
Чапрашты Базарбаев
Интервьюер: Бүгүнкү биздин маек 1985-90-жж Кыргызстандагы ар кандай коомдук кыймылдар жөнүндө болмокчу. 1980-жылдардан 1991-жылдарга чейин эмне иш менен алектенчү элеңиз?
Чапрашты Базарбаев: Мен башында темир жолдо иштечүмүн, кийин Москва-Бишкек жолунда жүрүп, Сибирге каттап, ошондо биздин элдин кандай абалда экенин көрчүмүн. Ошол убакта 1916-ж саясат уланып эле келе жатканына көргөм. 1916-жылкы көтөрүлүш эмнеден чыккан? Жерди тартып алуудан чыккан. Ошондой эле саясат. Нан көп болчу, бирок май жана башкалар жок болчу. Эмне үчүн Москвадан тирүү койду көрбөгөн адамдар ушунчалык жетишкендикте жашайт, бизде болсо эч нерсе жок. Бул акыйкатсыздык ичимди уйгу туйгу кылчу. Эмне үчүн кыргыздар айылда калып иштеш керек? 5- класстан баштап бизди жайында тоого чөпкө 1 жарым айга алып кетчү. Эки нан аласын, чалгы берет, өзүңдүн кийимин, жууркан төшөгүн, 1 кап ун, казан, ошону менен кетчүбүз. Өзүбүз чалгы жасап, чөптөн кепе жасап, кыздарыбыз нан жасап, биз отун кыйып анан чөп чапчубуз. Ошол эле убакта орус класс бар болчу, алар чөпкө барышчу эмес. Ошол акыйкатсыздыктын баары бышып жетилип, „Ашар“ келип участокторду алышып үй сала башташты. Анан Арменияда катуу жер титирөө болду, 1990-ж башында Армениядан канча миң киши келет экен, Бишкектен үй берет экен деген ызы чуу чыкты. Анан „Ашар“ 5- февраль күнү аянтта митинг уюштурду. Ал жерде өздөрү жок, башкарган эчким жок, микрофон жок, ошондо биринчи жолу 75-жылдык тарыхта өкмөткө каршы сөздөр айтылды. Анан унчукпай эле тарап кеттик. Ошондон кийин башталды. КДК уюшулду жазга маал.
Интервьюер: Ошол убактагы Кыргызстандагы коомчулукка таасир эткен окуялардын кайсынысы сиздин көбүрөөк эсиңизде калды?
Чапрашты Базарбаев: Акыйкатсыздык. Ушул киностудиянын алдында мектеп интернат бар болчу, тегерегиндеги орустун балдары күн көргөзбөй сабачу экен, анан директору бул эмне кылганыңар, эмнеге унчукпайсыңар, муштаса муштагыла деп койгону үчүн 4-5 жылга кесилип кеткен.
Интервьюер: Ал ачык айтылбай келди да элдин ичинде, анан 85-жылдары Горбачевдун кайра куруу саясаты убагында мүмкүнчүлүк бергенде жаңы кыймылдар пайда болду да э?
Чапрашты Базарбаев: Жок, пайда болгон эмес
Интервьюер: Кайсыл жылдары пайда болду?
Чапрашты Базарбаев: 90-жылдан кийин пайда болду.
Интервьюер: Кайсыл уюмдар, бирикмелер, кыймылдар иш алып барчу?
Чапрашты Базарбаев: 89-жылы „Ашар“, 90-жылдан кийин көп болду. Мисалы „Асаба“, саясий талаптарды коюп, эмне үчүн өзүнчө мамлекет болсок болбойт, эмне үчүн кыргыздар автобус троллейбус айдаса болот, автобус айдаса болбойт, эмне үчүн заводдо акчасы көп жерде орус издейт, эмне үчүн мектеп, садик жок, эмне үчүн жазуунун баары орусча деп. Асаба биринчи саясий талапты көтөрүп чыккан. Кийин КДК уюшулуп, көп киши кошулду. Бизди экстремисттер деп коюшчу.
Интервьюер: Асабанын түзүлүшү жөнүндө, мүчөлөрү ким эле, кайсыл социалдык катмардан чыккан адамдар эле?
