
Бүбайша Арстанбекова





Гүлзат Алагөз: Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? 1986-1990-жылдар аралыгында эмне менен алектенчү элеңиз? КДК уюмуна кантип келип калдыңыз эле?
Бүбүайша Арстанбекова: Мен Арстанбекова Бүбүайша Кулуевна, азыркы учурда “Акыйкат жолу” коомдук уюмун жетектейм, быйыл 24 жыл болду. Ал уюмдун негизги максаты тышкы жана ички мигранттардын укугун коргоо болуп эсептелет. Андан сырткары чыгармачыл адаммын, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акынмын, “Курманжан Датка” поэмасынын авторумун. Ал поэма англис, орус тилдерине которулуп, Эл аралык адабият сынагынан экинчи орунду алган. Ошондон бери англис тилдүү мамлекеттерде бет ачарлары болуп жатат. Алымбек датка жана Курманжан датка спектаклинин операсынын либреттосунун сценарийин жазгам. Ал КР эгемендүүлүгүнө арналып, 2023-жылдын 31-августунда Ош шаарынын Бабур театрында коюлду. 1986-жылдары Оштогу пахтадан кездеме токуучу комбинатта жумушчу болуп иштечүмүн. Ошол кезде коммунистик бир чети партиянын саясаты эскирип, экинчи чети бир жактуу, орусташуу саясаты болуп кетти. Мен комбинатка жумушка келгенде орус калкына өзгөчө мамиле кылуу, аларга шарт түзүү менен бирге жергиликтүү калкка экинчи сорттогу адамдардай мамиле кылганын сездим. Мен сырттан окучумун, жумушка барсак бизди толук жарамдуу жумушчу катары кабыл албайт. Ал кезде комсомолдук комитеттик катарга кабыл алуу, партияга өтүү деген өтө кыйын болчу. Комсомолдук комитетте мени активдүү экенсин деп, кошушту. Бирок сүйлөгөндө орустар сүйлөйт, биз кол чабабыз. Жатаканада жашачубуз, бөлмөдө эки орус, анан мен жалгыз кыргыз. Ал комбинатка кошуна өзбектер көп келчү, ал комбинатта 12 миң жумушчу иштечү, 3 смена. Бул жерде теңсиздик, акыйкатсыздык болуп, жаштарга даана көрүнүп калган. Турмушка чыгып, бизге үй-бүлөөлүк жатакана бергиле деп кайрылсам, кезекке тургула деди. Кезекке барсам он жылдап кезекке тургандар бар экен. Бирок алардын арасында орустар жок, жалаң кыргыздар. Себеби башка жактан келген орустарга алар келээри менен үй-жай менен камсыз болот экен. Мен таң калдым. Кезекке турдум. Мен ошол жылдары эле буга каршы чыккам. Профсоюз федерациясында чоң жыйындар болот. Кыргызстан жогорку совети деген болчу, анда Д. Кадырова деген кыз бар эле. Ошолорго айттым, силерго депутатсыңар, биз жумушчубуз. Көп балалууларга кезексиз бериш керек дедим. Менин койгон маселелерим жакпай калды, жогоркуларга. Ойлоп көрсөм мен ошол жылдары эле күрөштү баштаган экенмин. Эркиндик, эгемендүүлүк үчүн. Мени ошол кезде профсоюздун ген. директору чакырып, эмне каалайсыз дейт. Мен эч нерсе каалабайм, көп балалуу кезекте тургандарга бергиле, алардан ашса мага бергиле дедим. Кезегим мен сексен, токсонго чыкканда жетет турбайбы деп күлүп коем. 1989-жылы Ошто “Ош аймагы” деген жаштардын уюмун Бектемиров деген агай уюштурган. Комбинатта үч фабрика бар эле, алды кенен болчу. Ошол жерге жаштар топтоло баштайт. Активист болгондуктан мени кабар алганга жиберишти. 1989-жылы, биз качанкыга чейин үйсүз- жайсыз, батирде жүрө беребиз деп талап коюшкан. Бизге жер тилкесин берсе, там салып жашайт элек деп калышты. 