Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Динара Иманова

Динара Иманова

тарыхчы

Гүлзат Алагөз: Динара эже, сиз өзүңүз кайсыл жерде эмгектенесиз жана 1991-жылдарда иштеген, окуган жайыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

Динара Иманова: Мен, Динара Иманова, азыркы Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин тарых факультетине 1985-1991-жылдары окудум. Андан соң 1995-жылы Туркияда магистратура андан кийин PhD докторантураны жактап, Кыргызстанга эки жыл мурун келгем. 1985-жылы кайра куруу процесси башталганына байланыштуу бизде элдик толкундоолор жана улуттук кайра жандануу маалында университетте окуп калгам. Студенттик курак, өз алдынча ой жүгүртүү жана коомдогу процесстер бизге аябай таасир эткен. Демократиялык процесстерге тарых, филология, журналистика, юридика факультеттеринин студенттери аябай активдүү катышышкан. Биздин ал процесстерге активдүү катышуубуздун себеби өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана маданий-руханий абалдын кризистик жагдайы бизди ойлондурганы болгон. Андан сырткары дагы бир себеп, бул ошол кездеги бизди окуткан мугалимдердин арасында улуттук аң-сезимди ойготкон, прогрессивдүү ой жүгүрткөндөр жана акын жазуучулардын, Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, Т. Касымбеков, К. Бобулов, Ш. Дүйшеев, Момбеков ырчы, Т. Казаков сыяктуу ошол кездеги интеллигенция, студенттердин ийримдери, филармониядагы чогулуштар чоң таасирин тийгизген. Биздин тарых факультетинде ал кезде чон конкурс болчу, 10 кишинин арасынан 1 киши өтчү. Мектепти бүтүп келип тапшыргам, бирок 3 жыл өтпөй жүрдүм. 4 жыл фабрикада иштеп, анан кечки подкурсту окуп, андан соң күндүзгү окууга өткөм. Мен окуган кыргыз группада А. Койчиев, А. Кулматов, Г. Абдалиева, С. Эралиев, Жоошбеков жана башкалар азыркы учурда университеттерде тарыхка салым кошуп иштеп жүрүшөт. Биздин группа аябай активдүү болчу, бизди окуткан мугалимдердин арасында улуттук аң-сезимди ойготкон, прогрессивдүү ой жүгүрткөндөр, алардын ичинен М. Жамгырчинов, Иваков деген агай бар болчу философиядан берген. Т. Чоротегин, К. Молдокасымов, Ч. Жакыпова. Интеллегенциянын зор салымын белгилеп кетким келет. Мен жатаканада жашагандыктан эшикке чыксак журналистика жана филология факультетеринин студенттери менен жолугушуп, алар дагы аябай активдүү болушчу. Университеттин башкы корпусундагы чоң залда ийримдер, акын-жазуучулар менен кечелер байма-бай болуп турчу, биз үзбөй катышчубуз. Опера- балет театрына, филармонияга, бардык жакка барып, студенттик кезибиз аябай жакшы өткөн. Журналистика багытында окуган Б. Бугулбаев, Т. Мендибаев, К. Чекиров, Б. Орунбеков биздин тарых факультети менен тыгыз байланышып турушчу. Биз группадагылар мугалим суроо берсе А. Койчиев менен А. Кулматовду карачубуз, экөө эмне деп жооп берет деп. Булардын көз караштары ошол кезде эле прогрессивдүү болчу, буларды угуп таң калып калчубуз. Советтик кезде марксизм болгондуктан алардын томдору эле окула берчү, бирок булардын көз караштары бир аз башкачараак болчу. Ошолор менен замандаш болуп окуганыма сыймыктанам. В.Койчиева, А. Койчиевдин жубайы Би-Би-Си де иштеп келди. А. Кулматов, Э. Бейшекеева, М. Байбосунова, алардын арты эле эл агартуунун отличниги болушту. Ошол кезде Ч. Айтматовдун маңкурттук темасы башталбадыбы, тил маселеси курч болуп турду, ошондо биздин группадагылар А. Койчиев, А. Кулматов кыргыз тили мамлекеттик статус алыш үчүн студенттерден кол чогултушкан. Биз дагы кол коюп, ошол иштерге катышканбыз. Тил маселесинен мен билгенден Караколдогу институтта жаштары 1988-жылы жаштардын ыктыярдуу союзун түзүшкөн. Аларды бир аз куугунтукташып, Ысык-Көл  клубуна айлантышкан. Ошого 20 миңден ашык кол