүнкү күнү Ата-Бейит ыйык жер деп айтам. Атайын эмес, бүгүнкү күндө табыл ган ошол жер. Ошол жерге кандай мамиле кылсак билинет болчу да, болбосо мен азыр силерге айтсам таң каласыңар, ушул Ата-Бейит ачылганына жырма үч жыл болду. Бишкектеги кээ бир жарандар бир жолу дагы бара элек. Мен таңгалам. Ата-Бейитте жетекчи болуп иштегенден бери студенттер келишет. Чакыргыла ушуларды лекция окуп берелик, кандай болгону жөнүндө тарыхын айтып берелик, кичине болсо дагы патриоттук сезимди көтөрөлүк деп чакырабыз. Анан мен студенттерден “Кана балдар ушул жерде отузооңор экенсиңер, ушул жерге биринчи жолу ким келди?” – деп дайыма сурайм. Бир бала биринчи жолу келдим деп колун көтөрдү. “Кайда жашайсың?” – десем, “Бишкектен келдим” – дейт. Анан ичимен ойлойм, дискотекага барасың, мобу жерде жыйырма километр жерге жыйырма жаштан бери бир жолу келе албасаң ата-энең дагы кыйын киши экен, эми көрүп ал балам. Кө рдүңбү, жакшы бекен? Таасир калдыбы? – десем “Аябай калды” – дейт. Көрдүңөрбү, эми бул жалгыз эле Ата-Бейиттин кызматкерлери эле эмес да. Бул жерде коомчулуктун баары иштеши керек. Анан эгемендик дегенде мен үчүн ушул Ата-Бейит тыгыз байланышкан. Ата-Бейит дагы бекеринен ачылып калган жок, бул нерсени К удай бекер бербегенден кийин эмне үчү н эстебей коюшубуз керек?
Гүлзат Алагөз кызы: 1986-1990-жылдары Орусиядагы “Мемориал” уюмунун бир филиалы катары Кыргызстанда дагы “Мемориал” деген уюм ачылып. Андан кийин “Жаш тарыхчылар жамааты” деген уюм ачылган экен, алар дагы репрессия курмандыктарын изилдеп, репрессия курмандыктарын актагыла деп жүрчү экен. Сиз Ата-Бейит же репрессия темасына келип калганда ошол уюмдар менен байланыштыңызбы? Коопсуздук кызматы бизде жазалоочу бир институт катары белгилүү да, анан эмне үчүн сиз ушул темага келип калдыңыз? Репрессия темасына келип калганда сиздин жеке эргүүңүзгө эмне себеп болду?
Болот Абдрахманов: Мемориал фондун мен билем. Ян Рачинский менен таанышып, аны менен Ата-Бейитке барып келгенбиз. Мен он томдук китебимди белек кылдым. Ал кишини мен абдан сыйлайм. Мемориал фонду нобель сыйлыгынын дагы лауреаты болду. Бирок Кыргызстанда Мемориал иштегенинде эч ким мага кайрылган жок. Ата-Бейит ачылгандан кийин мени менен байланышып “Биз Мемориал фондунан элек, чогу иштешели” – деп маалымат сурап мага эч ким кайрылган жок. Биринчиден алар мени тааныбай калышты же болбосо алар иштебей калышты. Экинчиден сиз эргүү деп жатпайсызбы. Мен 1990-жылы кышында “Бир киши жүрөгүндө чоң сырды айта албай жүрөт” деген маалыматты угуп, анда мен жаш капитан болчумун да. Репрессия темасы болоору жөнүндө оюма дагы келген эмес. Негизги коопсуздуктун кызматы ошол да, менин оюм “Абдан маанилүү маалымат” – десе бул терроризм жөнүндө маалымат болуп калбасын же болбосо чалгындоо жөнүндө болуп калбасын деп, мага окшогон жаш оперативдүү кызматкерге жыйынтык керек да. Опер кызматкерди бут багат дейт, ары жак, бери жакка чуркап маалыматтарды издеп. Ошентип университетте иштеген Гүлай Байтерекова деген эже менен тааныш болчумун. А л эже “Ай Болот момундай эже менен тааныштым, дарегин, номерин алып алдым. Маалыматым бар эле, сырым бар эле дейт” – дегенде, анан эмне болуп кетти билип көрөйүнчү деп, чоңдорго айтпай эле 1990-жылы декабрь айында барып жатпайым бы. Эжеге телефон чалып, үйүнө кирсем “Сен кимсиң?” – дейт. Анан мен КГБнын капитанымын сизге суроом бар – десем “Тынччылыкп ы балам?” – деп чочуп кетти. “Тынччылык эже” – деп кирип үйгө отуруп “Сизде жүрөгүңүздү ооруткан бир маалымат бар экен, мага айтып бербейсизби эже. Мен адам