Чапрашты Базарбаев: Социалдык катмары көбүнчө жумушчулар болчу.
Интервьюер: Түзүлүшү расмий эмес болчу да э?
Чапрашты Базарбаев: Ооба, бейформалдуу кыймыл деп койчу
Интервьюер: Жаңы мүчөлөрдү кантип кабыл алчу элеңиздер?
Чапрашты Базарбаев: Эч кандай кабыл алуу жок, биздин катарга жөн эле эл келчү, 2-3 жолу келип өзүн активдүү көргөзсө кабыл алчубуз.
Интервьюер: Ресурсту кайдан алчу элеңиздер, чогулганда жер керек,каражат керек
Чапрашты Базарбаев: Эч кандай каражатыбыз деле жок. Ар ким өзүнүн акчасы менен келет, ал убакта жогорку окуу жайларында кечинде бош аудиторияга чогулчубуз. Анан 90-жылдары жазга маал КДК уюшулду, ага Шеримкулов келип катышты. Ал убакта андай бейформалдуу жыйналышка катышуу деген СКПнын кишисине өтө кыйын болчу. Жазуучулардан Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев. Бешөөнү төрага кылып шайладык. Асабадан башка сөздү бетке айтчу эчким жок болчу.
Интервьюер: Асабанын мүчөлөрү кимдер эле?
Чапрашты Базарбаев: Жумушчулар. Андан бир айдан кийин Ош окуясы болуп кетти. Ал убакта чындыкты айткан кишини эл телевизордо күтүп отуруп кабыл алчу. Ошол убакта биринчи жолу биз басмачыларды «Улуттук боштондук үчүн күрөшкөн улуттук баатыр» деп айтканбыз. Ошол убакта бул элдин төбө чачын тик тургузган сөз болчу. Эмне үчүн басмачылар? Басмачы тыштан келген орус, биздин жерди басып алгандар, өзүнүн жерин, мүлкүн коргогондор улуттук баатыр деп айткам?
Интервьюер: Эл, мамлекет кандай кабыл алды?
Чапрашты Базарбаев: Алакан чабуу менен кабыл алды. 90-ж жайында Алматага жыйналышка бардык. Анан Ферганадагы түрктөрдүн окуясы болуп кетти. Ошондо Алматада Өзбекстандан көп киши келди.
Интервьюер: Ошондо Прибалтика, Кавказ өлкөлөрүндөгү ушундай кыймылдар менен байланыш бар беле?
Чапрашты Базарбаев: Жок. Өзбекстан менен Казакстанда кыймылдатпай басып турушчу, бизде кичине эркиниреек болчу?
Интервьюер: Бизде эмне себептен эркиниреек болчу? Ошол жылдарга чейин Кыргызстанды уктап жаткан Республика катары сүрөттөшчү да
Чапрашты Базарбаев: Ооба, уктап жаткан Республика, Барановая Республика деген сөздөр статьяларда бар болчу. Алматыдан кийин 90-жылдын күзү болду. Күзүндө Украинада митинг болду. Эмне үчүн бизде болбойт деп, ал убакта 350 депутат болчу, 115 депутат өзүнчө группа түзүп Украинадагыдай кылабыз дешти. Анан Асабанын балдары ачкачылыкка чыгабыз дедик, Казат Акматовго барып айтсак «Койгула, андай экстремисттик сөздөрдү айтпагыла»,- деди. Анан тышка чыгып 3 группа даярдап, 1-группаны алып кетсе 2- группа чыгат деп. Биринчи бешөөбүз чыктык. Тынчтык Чороев Филармонияда, Таалай Абылкасымов Дзержинкада, Нарынбек Исабеков ЦУМдун жанында отурду . Элдин баары Африкадан алып келген жаныбарды көргөндөй таң калышты. Мен түшкө чейин отурдум, саат 2-3 төрдө эл көбөйө баштады, Топчубек Тургуналиев келди, Асабанын 2- группасы чыкты, кийинки күндөрү эл кошулуп көбөйө баштады. 26-октябрь түндө Президент шайланды Аскар Акаев. Суверендүү мамлекет болуш биздин талап. Плакаттарды илип койгонбуз.
Интервьюер: Кандай чакырыктар бар эле ошол плакат”тарда?