топтошкон. Кыргыз тилине мамлекеттик статус болушу үчүн. Тил маселесин Айтматов баштаганын билебиз да, мурунку Фрунзе Кыргызстандын борбору бир эле №5 кыргыз мектеби бар болчу, ушул багытта көптөгөн талкуу болгон. Эмне үчүн биздин өзүбүздүн тил экинчи орунда калган деген ойлор менен. Бардык университеттерде талкууга айланган. Жер-суу аттарын кайра кыргызчага өзгөртүү боюнча чогулуштарда, ийримдерде айтылчу. Ошону менен бирге, экономикалык аябай курч маселе келди, ошол учурда Фрунзе шаарында калктын 13-14% кыргыздар түзүп, калганын орус, славян анан башка улуттагылар түзгөн. Айыл жергесинен Фрунзеге келген студенттер анан жумушчулар өзгөчө орунду ээлеген, кыргыздардын санынын өсүшүнө. Бирок Фрунзеге келгенде бир маселе бар эле, бул жерге каттала алчу эмеспиз. Катталуу жок болсо жумушка алчу эмес, жер үлүшүн алуу, үй алуу мүмкүн эмес эле. Студенттердин көпчүлүгү жатаканада жашашчу, мен дагы жатаканада жашагам. Кийин силерге жазган макалада да анализдеп кеттим, ошол кезде ушундай чогулуштарга, ийримдерге, пикеттерге, демонтрацияларга, акцияларга чыккандардын көпчүлүгү ошол студенттер анан жумушчулар экен. Жер маселеси боюнча, жер тилкелерин, Фрунзенин жер тилкелерин уруксатсыз ээлеп алуу акциясы башталды. Азыркы Ак-Өргө, Көк- Жардагы жерлерге Ашар коому уюштурган акциялар болгон. Ашар коомун, Кыргызстан демократиялык кыймылы, Асаба кыймылдары тарабынан уюштурулган чогулуштарга, курултайларга калтырбай барчубуз. Өзгөчө 1990 -жылы, 25-26-январда анан 5-10-февралда демонстрациялар, митинг болду, Ак үйдүн астында. Союзда бүт бардык жеринде толкундоолор болуп жаткан, Ферганада дагы катуу толкунда болуп, аларга жер берет экен деп, армян, азербайжандан келет экен деген ойлор болгон. Фрунзедеги жаштар кечке жуук уюшулган митинггее дагы активдүү катышканбыз. 5-10-февралда да, КДК жана Ашар уюштурган митингге катышканбыз. Ал жакта чыгып сүйлөгөндөрдү катуу колдоп, тил маселеси, турак жай маселеси, экномикалык, саясий маселелер ошондо көтөрүлүп чыккан. Көз карандысыздык, тилибиз маселелер курч көтөрүлүп чыккан. Алардын баарына талбай катыша берчүбүз. Азыр ойлосок, катышкыла деп эч ким агитация кылган эмес экен. Биз ошого өзүбүз ошого даяр экенбиз да. Коомдогу болуп жаткан процесстер таасир берсе керек. Улуттук аң сезимибиз ойгонуп, өзүбүз эле барчубуз. КДК уюштурган 21-27-октябрда 1990-жылы Ак үйдүн алдына ачкачылык процесси болду. Ошого да биз аябай катыштык. Анткени биздин агайыбыз, Ч. Чоротогенин активдүү катышуучусу болгон. Филармониянын жанында көк чүпөрөккө “мен ачкачылык жарыялайм” деп жазып алып чыккан. Ак үйдүн жанына барышты, биз да бардык. Алар менен 7 күн ачка жүрүштү. Аларды колдоп жүрдүк. Биз жатаканада чыгаарда демократиялык, улуттук ойгонуу процесстерине, партия күчүндө болгондуктан, муну жактырбаган мугалимдер болчу, система күчүндө болчу. Биздин жолду тороп, бирок одеялдарды ороп 2,3 этаждан түшүп кетишкен студенттер болгон. 27-октябрда биринчи КР президенти А. Акаев, шайланып чыккандан кийин биз аябай сүйүнүп, жашпыз да, өлкөбүз эгемендүү болду, демократия болот деп сүйүнүп, тосуп алганыбыз эсибизден кетпейт. Ошолордун арасында аябай активдүү, саясатчылардын М. Шеримкулов, Ө. Текебаев өз көзүм менен көргөм. Легендарлуу парламенттин мүчөлөрүнүн да салымы чоң. Биз сыртта колдоп турганда, парламентте сессия жүрүп жатканда Н. Исанов эшикке чыкканда плакаттарды кармап алып турар элек. Ашар, КДК мүчөлөрү ачка жатышат, алар чыкканда биз чыга калып,  Н. Исанов чыкканда агайларга аябай боорум ооруп жаткандыктан, “качан бүтөсүңөр”, “агайлар ачка болуп жатат” деп астына келип алып айтып атканым эсимде. Ал аябай жумшак киши экен, “бир аз чыдагыла” деп айткан. Андан көп өтпөй эле ал киши каза болуп калды.