1990-жылдарда Ошто өзбектер жыш жашашчу. Көбүнчө кыргыздар алардын батирлеринде жашашчу. Өзбектер кыргыздарга кысым көрсөтө баштайт. Мен да жашагам. Батирдин ээсине батирде жашагандарды мынчанчы числодо чыгар деген эскертүүлөрдү берип кетишиптир. Бул союздун ыдырашында, улут аралык кагылышууну жасоонун башталышы экен. Эгемендүүлүк өзү түшүп калды деп жатышпайбы, менин оюмча бул кан менен жан менен келди. Көптөгөн адамдар каза болду, балдар жетим калды, жоголуп кетишти. Ошол убакта “Ош аймагы” маанилүү маселе көтөрүп чыгышты. Менин угушум боюнча, өзбектердин арасында бир уюм пайда болот. Ал үйүм жанагындай, кыргыздарды квартирадан чыгаргыла деп эскертүү бере баштайт. Аны Бектемиров агай жакшы билет. Ошол кезде ар кандай сөздөр чыга баштаган. Өзбектер кыргыздар бизди өлтүрүп жатат десе, кыргыздар бизди өзбектер өлтүрүп жатат дешип. Бирок андай эмес, азыркы тил менен айтканда кандайдыр бир үчүнчү топ, кыймылдар, кызыктар тараптар болгон. Ошол кезде Бектемиров агай “Ош аймагына” чакырып калды. Мен бардым, ал жак мага жакты. Жаштар көп экен, ал жаштар ар кандай маселелерди көтөрүп чыгышты, алардын арасында кыжырданган жаштар көп эле. Бирок баары барып эле кантип эгемендүү болобуз деген маселеге такалып калып жатты. Советтер союзу өзүнүн миссиясын аткарып бүттү, эгемендүүлүккө кантип жетебиз деген суроо болгон. 1990-жылы улут аралык согуш чыгып кетти. Биз ошолордун арасында жүрдүк. Ошондо жалгыз кызым, ал 4 жашта, вертолет менен алып барып айылга таштап, Өзгөн районундагы үй өрттөлгөн жерге, өлүктөргө “Братское могила” деп койду. Өзгөчө кырдаал киргизилди, советтик армия кирип, комендаттык саат киргизилген. Көп үйлөр өрттөнгөн, эч нерсебиз жок калган. Ошондо ар бир облустан аябай чоң жардам келип турду. Ким эмне болсо жиберип жатышты. Активисттер, билегибизди түрүп алып, тамак-аш таратып турдук. Ал кезде даяр эч нерсе жок болчу, бардык нерсени талон менен алчубуз. Баардык нерсе дефицит болду. Жаштар жерлерге жайгаша башташты. Ал жер Нариман деген айыл өкмөткө карайт экен, ал айылда өзбектер жашайт экен. Алар бул жерди кыргыздарга бербейбиз деп чыгышты. Маселе ушунда болду. Советтер союзунда жумушчулар бириккиле деген лозунг менен жашасак, эгемендүүлүк алганда кимдин ким экени тескелет экен. Ал ээн талаанын тегерегин орустардын солдаттары кургон турган. Согуш болуп, көптөгөн жоготууларга учурагандан кийин гана, орустун аскерлери тынчсыздыкты камсыз кылабыз деп келишти. Өзгөчө абал киргизилди. Ага чейин өзүбүздүн аскерлер барды, курсанттар барды. Өзбектер бир курсантты атып салды, ошондон согуш башталды. Ушул нерсенин баары эгемендүүлүк үчүн болду. Ал нерсе бизге белек болуп келген жок. Трайбалисттик көз карашта ой жүгүрткөн саясатчылардын айынан Ош окуясы жазылбай, айтылбай калган. Журналисттердин Ош окуясы тууралуу жазган материалдары архивдерде жок. Биздин сүрөттөр жок. Ж. Темирбаеванын жазган гезиттик материалдары бар эле, алар дагы жок. Жаңыл эженин анан менин тере турган машинкабыз бар эле, Өзгөнгө жардам бергени барып жазганбыз. Т. Сыдыкбеков агайыбыз Фрунзеге чакырып чалды, жазуучуларынын уюмунда КДКнын мүчөлөрү топтолду, ал кишинин батасын алдык. КДК уюшулду. М. Шеримкулов, А. Жумагулов Ошко барышты. Ү. Сыдыков жыйналыш өткөрдү. Ошол жакта эки тарап болуп турабыз, ортодо орустардын солдаттары турат. Бул бир чоң саясат. Буга саясий баа бериле элек, бериш керек. Чоң жоготуулар болду, кыргыздар тараптан жана өзбектер тараптан. Ошол комбинатта иштеген өзбектер менен катышып турабыз. Ошол кезде эмнеге уруштук деп бири-бирибизге суроо беребиз. Эч ким билбейт. 