катары, КГБнын офицери катары, мамлекеттик кызматкер катары угуп көрөйүн, колумдан келсе жардам берейин” – деп адам катары убада берип жатпайым бы. Анан төрт саат ал эже ыйлап жатат, анан астымдагы нандан ооз тийип, чай ичип, мага ошол эженин айтканы ушунчалык жүрөгүмө чоң таасир этиптир. Мен ошол жерден кошо ыйлабасам дагы, бирок ошол эженин атасынын аманатын элүү үч жылдан бери сыр сактап келип, анан элүү үч жылдан кийин ошол сырды мага айтканга мен эмне үчүн ишенбей коюшум керек эле. Анан дагы эргүүмө болгон себеп бул адамгерчилик фактору, үчүнчүдөн кайды герлик болбогон маселе. Же болбосо “Менин бөлүмүмдүн компетенциясына бул нерселер кирбейт экен” – деп мамиле кылып койсом деле болмок. “Менин компетенциям чылганчыларды кармаш, силер айткан маселеңер чалгынчыларга тиешеси жок экен, бул илгерки 1938-жыл экен, кой эже аман болуңуз” – деп кетип калсам деле болмок. Бирок менде деле адамгерчилик, уят деген бар. Ошол нерселер мага абдан көбүрөөк роль ойноду. Ошончолук ишенип, өзүң берилгенден кийин, анан эртеси жогорку жакка айтылгандан кийин алар карап көрүп, КГБда маалымат жок экенин билгенден кийин анан — “Ааа кокуй анда казалык” – деп жанагы жерди көрдүк, бул биринчиден. Экинчиден, азыркы ошол учурдагы 1990- жылдагы КГБнын муундары, ошол адамдарды биз аткан жокпус да, аларды 1938-жылдагы муун аткан. Биз дагы ал муундун ошондой ыкма менен иштегенине каршыбыз. Биз азыр мыйзамдын чегинде иштешибиз керек, биз азыркы коомго андай эмес экенибизди далилдешибиз керек. Далилдеш үчүн ушул нерсени элге казып көрсөтөлүк – деп ошол дагы күчтүү эргүү болду. Тилекке каршы 1991-жылы, 30-августта жанагы жерде кайра көмүү аземи болуп жатканда ошол жердеги жетекчилер, сүйлөп жаткан адамдар КГБнын ролун бирөө дагы айткан жок. Тескерисинче 18-августта Горбачёвду жумуштан алабыз деген ГКЧП чыкпадыбы, ал жерде күч орандарынын жетекчилери мүчө болчу да, ал жерде кээ бирөөлөр Акаевге “Ушул жерде КГБнын жетекчиси дагы ГКЧПнын мүчөсү болуп калмак” – деп айтышыптыр. Жүрөгүн түшүрүп коюп анан жумушту жетектеген Асанкуловду жумуштан 20-августта алып салып жатат. 30-августта жанагы митингде баары эле күчтүү, демократтар казгансып, ооба демократтардын таасири менен казылып жатат. Бирок бир демократ колу менен күрөктү алып казган жок да. Баары даяр болгондон кийин биз демократтарбыз деп митинг т ен сүйлөшөт. Ошол жерден ай келгиле ачык айталык, ушул нерсени айткан ким? Бүбүйра эже, рахмат сизге, КГБ силер тааптырсыңар, издептирсиңер, казыптырсыңар деп рахмат деп эмдигиче айтыла элек да. 30-августта Бүбүйра эже мага чалып ыйлады да “Ай Боке мен айтып бердим, силер казып бердиңер. Бизди тигил жака чакырып койгону эмне?” – деп. “Эже мен өзүбүздүн кызматыбызды жасабадыкпы” – деп мен тынчтант ырдым. “Биз жасадык, эми калганын булар кылышат”. “Эми туура анткениң туура болот” – деп экөөбүз бири-бирибизди алдадык. Бүбүйра эже ошол нерсени айтканына он бир жы лдан кийин жанагы музей курулуп жатканда ошондо бир жолу чакырып төш белги берди. Он бир жылдан кийин эстеди. Мени таптакыр чакырышкан жок. Бүбүйра эже ошол төш белги берип жаткан адамга “Он бир жылдан бери төш белги бергенден көрө бир мүшөк ун берсеңер мага пенсионерге жакшы болмок. Макул эми мунуңарга деле рахмат!” – деп айтыптыр. Ошондой болуп жатпайбы.
Гүлзат Алагөз кызы: Сиздин оюңузча эгемендүүлүк саясий жана башка ар түрдүү кырдаалдардан белек сыяктуу болуп, асмандан түшкөндөй болуп калдыбы же бул КГБнын болобу, Кыргызстандагы ар түрдүү демократиялык уюмдардын кандайдыр бир аракеттеринин аркасынан келдиби?