Гүлзат Алагөз: Динара эже, ачарчылыкка чыккандардын башкы талабы жөнүндө айтсаңыз.

Динара Иманова:  Ачарчылыкка чыккандардын башкы талаптары, бир партиядан көп партиялык системага өтөлү деген идея. Өзүбүздүн көз карандысыздык болгон. Мамлекеттик менчиктен, жеке менчикке өтүү, тил маселеси, экономикалык маселе, жаштардын кыйналып жатканы, саясий маселелер көтөрүлүп чыккан. Көп партияга өтүү, ага чейин түзүлүп калган “Ашар”, “Асаба”, ага чейин “Ак кеме” москвалык жаштары баштаган  Б. Орунбеков, К. Чекиров, “Майдан” газетасы чыга баштады, эркин газеталар чыга баштады. А. Кулматов, А. Койчиев 7 кичи райондогу типографиянын астында брошюра бастырып, Солженицин тууралуу окуп калганбыз. Бышып жетилген, кризисти, ураандарда билгиленген. А. Акаев шайланышып чыккандан кийин, ачкачылыкты токтоткула, баары ишке ашат деген. Анан баарыбыз тарап кеткенбиз. Эгемендүүлүккө жетүү, президентти шайлоодо биздин тарых, журналистика, филология факультеттери студенттери катышкан. Политехникалык, юридикалык жакта окуган студенттер да катышкан. Азыр ойлосом ошол кездеги саясий процесстерге Бишкекте окуган жалаң айылдык жаштар катышыптыр. Шаардыктарга караганда, айылдан келгендер социалдык базасын түзүптүр. Маданий жактан, драм театрдагы кечелери, ийримдери, ыр окугандар ошолор дагы жалаң айылдан келген студенттер көп экен. Бишкектеги жөө жүрүштөрдү уюштургандардын кыздардын көптүгүн белгилегим келет.

Гүлзат Алагөз: Кайсыл аймактан мектепти бүтүп келдиңиз?

Динара Иманова: Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сары-Камыш орто мектебин бүткөм. 1982-жылы Фрунзе шаарына келип, фабрикада иштеп, тарых факультетине өз күчүм менен өткөм. Т. Садыковдун көркөм сүрөт колледжи деген бар болчу, ошол жерде эки жыл иштедим. Кайра университетке которулдум, Т. Чоротегин агай менен чогу иштедим, Азия жана Африка өлкөлөрү деген кафедра бар болчу. Т. Чоротегин кафедра башчысы болчу. Мен иштеп жүргөн убакта Туркияга билим берүү системасы боюнча орун ачылып, КР дан 30 дай киши кеттик. Мен ал жака барганда докторантурага окушум керек болчу, бирок мен магистратураны бүтүрдүм. Андан соң докторантураны окудум.

Гүлзат Алагөз: Ушул кыймылдарга катышууга сизге эмне түрткү берди?

Динара Иманова: Студенттик кездерде менин жанымда болуп жаткан процесстер менин атуулдук, патриоттук сезимдеримди аябай козгоптур. Биз аябай коркпогон жаштар экенбиз, ачык айтып, жаш, курч болгон экенбиз да. 80,90 жылдардын жаштары азыркы жаштарга салыштырмалуу аябай активдүү экенин айткым келет. Аларда мекенчилдик, жер, тил, улуттук сезимдер күчтүү. Мен ошондой учурда окуп калдым.

Гүлзат Алагөз: Ошол кездеги коомдук уюмдар, бири-бири менен кантип байланышып турушту?

Динара Иманова: “Ашар” кыймылы түзүлүп, КДК түзүлдү. Ал түзүлгөндө алардын баары региондор менен иштей башташты. Биз ачкачылык акциясында жүргөндө айылдардан келип колдогондор болду. Менин атама айтып баргандар болуптур, сенин кызынды Ак үйдүн алдынан көрдүм деп. Менин атам дагы демократ, мени колдогон. КДКнын биринчи төр агасы Ж. Жекшеевдин депутатыкка шайлоо агитациясы менен айылдарга чейин барыптырмын. Андан кийин Т. Чоротегин агай дагы өзүн депутаттыкка кандидатурасын койгон. Аны колдойбуз деп А. Жоошбекова деген группалаш кызым менен Нарынга чейин барганбыз. КДК нын уставын жазган киши Т. Чоротегин болгон.