1991-жылы, согуш бүткөндөн кийин, өзбектердин энелери менен бирге, Т. Акун, Т. Сыдыкбеков атындагы фонддон 100 миң рубль берилген. Жакындарга баргандарга жүргүбүз ооруду. Өзбектин кичинекей кызына ок тийип каза болуп калыптыр. Ж. Темирбаева Өзгөндө туруктуу жашап, өзбектер менен сүйлөшүп, тынчтыкка чакырууда көп эмгеги бар. Ал айтат, өзбектер бизди жан алгыч деди деп. Бизге берип жаткан жардамыңардын кереги жок, жаныңарды алам деди. С. Момунбеков, Р. Абдувалиева, Ш. Аскаровалар концерт коюп берип турчу, жер-жерлерге барып. Т. Сыдыкбековдун жардамын жеткиребиз деп иштедик. Үшүк алып, карларды кечип, эски машина менен, шарт жок болчу. Ынтымакка чакырдык, жаш болсок да көп жакшы иш кылдык. Ошол кезде 30 жашта болчу экем. Ошко келсем, талкаланып жатат. КДК уюшулуп жатканда, Бектемиров “Ош аймагында” каласынбы же КДКга кетесинби деди? Мен кетем дедим. Анын курултайында мен Ош окуясы тууралуу доклад кылам дедим. 1991-жылда, курултайга келип жаттык. Уруш эмнеге чыкты, саясий баа бергиле дейбиз. Д. Садырбаев, “Кайран эл” деген фильм тарткан. Аны бирок КГБ жок кылып салган. Ошол учурда кысым болгон. Ал чоң курал болчу. Ошол кинодо биз барбыз. Ал жерде Жин көчөсү бар, ал жерде эки кызды дубалга байлап, зордуктап, кесип ойногон. Энесинин чачын поелник менен күйгүзүп, энеси тирүү калган. Ошону Д. Садырбаевке алып барып тарттырдык. Бул согушту улут аралык деген туура эмес, бул саясат аралык. Бул нерсе бардык жерде болгон. Мисалы, Желтоксон, Тажикистанда, эмнеге бардык жерде ушундай болду? Бул саясий сценарийлер, поставновкалар. Ал эми карапайым калк курмандыкка чалынды. Менде документтердин, тизмелери турат. Мед айымды 5 баласы менен тандырга салып өрттөп жиберген. Салия аты. Мени менен тең болчу. Ал бир өзбек менен урушу жок болчу. Эгемендүүлүк жөн келген, элибиз чоң жоготууга учурады. Ыйлагым келет. Андан сырткары жаштардын оюнда улут аралык жек көрүү калды. Ал советтерден калган белек. Ошол жылдарды көргөндөрдүн, жаштардын эсинде калды. Ошол согуш, кан төгүү, кайгы, муң калды. Аны кантип жүрөктөн алып салабыз. Эмнеге болду деген суроого А. Акаев жооп берген жок, ал киши буга саясий баа бериш керек болчу. Бербейт. Бул анын мойнунда. Ч. Айтматов жана башкалар, советтик системанын камчысын чапкандар кайра келип керек болду. Мен ушундай эле түшүнөм. Мен күбөмүн, аларды көргөм. 2010-жылы кайталанды. Бул азыркылардын саясаты. Эч ким жазага тартылган жок. Өлгөнү өлдү. Мен баа берем, чек ара маселесин андан ары улут аралык согушту басып калганы үчүн азыркы бийликти баалайм. Мен подхалимчиликтен алысмын, акты ак, караны кара деп айтам. Бирок бул жакта саясат бар экенин эми түшүнүп жатам. Ошол эле КДКнын курултайында ошол Ош окуясы тууралуу айтчубуз.
Гүлзат Алагөз: Сиздер жазаган докладттарга КДНнын реакциясы кандай болду.