Чапрашты Базарбаев: Эң биринчи, „Компартия кетсин кызматтан″, „Президент шайлашыбыз керек ″, «Суверендүү болушубуз керек» деген. Ошондо Жумагулов менен Массалиев чыгып калды президенттикке. Биз ал болсо да , бул болсо да кетпейбиз дедик. Анан кечинде Кулов келип айтат «Турсаңар мен тийбейм, турбасаң айткыла мен жабам“,- деп, биз аягына чейин, компартияны жеткенге чейин турабыз дедик. «Макул анда силерге эчким тийбейт, мен коргойм, мен комендантмын“ деди. . Жумагулов менен Массалиев добуш жетпей шайланбай калды. Анан Акаевди Москвадан алып келип президент кылышты
Интервьюер: Сиздер ошону менен ачарчылыкты токтоттуңуздарбы?
Чапрашты Базарбаев: Акаев чыгып сүйлөдү, куттуктап жатабыз, Топчубек калпак кийгизе койду. Кечинде карасак Ак Үйдөн чыгып бир киши кетип жатат. Карасак Акаев. Кулов чуркап барып, Акаевди жандап, эки милицияны кошуп үйүнө жеткирип келди. 90-жылдан кийинки чоң окуялардан айтсам. 91-ж августта ГКЧП чыкпадыбы. Таңкалар келсе деп биз да даярданып баштадык. КДКнын беш жетекчиси ак үйдү тегеренип эле жүрүшчү,кызмат алып калалы деген ой менен. Кийин кызмат алышты. Бизде асабада андай болгон жок. Анан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү башталды. Биринчи соодадан башташты. Колхоздорду таратмай башталды. Мен Акаевге 3 жолу сунуш айттым, „ Заводдорду жаап коёлу, охрана коёлу, 5- жылдан кийин ушулар бизди багат, өнөржайыбызды талкалабайлы „ деп, Акаев „ кандай 5 жыл, бул жакта ПЕСАКтын программасы бар, 5 жылдан кийин биздин заводдун эчкимге кереги жок, металлалом болуп калат“ деди. Анан карасаң кыргыз байкуш Бишкекте, Ошто, Токмокто , Карабалтада четте калат экен да , эч нерсе тийбей . Менчиктештирүүгө чейин „Ашар“ тобу үркүндүн 75 жылдыгын белгилейли деп КДК менен кеңешти, койсоңорчу капкайдагыны айтып, өткөн кеткенди 75 жылдан кийин эстеген болбойт деген сөздөрдү уктук. Тышка чыккандан кийин айттым, Карколго чейин жөө жүрүш жасайбыз деп. Элди үндөйбүз, Куран окутабыз десек, өзүбүздөн эле сөздөр чыкты, түн ичинде чыгып кетели деген. Андай болбойт, чак түштө митинг кылып туруп, ушул жерден куран окутуп, ызы чуу менен чыгып кетебиз деп болбой койдум. Анын ичинде тамак аш, транспорт, палатка менен камсыздаш керек болчу, 20 күндөй ошол менен алыштык. Анан августта баштадык. Микрофонду Майрамбекке бердик „ Русские граждане России, уезжайте домой, вы колонизаторы“ деп сүйлөп барды. Жалил Анарбеков деген жигит сүйлөдү
Интервьюер: Канча киши чыкты, канча күндө жеттиңиздер, коом кандай кабыл алды?
Чапрашты Базарбаев: 50-60 киши 11 күндө жеттик. Коом суусап турган да. Кудайдан тилеген батасы асмандан түшкөндөй эле кабыл алды. Эки жерден кой союп куран окуттук. Ошондо да бышкан ашка кашыгын көтөрүп келип ээ болом дегендер көп чыкты. 91-ж күзүндө менчиктештирүү башталганда кыргыздын баары ачка калбасын, талаада калбасын деп көп кыргызга магазин алып бердик, аны да катуу сүйлөгөндө катуу сүйлөп, жумшак сүйлөгөндө жумшак сүйлөп өкмөттү макул кылдык. Казактын сөзү бар „Алматы казактардын астанасы, орустардын башпаанасы, уйгурлардын ашканасы»,- деп, Бишкекте да ошого окшош болчу. Ошондой болбосун деп Акаевге айттык, кыргыздар алсын кафе, магазинди деп.