Гүлзат Алагөз: Советтик союзда калабызбы же чыгабызбы деген референдум болгондо көбү калабыз деп добуш беришкен. Ал эми ошол экономикалык, социалдык маселелерден сырткары эгемендүүлүк жөнүндө ким айтып баштады?

Динара Иманова: Бул нерсе совет тарай электе эле чыккан. 1991- жылга чейин КДК нын лозунгдарында көз карандысыздыкты алуу жөнүндө чакырыктар болгон. 1986- жылдан баштап бул кыймылдар түзүлө баштаган. Студенттердин, жаштардын кыймылы Караколдо 1988 -жылы башталган. Ош шаарында дагы Ош окуясы болгондон кийин дагы кыймылдар болгон. Кыргыз тарыхы окутулбай келген, “Ала тоо” журналы К. Жусупов редактор, “Асаба” журналы М. Эшимканов, “Республика” З. Сыдыкова, “Майдан” гезити КДКнын, ошол жердеги нерселерди биз калтырбай окучубуз. Т. Эгембердиев укмуштуудай курч макалаларды жазчу.

Гүлзат Алагөз: Университеттик кыймылдарга болгон тосколдуктар жөнүндө айтып берсеңиз?

Динара Иманова: Ачкачылыкка чыккандарды колдоп чыкканыбызды биздин деканаттагылар каалаган жок. Ошол кезде Момбеков гитара менен улуттук аң сезимди ойготкон ырларды ырдачу, азыркы Арабаев университетинин залындагы кечеге барганбыз. Анда ошол жалаң журналистика факультетинен барчу. Ошол кечеден баарыбызды кууп чыгышкан иттер менен.

Гүлзат: Университет, деканат тараптанчы?

Динара: Мен жана менин группалаштарым стипендия менен жашачубуз, мен “Маркстык” стипендия алчумун, 75 р. Жалаң бешке окуган кыз болчумун, бирок кызыл диплом албай калгам. Кыздарды тиги жакта азыгырып жүргөнүмдү көрүшсө керек деп ойлойм, бирок ал мугалимдерди дайым сыйлайм. Т. Чоротегин агайды дагы көп жактыра беришчү эмес.

Гүлзат: КДК ны колдобогон белгилүү адамдар болдубу?

Динара: Эсимде жок.

Гүлзат: Дагы эмнелер сиздин эсиңизде калды?

Динара: Ачкачылык эсимде калыптыр. Ошто кагылышуу болгондо көптөгөн студенттер чыкты, политехтен, айыл-чарба институтунда. Жаштардын сүрү аябай сүрдүү болчу. Алардын алдында Т. Чоротегин, К. Акматов, Ж. Жекшеев, Т. Тургуналиевдер жүрүштү.

Гүлзат: Сиз ушул убакытты изилдөөчү катары, бул кыймылдардын тарыхый маанисин кандай чечмелесек болот?

Динара: 70-90 жылдардагы совет мамлекетиндеги мындай кыймылдарга изилдөөчүлөр жибек революциясы деген аныктама берип жүрүшөт. Кыргызстандагы кыймылдардын социалдык базасын студенттер жана жумушчулар түзгөнүн айтып өткүм келет. Ошол кездеги жаштар бүгүнкү эгемендүү мамлекет болушуна салым кошкон деген ойду айткым келет.

Гүлзат: КДКга катышып, коомдук уюмдарды түзүп, бирок совет мамлекетинде калууга макул болгондор бар беле?

Динара: Легендарлуу депуттардын арасында андайлар болгон

Гүлзат: Кошумча кандай комментарийлериңиз бар?

Динара: Студенттерге кайрылсам, ошол пикеттерге чыккандардын арасында кыздар көп болчу экен. Көбүнчөсү айылдан келгендер. Жаштары 20-24 жаш курактагылар. 1-май демонтрациясына да активдүү катышканбыз. Параддан өтчүбүз, КПСС ге даңк деп чыкчу. 1990-жылы, 1-майда демонстрациядан башкача ураандар менен өткөнбүз.

Көк желекти көтөргөнбүз, мурда кызыл желек болчу. Бул саясий күрөштүн бир формасы. Зордук -зомбулуксуз саясий күрөш. 1919- жылдардагы улуттук боштондук кыймылы боюнча да митинге чыкканбыз.

Гүлзат: Бул кыймылдарда Үркүн темасы, репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча маселелер көтөрүлүптүр, буларды студенттер да колдогонбу.

Динара: Ооба, 1989-жылы июнь айында, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты деген ассоциация түзүлгөн. Ошол жерде ушул нерселер көтөрүлгөн. Андан соң Ата-Бейит табылган соң ал жакка дагы барганмын, ал жакка Ч. Айтматов аялы менен өзү дагы келген.