Болот Абдрахманов: Эми бул өзүнчө белек деле болгон жок. Бул мезгилге чейин коом бышып, илгерки союздан берки келе жаткан көйгөйлөр толуп, убагында чечилбеген маселелер жарылды. Горбачёв келип арыктагы суунун баарын ачып салганда, арыктагы суунун баары агын болуп кетти. Бул баягы орустар айткандай “Естественный процесс” буга келмек, бул нерсеге КГБнын ролу деле жок. Ата-Бейит ошол жерде ачылып калганынын бир себеби жөн гана ошол жерде Бүбүйра эже ошол кайра куруу мезгилинде “Мезгили келиптир, атамдын аманатын айтканга убакыты келиптир” – деп, өзү дагы катуу ооруп жатканда, “Мени көзүм жумулуп кеткенге чейин айтып коёюн” – деп дал ошол маалда айтылып жатат. Анан биздин чоңдорго дагы кудай берди “Мына биз эгемендикти ушинтип тоздук. Репрессия курмандыктарынын сөөктөрүн кайра көмүп койдук. Мынакей эгемендик келди. Процесстер башталды, процессти ушинтип баштайбыз” – деп Ата-Бейит чыныгы ачылыш болду. Эгемендик жөн эле асмандан келип түшүп калды деген бул союз учурунда бышып келген, ага чейин 1990- жылы Ош окуясын унутпашыбыз керек. Ал жакта дагы көптөгөн маселелер чогулуп келип кан төгүлүү болду. Негизи өзгөрүү болушу керек болчу. Так ушул өзгөрүү Ата-Бейит менен байланышып калганы дагы бир жакшы белги болду деп ойлойм. Ушул жакшы белгини биз туура алып кетсек эле жакшы болот.
Гүлзат Алагөз кызы: Де ги эле 1986-жылдан 1991-жылга чейин биз абдан көп демократиялык кыймылдардын мүчөлөрүнөн интервьюларды алып жатабыз. Көптөрү “КГБ тараптан бизге көптөгөн чектөөлөр болду, куугунтуктоолор болду” деп айтышат. Сиздин оюңузча 1986-1991-жылдары КГБнын демократиялык кыймылдарга болгон мамилеси кандай болду?
Болот Абдрахманов: Баары салыштырганда билинет. Негизи КГБ деген атайын күч бул бийликти сактай турган консервативдүү орган. Бирок 1987-жылы Жумабек Асанкулов он бир жыл Москвага Андропов учурунда кетип, Абсамат Масалиев катчы болгондо ошол тажрыйбалуу киши деп чакырылып келди. А га чейин Рибокон деген Украинадан келген КГБнын төрагасы бул жерден абдан жаман көрүнүп, чоңдор менен конфликт болуп кеткен. Анан өзүбүздүн кадр деп генерал Асанкуловду чакырышты. Ал абдан кыраакы, акылдуу киши болгон. Ошондо демократиялык кыймылдар баштал ганда ошол өзү митингдерге барып, бирөөнү дагы камабай, түшүндүрүү жумуштарын өткөзүп чоң иштерди кылган. Мисалы мен кайсы жыл экенин айта албайм, бирок 1986-1991-жылдардын аралыгында орто азиядагы демократиялык күчтөрдү өз өлкөлөрүндө кысым кылып жатты. Алар келип алып бир жактан иш-чара көрүп акылдашсак болот деп анан барып бул жака Фрунзеге топтолот. Так Фрунзеге. Ташкентке, Алма-Атага эмес келгиле Фрунзеге деп келишчү. Фрунзеге келгенде Фила рмо нияга же башка чоң имаратка чогулушчу. Чогулуп анан президиумда КГБнын төрагасы отурганда тиги жактагылар “Бул ким?” – деп сураганда — Бул КГБнын кызматкери – деп айтышат. Анан таңгалып “Кандайча? Биз КГБдан коркуп жүрсөк, бул жакта булар менен чогу иштешет экен. Буларга жардам берет экен” – деген кишилер дагы болгон. Коркпогула биз булар менен тыгыз иштешип жатабыз – деп айтышчу. Өзүнүн жумуштарын көрсөтө албай, душманын көрсөткөн дайыма эле болот КГБны күнөөлөп. КГБны айтып коюш керек бул эгемендиктин алдында Чоң-Таштын сырын ачкан КГБнын эмгеги. Эмне үчүн эмдигиче айтылбайт, эмдигиче эстебейт. Эмнегедир коркуп калды. Момундай ачык сураса айтып берет элек да “эмнеге коркосуңар? мындай болгон” – деп. Кечке эле мындай кылдык деп актала берсең дагы болбойт экен, сураса айтып коём. Мисалы мен Ата-Бейит жөнүндө канча интервью берем, бирок ушуну дайыма айтам, эртеси күнү мага бирөө дагы чыгып алып “Сен туура эмес айтып жатасың” – деп эч ким айткан жок. Баары унчукпайт, унчукпаганына караганда мен туура айтып жатам.