Интервьюер: Коммунисттик режимдин ордуна жаңы демократтык жүздүн келишине „ Асаба „ ж.б Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын орду канчалык болду, же Жогорку Кеңеш өзү шайлап коё алат беле?
Чапрашты Базарбаев: Жогорку Кеңеш эч убакта шайлай алмак эмес. Жадагалса жанагы ачкачылык болбосо да шайланмак эмес. 350 депутат тең коммунист болчу, Москваны карап турган адамдар болчу. Анан ошолор кантип компартияны кулатат эле.
Интервьюер: Силердин кыймылдардын иш аракеттеринде, пландардында, коомдун алдына чыгып сүйлөгөндө, эгемендикке чыгалы деген сөздөр кайсыл убактан баштап айтыла баштады?
Чапрашты Базарбаев: Бул сөз башынан баштап эле айтылып баштады?
Интервьюер: Кандай формада айтчусуздар, митингпи, массалык маалымат каражаттары аркылуубу?
Чапрашты Базарбаев: Түз эле айтчубуз, Байма Сүтенова деген киши телевидениеде көп уюштурчу. Ошол учурда көп айтылчу.
Интервьюер: Коомчулук кандай кабыл алды, биз кантип жашамак элек, кичинекей мамлекет болсок дегендер болдубу?
Чапрашты Базарбаев: Эчким антип айтчу эмес. Антип айтса эл душманы болчу.
Интервьюер: Элдин сезиминде эгемендикке жетебиз деген сезим күчтүү болчубу?
Чапрашты Базарбаев: Күчтүү болчу. Азыркыларды түшүнүш кыйын го, Кумтөрдү алганда кантип иштетебиз дегендер болду го, ал убакта да ошондой болчу, оруссуз кантип жашайбыз, орус жок кыргыз өзүн өзү жеп коёт дегендер чыкчу. Бирок элдин ичиндеги потенциал күчтүү болчу. Өзгөчө интеллигенцияда эмес, эл ичинде. Интеллигенциянын баары музоо кезинде сүзүп койгон, коркок болчу.
Интервьюер: Сиздердин „Асаба“ кыймылынын алдыга койгон максаттары, пландары ишке ашты деп ойлойсузбу?
Чапрашты Базарбаев: Кандай айтсам? Эң башкы максатыбыз азаттык, азат мамлекет болуу болчу. Муну алдык, президентибиз шайланды, мамлекеттик тилди ишке киргизе албай жүрөбүз, ушунубуз ишке ашпай калды. Өзүбүздүн сомубуз чыкты, өзүбүз чет элдик мамлекеттер менен түздөн түз, эчкимди өйдөгө алып карабай, кожоюн эмне дейт дебей, мамиле кылып калдык. Биздин астыга койгон максаттарыбыз ушул болчу. Анан 16- жылга эстелик коюш эле, коюлбай калды. Бирок анын да теңи ашты, Россия келип кечирим сураш керек эле, анткен жок, бирок таазим кылды.
Интервьюер: Ошол жылдары Россия кечирим сураш керек деген талапты койдуңуздар беле?
Чапрашты Базарбаев: Ооба, муну Чекиров Майрамбек жакшы айтып берет. Биздин алдыга койгон максаттарыбыздын көбү ишке ашты, 80-85% . Жашың өткөн сайын мокой баштайт экенсиң. Ошол убакта бизге жаман сөздөрдү айтчу эле, „ Эл бузар» , „Журт бузар» , „Элдин тынчтыгын алып жөн жүрбөйт» деп, ошол сөздөр калып калды, ошентип биз четтеп калдык , сөздүн ачыгында. Мындан кийинки мен элиме айтарым, азаттык, эгемендүүлүк жөнөкөй оңой оокат менен келген жок. Ошол учурда биз аман калдык, Алладан келген тагдырыбыз ушундай экен, бизге чейин канчалаган адамдар элим деп журтту аман алып калыш үчүн жок болду. 1916-ж канчалаган «Мен мен» деген жигиттерибиз жок болду.
Интервьюер: Чоң рахмат агай!