Бүбүайша Арстанбекова: Саясий баа берилиши керек деп Ж. Жекшеев, К. Акматов, М. Шеримкулов, А. Жумагулов деле депутат болуп отурушту. Бирок бир да жолу көтөрүп чыгышкан жок. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын дешти. Бул Акаевдин саясаты болчу. Болбосо жөн эле адам депутат болбойт да, ушуну колдоп беришти. 1992-жылы К. Акматов Ч. Айтматовду алып барды. Ал барганда Өзбекстандын жазуучулар төрагасы, бизден Ч. Айтматов сүйлөдү. Өзбекстандык жазуучулар асыла берди, алайлыктар ат менен басып кирбегенде мындай болмок эмес деп. Андай эмес. Биз ал жерде болдук да, ал ким экенин билбейбиз. Кара маскачан, мотоцикл минген жаштар пайда болгон, ошолор курсантты атып кетти. Ошондон кийин башталды. Эки жаат болуп турганда өзбектерди биздин курсанттар тосуп алган, орусиянын армиясы келе электе. Бирок биздин астыбыздагы курсанттарды өзбектер тараптан атып өлтүрүп койду, ошондон согуш башталды. Ош окуясынан жабыркагандарга жыргатып деле жардам берилген жок. Протоколго кирет, күтөбүз. Болгону эле канча айылдан канча адам каза болду, шаарда канча деп, үй деле берилген жок. Элдердин баары жумушсуз калды. Өкмөттөн жардам болбогон соң, өзүбүздүн оокатты кылалы дедик. Ошол комбинатты 25 миң адам иштечү. Анын баарын талкалашты, сатышты. Бир станок 1 млн. сом экен. Аны Анджижандын текстилдик комбинаты алып койду. Азыр эми алардын товары бизди басып кетти.
Гүлзат Алагөз: “Ош аймагы” уюму Бишкектеги “Ашар” уюму менен биргелешип иштешкен механизми болгонбу?
Бүбүайша Арстанбекова: Бул паралеллдүү эки жакта болду. Байланыш болгон жок. КДКга мүчө болуу деген бар эле, ошого мүчө болгондор бар болчу. Мен Ош областы боюнча төрайыми болчумун. “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштуруп, жөө басканбыз 1993-жылы, Үркүндү эскерүү боюнча. Замира деген кыз таластык болчу, Ошто окучу. Ал кыз экөөбүз барбасак болбойт деп барганбыз. Эң кызыгы мындай. Топчуке барат 1991-жылы. ЖКга талапкерлигин коёт. Түштүктө генерал Абдрахманов деген болчу, ал түштүк жакты кармап турчу. Ал дагы альтернативдүү талапкер болуп калат. Менин иним жаңы эле милицияга жумушка кирген. Генерал аны кысымга алат, мени чакырат. Сен жаш экенсиң, чыгармачыл экенсиң, иниңдин келечегин ойлосоң Топчукеңдин талапкерлигин колдобой тынч отурсаң болобу дейт. Мага тынч отурганга болбойт, мен КДКнын мүчөсүмүн. КДК бүгүн бар, эртең жок да дейт. Сизге эртең жок боло берсин, мага дайым бар деп айттым. Иниме анын башчылары: “эжеңди кой де, болбосо жумуштан кетесиң”- деди. Көтөрүлүп бара жаткан жерден, кызматтынан өспөй калды 15 жыл бою. Күндүз МАИ де иштейт, түнү Топчукенин сүрөттөрүн үйлөргө жабыштырып чыгат. Күндүз генералга, кечкисин Топчукеге иштеп жатам деп калчу. Топчуке эмне кылалы десем, КДК иштеш керек дейт. Топчукеге кийин айттым, сиздин айыңыздан менин иним көтөрүлбөй калды десем, ай аттиң деп коет. Топчукеден биз көп нерсени үйрөндүк. Мага дагы кысым болду. 1993-жылы чыгып кеттим. КДКнын мүчөсү, мурун комбинаттын директору болгон. Н. Алымбеков акын, кийин мен акын болуп жазуучулар союзуна мүчө болуп кирейин десем, ал киши ал жактын төрагасы болуп калыптыр. Азыр дагы катышабыз. Менин мурдагы талаптарым аткарылып, мага үй берилген. Андан соң, сунуштар түшө баштады, депутат кылабыз деп. Мен КДК болом дедим. Ал кезде коммунистик партия менен жөнөкөй адамдардын ортосу аябай чоң болду. Мен ошол үчүн барган жокмун партиялык жумушка. 1986-жылы биз эркиндикти сезе баштадык, биздин желегибиз, гербибиз, сомубуз, гимнибиз болуш керек деген ойлор кийин КДКда айтылды жана баары аткарылды. Ошол үчүн эгемендүүлүк жөн жерден келип калды дегенге кошулбайм. КДКнын ролу мамлекеттик символикаларды, баш мыйзамды кабыл алууда чоң. Алардын ичинде К. Акматовдун, Ж. Жекшеевдин ролу чоң. Мен дагы куугунтуктар көп болгондуктан, Оштон Бишкекке көчүп келгенбиз. Эгемендүүлүктүн шардыны менен байлыкка, бийликке жеткендер көп болду. Бирок биз аларды сурабаптырбыз.